Жахаба «бүт ой-тилегиңди орундатсын»
«Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан, ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат» (ЗАБ. 37:4).
1. Жаштар келечегине байланыштуу эмнени чечиши зарыл, бирок эмне үчүн өтө эле тынчсыздана бербеши керек? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)
ЖАШТАР, саякатка чыгарда баарын жакшылап ойлонуштуруу акылдуулукка жатарына силер да кошулат чыгарсыңар. Жашоо саякатка окшош жана каякка барарыңды жаш кезиңде ойлонуштурушуң керек. Албетте, бул оңой болбошу мүмкүн. Хетер деген жаш ишенимдешибиз: «Коркпой койбойсуң. Анткени калган өмүрүңдү кантип өткөрөрүңдү чечишиң керек»,— дейт. Бирок өтө эле тынчсыздана бербе. Себеби Жахаба өз элине: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем»,— деген (Ыш. 41:10).
2. Жахаба сенин келечекке туура максат коюп, бактылуу болушуңду каалаарын эмнеден билсең болот?
2 Жахаба сени акылдуулук менен иш кылып, келечекке туура максат коюуга чакырат (Нас. 12:1; Мт. 6:20). Ал бактылуу болушуңду каалайт. Буга жаратылыштагы көз жоосун алган кооздук, жагымдуу үндөр, тамшанткан даамдар далил боло алат. Ошондой эле анын бизге кам көрүп, жашоодогу эң мыкты жолдо жүрүүгө үйрөтүп жатканы жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Жахаба анын кеңешин четке каккандарга: «Силер... мага жакпаган нерселерди тандап алгансыңар... Менин кызматчыларым кубанат, силер болсо уят болосуңар. Менин кызматчыларым жүрөгүндөгү кубанычтан улам шаттанышат»,— дейт (Ыш. 65:12—14). Кызматчылары туура чечим чыгарганда, ал даңкталат (Накыл 27:11).
БАКТЫЛУУ БОЛУШУҢА ЖОЛ АЧКАН МАКСАТТАР
3. Жахаба сенин эмне кылышыңды каалайт?
3 Жахаба сенин кандай максаттарга умтулушуңду каалайт? Ал адамдарды аны таанып-билүүдөн, ага ишенимдүү кызмат кылуудан кубаныч алгыдай кылып жараткан (Заб. 128:1; Мт. 5:3). Биз тамак таап жеп, тукум улап, ошону менен эле күн өткөргөн жан-жаныбарлардан кыйла айырмаланабыз. Кудай сенин жаныбарлардын муктаждыктарынан жогору турган нерселерди көздөп, бактылуу өмүр сүрүшүңдү каалайт. Жаратканыбыз — бизди «өзүнө окшош кылып жараткан» «сүйүүнүн... Кудайы» жана «бактылуу Кудай» (Башт. 1:27; 2 Кор. 13:11; 1 Тим. 1:11). Эгер аны туурасаң, бактылуу болосуң. Сен Ыйык Китептеги: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин сезип көрдүң беле? (Элч. 20:35). Бергенде бактылуу болорубуз — жашоодогу төгүндөлгүс чындык. Ошондуктан Жахаба сенин ага жана башкаларга сүйүү көрсөтүүгө шарт түзгөн максаттарга умтулушуңду каалайт. (Оку: Матай 22:36—39.)
4, 5. Исаны эмне бактылуу кылган?
4 Иса Машаяк жаштарга мыкты үлгү калтырган. Бала кезинде анын ойноп-күлгөнү шексиз. Кудайдын Сөзүндө: «Күлө турган убак бар;.. бийлей турган убак бар»,— деп айтылат (Нас. 3:4). Ошондой эле Иса Ыйык Жазманы изилдеп, Жахабага жакындаган. Ал 12 жашында ибадатканага барганда, ал жердеги окутуучулар «анын акылына, берген жоопторуна» таң калышкан (Лк. 2:42, 46, 47).
5 Иса чоңойгондо да бактылуу болгон. Аны эмне бактылуу кылган? Ал өзүнүн Кудайдын эркин аткарууга, анын ичинде «жакырларга жакшы кабар айтууга,.. сокурларга көздөрү ачыларын кабарлоого» дайындалганын билген (Лк. 4:18). Кудай тапшырган нерселерди аткаруу аны бактылуу кылган. Исанын сезимдери Забур 40:8деги: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам»,— деген сөздөрдөн көрүнүп турат. Ооба, ал башкаларга асмандагы Атасы жөнүндө айтып берүүдөн кубаныч алган. (Оку: Лука 10:21.) Бир жолу бир аял менен чыныгы сыйынуу тууралуу сүйлөшкөндөн кийин шакирттерине: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деген (Жкн. 4:31—34). Иса Кудайга жана башкаларга сүйүү көрсөткөндүктөн бактылуу болгон. Эгер сен да ошентсең, бакытка бөлөнөсүң.
6. Эмне үчүн максаттарың жөнүндө тажрыйбалуу бир туугандар менен сүйлөшүп көргөнүң жакшы?
6 Көптөгөн ишенимдештерибиз жаш кезинде пионердик кызматтан зор кубаныч алышкан. Балким, алдыңа койгон максаттарың жөнүндө алар менен сүйлөшүп көрөттүрсүң. «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат» (Накыл 15:22). Рухий жактан жетилген андай бир туугандар толук убакыт кызмат кылуунун аркасында өмүр бою пайдасы тие турган нерселерге үйрөнө аларыңды айтып бериши мүмкүн. Иса асманда жүргөндө, Атасы аны окутуп-үйрөткөн. Жерде кызмат кылып жүргөндө да ал көп нерсени үйрөнүп-биле берген. Алсак, жакшы кабар айтып, адамдардын жүрөгүн козгоо, сыноого кабылганда кынтыксыздыгын сактоо канчалык зор кубаныч тартууларын сезип көргөн. (Оку: Ышая 50:4; Евр. 5:8; 12:2.) Эмесе, толук убакыттагы кызматтын бактылуу болушуңа кандайча өбөлгө түзөрүн карап көрөлү.
ШАКИРТ ДАЯРДОО — ҮЗҮРЛҮҮ ИШ
7. Эмне үчүн көп жаштар шакирт даярдоо ишине катышуудан кубаныч алууда?
7 Иса жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла,.. аларга... үйрөткүлө»,— деген (Мт. 28:19, 20). Эгер шакирт даярдоо ишине катышууну максат кылсаң, канааттануу тартуулаган, Кудайга даңк алып келген ишти көздөгөн болосуң. Бардык иштердегидей эле, бул иште да чеберчилигиң артышы үчүн, убакыт талап кылынат. Өспүрүм кезинде пионердик кызматты баштаган Тимоти деген ишенимдешибиз жакында эле мындай деп ой бөлүшкөн: «Жахабага толук убакыт кызмат кылууну аябай жакшы көрөм. Себеби ушундай жол менен аны сүйөрүмдү көрсөтө алам. Алгач бир да изилдөө баштай албай жүрдүм, бирок бөлөк аймакка көчүп баргандан кийин бир айдын ичинде эле бир нече изилдөө таптым. Мени менен изилдегендердин бири Падышалык залына келе баштады. Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектептен * эки ай билим алгандан кийин башка жакка дайындалып, ал жерден төрт изилдөө баштадым. Мага адамдарды окутуп-үйрөткөн абдан жагат. Анткени ыйык рухтун аларга таасир этип, өзгөртүп жатканын көрөсүң» (1 Тес. 2:19).
8. Айрым жаш бир туугандар шакирт даярдоо ишине көбүрөөк катышуу үчүн эмне кылууда?
8 Айрым жаш ишенимдештерибиз болсо бөтөн тил үйрөнүүдө. Маселен, түндүк америкалык Жейкоб деген бир тууган мындай деп жазган: «Жети жашымда классташтарымдын көпчүлүгү вьетнамдар болчу. Мен аларга Жахаба жөнүндө айтып бергим келчү, ошондуктан алардын тилин үйрөнүүнү максат кылгам. Ал тилди, негизинен, англис тилиндеги „Күзөт мунарасы“ менен вьетнам тилиндеги „Күзөт мунарасын“ салыштырып үйрөндүм. Ошондой эле жакын жердеги вьетнам тилинде өткөрүлгөн жыйналыштагы бир туугандар менен да достоштум. 18 жашка чыкканда пионердик кызматты баштадым. Кийин Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектепке барып келдим. Учурда вьетнам тилиндеги топто жалгыз аксакалмын. Мектептен билгендерим пионердик кызматымды аткарууга жардам берип келет. Вьетнамдардын көбү алардын тилин үйрөнүп алганыма таң калат. Алар мени үйүнө киргизишет жана көп учурда изилдөөгө макул болушат. Жакшы ийгилик кылып, чөмүлгөндөр да болду». (Салыштыр: Элчилер 2:7, 8.)
9. Шакирт даярдоо иши кандайча көп нерсеге үйрөтөт?
9 Шакирт даярдоо ишине катышуу менен жумушка байланыштуу жакшы адаттарды өрчүтүүгө, башкалар менен тил табышууга, өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жана сылык-сыпаа болууга үйрөнөсүң (Накыл 21:5; 2 Тим. 2:24). Бирок, өзгөчө кубанычтуусу, ал ишке катышуунун аркасында эмнеге ишенериңди Ыйык Китептин негизинде далилдөөгө дасыгасың. Ошондой эле Жахаба менен тыгыз кызматташууга үйрөнөсүң (1 Кор. 3:9).
10. Аймагыңда кабарга көптөр кулак какпаса да, шакирт даярдоо ишинен канткенде кубаныч ала аласың?
10 Аймагыңда жакшы кабарга көптөр кулак какпаса да, шакирт даярдоо ишинен кубаныч ала аласың. Анткени ал — чогуу-чаран аткара турган иш. Жүрөгү таза адамдарды издөөгө бүт жыйналыш катышат. Кабарга кызыгып, кийинчерээк чөмүлгөн кишини бир эле жарчы тапса да, аны издөөгө баары катышкан, ошондуктан баары кубаныч алат. Мисалга жемишсиз аймакта 9 жыл пионер болуп кызмат кылган Брендонду алалы. Ал мындай дейт: «Мага жакшы кабар жарыялаган абдан жагат, себеби ал ишти бизге Жахаба тапшырган. Мен пионердик кызматты мектепти бүткөндөн көп өтпөй эле баштагам. Жыйналышымдагы жаштарды бекемдеп, алардын рухий жактан ийгилик кылып жатканын көргөндө кубаныч алам. Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектепке барып келгенден кийин жаңы жерде пионер болуп кызмат кылууга дайындалдым. Аймагымдан ийгилик кылып, чөмүлгөн бир да кишини тапкан жокмун, бирок башкалар таап жатышат. Шакирт даярдоо ишине толук катышууну максат кылганыма аябай сүйүнөм» (Нас. 11:6).
МАКСАТЫҢ КАЯККА АЛЫП БАРАТ?
11. Көптөгөн жаштар ыйык кызматтын кайсы түрүнөн кубаныч алууда?
11 Жахабага кызмат кылуунун ар кандай жолдору бар. Айталы, көптөгөн жаштар
куруу ишине катышып жатышат. Дүйнө жүзү боюнча дагы жүздөгөн Падышалык залдары курулушу керек. Аларды курууга катышуу Кудайды даңктаган, кубаныч тартуулаган ыйык кызмат болуп эсептелет. Ыйык кызматтын башка түрлөрүндөй эле, бул кызматта да ишенимдештер менен чогуу эмгектенүү кубаныч тартуулайт. Ошондой эле уюмдагы курулуш иштерине катышуу менен коопсуздук эрежелерине карманууга, эмгекчил болууга, көзөмөлчүлөр менен кызматташууга үйрөнөсүң.12. Пионердик кызмат кандайча кызматтын башка түрлөрүнө жол ачышы мүмкүн?
12 Кевин деген бир тууган мындай деп айткан: «Жахабага толук убакыт кызмат кылсам деп кичинекей кезимде эле самачумун. Акыры, 19 жашымда пионердик кызматты баштадым. Өзүмдү камсыз кылыш үчүн курулушта иштеген бир байкенин кол алдында көп убакытты албаган жумушту аткарчумун. Чатыр жапканды, эшик-терезе койгонду үйрөндүм. Кийинчерээк куюндан жабыр тарткандарга жардам берүү тобунда 2 жыл кызмат кылып, Падышалык залдарын, ишенимдештерибиздин үйлөрүн калыбына келтирүүгө катыштым. Түштүк Африкада курулуш ишинде муктаждык бар экенин укканда, арыз толтуруп, ошол жакка чакырылдым. Африкада бир Падышалык залын бир нече жумада эле куруп бүтүп, кийинкисине жөнөйбүз. Курулуш тобундагылар бир үй-бүлөдөйбүз. Чогуу жашайбыз, Ыйык Китепти чогуу изилдейбиз, чогуу эмгектенебиз. Андан тышкары, жума сайын жергиликтүү бир туугандар менен кабарга чыгуудан кубаныч алам. Кичинекей кезимде койгон максаттарым мен ойлобогон жолдор менен кубаныч алып келүүдө».
13. Эмне үчүн бейтелдик кызмат жаштардын бактылуу болушуна шарт түзөт?
13 Толук убакыт кызмат кылууга умтулгандардын айрымдары учурда Бейтелде кызмат кылып жатышат. Бейтелдик кызмат бактылуу болушуңа өбөлгө түзөт, себеби ал жерде кандай иш аткарба,
баарын Жахаба үчүн кыласың. Бейтел үй-бүлөсү рухий тамак менен камсыз кылууга салым кошот. Дастин деген бир тууган мындай дейт: «Толук убакыт кызмат кылууну тогуз жашымда максат кылып койгом. Мектепти бүткөндөн кийин пионердик кызматты баштадым. Бир жарым жылдан кийин Бейтелге чакырылып, басма машинени иштеткенди, ал эми кийинчерээк компьютердик программалоону үйрөндүм. Бейтелде дүйнө жүзү боюнча шакирт даярдоо ишинде кандай ийгиликтер болуп жатканын өз кулагың менен угууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Мага бул жерде кызмат кылган аябай жагат, себеби кылган кызматыбыз адамдарга Жахабага жакындоого жардам берет».КЕЛЕЧЕГИҢЕ БАЙЛАНЫШТУУ КАНДАЙ МАКСАТ КОЁСУҢ?
14. Толук убакыт кызмат кылууга кантип даярдансаң болот?
14 Толук убакыт кызмат кылууга кантип даярдансаң болот? Баарынан маанилүүсү, Жахабага жаккан сапаттарды өрчүт. Бул ага жан-дилден кызмат кылууга жардам берет. Андыктан Ыйык Китепти кылдат изилде, окугандарыңдын мааниси тууралуу ой жүгүрт жана жыйналыш жолугушууларында Кудайга болгон ишенимиңди көрсөтүүнүн жолдорун изде. Мектепте окуп жүргөндө кабар айтуу чеберчилигиңди арттырып, тажрыйба топтой аласың. Башкалардын оюн сылыктык менен сурап, кунт коюп угуп, чын дилден көңүл бурууга үйрөнө бер. Ошондой эле жыйналыштагы иштерге, мисалы, Падышалык залын жууп-тазалоого, жакшы абалда күтүүгө көмөк кылсаң болот. Жахаба момун, дилгир кызматчыларын колдонуудан кубаныч алат. (Оку: Забур 110:3; Элч. 6:1—3.) Элчи Пабыл Тиметейди аны миссионердик сапарында коштоп жүрүүгө чакырган, анткени «бир туугандар Тиметейди дайыма макташчу» (Элч. 16:1—5).
15. Кийин ылайыктуу жумуш таба алышың үчүн эмне кылсаң болот?
15 Толук убакыт кызмат кылгандардын көбү өздөрүн багыш үчүн иштешет (Элч. 18:2, 3). Балким, мектепте окуп жүргөндө кийин Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга шарт түзө турган жумушта иштей алгыдай кесипти өздөштүрсөң болоттур. Алдыңа максат коюуда райондук көзөмөлчүң жана пионерлер менен кеңешип, кандай жумуш ылайыктуу болорун сурап көр. Анан, Ыйык Китепте айтылгандай, «иштериңди Жахабага тапшыр, ошондо максаттарың жүзөгө ашат» (Накыл 16:3; 20:18).
16. Жаш кезиңде Жахабага толук убакыт кызмат кылуу менен кандайча келечектеги милдеттериңди аткарууга даярданган болосуң?
16 Жахабанын сенин келечектеги «чыныгы жашоого бекем карманып», бактылуу болушуңду каалаарына күмөн санаба. (Оку: 1 Тиметей 6:18, 19.) Кудайдын ишине бүт убактыңды арноонун аркасында толук убакыт кызмат кылган башка ишенимдештериң менен тыгыз кызматташып, рухий жактан жетилесиң. Көптөр жаш кезде Жахабага толук убакыт кызмат кылуу кийин бактылуу үй-бүлө курганга жардам берерин байкашкан. Баш кошконго чейин пионер болуп кызмат кылгандардын көбү андан кийин да жубайы менен бирге пионердик кызматын уланта алышкан (Рим. 16:3, 4).
17, 18. Алдыга максат коюунун жүрөк менен кандай байланышы бар?
17 Алдыңа максат коюуга жүрөгүң түрткү бериши керек. Забур 20:4тө: «[Жахаба] сага жүрөгүңө жакканды берсин, бүт ой-тилегиңди орундатсын»,— деп айтылат. Ошо себептен өмүрүңдү кантип өткөргүң келери тууралуу ойлон. Жахабанын бүгүнкү күндө эмнелерди кылып жатканы жана анын ишине кантип салым кошо аларың жөнүндө ой жүгүртүп көр. Анан ага жаккан максаттарга умтул.
18 Кудайга толук убакыт кызмат кылуу зор кубаныч тартуулайт, анткени ошонун аркасында аны даңктайбыз. Андыктан «Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан, ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат» (Заб. 37:4).
^ 7-абз. Бул мектеп Падышалыктын жарчылары үчүн мектепке алмаштырылган.