Кимге жагууга умтуласың?
«Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес» (ЕВР. 6:10).
1. Баарыбызда кандай табигый каалоо бар жана ал өз ичине эмнени камтыйт?
СЕН жакшы тааныган, урматтап-сыйлаган бирөө атыңды унутуп калса, андан да жаманы, сени такыр тааныбай койсо, кандай сезимде болот элең? Албетте, жаман болмоксуң. Эмне үчүн? Анткени ар бирибиз эле башкалардын бизди таанып, көңүл бурушун каалайбыз. Бирок биз алардын ким экенибизди эле эмес, кандай адам экенибизди, кандай иштерди кылганыбызды да билишин каалайбыз (Сан. 11:16; Аюп 31:6).
2, 3. Бирөөлөргө жагууга болгон каалообуз кандайча туура эмес болуп калышы мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)
2 Анткен менен жеткилеңсиз болгондуктан, башка табигый каалоолорубуздай эле, бирөөлөргө жагууга болгон каалообуз чектен чыгып кетиши мүмкүн. Мисалы, башкалардын өзгөчө көңүл бурушун самай башташыбыз ыктымал. Шайтандын дүйнөсү адамдарды атак-даңкка, өзүн маанилүү деп эсептөөгө түртөт. Ошондуктан алар сыйынууга жана даңкталып-макталууга чындап татыктуу болгон асмандагы Атабыз Жахабага эмес, өздөрүнө көңүл буруп калышат (Аян 4:11).
3 Иса Машаяктын күндөрүндө айрым диний жетекчилер Лк. 20:46, 47). Диний жетекчилерден айырмаланып, ал аз эле тартуу салган жарды жесир аялды мактаган. Сыягы, анын тартуусун башка эч ким деле байкаган эмес (Лк. 21:1—4). Ооба, Исанын көз карашы башкалардыкынан абдан эле айырмаланган. Бул макала бизге Жахабага жаккан ошондой көз караш өрчүтүүгө жардам берет.
ошондой туура эмес көз карашта болушкан. Ошол себептен Иса шакирттерине: «Китепчилерден сак болгула. Алар узун кийим кийип жүргөндү, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, тойлордо төрдөн орун алганды жакшы көрүшөт»,— деп эскерткен. Анан: «Аларга катуу өкүм чыгарылат»,— деген (ЖАХАБАНЫН БИЗДИ ТААНЫП-БИЛИП, БААЛАГАНЫ — ЗОР СЫЙМЫК
4. Баарынан мурда кимге жагууга умтулушубуз керек жана эмне үчүн?
4 Анда биз баарынан мурда кимдин жактыруусуна ээ болууга умтулушубуз керек? Көптөр жогорку билим алууда, иш жүргүзүүдө, искусство жана спорт тармагында ийгиликке жетип, таанымал болууну каалашат. Бирок Пабыл Кудайдын кызматчыларынын эмнеге умтулушу керектиги жөнүндө мындай деген: «Эми Кудайды таанып-билгенден кийин, тагыраак айтканда, Кудай силерди таанып-билгенден кийин, кайрадан мурунку куру бекер, пайдасыз жол-жоболорго кайрылып, аларга кул болгуңар келеби?» (Гал. 4:9). Ырас, ааламдын Эгедери болгон Кудайдын бизди таанып-билгени зор сыймык! Жахаба биз менен абдан ынак мамиледе болгусу келет, ким экенибизди жакшы билет жана бизди сүйөт. Ал бизди аны менен дос болушубуз үчүн жараткан (Нас. 12:13, 14).
5. Кудай бизди таанып-билиши үчүн, эмне кылышыбыз керек?
5 Муса пайгамбар Кудай менен дос болгон. Ал Жахабадан анын жолдорун тереңирээк билүүгө жардам беришин суранганда, Жахаба ага: «Азыр айткандарыңды да аткарам, анткени сен менин көз алдымда ырайым таптың, мен сени жакшы билем»,— деген (Чыг. 33:12—17). Жахаба ар бирибизди жекече таанып-билгенде, биз да кереметтүү баталарды алабыз. Бирок ал бизди таанып-билиши үчүн, эмне кылышыбыз керек? Аны сүйүп, өмүрүбүздү ага арнашыбыз зарыл. (Оку: 1 Корунттуктар 8:3.)
6, 7. Жахаба менен ынак мамиледе болбой калышыбызга эмне себеп болушу мүмкүн?
6 Асмандагы Атабыз менен болгон баа жеткис мамилебизди бекем сактаганыбыз да маанилүү. Элчи Пабыл Галатиядагы ишенимдештерине жазгандай, бул дүйнөдөгү «куру бекер, пайдасыз» нерселерди, анын ичинде дүйнө сунуштаган атак-даңкты четке кагышыбыз керек (Гал. 4:9). 1-кылымдагы ал бир туугандарыбыз Кудайды таанып-билишкен болчу, Кудай да аларды таанып-билген. Бирок Пабыл алардын эч нерсеге арзыбаган нерселерге кайрадан кайрылып жатканын жазган. Ал аларга, мындайча айтканда: «Ушунча ийгилик кылгандан кийин эмне үчүн акылсыздыкка жаткан, эч пайдасы жок нерселерге кайрадан кайрылып жатасыңар?» — деген.
7 Биз да ошентип калышыбыз мүмкүнбү? Ооба. Жахабаны таанып-билгенде, балким, элчи Пабылдай болуп, Шайтандын дүйнөсүндө көрүнүктүү абалга ээ болуудан баш тарткандырбыз. (Оку: Филипиликтер 3:7, 8.) Жогорку билим алууга, жумуштан көтөрүлүүгө же көп акча табууга шарт түзгөн мүмкүнчүлүктөрдү четке каккандырбыз. Же болбосо музыкага же спортко шыктуу болгондуктан атак-даңкка, байлыкка жетмектирбиз, бирок биз ошонун баарын калтырдык (Евр. 11:24—27). Эгер ошондой чечим чыгарганыбызга өкүнүп, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибердим деп ойлосок, кандай гана акылсыздык болуп калмак! Мындай ой жүгүртүү өзүбүз мурун «куру бекер, пайдасыз» деп эсептеген нерселерге кайрадан умтулууга түртүшү мүмкүн.
ЖАХАБАГА ЖАГУУНУ КӨЗДӨ
8. Кудайга жагууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү кантип чыңдай алабыз?
8 Дүйнөгө эмес, Жахабага жагууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү канткенде бекемдей алабыз? Ан үчүн эки маанилүү нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Биринчиден, Жахаба өзүнө ишенимдүү кызмат кылгандарды эч качан унутпайт жана баалайт. (Оку: Еврейлер 6:10; 11:6.) Жахаба үчүн ар бир кызматчысы аябай баалуу. Ал ага ишенимдүү болгондорду көз жаздымында калтырууну «адилетсиздик» деп эсептейт. «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет» (2 Тим. 2:19). Ага «адил адамдардын жолу» белгилүү. Ал аларды «сыноодон кантип куткарууну» билет (Заб. 1:6; 2 Пет. 2:9).
9. Жахабанын өз элин жакшы көрөрүн көрсөткөн окуялардан айтып бер.
9 Жахаба өз элин жакшы көрөрүн кээде өзгөчө жолдор менен көрсөтчү (2 Жылн. 20:20, 29). Мисалга фараондун күчтүү аскери ысрайыл элин Кызыл деңизге чейин кууп келгенде, Жахабанын аларды кантип куткарып калганын алалы (Чыг. 14:21—30; Заб. 106:9—11). Бул ушунчалык таасирдүү окуя болгондуктан, ошондон 40 жыл өткөндөн кийин да унутулган эмес (Жаш. 2:9—11). Жахабанын сүйүүсүн, күчүн көрсөткөн ушул сыяктуу окуяларды эстеп жүргөнүбүз Магок жеринен чыккан Гоктун чабуулуна аз калган азыркы убакта бизди абдан бекемдейт (Жез. 38:8—12). Ошол учур келгенде, бул дүйнөгө эмес, Кудайга жагууга умтулганыбызга ушунчалык сүйүнөбүз.
10. Эсибизден чыгарбашыбыз керек болгон экинчи маанилүү нерсе кайсы?
10 Экинчи маанилүү нерсени да эсибизде бек сакташыбыз керек: Жахаба бизди жогору баалаарын биз күтпөгөн жолдор менен көрсөтүшү мүмкүн. Элге көрүнүш үчүн эле жакшы иштерди кылгандар Жахабадан эч кандай сыйлык албайт. Эмне үчүн? Башкалар мактап-даңктаганда, алар өз сыйлыгын толугу менен алган болот. (Оку: Матай 6:1—5.) Иса асмандагы Атасынын башкаларга кылган жакшылыгы үчүн тийиштүү сыйлыгын албагандарды «көрүнбөгөн жайдан... көрүп турарын» айткан. Кудай алардын иштерин байкап турат жана ар бирине тиешелүү сыйлыгын берет. Бирок Жахаба бизге кээде такыр оюбузга келбеген жол менен батасын берет. Эмесе, айрым мисалдарга токтололу.
МОМУН КЫЗ КҮТҮЛБӨГӨН БАТА АЛГАН
11. Жахаба Мариямга кандай жол менен көңүл бурган?
11 Уулу адам болуп төрөлө турган убак келгенде, Жахаба ошол өзгөчө баланын энеси кылып Мариям деген момун кызды тандаган. Ал Иерусалимден жана ал жактагы заңгыраган ибадатканадан алыс жайгашкан Назарет деген кичинекей шаарда жашачу. (Оку: Лука 1:26—33.) Эмне үчүн ага ушундай зор сыймык ыйгарылган? Жебирейил периште ага: «Сен Кудайдын ырайымына ээ болдуң»,— деген. Мариямдын Кудай менен абдан ынак мамиледе болгону кийинчерээк тууганы Элизабетке айткан сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат (Лк. 1:46—55). Ооба, Жахаба Мариямды байкап жүргөн, ошол себептен ишенимдүүлүгү үчүн аны күтүлбөгөн ушундай сыймыкка ээ кылган.
12, 13. Иса төрөлгөндө жана 40 күн өткөндөн кийин аны ибадатканага алып барышканда, ага кандайча урмат көрсөтүлгөн?
12 Мариям көз жарганда, Жахаба Исанын төрөлгөнүн Иерусалимдеги жана Бетлехемдеги көрүнүктүү кишилерге же башкаруучуларга кабарлаган эмес. Андай сыймыкты аларга ыйгарган эмес. Анын ордуна, ал периштелерин Бетлехемдин сыртында малын күзөткөн момун койчуларга жиберген (Лк. 2:8—14). Анан алар жаңы төрөлгөн баланы көргөнү барышкан (Лк. 2:15—17). Исага ушундай жол менен урмат көрсөтүлгөнүнө Мариям менен Жусуп бир чети таң калса, бир чети сүйүнсө керек. Жахабанын ошондо кандай иш-аракет кылганы Шайтандыкынан кыйла айырмаланган. Шайтан астрологдорго Иса менен анын ата-энесине барууга түрткү бергенде, Исанын төрөлгөнүн угуп, Иерусалимдеги бүт элдин тынчы кеткен (Мт. 2:3). Ал жөнүндөгү кабардын жалпыга ушинтип жарыяланганы бейкүнөө ымыркайлардын өлтүрүлүшүнө алып келген (Мт. 2:16).
13 Мыйзамга ылайык, эркек бала төрөлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин энеси Жахабага курмандык чалышы керек болчу. Ошондуктан Мариям менен Жусуп Исаны алып, Бетлехемден 9 километрдей алыстыкта жайгашкан Иерусалимдеги ибадатканага жөнөшкөн (Лк. 2:22—24). Жолдо баратканда Мариям: «Ибадатканада милдетин аткарып жүргөн дин кызматчы Исанын келечекте кандай роль аткарарын айтып, ал үчүн өзгөчө бир нерсе кылат болду бекен?» — деп ойлонгон чыгар. Бирок Жахаба баланын келечекте убада кылынган Машаяк болорун айтыш үчүн «адил, Кудайдан корккон» Шымонду жана жесир калган 84 жаштагы пайгамбар аял Аннаны колдонгон (Лк. 2:25—38). Ошентип, Исага урмат көрсөтүлгөн, бирок Мариям ушундай жол менен көрсөтүлөт деп күтпөсө керек.
14. Мариям Жахабадан кандай сыйлык алган?
14 Ал эми Мариямдын өзү жөнүндө эмне айтууга болот? Уулуна берилгендик менен кам көрүп, аны чоңойтуп-өстүргөнү үчүн Жахаба ага урмат көрсөттү беле? Албетте. Кудай анын сөздөрүнүн, иш-аракеттеринин Ыйык Китепке жазылышына кам көргөн. Мариям Исаны үч жарым жылга созулган кызматында коштоп жүрө алган эмес көрүнөт. Сыягы, жесир болгондуктан ал Назаретте эле калса керек. Ошондуктан көптөгөн кереметтүү окуяларга күбө боло алган эмес. Бирок Иса өлөрдө анын жанында болгон (Жкн. 19:26). Андан тышкары, Исанын шакирттери Элүүнчү күн майрамына чейин Иерусалимде чогулуп жүрүшкөндө алардын арасында Мариям да болгон. Ал майрамда шакирттерге ыйык рух түшкөн (Элч. 1:13, 14). Ошондо Мариямдын да ыйык рух менен майланганы толук мүмкүн. Демек, ал Иса менен асманда түбөлүккө чогуу болуу сыймыгына ээ болгон. Ишенимдүү кызмат кылганы үчүн ал кандай сонун сыйлык алган!
ЖАХАБАНЫН ӨЗ УУЛУНА УРМАТ КӨРСӨТҮШҮ
15. Иса жерде жүргөндө, Жахаба аны баалаарын кантип көрсөткөн?
15 Иса өзүнүн күндөрүндөгү диний жетекчилердин же башкаруучулардын ага урмат-сый көрсөтүшүн каалаган эмес. Жахаба үч жолу асмандан сүйлөп, баалаарын билдиргенде, ал кандай гана бекемделген! Иса Иордан дарыясына чөмүлгөндөн кийин, Жахаба: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деген (Мт. 3:17). Ал сөздөрдү Исадан башка Чөмүлдүрүүчү Жакан гана укса керек. Андан кийин, Исанын өлөрүнө бир жылдай калганда, анын үч элчиси Жахабанын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм. Уулумду уккула»,— деп айтканын угушкан (Мт. 17:5). Акырында Исанын өлүмүнө бир нече күн калганда, Жахаба асмандан Уулуна дагы бир жолу сүйлөгөн (Жкн. 12:28).
16, 17. Жахаба Исага ал күтпөгөн кандай сыйлык берген?
16 Иса шылдың болуп өлөрүн, Кудайга акарат кылды деп айыпталарын билсе да, Жахабадан: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп тиленген (Мт. 26:39, 42). Ал дүйнөгө эмес, Атасына гана жагууну көздөгөндүктөн «шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн» (Евр. 12:2). Жахаба аны жогору баалаарын кантип көрсөткөн?
17 Жерде жүргөндө Иса Атасынан асманда жүргөндө ээ болгон мурунку даңкына бөлөшүн суранган (Жкн. 17:5). Ыйык Китепте анын андан да көп нерсеге үмүттөнгөнү жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Ал Жахабанын аны мурунку абалынан да жогору көтөрүшүн күткөн эмес. Бирок Жахаба эмне кылган? Исага ал ойлобогон сыйлыкты берген, тагыраак айтканда, аны рухий жаратуу катары тирилтип, «ого бетер жогорулаткан» жана ага чейин эч ким ээ болбогон өлбөстүктү берген * (Флп. 2:9; 1 Тим. 6:16). Ишенимдүү кызмат кылганы үчүн Исага кандай гана зор сыймык ыйгарылган!
18. Канткенде бул дүйнөгө жагууну көздөбөйбүз?
18 Бул дүйнөгө жагууну көздөбөгөнгө эмне жардам берет? Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын дайыма жогору баалаарын жана аларга көп учурда өздөрү ойлобогондой жолдор менен батасын берерин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Келечекте азыр оюбузга да келбеген баталарды алышыбыз толук мүмкүн. Ал убак келгенге чейин, азыркы ыймансыз дүйнөдө ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго чыдап жатып дүйнөнүн жана ал сунуштаган атак-даңктын өтүп кетерин унутпаганыбыз маанилүү (1 Жкн. 2:17). Мээримдүү Атабыз Жахаба анын ысмына көрсөткөн сүйүүбүздү, эмгегибизди унутуп калгыдай адилетсиз эмес (Евр. 6:10). Ооба, ал бизге сөзсүз батасын берет, атүгүл биз элестеткенден да зор сыйлык бериши мүмкүн!
^ 17-абз. Бул күтүлбөгөн бата болсо керек, себеби өлбөстүк жөнүндө Еврей Жазмаларында айтылбайт.