Жан аябас кызматчылар Океанияда
35 ЖАШТАРДАГЫ Рене аттуу бир тууган Австралияда Жахабага ынталуу кызмат кылган үй-бүлөдө чоңойгон. Ал: «Биз Падышалыктын жарчыларына муктаждык чоң жерлерге көп жолу көчүп барганбыз. Ата-энем жашообуздун кызыктуу, көңүлдүү болушуна аракет кылышчу. Ошондуктан өзүм эки балалуу болгондо алардын да жашоосу меникиндей болушун кааладым»,— дейт.
*. Ал макала бизди Австралиядагы жана Жаңы Зеландиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кайсы жерде жарчыларга муктаждык чоң экенин сурап кат жазууга түрткү берди *. Бир туугандар бизди Тонгага — өзүбүз журналдан окуган жерге — көчүп барууга үндөштү!»
Рененин күйөөсү Шейн ошол кезде 40тарга чукулдап калган болчу. Ал да жубайыныкындай ойдо эле. Шейн мындай дейт: «Экинчи балабыз төрөлгөндөн кийин, „Күзөт мунарасынан“ бир үй-бүлөнүн кабар айтыш үчүн Тынч океандын түштүк-батышындагы Тонга аралына өздөрүнүн яхтасы менен сүзүп барганын окуп калдыкШейн, Рене жана алардын балдары Жейкоб менен Скай Тонгада бир жылдай жашагандан кийин биринин артынан бири болгон саясий жаңжалдардан улам Австралияга кайтууга аргасыз болушкан. Бирок алар максатын унутушкан эмес. Ошондуктан 2011-жылы Австралиядан чыгышты көздөй 1 500 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Норфолк аралына көчүп барышкан. Анын натыйжасы кандай болгон? Учурда 14төгү Жейкоб: «Жахаба бизге кам көргөндөн сырткары, кызматыбызды абдан кызыктуу кылууда!» — деп ой бөлүшөт.
БҮТ ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН КЫЗМАТ КЫЛГАНДАР
Шейн, Рене жана алардын балдары сыяктуу эле көптөгөн башка үй-бүлөлөр жарчылар аз жерге көчүп барышкан. Аларга ошондой чечим чыгарууга эмне түрткү берген?
«Көптөгөн адамдар жакшы кабарга кызыгып калышкан. Биз алардын Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдешин кааладык» (Бернет).
35тердеги Бернет жана Симона деген жубайлар 12 жаштагы Истон жана 9 жаштагы Кейлеб аттуу уулдары менен Австралиянын Квинсленд штатындагы Берктаун шаарчасына көчүп барышкан. Бернет мунун себебин: «Бул жакта Күбөлөр үч-төрт жылда бир эле жолу кабар айтышчу. Көптөгөн адамдар жакшы кабарга кызыгып калышкан. Биз алардын Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдешин кааладык»,— деп түшүндүрөт.
Учурда 50лөрдөн ашып калган Марк менен Карен балдары Жессика, Жим жана Жэк болуп Австралиянын Түндүк аймагындагы Нулунбай шаарчасына көчүп барардан мурун Сиднейге жакын жерлердеги бир нече жыйналышта кызмат кылышкан. Марк: «Мен адамдарды жакшы көргөндүктөн жыйналышта, кызматта абдан көп иш кылынышы керек болгон жакка баргым келчү»,— деп айтат. Анткен менен жубайы Карен алгач башка жакка көчкүсү келген эмес. Карен: «Бирок Марктын жана башкалардын түрткүсү менен аракет кылып көрүүнү чечтим. Ошондой кылганыма азыр абдан сүйүнөм!» — дейт.
2011-жылы Бенжамин менен Каролин мектепке бара элек кыздары Жейд жана Бриа болуп Австралиянын Квинсленд штатынан Индонезия архипелагына кирген Тимор аралындагы Тимор-Лесте деген чакан өлкөгө кайра көчүп барышкан. Бен мындай дейт: «Каролин экөөбүз мурун Тимор-Лестеде атайын пионер болуп кызмат кылганбыз. Бул жерде кабар айтуу ушунчалык сонун болчу, бир туугандар да жөлөп-таяп турушчу. Кетип жатканда жүрөгүбүз ооруган. Биз бул жакка кайра келүүнү чечкенбиз. Балдарыбыз төрөлгөндө, максатыбызды кийинчерээк ишке ашырууну чечтик, бирок аны өзгөрткөн жокпуз». Каролин болсо: «Биз балдарыбыздын миссионерлер, бейтелдиктер, атайын пионерлер менен көп пикир алышып, кызматтан мүмкүн болушунча көбүрөөк кубаныч алышын кааладык»,— деп кошумчалайт.
КӨЧҮҮГӨ ДАЯРДАНУУ
Иса Машаяк жолдоочуларына: «Араңардан ким мунара кургусу келсе,.. адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» — деген (Лк. 14:28). Андыктан үй-бүлөнүн башка жакка көчүп барарда баарын жакшы пландаштырганы маанилүү. Андайда эмнелерди эске алуу зарыл?
РУХИЙЛИК. Бен: «Биз башкаларга жүк болбой, аларга кызмат кылгыбыз келди. Ошондуктан көчүп кетерден мурун өзүбүздү рухий жактан бекемдедик. Андан тышкары, кызматка жана жыйналыштын иштерине көбүрөөк катыштык»,— дейт.
Жогоруда айтылган Жейкоб: «Норфолк аралына көчүп барардан мурун „Күзөт мунарасы“ жана „Ойгонгула!“ журналдарындагы муктаждык чоң жерлерде кызмат кылган үй-бүлөлөр тууралуу көп окудук. Алардын кандай кыйынчылыктарга туш болгону жана Жахабанын аларга кантип кам көргөнү жөнүндө сүйлөшчүбүз»,— дейт. Анын 11 жаштагы карындашы Скай: «Мен өзүмчө да, ата-энем менен чогуу да көп жолу тилендим!» — деп кошумчалайт.
ЭМОЦИЯЛЫК АБАЛ. Рене: «Үйдөгүлөрүбүзгө, досторубузга жакын тургандыктан жана өзүм жакшы көргөн жерде жашагандыктан, бизге ал жакта калганыбыз жеңил болмок. Бирок баш тарткан нерселерим жөнүндө эле ойлой бербей, көчүп кеткенибиз үй-бүлөмө
кандай пайда алып келери тууралуу ой жүгүрттүм»,— дейт.БАШКА МАДАНИЯТ. Көптөгөн үй-бүлөлөр адегенде бара турган жери тууралуу маалымат топтошот. Марк: «Биз Нулунбай жөнүндө мүмкүн болушунча көп окудук. Ал жактагы камкор бир туугандар бизге шаарчада чыккан гезитти жөнөтүп турушту. Бул жергиликтүү эл менен алардын маданияты жөнүндө көбүрөөк билишибизге шарт түздү»,— деп ой бөлүшөт.
Норфолк аралына көчүп барган Шейн: «Мен баарынан мурда Кудайдын кызматчылары чагылдырышы керек болгон сапаттарды өрчүтүүгө аракет кылдым. Эгер бардык нерсени чын жүрөктөн кылсам, жумшак, чынчыл жана эмгекчил болсом, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, ылайыкташып кете аларымды билчүмүн»,— деп кошумчалайт.
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ
Жарчыларга муктаждык чоң жерлерде ийгиликтүү кызмат кылып жаткандар күтүлбөгөн кыйынчылыктарга туш болгондо ийилчээк болуп, оң маанай сактоо маанилүү экенин баса белгилешет. Алардын айрымдарынын айткандарына көңүл буралы.
Рене мындай дейт: «Айрым иштерди ар кандай жолдор менен кылууга үйрөндүм. Мисалы, Норфолк аралында деңиз толкуганда, жүк ташыган кемелер жээкке токтой албай калгандыктан, азык-түлүк жетишсиз болуп, кымбаттап кетет экен. Ошондуктан тамак жасаганда тапкыч болгонго үйрөндүм». Күйөөсү Шейн ар бир жумага бөлүштүрүп койгон акчаны ошол жумага жеткизгенге аракет кылышарын айтат.
Алардын уулу Жейкоб башка кыйынчылыкка кабылган. Ал: «Жаңы жыйналышта бизден башка жети эле киши бар болчу, алардын баары чоңдор эле. Ошондуктан өзүм курдуу досторум жок болчу! Бирок жашы улуураак бир туугандар менен кызматка чыгып жатып, алар менен дос болуп калдым»,— дейт.
Учурда 21 жаштагы Жим ушул сыяктуу кыйынчылыкка туш болгон. Ал: «Нулунбайга эң жакын жыйналыш 725 чакырымдай алыстыкта жайгашкандыктан, жыйындардан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алууга аракет кылабыз. Биз жыйынга эртерээк барып, бир туугандар менен пикир алышуудан ырахат алабыз. Андай учурларды жылдын ичиндеги эң маанилүү учурлар катары көрөбүз!» — дейт.
«БУЛ ЖАККА КЕЛГЕНИБИЗГЕ АЯБАЙ СҮЙҮНӨМ!»
Ыйык Китепте: «Жахабанын батасы байытат»,— делет (Накыл 10:22). Жарчылар аз жерлерде кызмат кылган миңдеген бир туугандар бул сөздөрдүн калетсиз экенине өз тажрыйбасынан ынанууда.
Марк: «Көчүп келгенибиздин балдарыбызга жакшы таасир эткени биз үчүн эң чоң бата болду. Улуураактары Падышалыктын иштерин биринчи орунга койгондорго Жахабанын кам көрөрүнө толугу менен ишенип калышты. Мындай ишенимди акчага сатып ала албайсың»,— деп кубанычы менен бөлүшөт.
Шейн: «Мен жубайым менен балдарыма абдан жакын болуп калдым. Жахабанын аларга эмнелерди кылганын айтып берип жатышканда, ушунчалык сүйүнөм»,— деп айтат. Уулу Жейкоб атасынын айткандарына кошулуп: «Биз сонун күндөрдү өткөрүп жатабыз. Бул жакка келгенибизге аябай сүйүнөм!» — дейт.