Билесиңерби?
Байыркы ысрайылдыктар эмне үчүн калың төлөшчү?
БАЙЫРКЫ убакта кыз-жигит баш кошкондо, кыздын үй-бүлөсүнө калың төлөнчү. Калыңга баалуу буюм-тайымдар, мал-жан же акча берилчү. Кээде болочок күйөө калыңдын ордуна иштеп берчү. Мисалга Жакып Рахилди алыш үчүн анын атасына жети жыл иштеп берген (Башт. 29:17, 18, 20). Эмне үчүн калың төлөнчү?
Ыйык Китепти изилдеген Керол Майерс деген окумуштуу: «Байыркы убакта дыйканчылык кылып жан баккан үй-бүлөлөр кызын күйөөгө бергенде анын эмгегинен кол жууп калчу. Ошол себептен калың кыздын эмгегинин ордун толтурган»,— деп жазган. Калың куда-сөөк боло турган эки үй-бүлөнүн ортосундагы ынтымакты да чыңдаган. Ошонун аркасында башына кыйынчылык түшкөндө эки үй-бүлө бири-бирине жөлөк-таяк боло алышкан. Ошондой эле калыңдын төлөнгөнү кыздын күйөөсүнө башы байланганын жана ага кам көргөн, коргоп келген атасынын колунан эми күйөөсүнүн колуна тапшырылганын билдирген.
Калыңдын төлөнгөнү кызды сатып алса же сатып жиберсе болот дегенди билдирген эмес. Бир китепте мындай делген: «Ысрайыл элинде акчалай же башка нерселер менен калыңдын төлөнгөнү, бир караганда, кызды сатып алып жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, чынында, бул кызын күйөөгө берип жаткан үй-бүлөнүн жоготкон нерсесинин ордун толтурган баа эле болчу» («Ancient Israel—Its Life and Institutions»).
Бүгүнкү күндө айрым өлкөлөрдө калың төлөө салты дагы деле бар. Кудай жолундагы ата-эне өтө көп калың талап кылбай, бул жагынан эстүү болгону жакшы (Флп. 4:5; 1 Кор. 10:32, 33). Ошентишсе, алар «акчаны сүйбөгөн», ач көз эмес адамдар экенин көрсөтүшөт (2 Тим. 3:2). Андан тышкары, Кудайга кызмат кылган ата-эненин өтө көп калың талап кылбаганы туура болот. Ошондо болочок күйөө баласына калыңдын акчасын төлөш үчүн көп иштеп, үйлөнүү-үлпөтүн кийинкиге жылдырганга туура келбейт. Же ошол акчаны төлөш үчүн толук күн иштеп, пионердик кызматын токтотконго аргасыз болбойт.
Айрым жерлерде болсо калың төлөгөнгө өлкөнүн мыйзамы милдеттендирет. Андайда Кудайдын жолундагы ата-энелер мыйзамга баш ийиши керек. Эмне үчүн? Анткени Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары «жогорку бийликтерге баш ийсин» деген талап бар. Ошол себептен өлкөдөгү мыйзамдар Кудайдын мыйзамдарына каршы келбегенде, аларга баш ийиш керек (Рим. 13:1; Элч. 5:29).