Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыл-эс саламаттыгы — дүйнөлүк кризис

Акыл-эс саламаттыгы — дүйнөлүк кризис

«Мен эч кандай себеп жок болсо деле, бир аз тынчсыздана берем».

«Мен өзүмдү бөтөнчө жакшы сезип жатканда кооптоно баштайм. Анткени аябай сүйүнүп жатканда туруп-туруп эле көңүлүм чөгүп калат».

«Мен бүгүнкү күнкү нерселерге эле көңүл топтогонго аракет кылам. Бирок кээде ойлобогон жерден сансыз санаа басып калат».

Бул — акыл-эс саламаттыгы жабыркагандардын айткандары. Ушундай сезимдерди туюп көрдүңөр беле? Жакындарыңарчы?

Анда жалгыз эмессиңер. Бүгүн көптөр, өздөрү болобу же жакшы көргөн жакындарыбы, акыл-эстин жабыркашына дуушар болууда.

Азыр «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатканыбыз талашсыз. Мунун айынан жан дүйнөгө бүлүк салган себептер барган сайын көбөйүп жатат (2 Тиметей 3:1). Бир изилдөөгө ылайык, дүйнө жүзү боюнча болжол менен сегиз кишинин бири акыл-эс дартына чалдыгууда. 2019-жылга салыштырганда, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын айынан коркунуч басып тынчсыздангандардын жана олуттуу психикалык бузулууга чалдыккандардын саны болжол менен 78 миллионго көбөйгөн.

Бул дартка канча киши чалдыкканын билгенибиз маанилүү. Бирок өзүбүздүн жана жакындарыбыздын кандай сезимдерди туюп жатканын билгенибиз андан да маанилүү.

Акыл-эс саламаттыгы деген эмне?

Акыл-эс саламаттыгы жабыркабаган киши өзүн жакшы сезип, кылып жүргөн иштерин кыла берет. Ал кадимки стрессти көтөрө алат, жумушун натыйжалуу аткарат, канааттанып жашайт.

Психикалык бузулуу

  • БУЛ кишинин алсыз экенин БИЛДИРБЕЙТ.

  • БУЛ — кадимки эле оору. Анын айынан кишинин жан дүйнөсү кыйналып, тунук ой жүгүртө албай калат. Сезимдерин, жүрүм-турумун башкаруу кыйынга турушу ыктымал.

  • Башкалар менен мамилелешүү, күнүмдүк иштерди кылуу көбүнчө оор болуп калышы мүмкүн.

  • Бул дарт кишинин жаш-курагына, расасына, улутуна, динине, билим деңгээлине, бай-кедей болгонуна карабайт.

Жабыркагандарга жардам

Эгер силердин же жакшы көргөн жакыныңардын кулк-мүнөзү бир топ өзгөрүп кетсе, тамактануусу же уйкусу бузулса, көңүлү чөккөнү, тынчсызданганы, кайгырганы узак убакытка созулуп кетсе, анда иш билги адиске кайрылуу зарыл болушу мүмкүн. Ал мунун себебин аныктаганга жана аны жойгонго жардам бере алат.

Тарыхтагы эң даанышман киши — Иса Машаяк: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деп айткан (Матай 9:12). Медициналык жардам алып, туура дарылангандар оорусун мүмкүн болушунча жеңилдетип, бактылуу жашай алышат. Оорунун белгилери олуттуу болсо же узакка созулуп кетсе, создуктурбай дарылануу акылдуулукка жатат a.

Ыйык Китеп медициналык китеп болбосо да, анда жазылгандар акыл-эс саламаттыгына жакшы таасир этет. Андыктан силерди кийинки макалаларды окуп көрүүгө чакырабыз. Аларда акыл-эс дартына чалдыккандарга Ыйык Китеп кантип жардам берери талкууланат.

a «Күзөт мунарасы» журналы дарылануунун тиги же бул ыкмасын сунуштабайт. Ар бир киши чечим чыгарарда баарын кылдат таразалашы керек.