Алла Тааланын түбөлүккө созулган батасын алгыла
Кудай Ыбрайым пайгамбарга анын тукумдарынын бири аркылуу «жер жүзүндөгү бардык элдер» бата аларын убадалаган (Башталыш 22:18). Ал тукум ким болмок?
Дээрлик 2000 жыл мурун Жаратканыбыз Ыбрайым пайгамбардын тукуму болгон Исага укмуштуудай кереметтерди жасоого күч берген. Ал кереметтер Ыбрайымга убада кылынган, бүт элдер ала турган бата Иса аркылуу ишке ашмактыгын айкын кылган (Галатиялыктар 3:14).
Адаттан тыш ошол кереметтер адамзатка бата бериш үчүн Алла Таала тандап алган тукум Иса пайгамбар экенин түшүнүүгө көмөк кылган. Ошондой эле алар Кудай ал аркылуу кантип адам баласына түбөлүккө созула турган бата төгөрүн айгинелеген. Келгиле, Иса жасаган кереметтер анын кайсы сапаттарын баса көрсөтүп турарын карап көрөлү.
Күйүмдүүлүгү. Ал оорулууларды айыктырган.
Бир жолу бүт денесин жара баскан, айыккыс дартка чалдыккан киши Исадан аны сакайтышын жалбарган. Иса ага колун тийгизип: «Каалайм»,— деген. Ал киши ошол замат айыгып калган (Марк 1:40—42).
Марттыгы. Ал ачкаларды тойгузган.
Иса аны ээрчип жүргөн адамдарды ачка кетирген эмес. Ал бир эле эмес, эки жолу керемет жасап, бир нече нан, бир нече балык менен миңдеген адамдарды тойгузган (Матай 14:17—21; 15:32—38). Ошондо баары тоё жеп, тамак-аштын бир тобу артып калган.
Боорукердиги. Ал өлгөндөрдү тирилткен.
Иса боору ооругандыктан бир жесир аялдын жалгыз уулун тирилтип берген. Ал аялдын андан башка багар-көрөр кишиси жок болчу (Лука 7:12—15).