Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КЫМГУУТ ТҮШКӨН ДҮЙНӨДӨ

2 | Күнүмдүк турмушуңарды уланта бергиле

2 | Күнүмдүк турмушуңарды уланта бергиле

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Көптөр эптеп күн көрүш үчүн күн сайын кара жанын карч уруп иштешет. Өкүнүчтүүсү, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам жан багуу барган сайын кыйын болуп баратат. Эмне үчүн?

  • Адатта, кырсыктан же башка кыйынчылыктан улам тамак-аштын, турак-жайдын баасы асмандын башы болуп кетет.

  • Каржы каатчылыгы жумушсуздуктун көбөйүшүнө же маянанын азайышына алып келиши ыктымал.

  • Табигый кырсыктан улам көптөр ишканасынан, үйүнөн же мүлкүнөн кол жууп калышы этимал. Мунун кесепетинде жакырчылык күч алат.

Эске алыш керек болгон нерселер:

  • Акчаңарды акылдуулук менен колдонсоңор, каржы каатчылыгы желкеден басканда көп кыйналбайсыңар.

  • Топтогон акчабыз же байлыгыбыз болсо эле, ал ошо бойдон тура берет дегенди билдирбейт. Алар бир паста эле баалуулугун жоготуп коюшу мүмкүн.

  • Баары эле акча менен өлчөнбөй турганын унутпагыла. Мисалы, бакытты, үй-бүлөдөгү ынтымакты акчага сатып ала албайбыз.

Эмне кылсаңар болот?

Ыйык Китепте мындай делет: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметей 6:8).

Ыраазы боло билүү өз ичине каалоолорубузду ооздуктоону, күнүмдүк муктаждыктарыбыз канааттандырылып жатканына каниет кылууну камтыйт. Бул, өзгөчө, тыйын-тыпырыбыз тартыш болгондо маанилүү.

Ыраазы боло билиш үчүн, балким, көп акча коротпой жашаганга үйрөнүшүңөр керек болоттур. Тапканыңарга караганда коротконуңар көп болсо, бул кошумча көйгөйлөрдү жаратат.