Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КЫМГУУТ ТҮШКӨН ДҮЙНӨДӨ

4 | Үмүтүңөрдү үзбөгүлө

4 | Үмүтүңөрдү үзбөгүлө

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Азыркы апаат заман адамдардын ден соолугун, эмоциялык саламаттыгын жабыркатып жатат. Кыйынчылыктан запкы жегендер эртеңки күндөн үмүтүн үзүп коюшат. Бул аларга кандай таасир этет?

  • Айрымдар жадагалса келечек тууралуу ойлонгусу келбей калат.

  • Башкалары болсо көйгөйлөрүн унутуш үчүн ичимдикке же баңгизатка берилип кетишет.

  • Дагы бирөөлөрү: «Мага мындай жашоонун эмне кереги бар? Андан көрө өлгөнүм артык»,— деп өмүрүн кыйгысы келет.

Эске алыш керек болгон нерселер:

  • Силер кабылып жаткан айрым көйгөйлөр убактылуу экенин жана силер күтпөгөн убакта жакшы жакка өзгөрүлүшү мүмкүн экенин унутпагыла.

  • Жагдайыңар өзгөрбөсө да, көйгөйлөрдү чечкенге жардам бере ала турган нерселер бар.

  • Ыйык Китептеги адамзаттын бардык көйгөйлөрү биротоло чечилет деген убада бизге үмүт берет.

Эмне кылсаңар болот?

Ыйык Китепте мындай делет: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34).

Бир эле күндүн түйшүгүн ойлогула. Келечекти ойлоп сарсанаа боло берсеңер, учурда кылышыңар керек болгон иштерге көңүл топтой албай каласыңар. Буга жол бербегиле.

Келечекте болушу мүмкүн болгон жаман нерселерди ойлоп тынчсыздана берүү ого бетер стресс кылат жана жагдай жакшырат деген үмүтүңөрдү өчүрөт.

Ыйык Китептеги чыныгы үмүт

Байыркы учурда бир пайгамбар: «Сенин сөзүң — бутума чырак, жолума жарык»,— деген (Забур 119:105). Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китеп бизге кандайча жарык боло алат?

Караңгы түндө колубузда чырак болсо, кайсы жакка кадам шилтешибиз керектигин көрө алабыз. Ошол сыяктуу эле, Ыйык Китепте бизге күнүмдүк жашообузда туура чечим чыгарганга жардам берген кеңештер бар.

Жолубузга жарык тийип турса, алдыбызда эмнелер бар экенин тээ алыска чейин көрө алабыз. Анын сыңары, Ыйык Китеп келечекке баш бакканга жардам берет.