Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күндөлүк ишенимдүү дос

Күндөлүк ишенимдүү дос

Күндөлүк ишенимдүү дос

АЗЫРКЫ кайдыгер дүйнөдө адамга өз күндөлүгү туруктуу дос, ишенимдүү сырдаш боло алат. Күндөлүк, жазуучу Кристина Болдуин айткандай, «жашообуздун эпизоддору тартылган сүрөттөрдүн жыйындысындай». Өткөн күндөрүбүздүн кайсы бир көз ирмемин сактап калган сүрөттөр чапталган эски альбом сыңары, күндөлүк барактарында жазылгандар өткөн окуяларды күнү бүгүнкүдөй жандандырат.

Эзелки убактарда маанилүү окуялар расмий каттоодон өткөзүлүп турган. Ыйык Китепте ошондой иш кагаздардын кээ бирлери сөз кылынат (4 Муса 21:14, 15; Иса Навин 10:12, 13). Байыркы гректер күндөлүктүн өзгөчө түрүн — эфемериддерди — толтуруп турушкан. Аларда жылдыздардын жана планеталардын күн сайынкы кыймылы катталчу. Грецияны басып алган римдиктер күндөлүк жазуунун ошондой түрүн гректерден кабыл алышкан. Бирок алар өзүлөрүнө таандык эпчилдик менен, аларды кененирээк колдонуп, коомдук жашоонун орошондуу окуяларын каттоого алып турушкан. Римдиктер ал жазмаларды диариум деп аташчу («күн» деген маанини билдирген dies деген латын сөзүнөн келген).

Өздүк эскермелерин күн сайын жазып туруу XVII кылымда гана, англис Сэмюэл Пипс күндөлүк жазгандан кийин, көпчүлүк арасына тарай баштайт. Пипстин күндөлүгүндө динчилдик менен күнүмдүк түйшүктөр өзүнчө бир кызыктуу айкалыштырылып жазылат. Анын күндөлүгү аркылуу окумуштуулар англис королу Карл II башкарган маалдагы жашоо-турмуш жөнүндө толугураак маалымат алышкан.

Ошондон тартып күндөлүк жазуу эл ичинде улам кеңири тарала берген. Күндөлүктөрдүн арасында тарыхый маалыматтардын теңдешсиз булагы катары кызмат кылгандары көп. Өзгөчө, фашисттерден жашырынып жүргөн еврей кыздын күндөлүгү кызыгуу туудуруп келет. «Анна Франктын күндөлүгү» — адамдардын бири-бирине кылган барып турган таш боор мамилесинин күбөлүгү.

Күндөлүк эмнеси менен кызык?

Күндөлүк жазууга, адатта, адамдардын негизги муктаждыктарынын бири, атап айтканда, өз ой-сезимдерин билдирүүнү каалагандык түрткү берет. Балабыздын тили чыгып, алгачкы сөзүн айткандагы кубанычыбызды же кимдир бирөө менен сүйлөшө баштагандагы сезимдерибизди жазабызбы, айтор, күндөлүк жашообузда болуп өткөн окуяларды аңдап-түшүнүүгө жардам берет. Жазгандарыбызды кийин кайра окусак, өткөн күндөрдүн жаныбызга кымбат оокумдары, ошондогу ой-сезимдерибиз кайрадан көз алдыбызга тартылат.

Күндөлүк жазуунун бирден-бир пайдасы — өзүбүздү таанып-билүүгө жардам берери. Жазуучу Тристин Райнер күндөлүк жазуу «өз сезимдерибиз менен ойлорубузду ээн-эркин билдирүүгө өбөлгө түзгөн ыңгайлуу психологиялык ыкма» деп атаган.

Аңгемелер 12:25те Ыйык Китеп мындай дейт: «Жүрөктөгү кайгы адамды муңдантат, а жылуу сөз адамды кубандырат». Эгерде «жүрөктөгү кайгыбызды» бирөө жарымга айтуу оор болсо, сезимдерибизди кагаз жүзүнө түшүрүү бир топ жардам бериши мүмкүн. Ошондуктан кээде, эмоциялык жараат менен күрөшүүгө жеңилирээк болуш үчүн, күндөлүк жазууну кеңеш кылышат. Ал жашоо жөнүндө ой жүгүртүүгө, алдыга жаңы максаттарды коюуга, атүгүл кыйынчылыктарды чечүүгө зарыл акыл табууга мүмкүнчүлүк берет. Кыйынчылыктарыбызды, ой-санааларыбызды түшүндүрүп жазууга аракеттенип жатып, тигил же бул жагдайларды айгинерээк түшүнүп, ага калыс баа берүү оңоюраак.

Күндөлүк жазуу окутуунун жакшы ыкмасы катары да кызмат кыла алат. Америка мугалимдер федерациясы ата-энелерге мындай кеңеш берген: «Балдарды күндөлүк жазууга көндүргүлө. Күндөлүк толтуруп жүрүп, алар сабаттуу жазууга үйрөнүшөт жана чыгармачылык шыгын өрчүтүшөт».

Эмнеден баштаса болот?

Адегенде тынч жер таап, колуңарга ылайыктуу дептер алгыла. Көптөр алдында актай барак турса, эмнени жазарын билбей, калтаарый түшүшөт. Бирок жазган кыйын деле эмес: эң негизгиси, ойду ачык-айрым, эркин, жөнөкөй билдириш керек. Мисалы, бүгүн эмне кылганыңарды, жасаган иш-аракетиңердин силерге кандай таасир эткенин, эмне жегениңерди, кимди көргөнүңөрдү, жакын адамыңар эмне кылып жатканын ойлоп көрсөңөр болот. Же, балким, азыркы учурду ойлойттурсуңар, мисалы, менин азыркы жашоом кандай өтүп жатат, эмне максаттарым бар, эмне жөнүндө кыялданам деп. Өзүңөргө катуу талаптарды коё бербей, туура көргөнүңөрдү эркин жаза бергиле.

Аз же көп, бат-баттан же күн алыс жазасыңарбы — өз каалооңор. Тартынбай, өз ичиңердегини жаза бергиле, ката кетирүүдөн коркпогула: аны силерден башка эч ким окубайт. Ичине сүрөттөрдү, гезиттен кыркып алгандарыңарды, кургатылган гүлдөрдү, кыскасын айтканда, эмнени кааласаңар, ошону чаптасаңар болот. Күндөлүк силерге гана таандык да, ошондуктан аны өз каалаганыңардай колдоносуңар. Күндөлүктүн кичине же чоң, тыкан же тыкан эместиги анча деле маанилүү эмес. Ошондой эле аны жазгыңар келгенде гана жазгыла. Эгерде күндөлүк толтурууну сөзсүз аткарыш керек болгон милдетке айлантып алсаңар, бат тажайсыңар да, аягына чыгарбай таштап саласыңар. (Рамканы карагыла.)

Байкоо жүргүзүү күндөлүгү кээде окумуштууларга изилдеп жаткан тирүү жандыктарынын организминдеги өзгөрүүлөрдү белгилеп турууга жардам берет. А биз болсо күндөлүк аркылуу адаттарыбызды, эмнелерге жакын экенибизди жакшыраак билип, өзүбүздү өзүбүз түшүнө алабыз. Анын барактарында кубанычыбыз менен кайгыбыз, кемчиликтерибиз менен жакшы сапаттарыбыз жөнүндө эскерүүлөр сакталып калат. Ал аркылуу биз өз ой-сезимдерибизди даана, көркөм билдирүүгө үйрөнөбүз. Албетте, күндөлүк толтуруш үчүн аракет керек, бирок кылган аракетибиз өзүбүз үчүн пайдалуу болору шексиз. (Кат менен келген.)

[Шилтеме]

Аталышы «бир күндүк» деген маанини камтыган грек тилиндеги эфемерос деген сөздөн келип чыккан.

[29-беттеги кутуча]

Жаңы баштагандар үчүн кеңештер:

◆ Жаныңарга ала жүргөнгө ылайыктуу, чакан, бышык дептер тандап алгыла.

◆ Эч ким алаксытпагыдай ыңгайлуу маал, тынч жер тандап алгыла. Качан жазганыңардын ай-күнүн белгилеп жүргүлө.

◆ Бир нече күн толтурбай калган болсоңор, эч нерсе эмес. Жөн гана андан ары уланта бергиле.

◆ Өзүңөрдү өтө эле сындай бербегиле. Өзүңөрдү эркин сезип, оюңарды эркин жазгыла. Жалпы жонунан эле жазып койбой, майда-барат нерселерге да көңүл бургула.