Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жол кырсыгына силер да кабылышыңар мүмкүнбү?

Жол кырсыгына силер да кабылышыңар мүмкүнбү?

Жол кырсыгына силер да кабылышыңар мүмкүнбү?

«Мен машинени жакшы айдайм, ошон үчүн кырсыкка кабылам деп коркпойм». «Жол кырсыктарына жаш, алаңгазар айдоочулар гана кабылбаса...» Көптөр эч качан жол кырсыгына кабылбайбыз деп ойлошот. Силер да ошентип ойлойсуңарбы? Бирок, чынында эле, андай кырсыкка кабылбаарыңарга көзүңөр толук жетеби?

ЭСЕПТӨӨЛӨР көрсөткөндөй, өнүккөн өлкөлөрдүн тургундары өмүрүндө, жок эле дегенде, бир жолу жол кырсыгынан жаракат алышат. Ал гана эмес, андай кырсыктын айынан жарык дүйнө менен кош айтышкандары канча. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча ушул себептен жарым миллиондон ашуун адам курман болот. Өткөн жылы каза болгондордун көбү жол кырсыгына кабылабыз деп ойлошкон эмес чыгар. Жол кырсыгына кабылуу коркунучун кантип азайтууга болот? Баарыдан мурда, коопсуздук чараларын көрүү менен. Мисалы, уйку канбастык менен карылык себеп болгон жол кырсыктарын азайтууга эмне жардам берерин карап көрөлү.

Уйкусу канбаган айдоочулар

Айрым адистердин ою боюнча, уйкусу канбаган айдоочулар мас айдоочулар менен бирдей коркунуч туудурат. Эсептөөлөр уйку канбастыктын айынан болуучу жол кырсыктары барган сайын көбөйүп баратканын далилдөөдө. Жакында эле бир журналда маалымдалгандай, бир жылдын ичинде Норвегиядагы айдоочулардын ар бир он экинчисинин машине айдап баратып, бери дегенде, бир жолу көзү илинип кеткен («Fleet Maintenance & Safety Report»). Йоханесбургда чыгуучу «Стар» гезитинде айтылгандай, Түштүк Африкадагы жол кагылышууларынын үчтөн бир бөлүгү айдоочулардын чарчашынан болот. Башка өлкөлөрдөн алынган билдирүүлөр да далилдегендей, айдоочулардын чарчашы кай жакта болбосун жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизерин көрсөтүүдө. Эмне үчүн уйкусу канбаган айдоочулар мынчалык көп?

Мунун себептеринин бири — азыркы жашоонун шар агымы. Жакында «Ньюсуик» журналында америкалыктардын «XX кылымдын башындагыга караганда бир жарым саат аз укташары жана уйку канбастык көйгөйү, сыягы, мындан ары да күчөй берери» айтылган. Мындай жагдайга эмне алып келет? Журналда уйку көйгөйлөрүн изилдеген Терри Янгдын айткандары келтирилген: «Адамдар уйкуну аз эле убакыт бөлсө болорлук „жыргал“ көрүшөт. Уйкунун эсебинен башка иштерди жасагандарды иштерман, көздөгөнүнө жете билген инсан деп эсептешет».

Адамга суткасына, орто эсеп менен, алты жарымдан тогуз саатка чейин уйку керек деп божомолдонот. Жетиштүү уктабаган киши организмине уйку «карыз болот». Америка автомобиль ассоциациясы тарабынан түзүлгөн Жол кыймылын жөндөө фондунун билдирүүсүндө мындай делген: «Кадимки иш жумасында күнүмдүк уйкунун 30—40 мүнөткө кемиши эле жуманын аягында организмге 3—4 сааттык уйку карыз болууга алып келет. Адамдын күндүз уйкусурап жүрүшүнө ошол деле жетиштүү».

Кээде түнкүсүн уйку жакшы канбай калат: же уйкуң качат, же бала-чака ооруп калат, же дагы башка өзүңөн көз каранды болбогон себептерден улам жетишерлик уктабай каласың. Натыйжада, эртеси машине айдап баратып уйкусурай беришиң мүмкүн. Андайда эмне кылууга болот?

Кофе ичүү, терезени ачып коюу, сагыз чайноо же өткүр тамак ичүү өңдүү кеңири таралган ыкмалар дайым эле натыйжа бере бербейт. Чынында, алардын бири да кыйынчылыкты жеңе албайт. Даба болор бир гана нерсе — уйку. Балким, кичине чырым этип алаттырсыңар? «Нью-Йорк таймста» төмөнкүдөй кеңеш берилет: «Күндүзү күчүбүздү калыбына келтирип алыш үчүн, 30 мүнөттөн ашык уктабоо керек. Антпесе, организм терең уйкуга кирип кетет да, ойгонуш кыйыныраак болот». Ооба, уйку убакытты алганы менен, өмүрүңөрдү узартышы мүмкүн.

Жашоо мүнөзү да жолдон уктап калуунун дагы бир себеби. Жарым түнгө чейин сыналгы көрөсүңөрбү, Интернетке көп убактыңарды коротосуңарбы? Таң аткыча уланган олтуруштарга барасыңарбы? Андай иштерге уйкунун эсебинен убакыт бөлбөгүлө. Андан көрө, акылман Сулайман падыша айткандай, «бир ууч тынчтык артык» (Насаатчы 4:6).

Тажрыйба менен курак

Адатта, улгайган айдоочулар тажрыйбалуу болушат. Анын үстүнө, алар тобокелге салбоого аракеттенишет жана өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин билишет. Бирок алар деле жол кырсыктарына кабылышы толук мүмкүн. Атүгүл жаш өткөн сайын андай кырсыктарга кабылуу ыктымалдыгы кайра жогорулайт. Америкада чыккан бир журналда: «Жетимиштен ашкан адамдар өлкөнүн тургундарынын 9 пайызын түзсө, жол кырсыгынан курман болгондордун 13 пайызын түзөт»,— деп маалымдалган («Car & Travel»). Өкүнүчтүүсү, жол кырсыгына кабылгандардын арасында улгайган айдоочулардын саны утур жогорулап барат.

Сексен жаштагы Мертлдын байкагандары көңүл бурарлык *. Ал 60 жылдан ашуун убакыт мурун машине айдай баштаган; бир да жолу жол-транспорт кырсыгына кабылбаптыр. Бирок, башкалардай эле, Мертл өзүнүн курагынын таасирин байкагандыктан, кырсыкка кабылуу ыктымалдыгы жогорулай баштаганын сезет. «Улгайган сайын бир нерсе жасоо [автомобиль айдоо да] кыйындай берет экен»,— дейт ал жакында эле «Ойгонгула!» журналына берген интервьюсунда.

Жол кырсыгына кабылуу ыктымалдыгын азайтыш үчүн ал азыр эмне кылат? «Бир нече жылдар бою мен карылык менен келүүчү өзгөрүүлөргө көнүүгө үйрөндүм»,— дейт Мертл. Ал азыр машинени аз айдайт, айрыкча кечкисин. Бул ага жолдо жүрүүнүн коопсуз болушуна жана азырынча айдоочулардын катарынан чыкпоого мүмкүнчүлүк берет.

Тилекке каршы, карылык эч кимди аябайт (Насаатчы 12:1—7). Жаш өткөн сайын, ден соолук начарлап, кабыл алуу жөндөмү жайлап, көздүн курчу кетет — ушулардын баары айдоонун сапатына таасир тийгизери айкын. Бирок адам улгайса эле машине айдаганга жарабай калбайт: анын тажрыйбасы бир топ маани ойнойт. Эгер жашыбызга карап, денелик жөндөмдүүлүк-мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша иш кылууга аракеттенсек, алдыбыздагы «аргымагыбызды» жакшы башкара алабыз.

Балким, өзүбүзгө байкалбайттыр, бирок улгайган сайын көздүн курчу кете берет. Көз таякчаларынын тийиштүү аракеттеринин бузулушунан улам, көздүн тор сымал катмарына көбүрөөк жарык талап кылына баштайт. «Алтымыштагы айдоочуга, жакшы көрүш үчүн, өспүрүмдөн үч эсе көп жарык талап кылынат, караңгыга көнүш үчүн, эки эсе көп убакыт керектелет»,— деп түшүндүрүлөт бир китепчеде («The Older and Wiser Driver»). Көрүү жөндөмүнүн төмөндөшү караңгыда машине айдоону кыйындатат.

Жетимиш эки жаштагы Хенри 50 жылдан ашуун машинени мыкты айдап келген. Бирок ал жашы өткөн сайын маңдайдан келаткан машинелердин көз уялткан жарыгы ага өтө тоскоолдук кылып калганын байкаган. Көз доктурга барып текшерингенден кийин, фаралардын жарыгынан коргоочу жаңы көз айнек керек экенин билген. «Эми күүгүмдө машинени кыйналбай айдап калдым»,— дейт Хенри. Ага болгону эле көз айнегин алмаштыруу талап кылынды. Ал эми Мертл сыяктуу айдоочуларга караңгыда машине айдоодон такыр баш тартуу эле туура.

Курак кабыл алуу жөндөмүнө да таасир этет. Жаштарга караганда кары адамдардын даанышмандыгы, эс-акылы көбүрөөк. Бирок улгайган сайын маалымат кабыл алып, ага жооп кайтарууга көбүрөөк убакыт керектелип калат. Айдоо маалында ал ого бетер кыйынчылык туудурат. Жолдогу жагдай же жолдун өзү ар убакта ар башка, андыктан ошол жаңы жагдайларда тез чечим чыгара коюш үчүн, бат кабыл алуу жөндөмү зарыл.

Жогоруда айтылган журналда «улгайган адамдар жол кырсыктарына көбүнчө светофордун сигналдарына көңүл бурбай калышканда кабылып, өлүмгө дуушар болору» айтылат («Car & Travel»). Эмне үчүн? «Улгайган айдоочуга кайчылаш жолго чыгардан мурун оң жана сол тарапты карап, жолдогу жагдайды баамдай билүү кыйынчылык туудурат... көрүнөт»,— деп түшүндүрүлөт ошол эле журналда.

Кабыл алуу жөндөмү начарлаганда кандай чара көрүүгө болот? Эки жолдун кесилишине жакындап келатканда жакшылап көңүл койгула. Бурулуштардан абайлагыла. Кайчылаш жолдордогу бурулуштар өтө кооптуу. Өзгөчө, карама-каршы тарапты көздөй транспорт жүрүп жаткан көчөнү кесип өтүш керек болсо, өмүргө олуттуу коркунуч туулушу ыктымал.

Кошмо Штаттарда жашы 75тен жогору айдоочулар өлүмгө дуушар болгон жол кырсыктарынын 40 пайызы сол тарапты көздөй бурулган учурларда болот. Америка автомобиль ассоциациясы тарабынан түзүлгөн Жол кыймылын жөндөө фонду айдоочуларга мындай кеңеш берет: «Кээде сол бурулуштан качыш үчүн, үч жолу оң жакка бурулган жакшы». Балким, бул кеңеш силердин да жергеде колдонууга ыңгайлуудур. Андай кооптуу бурулуштарга кабылбаш үчүн, кайсы жол менен жүрөрүңөрдү алдын ала ойлонуштуруп алгыла.

Татаал чечим

Өзүбүздүн айдоочулук жөндөмдүүлүгүбүздү кантип аныктай алабыз? Ишенимдүү досубуздан же жакындарыбыздан биз менен чогуу машинеге түшүп, кандай айдаарыбызды баалап беришин сурасак болот. Андан соң алардын айткан пикирлеринин баарына олуттуу көңүл бурган туура. Транспорт айдоо коопсуздугу боюнча берилген курстардан окуса да болот. Улгайган адамдарга арналган атайы курстарды сунуш кылган транспорт айдоо бирикмелери да бар. Эгерде бир-эки жолу кырсыкка кабылып кала жаздасаңар, бул айдоо жөндөмдүүлүгүңөрдүн мурдагыдай эместигин көрсөтөт.

Чын-чынына келгенде, кээде машине айдоодон таптакыр баш тартуу эле дурус. Албетте, андай чечим чыгаруу оңой эместир. Жогоруда кеп кылынган Мертл жакында өзү машине айдоого жарабай каларын билет. Ошол маалга даярданып, ал көбүнчө башкалардын машинесине түшүүгө аракеттенет. Өзү билген ишти башка бирөөлөргө өткөрүп берип атканына ичи оорубайбы? «Машине айдап кыйналбай, коркпой-этпей эки-жакка барган жакшы экен»,— дейт ал.

Бардыгын жакшылап таразалап көргөн соң силер да ошондой чечимге келеттирсиңер. Аны-муну алганы, үй тиричилигинин керектөөлөрү менен же жыйналышка жана башка иштер боюнча досторуң менен барып келген деле жагымдуу болот. Балким, алардын бири силердин машинеңерди айдап барууга даярдыр. Ошондо жолдо жүрүү коопсузураак, жагымдуураак болушу ыктымал. Балким, эл жүрүүчү унааларга түшөттүрсүңөр. Эсибизден чыгарбайлы, машине айдай алар-албасыбыз менен даражабыз көтөрүлбөйт: үй-бүлөбүз, досторубуз жана Кудай бизди, баарынан мурда, сапаттарыбыз үчүн баалайт (Накыл сөздөр 12:2; Римдиктерге 14:18).

Кары же жаш, дасыккан же үйрөнчүк айдоочусуңарбы, жол кырсыгына эч качан кабылбаарыңарга эч ким кепилдик бере албайт. Машине айдоо чоң жоопкерчилик экенин эсиңерден чыгарбагыла. Жол кырсыгына учуроо ыктымалдыгын азайтыш үчүн, коопсуздук чараларын аткаргыла. Ошондо келечектеги сапарларда өзүңөрдү да, башкаларды да кырсыктан сактайсыңар.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Макаладагы аттар өзгөртүлүп берилди.

[19-беттеги сүрөт]

Түндө жакшы эс алганыңарга көзүңөр жеткидей болсун.

[20-беттеги сүрөт]

Бирөө менен жол жүрүүнүн өзүнчө жакшы жактары бар.

[21-беттеги сүрөт]

Уйку убакытты алганы менен, өмүрүңөрдү узартышы мүмкүн.

Улгайган айдоочулар тажрыйбалуу, бирок алардын өзүнчө кыйынчылыктары бар.