Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төрөттөн кийинки депрессия. Түшүнүү менен мамиле кылуу

Төрөттөн кийинки депрессия. Түшүнүү менен мамиле кылуу

Төрөттөн кийинки депрессия. Түшүнүү менен мамиле кылуу

Деги эмне эле болуп атам? Төрөгөн балам жакшынакай, дени-башы соо. Анан эмнеге сүйүнүп, сыймыктангандын ордуна, көңүлүм чөгүп, өзүмдү коёрго жер таппайм, туталанып, ачууланам. Эне болуу колуман келбейби? Мынчалык эмне көңүлүм караңгылайт?

ТӨРӨТТӨН кийин силер да, балким, ушундай абалда болуп жүргөндүрсүңөр. Мындайды башынан өткөргөндөр аз эмес: айрым эсептөөлөр боюнча, төрөгөн аялдардын 70—80 пайызы ошондой абалда болушат. Төрөттөн кийинки депрессия деген эмне жана аны кандай себептер чакырат? Аны менен кантип күрөшүүгө болот? Ага чалдыккан аялдарга айланадагылар кандай жардам көрсөтө алышат?

Белгилери

Төрөттөн кийинки депрессия деп аялдын төрөттөн кийинки көңүл чөгүүсүн, маанайы пас абалын аташат. Андай абалга аял, төрөлгөн баласы канчанчысы болбосун, дуушар болушу ыктымал. Кээде ага боюнан түшүп калган же бойдон алдырган аялдар да чалдыгат. АКШнын Саламаттык сактоо жана калкты тейлөө министрлигинин Аялдар денсоолугуна кам көрүү кызматынын билдирүүсү боюнча, депрессия ар кандайча өтүшү ыктымал.

Төрөттөн кийин көптөгөн аялдар бир аз бук болуу, тынчсыздануу, туталануу, маанайдын өзгөрмөлүүлүгү, чарчаңкы тартуу менен мүнөздөлгөн гипотимияга же көңүл чөгөттүккө кабылышат. Мындай абал өтө узакка созулбаса, кооптуу эмес жана медициналык кийлигишүүсүз эле, баланын төрөлүшүнөн он күнчө өткөндө, өзү жок болуп кетет.

Бирок Америка акушерлер жана гинекологдор коллежинин эсеби боюнча, төрөгөн ар бир он аялдын биринин андай абалы бир нече күнгө же айга чейин созулуп кетет. Ал төрөттөн кийинки депрессияга өтүп, көңүл чөгөттүк, тынчсыздануу жана үмүтсүздүк сезимдерин пайда кылгандыктан, аял күнүмдүк жөнөкөй милдеттерин да аткара албай калышы мүмкүн.

Ошондой эле төрөгөн миң аялдын эки-үчөө депрессиянын өтүшүп кеткен түрүнө — галлюцинациялар жана жөөлүү менен коштолуучу төрөттөн кийинки психозго — дуушар болушат. Аял өзүнө же баласына зыян келтирүүнү ойлой бериши мүмкүн. Андайда аялга тезинен медициналык жардам көрсөтүлүүгө тийиш *.

Себептери

Төрөттөн кийинки депрессиянын эмне себептен пайда болорун анык айтуу кыйын. Анын өрчүшүнө эмоциялар менен организмде жүрүүчү физиологиялык өзгөрүүлөр себеп болот көрүнөт. Андай физиологиялык өзгөрүүлөрдүн бири — төрөттөн кийинки 24—48 сааттын ичинде эстроген менен прогестерон гормондорунун деңгээлинин кошбойлуулук маалына чейинки деңгээлинен кескин төмөндөп кетиши. Натыйжада, организмде чукул өзгөрүүлөр жүрүп, айыз келердин алдындагы маалдагыдай кыжырдануу жана маанайдын өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон депрессиянын өрчүшүнө алып келет. Төрөттөн кийин калкан безинин гормондорунун да деңгээли төмөндөйт. Бул депрессияга мүнөздүү абалды пайда кылышы мүмкүн. Жогорудагы айтылгандардын баарын эске алып, окумуштуулар төрөттөн кийинки депрессияны «биохимиялык жана гормондук баланстын бузулушу» деп аташат.

Бир медициналык бюллетенде төрөттөн кийинки депрессия кээде туура эмес тамактануудан, мисалы, В тобундагы витаминдердин жетишсиздигинен пайда болот деген божомолдоо айтылат.

Чарчап-чаалыгуу жана аз уктоо да депрессиянын өрчүшүнө шарт түзөт. «Төрөттөн кийин аял алсырап, уйкудан көп калгандыктан, кыйынчылыктарга ашыкча маани бере башташы мүмкүн. Айрымдар төрөгөнгө чейин жетиштүү уктап, көңүлү жайдары болуп турганда оңой эле жасап жүргөн иштерин төрөттөн кийин жасоого алы жетпегенин сезип капаланышат»,— дейт АКШдагы Миннесота штатындагы Мейо клиникасынын дабагери Стивен Альтшулер. Депрессияны күтүүсүздөн кошбойлуу болуу, ара төрөө, мурунку эркиндигинен ажыроо, келбетин ойлоп тынчсыздануу, жакындарынан тийиштүү колдоо көрбөө сыяктуу жагдайлардан улам пайда болуучу эмоциялар да күчөтүшү мүмкүн.

Эне деген бала бакканды дээринен эле билет, баласын төрөөрү менен жакшы көрөт, бала тынчыңды албайт, жакшы эне баарын жай-жайы менен жасай билет деген сыяктуу дээрлик кеңири таралган жаңылыш ой-пикирлерден улам да аялдын көңүлү чөгүп, өзүн колунан эч нерсе келбегендей сезиши мүмкүн. Бирок андай ой-пикирлер көбүнесе жашоонун чындыгынан алыс болуп чыгат. Эне бала багууга акырындык менен үйрөнөт, чүрпөсүн бара-бара жакшы көрө баштайт. Айрым балдар тынчыраак болсо, башкалары чыр келет. Энелик милдетин кынтыксыз аткарган жеткилең эне да жок.

Түшүнүү менен мамиле кылуу

Төрөттөн кийинки депрессияга жакындан бери эле олуттуу көңүл бурула баштады. Профессор Лоренс Крукман мындай дейт: «Аялдардын психикасынын жабыркашы мурунтан анчейин назарга алынбагандыктан, истериялык абалдын түрү катары каралып, ага көп көңүл буруунун зарылдыгы жок деп эсептелчү. Америка психиатриялык ассоциациясынын диагностикалык колдонмосунда төрөттөн кийинки депрессия тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Ошондуктан ал жөнүндө врачтар тийиштүү билимге да, ишеничтүү маалыматка да ээ эмес... Анын үстүнө, 30 жыл мурун жагдай башкача болчу. Азыр аялдар көбүнчө төрөтканадан төрөгөнүнүн эртеси эле үйүнө чыгарылышат. Ал эми төрөттөн кийинки психоз, депрессия жана көңүл чөгөттүктөр болсо көбүнесе бала төрөлгөндөн кийинки 3—14-күнү, башкача айтканда, туура диагноз коюп берер адистердин карамагынан чыккан кезде билинет».

Мэриленд штатынын түндүк округундагы Балтимор психиаторлор ассоциациясынын дабагери Кэрол Уоткинздин ою боюнча, бул ооруну аныктап, дарылабаса, ал өнөкөт түргө өтүп кетип, эненин балага болгон ылымын өрчүтүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Депрессияга чалдыккан аялдар кээде баласына көңүл бурушпайт же ачуусу менен кол көтөрүп да жиберишет. Бул болсо баланын акыл-эс жана эмоциялык жактан өрчүшүнө доо кетириши ыктымал.

Мисалы, бир медициналык журналда маалымдалгандар боюнча, энеси депрессияга чалдыккан балдардын акыл-эсинин өрчүшүн текшергенде башкалардыкына салыштырмалуу жайыраак болору көрүнгөн («American Family Physician»). Аялдын депрессиянын мындай түрүнө чалдыгышы анын башка балдарына да, жолдошуна да терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Дарылоо

Мындай депрессия менен кантип күрөшсө болот? Же чыдагандан башка айла жокпу? Бактыга жараша, төрөттөн кийинки депрессия убактылуу, дарыласа болорлук дарт экени билинди *. Анын жеңил түрү менен күрөшүүдө жакшылап эс алуу, жакындарынын жөлөк-таягы жетиштүү болушу мүмкүн. А бирок ал аялдын күнүмдүк иштерди аткара албай калышына алып келсе, Аялдар денсоолугуна кам көрүү кызматы белгилегендей, медициналык жардам алыш керек.

Депрессия менен күрөшүүнүн кеңири колдонулган жолдору — антидепрессанттарды * кабыл алуу, психолог менен маектешүү, гормонотерапиядан өтүү же олуттуулугуна жараша бир мезгилде бир нече ыкмаларды чогуу колдонуу. Төрөттөн кийинки психикалык абалды жакшыртууга «бөрсө ыкмасы» да жардам бериши мүмкүн *. Булардан тышкары, чөп, ийне же гомеопатия менен дарылануу жолдору да бар.

Депрессия менен күрөшүүдө айрым нерселер жеке өзүңөрдөн көзкаранды. Жеген тамагыңарга жашылча-жемиш, дан өсүмдүктөрү кирсин. Кофеин, спирт ичимдиктерин жана кант колдонууга чек койгула. Ченемдүү түрдө дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаргыла, бала уктап атканда, өзүңөр да бир аз чырым этип алгыла. Зорая аттуу бир аял, Жахабанын Күбөсү, дени сак кыз төрөгөн. Бирок төрөттөн кийин өзү жашык болуп кеткен. Анын айтымында, депрессияны жеңүүгө рухий иштердин тартибине мүмкүн болушунча тезирээк кармана баштоо жардам берген. (Кутучада да пайдалуу кеңештер берилди.)

Айланадагылардын жардамы

Төрөттөн кийинки депрессияны чакырган себептердин бири эс алуунун жетишсиздиги болгондуктан, айланадагылар аялга үй иштерин жасоодо, баланы багууда кол кабыш кыла алышат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, депрессиянын айтылып жаткан түрү жаңы төрөгөн энеге туугандары жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшкөн жерлерде сейрегирээк кездешет. Ал маалда аялды сындабай, кемчилигин көрсөтүүгө аракеттенбей, кайра, сезимталдык менен угуп, кайраттандыруу менен эң сонун колдоо көрсөтүүгө болот. Төрөттөн кийинки депрессиянын оору экенин жана ага аял өзү каалап дуушар болбогонун унутпоо маанилүү. Төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүп жаткандарга жардам берүү кызматы тарабынан белгиленгендей, «аял грипптен, диабеттен же жүрөк оорудан өз каалоосу менен айыга албагандай эле, депрессиядан „өзүн-өзү колго алып“ чыгып кете албайт».

Жогоруда айтылгандардын баарынан көрүнүп тургандай, көз жарганынан кийинки кубанычтуу убак аял үчүн кээде кыйын маалга айланышы мүмкүн экени айкын. Муну түшүнүү менен биз энелерге тийиштүү түрдө жардам көрсөтө алабыз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Төрөттөн кийинки депрессия кээде аялдардын айрымдарында оор төрөттөн кийин пайда болуучу посттравмалык стресс менен бир маалда өтүшү мүмкүн. Бирок ал эки абалды чаташтырууга болбойт.

^ 19-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2002-жыл, 22-июль, «Төрөттөн кийинки депрессияны жеңдим» (ор.).

Депрессия менен күрөшүүнүн кеңири колдонулган жолдору — антидепрессанттарды кабыл алуу, психолог менен маектешүү, гормонотерапиядан өтүү же олуттуулугуна жараша бир мезгилде бир нече ыкмаларды чогуу колдонуу. Төрөттөн кийинки психикалык абалды жакшыртууга «бөрсө ыкмасы» да жардам бериши мүмкүн. Булардан тышкары, чөп, ийне же гомеопатия менен дарылануу жолдору да бар.

^ 20-абз. Айрым дарылар эненин сүтү аркылуу балага зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан бала эмизе турган болсоңор, дарылануунун кандай жолун тандоо дурус болорун врач менен кеңешкиле.

^ 20-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2002-жыл, январь—март, «„Бөрсө ыкмасы“ өмүр сактоого жардам берет».

[23-беттеги кутуча/сүрөт]

Төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүүдө...

1) Ички ой-сезимиңерди бирөөлөр, өзгөчө, балалуу аялдар менен бөлүшкүлө.

2) Жакындарыңардан баланы багышууга, үй иштерин же дагы башка иштерди жасашууга жардам сурагыла. Жолдошуңардан баланы түндө тамактандырууга, үй иштерин жасоого жардамдашышын сурасаңар болот.

3) Өзүңөргө күн сайын, жок эле дегенде, 15 мүнөт убакыт бөлгүлө. Окугула, сейилдегиле, чарчап-чаалыкканыңарды жазыш үчүн, сууга түшкүлө.

4) Бир күндө бир иш жасаганга гана жарасаңар да, жаман эмес. Кээ күндөрү эч нерсе кыла албайттырсыңар. Андайда өзүңөргө ачууланбагыла.

5) Обочолонуу көп учурда депрессиялык абалдын уланышына шарт түзөт. Күн сайын аз убакка болсо да эшикке чыккыла. Таза аба, чөйрөнүн алмашылышы өзүңөргө да, ымыркайыңарга да жакшы таасир тийгизет.

[Булак]

Америка үй-бүлөлүк дабагерлер академиясынын, Америка акушерлер жана гинекологдор коллежинин, Аялдар денсоолугуна кам көрүү кызматынын билдирүүлөрүнө негизделди.