Кечикпей жүргүлө!
Кечикпей жүргүлө!
«КЕЧИГҮҮ — башкармалардын канына сиңип калган адат,— деп белгиленет 2 700 кызмат жетекчилеринин арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланган „Ю-эс-эй тудей“ басылмасында.— Алар 10 жолугушуунун алтооно кечигип барышат».
Кечигүү ишкерлер чөйрөсүндө жаман адат, тарбиясыздыктын белгиси катары эсептелгенден тышкары, 81 000 жумушчу арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, «кечигүүдөн жана жумушта себепсиз жок болуудан улам убакыттын сарп болушу — чыгашалардын башкы себептеринин бири». Албетте, бул көйгөй жалаң гана ишкерлер арасында кездешпейт. Алсак, орто мектептердин директорлорунун билдирүүсү боюнча, «окуучулар арасындагы кечигүү — тартип бузуунун негизги жана эң эле көп кайталанган түрү».
Жаратканыбыз биздин убакытты баалай билишибизди каалайт. Ал «эки чоң чыракты» — ай менен күндү — убакытты аныктай алышыбыз үчүн жараткан (Башталыш 1:14—16). Азыркы кезде убакытты мүнөт, атүгүл секунд боюнча эсептөөгө мүмкүндүк берген ар кандай сааттар бар. Ошондой заманбап технологиялар бар болгону менен, көбүбүз ушул кезге дейре жумушка, мектепке же дагы башка маанилүү жолугушууларга кечигип барабыз.
Эмне себептен, убакыттын тардыгынанбы? Үй-бүлөбүздүн, жумушубуздун көп убакыт талап кылары чын. Бирок балдары бар, ошол эле учурда иштеген Ванда Россленд аттуу аял мындай дейт: «Ар бирибиздин күнүнө 24 саатыбыз бар экенин жакшылап ойлонуп көргөнүмдө наалыганымды койдум. Азыркы заманда кыйынчылыкты убакыттын жетишсиздиги эмес, кечигүү менен начар уюшкандык туудурарын түшүндүм».
Беш балалуу Рене * аттуу Жахабанын Күбөсү болсо мындай дейт: «Балдарым кичине кезинде аларды мектепке, жыйналыш жолугушууларына даярдаган оңой эмес эле. Ошого карабастан дайым так жүрчүмүн, эми болсо, балдарым чоңойгондо, көп кечикчү болдум». Силердин да ушундай жаман адатыңар барбы? Бар болсо, аны жоюу — колуңардан келерлик иш. Ан үчүн төмөнкүдөй кылсаңар болот.
● НАТЫЙЖАСЫН ОЙЛОГУЛА. Кечигүүнү айрымдар маани берерлик кемчилик көрбөйттүр. Насаатчы 10:1). Ооба, башкаларды ойлобоо менен көрсөтүлгөн «кичине акылсыздык» да адамдын мугалиминин же жумуш жетекчисинин алдында баркын кетириши мүмкүн.
Бирок Ыйык Китепте: «Өлгөн чымындар жыпар жыттуу майды сасытат, ошондой эле кадыр-барктуу адамдын кичине акылсыздыгы анын акылмандуулугу менен урматын ошондой кылат»,— деп айтылган (Мари университетте окуп жүргөндө курсташтарынын кээси кечигүүнү өөн көрбөгөндүктөн сабакка дайыма кеч келип жүрүшкөнүн эстейт. «Бирок ал көпкө созулган жок,— дейт Мари.— Андай адатка катуу караган эки профессорубуз бар болчу. Алар бир нече эле мүнөткө кечигип келген студенттерди „сабакка келген жок“ деп белгилеп коюшчу. Бир нече жолу „жок“ деген белги коюлса, жаман баага оңдолчу».
Кечигүү адаты досторуңар менен тааныштарыңардын алдында беделиңерди түшүрүшү мүмкүн. Орто жашка келип калган Жозеф жаш кезинен эсинде калган ишенимдеши тууралуу айтып берет. Анын окутуу жагынан шыктуу экенин баары билишкени менен, бир кемчилиги бар болчу экен. «Кечигип эле басып жүрөр эле,— дейт Жозеф.— Ал качан, каякка болбосун, кечигип барчу! Баарынан да, анысына тынчсызданчу эмес. Дайыма кечигип жүргөндүктөн, башкаларга көп шылдың болчу». Ал эми силерди эч ким «көп кечигесиң» дебейби? Андай адат башка жакшы сапаттарыңарды жокко эсе кылышы мүмкүн.
● БАШКАЛАРДЫ ОЙЛОГУЛА. Кечигүү адаты адамдын тарбиясыздыгын жана башкалардын сезимин эсепке албагандыгын көрсөтөт. Айланадагыларга өзүңдү башкалардан жогору көргөндөй сезилиши ыктымал. «Чоңдордун» көп кечиккен себебин түшүндүрүп бир ишкер: «Көбүбүз, болгону, өзүбүз тууралуу жогору ойдо болгондуктан ошентебиз»,— деген. Бирок Ыйсанын жолдоочулары башкаларды өзүлөрүнөн жогору эсептешет (Филипиликтерге 2:3). Алар «алтын эреже» боюнча жашоого аракеттенишкендиктен, өзүлөрүнө кандай мамиле кылынышын каалашса, башкаларга ошондой мамиле кылышат (Матай 7:12). Бирөөнүн кечигип келгенин жактырасыңарбы? Анда силер да башкаларды күттүрбөгүлө.
● УБАКЫТТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУГА ҮЙРӨНГҮЛӨ. «Ана жасайм, мына жасайм» деп олтуруп, аз калганда чуркап калмайыңар барбы? Тар убакыт ичинде чачтан көп иш бүтүрүп жиберүүгө аракеттенесиңерби? Анда Насаатчы 3:1деги: «Бардык нерсенин өз убагы бар»,— деп айтылгандар жөнүндө ойлонуп көрүү пайдалуу. Ар бир ишке өзүнчө убакыт бөлүп койсоңор, ирети менен иштеп, орду менен жүрүүгө үйрөнөсүңөр.
Адегенде жасай турган иштериңердин тизмесин түзгүлө. Анан Филипиликтерге 1:10догу кеңештегидей, «эң жакшысын ажыратып» алгыла. Ооба, иштериңерди маанилүүлүгүнө жараша бөлгүлө. Биринчи кезекте кайсы ишти жасоо зарыл? Кайсыларын кийинчерээк аткарса болот? Алардын ар бирине канча убакыт кетет? Качан жасай башташ керек? Ошол эле учурда, өзүңөрдүн алыңарды эске алып, кыска мөөнөт ичинде «ойду омкоруп, тоону тоңкоркуп» жиберүүгө аракеттенбегиле.
Дороти аттуу бир аял ата-энесинин аны так жүрүүгө үйрөткөнү үчүн абдан ыраазы. «Эгер 19.30да жыйналышка барып калышыбыз керек болсо, апам бизди 1 саат 45 мүнөт мурун камдай баштачу. Убактыбыз тамак ичип, идиш-аякты жууп, кийинип, Залга барып калууга жетчү. Ошондуктан дайым өз убагында келип жүрүүгө көнүп калганбыз»,— дейт ал. Кээде ар кандай күтүүсүз жагдайларга да убакыт бөлүп койгон жакшы. Мисалы, Дороти мындай дейт: «Жакында ишенимдештеримди жыйналышка алып кетишим керек эле. Жолдон машинемдин дөңгөлөгү жарылып калып, оңдоого туура келди. Бирок ал жакка туура болжошкон убакытта барып калдым. Себеби машинем сынып калып жүрбөсүн же жолдо унаа көп болуп туруп калбайын деп, дайым эртерээк чыгам».
● БАШКАЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА. Ыйык Китепте Накыл сөздөр 27:17де: «Темир темирди курчутат, адам өз досунун көз карашына дем берет»,— деп айтылган. Ошон үчүн жагдайы силердикине окшош бирөөлөрдөн баарын жасоого кантип жетишип жүрүшкөнүн сурап көрсөңөр болот. Алардын да пайдалуу кеңеш берери шексиз.
Макаланын башында айтылып кеткен Рене кечигүү адатын жоюуну чечкен. «Эми чындап оңолоюн дедим. Албетте, кээде оңой болбойт, бирок бир аз ийгилик жасап калдым»,— дейт ал. Силер да андай адатыңарды жеңе аласыңар. Чечкиндүүлүк менен аракет кылсаңар, кечикпей, так жүрүүгө үйрөнөсүңөр!
[Шилтемелер]
^ 6-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.
[21-беттеги сүрөт]
Ар дайым кечиккендер жетекчисине жаман көрүнөт жана башкаларды сыйлабаганын көрсөтөт.
[22-беттеги сүрөт]
Жакшы уюшкандык убакытты текке кетирбөөгө жардам берет.