Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечегибиз жаркын болобу?

Келечегибиз жаркын болобу?

Келечегибиз жаркын болобу?

Келечекке деле бир кызыкпаган жан барбы. Эмки жумада, эмки жылы, атүгүл келерки он жыл ичинде эмне болорун кимибиз гана ойлобойбуз. Мындан кеңирээк карасак, дагы бир 10, 20 же 30 жылдан кийин заман кай жагына ооп кетет болду экен?

СИЛЕР жакшылыктан күдөр үзбөй, келечекке чоң үмүт менен карайсыңарбы? Болочок жашоого оң көзкарашта болгондор миллиондоп саналат. Аларды эки топко бөлүүгө болот: биринчи топтогулар — «жашоо жакшы жагына өзгөрөрүнө орчундуу негиздер бар» дешкендер, экинчисиндегилер — жөн гана жаманды ойлогусу келбегендер.

Айрымдар болсо алдыда жакшылыктын жышааны көрүнбөйт деп эсептешет. Атүгүл алардын кээси кыямат келип, жер астын-үстүн болот деп кабарлоону жактырат көрүнөт. Алардын ырастоосунда, адам аттуудан аман калса, саналуулар гана калат.

Ал эми, силердин оюңарча, келечегибиз кандай болот? «Кайда барба — Мамайдын көрү» дегендейби? Же кой үстүнө торгой жумурткалагандайбы? Айтылгандардын экинчисин жактасаңар, эмнеден улам болду экен? Тек гана өзүңөр каалагандыктанбы же ишенимдүү, негиздүү далилдер бар болгондуктанбы?

Каргашалуу келечекти кабарлоочулардан айырмаланып, «Ойгонгула!» журналын чыгаргандар мүлдө адамзат тукум курут болуп кетет деген ойго кошулушпайт. Себеби Ыйык Китепте алдыда жаркын келечек күтүп турганына ынандырган бекем негиз камтылган.

[Булак]

U.S. Department of Energy photograph