Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мага жооп берчи»

«Мага жооп берчи»

«Мага жооп берчи»

● Жахабанын Күбөлөрүнүн Мексикадагы филиалына майып жана психикалык жактан ооруган балдардын мектебинде иштеген бир аялдан кат келген. Ал мындай деп жазган: «9-майда жанымдай жакшы көргөн апам каза болду. Ошондо канчалык күйүт тартканымды сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Апамдын өлөрүнө бир нече ай калганда мен жумушумдан өлүм жана ага байланыштуу суроолорду (танатология илимин) изилдей баштадым. Бул мага жардам берет деп үмүттөнгөм, бирок жаңылыптырмын».

Катта ал аял катуу кайгырып турганда Кудайга тиленип: «Мага жооп берчи»,— деп жалбарганын жазыптыр. Андан ары эмне болгонун мындай деп жазган: «Ошол түнү „Жакын адамың өлгөндө“ деген китепчени окуп чыктым. Китепче мен үчүн жазылгандай экен. Ал китепчеден көз жаш төгүү табигый нерсе экенин билдим. „Күйүтүмдү кантип көтөрөм?“ деген бөлүмүндө: „Кудайга тиленүү зор күчкө ээ экенин эсиңден чыгарба... Кудайдын жардамы менен көп нерселер өзгөрүшү мүмкүн... Албетте, бул сенин такыр кайгырбай, ыйлабай, жакын адамыңды унутуп каларыңды билдирбейт, бирок Кудай сага кайгыңды көтөрүп кетүүгө жардам берет. Сен күйүттү көтөрүп кете аласың“,— деген сөздөр бар экен. Ал сөздөр мага аябай жардам берди».

Балким, сен да жакыныңан айрылып, сооротууга муктаж болуп жаткандырсың. Анда «Жакын адамың өлгөндө» (ор.) деген 32 беттүү китепчеден өзүң жана тааныштарың жубатарлык сөздөрдү таба аласыңар.

Бул китепчени силер да ала аласыңар. Ал үчүн төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын бешинчи бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ Бул китепчени ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.