Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН | ТАЛАП

Кудайдын талабы беле?

Кудайдын талабы беле?

«Эгер ушундай кылбасаңар,.. Кудайдын жардамы менен басып кирип, силерге каршы согуш ачам, чиркөө менен Улуу Урматтуунун моюнтуругун салып, баш ийдирем; аялдарыңар менен балдарыңарды кулга айлантам,.. мүлкүңөрдү тартып алам, башыңарга мүшкүл түшүрөм... Өлүм менен жамандыктын баарына Улуу Урматтуу да, биз да эмес, өзүңөр күнөөлүү болосуңар».

БУЛ сөздөр «Талап» (испан тилинде «ел Рекеримиенто») деп аталган жарлыктан алынган. Акылга сыйбаган бул жарлыкты 16-кылымда испан конкистадорлору (баскынчылар) Түндүк жана Түштүк Америкадагы жерлерди басып аларда ошол жактагы элге окуп берүүгө тийиш болчу.

Алар жергиликтүү элге кандай талаптарды коюшкан жана эмне үчүн?

Католик динин кабыл алууга мажбурлоо

Колумб Түндүк жана Түштүк Американы ачканынан көп өтпөй, 1492-жылы Испания да, Португалия да ал жерлерге ээлик кылууга укуктуу экенин айтып чыгышкан. Эки өлкө тең папаны Машаяктын жердеги өкүлү деп эсептешчү. Ошон үчүн ал маселени чечип берүүнү суранып папа Александр VIга кайрылышкан. Чиркөө анын көрсөтмөсү боюнча Испания менен Португалияга талаш болгон жерлерди бөлүп берген. Бирок эки өлкөгө тең бир шарт коюлган: алар миссионерлерин жиберип, жергиликтүү элди католик динине өткөрүшү керек болчу.

Жерлер басылып алына баштаганда, испан монархиясы конкистадорлордун иш-аракетин мыйзамдаштыруунун жолун издеген. Испаниялыктар жерлер Кудайдын эрки менен бөлүнүп берилгендиктен, конкистадорлор жергиликтүү элди, алардын мүлкүн өздөрү каалагандай колдонгонго жана алардын эркин чектегенге укуктуу деп айтышкан.

 Испаниялыктар жергиликтүү элге папанын буйругун жарыялаш үчүн атайын жарлык түзүшкөн. Папанын буйругуна ылайык, жергиликтүү эл христиан динин кабыл алышы жана Испаниянын королуна баш ийиши керек болчу. Баш ийбесе, Кудайдын атынан аларга каршы согуш жүргүзүлмөк. Бул испаниялыктардын ою боюнча «адилеттүү» согуш болмок.

«Сотто кылмышты акташ үчүн себеп болушу керек. Ошондуктан испаниялыктарга себеп ойлоп табууга туура келет» (Фрэнсис Салливан, теология илиминин профессору).

Адилетсиздик, канкордук, уятсыздык

Жарлык Испаниянын бийлик башындагылардын абийири кыйнабашы үчүн жана кулчулукту акташ үчүн гана окулчу. Конкистадорлор жарлыкты көбүнчө жээкке жете электе же жеткенден кийин европалыктардын тилин түшүнбөгөн жергиликтүү калктын алдында окуп коюшчу. Айрым учурларда коркконунан үйүн таштап качып кеткен адамдардын бош калган кепелеринин жанында окушчу.

Күч колдонуп, элди католик динине өткөрүүгө мажбурлоонун айынан кан суудай төгүлгөн. Мисалы, Чилиде 1550-жылы 2000дей араукан (индей калкы) өмүрүнөн айрылган. Ал эми тирүү калгандары жөнүндө Педро де Вальдивия деген конкистадор королго мындай деген: «Кабарчыларды бир канча жолу жибергениме, сиздин, Улуу Урматтуумдун, жарлыгын айттырганыма карабай, баш ийбей койгон эки жүз кишинин колу, мурду кесилди» *.

Испаниялыктар ал жарлыкты окуп, өздөрүн актаганы эле болбосо, динин жайылта алышкан эмес. 16-кылымда миссионер болгон Бартоломе де лас Касас жарлыктын кесепети тууралуу: «Ал адилетсиздиктин, канкордуктун, уятсыздыктын, жырткычтыктын, акылсыздыктын жеткен чеги болду. Ошондой эле элдин христиан динин жек көрүп калышына алып келди»,— деп жазган. Ал эми Гонсало Фернандес де Овьедо деген тарыхчы Түндүк жана Түштүк Америкада жашаган жергиликтүү элге каршы жасалган төбө чачты тик тургузган иштер алардын христиан дини мыкаачылык менен коштолгон дин деген ойдо болушуна себеп болгонуна абдан кайгырып жатканын айткан.

Ырайымсыздык менен жасалган ушундай саясий, диний иштерге Кудай жооптуубу? Ыйык Китепте: «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» — деп айтылган (Аюп 34:10).

^ абз. 12 Айрым билдирүүлөргө ылайык, ал жарлык 1573-жылы жокко чыгарылган.