Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

  ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Бразилияга саякат

Бразилияга саякат

Фейжоада — бразилиялыктардын улуттук тамагы

Тукан

БАШЫНДА Бразилияда аң уулоочулук, дыйканчылык кылып жан баккан эл жашаган. Португал изилдөөчүлөрү ал жакка барганда рим-католик динин ала барышкан, натыйжада ал жерде чоң жана чакан чиркөөлөр курулган. Чиркөөлөрдүн айрымдары чебердик менен ар кандай нерселер оюп түшүрүлгөн, сусаль алтыны (кагаздай жука алтын) менен капталган жыгачтар менен кооздолгон.

16-кылымдын орто ченинен 19-кылымдын орто ченине чейин кулдарды ташыган кемелер менен 4 миллиондой африкалык киши талаада иштеши үчүн Бразилияга алып барылган. Африкалыктардын каада-салттарынан, ырым-жырымдарынан улам кийин ал жакта макумба жана кандомбле деген сыяктуу Афро-Бразилия диндери пайда болгон. Африкалыктардын бразилиялыктарга тийгизген таасирин алардын музыкасынан, бийинен, тамак-ашынан байкоого болот.

Бразилиялыктардын фейжоада деп аталган улуттук тамагы башында португалдардыкы болчу. Ал эт менен кара буурчактан жасалып, күрүч, жалбырак капуста  менен желет. 19, 20-кылымдарда Барзилияга Европадан, (негизинен Германиядан, Италиядан, Польшадан, Испаниядан) Жапониядан жана башка жактардан келген миллиондогон адамдар отурукташып калган.

Бүгүнкү күндө Бразилияда 750 000дей Жахабанын Күбөсү бар. Алардын жыйналыштары 11 000ден ашат. Ал эми Ыйык Китепти изилдегендердин саны 800 000ден көп. Жыйналыш жолугушууларын өткөрүш үчүн 31 курулуш тобу жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү менен бирге жыл сайын 250—300 Падышалык залын куруп же оңдоп турушат. 2000-жылдын март айынан бери ошондой долбоорлордун 3647си ишке ашкан.

БИЛЕСИҢЕРБИ?

Амазонка дарыясы суусунун молдугу боюнча алдыңкы орунда турат, узундугу болжол менен 6 400 километрге жетет

Амазонка дарыясынын бассейнинде дүйнө жүзүндөгү эң чоң тропик токою жайгашкан