МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БАШКА ТҮШКӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП КӨТӨРҮП КЕТЕ АЛАБЫЗ?
Кыйынчылык башка түшкөндө...
ЭРТЕБИ-КЕЧПИ, ар бир киши кандайдыр бир кырсыкка кабылышы мүмкүн. Андан эч ким, колунда бары да, жогу да качып кутула албайт.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ:
«Жарышта жеңишке шамдагайлар эле, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле, нанга акылмандар эле, байлыкка түшүнүгү барлар эле, урмат-сыйга билими барлар эле жете бербейт... Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11).
Андыктан кеп кырсык-каргашага кабылар-кабылбасыбызда эмес, аны көтөрүп кете алабызбы же жокпу, ошондо. Мисалы, төмөнкүдөй жагдайларды элестетип көрсөңөр:
Табигый кырсыкка кабылып бүт мүлкүңөрдөн кол жууп калсаңар эмне кылат элеңер?
Өмүрүңөргө коркунуч туудурган ооруга чалдыгып калсаңарчы?
Же жакыныңардан айрылып калсаңарчы?
Ушул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте жазылгандар башка түшкөн кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө жардам берерине, ошондой эле жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө негиз бар экенине шектенишпейт (Римдиктер 15:4). Эмесе, Ыйык Китеп кантип жардам берерин көрсөткөн үч мисалга токтололу.