Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Кудай барбы? Муну билүү канчалык маанилүү?

Кудай барбы? Муну билүү канчалык маанилүү?

Көптөр «Кудай барбы?» деген суроого жооп табуу мүмкүн эмес деп ойлошот же мындай суроону берүү орунсуз деп эсептешет. Маселен, Францияда чоңоюп-өскөн Херве мындай дейт: «Мен өзүмдү атеист да, агностик деп да эсептебейм, ошол эле учурда Кудайга да ишенбейм. Адам өзүнүн акылына таянып жашашы керек деп ойлойм. Кудайга ишенүү мен үчүн зарыл деле эмес».

Башкалар болсо, Кошмо Штаттарда жашаган Жондой болуп, арсар ойдо. Ал: «Мен Кудайга ишенбеген үй-бүлөдө чоңойгом. Эс тартып калганда деле Кудайдын бар-жогуна байланыштуу белгилүү бир көз карашым жок болчу. Бирок азыр кээде ойлончу болдум»,— дейт.

Ал эми силер: «Кудай барбы? Бар болсо, биздин жашообуздун маңызы эмнеде?» — деп ойлонуп көрдүңөр беле? Балким, силер Кудайдын бар экенин ачык-айкын тастыктап турган фактылар менен тааныш чыгарсыңар. Мисалы, тиричиликке шарт түзгөн табияттагы процесстердин өз ара укмуштуудай шайкештикте экендигин жана жандуу нерсенин жансыз нерседен эч качан пайда болбой турганын далилдеген илимий фактыларды билеттирсиңер ( «Фактыларды изилдөө» деген кутучаны карагыла).

Ошол фактыларды кенч катылган жерди көрсөтүп турган белгилерге салыштырса болот. Эгер Кудай бар экенин далилдеген фактыларды, ошондой эле Кудай жөнүндөгү ишеничтүү маалыматты тапсаңар, абдан баалуу кенчке ээ болосуңар. Эмесе, эмнелерге ээ болоруңарга токтололу.

1. ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ

Эгер жашоо мындан да маңыздуураак болушу керек болсо, аны маңыздуураак кылган нерсе эмне экенин, ал жөнүндө билгенибиз жашообузга кандай таасир этерин билгибиз келмек. Ошондой эле Кудай бар болсо, ал эми биз бул тууралуу билбесек, анда ааламдагы эң маанилүү чындыкты билбей жашап жаткан болмокпуз.

Ыйык Китепте Кудай өмүрдүн Булагы экени айтылат (Аян 4:11). Муну билүү жашообузду кандайча маңызга толтурат? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Кудай жараткандардын ичинен адамдар өзгөчөлөнүп турат. Ыйык Китепке ылайык, Кудай бизди өзүнө окшоштуруп, башкача айтканда, өзүндө бар сапаттар менен жараткан (Башталыш 1:27). Андан тышкары, Ыйык Китепте адамдар Кудай менен дос катары жакын мамиледе боло алары айтылат (Жакып 2:23). Жаратканыбыз менен ынак мамиледе болуудан башка эч нерсе жашообузду чындап маңыздуу кыла албайт.

Кудай менен ынак мамиледе болуу деген эмнени билдирет? Аны менен жакын мамиледе болсок, ага эркин кайрыла алабыз. Кудай андай адамдардын үнүн угарын жана жардам берерин убада кылган (Забур 91:15). Ошондой эле достору катары анын көп нерсеге кандай караарын биле алабыз. Ошонун аркасында маанилүү суроолорго жооп алып, көп нерсени туура түшүнөбүз.

Кудай бар болсо, ал эми биз бул тууралуу билбесек, анда ааламдагы эң маанилүү чындыкты билбей жашап жаткан болмокпуз

2. ЖАН ДҮЙНӨ ТЫНЧТЫГЫ

Айрымдарга дүйнө жүзүндөгү азап-кайгыдан улам Кудайга ишенүү кыйынга турат. Алар: «Кудурети күчтүү Жараткан бар болсо, эмне үчүн азап-кайгыга, жамандыкка жол берет?» — деп бушайман болушат.

Ыйык Китептен ушул суроого жубатарлык жооп табууга болот. Ал китепте Кудай адамдардын азап чегишин эч качан каалабагандыгы жазылган. Эң биринчи адам жаратылганда азап дегенди билген эмес. Кудай адам баласынын өлүмүн да каалаган эмес (Башталыш 2:7—9, 15—17). Буга ишенүү кыйынбы? Же бул жөн эле жомокпу? Жок. Жаратканыбыз кудуреттүү болгондуктан жана анын эң негизги сапаты сүйүү болгондуктан, адам баласына так ошондой жакшы жашоону ниет кылган деп ойлогонубуз туура эмеспи?!

Анда адамзат азыркы абалга кандайча кириптер болгон? Ыйык Китепте Кудай адамдарды тандоо эркиндиги менен жаратканы айтылат. Адам баласы Кудайга, роботторго окшоп, автоматтык түрдө баш ие тургандай болуп жаратылган эмес. Биздин түпкү ата-энебиз болсо, өкүнүчтүүсү, Кудайдын бийлигине баш ийүүнү эмес, өз каалоолоруна жетеленип жашоону тандашкан (Башталыш 3:1—6, 22—24). Азыр биз алардын ошол чечиминин кесепетин тартып жатабыз.

Кудайдын адамзаттын азап чегишин каалабаганын билүү жан дүйнөбүздү тынчтандырат. Анткен менен баарыбыз кайгы-муңдан арылгыбыз келет жана келечегибиз жакшы болоруна үмүттөнүп жашагыбыз келет.

3. ҮМҮТ

Биринчи жаратылган адамдар Кудайдын бийлигине каршы чыгары менен, ал анын жерге байланышкан баштапкы ой-ниети акыры аткарыла турган убак келерин айткан. Кудурети күчтүү болгондуктан ага өз оюн жүзөгө ашырууга эч нерсе тоскоол боло албайт (Ышая 55:11). Жакында Кудай адамдардын козголоңунун бардык кесепетин жоёт. Ошондо жердин абалы да, адамзаттын жашоосу да Кудай башында ойлонуштургандай болот.

Бул биздин жашообузга кандай таасир тийгизет? Кудайдын биздин келечегибизге байланыштуу берген Ыйык Китепте жазылган көптөгөн убадаларынын экөөнө эле токтололу.

  • БЕЙКУТТУК ОРНОЙТ, ЫЙМАНСЫЗДАР ЖОК КЫЛЫНАТ. «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:10, 11).

  • ООРУ, ӨЛҮМ ЖОК БОЛОТ. «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24). «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышая 25:8).

Ыйык Китепте жазылган Кудайдын убадаларына эмне үчүн ишенүүгө болот? Себеби анда жазылгандар так аткарылары далай жолу тастыкталган. Анткен менен келечекке болгон үмүт азыркы учурдагы кыйынчылыктардын баарын чечип жибербегендиктен: «Кудай азыркы учурда жардам береби?» — деген суроо туулат.

4. ТУУРА ЖЕТЕКЧИЛИК

Кудай бизге көйгөйлөрдү чечүүгө жана туура чечим чыгарууга акыл берет. Биз жашоодо майда-чүйдө нерселерге байланыштуу чечимдерди көп чыгарабыз, бирок кээде жашообузду түп-тамыры менен өзгөртө турган чечимдерди чыгарууга туура келет. Андайда бир да кишинин айткан акылы Жаратканыбыздын акылына тең келбейт. Бизге өмүр бергендиктен жана түбөлүктүү болгондуктан биз үчүн эмне жакшы экенин ал гана жакшы билет.

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын ойлору жазылган. Ал аларды ар кандай адамдарга жаздырган. Ыйык Китептен анын: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»,— деп айтканын окуйбуз (Ышая 48:17, 18).

Кудайдын кудурети чексиз. Ал күчүн биздин жыргалчылыгыбызга колдонууну каалайт. Ыйык Китепте ал дайыма жардам берүүгө даяр турган мээримдүү ата катары сүрөттөлөт. Ошондой эле анын «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун» берери жазылган (Лука 11:13). Кудайдын ошол ыйык руху бизге күч берет жана жетектейт.

Кудайдан андай жардамды канткенде ала алабыз? Буга байланыштуу Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деп айтылган (Еврейлер 11:6). Кудайга ишениш үчүн анын бар экенин далилдеген фактыларды изилдеп көрүшүңөр керек.

ИЗИЛДЕП КӨРҮҮНҮ КААЛАЙСЫҢАРБЫ?

Албетте, Кудай жөнүндөгү чындыкты билиш үчүн убакыт талап кылынат. Бирок анын сөзсүз акыбети кайтат. Кытайда туулуп-өсүп, учурда Кошмо Штаттарда жашап жаткан Сиючин Сияону мисал кылалы. Ал мындай дейт: «Мен эволюция теориясына ишенгеним менен, Ыйык Китепке аябай кызыкчумун. Ошондуктан ал китепти Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен изилдей баштагам. Бирок коллеждеги окуум аяктап бараткандыктан, убактым тар болуп, изилдөөгө чолом тийбей калган. Ошондо кадимкидей жашоомдун кунары кетип калгандай сезилген. Андыктан Ыйык Китепти изилдөөгө кайрадан кириштим, ошондо жашоодон кубаныч ала баштадым».

Жараткан Жахаба Кудайыбыз жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалайсыңарбы? Анда биз силерди изилдөө жүргүзүп көрүүгө чакырабыз.