Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Деңиздеги кум жасаган машине

Деңиздеги кум жасаган машине

КУМ кантип пайда болот? Негизи, анын жолу көп. Бирок ушул макалада айтылган жолу силерди таң калтырышы мүмкүн. Себеби бул макалада кум жасаган балык жөнүндө — тоту балык жөнүндө — айтылат.

Тоту балык тропик сууларында жашайт. Ал кораллды тиши менен кемирип, майдалап жуткандан кийин, андагы майда азык заттарды сиңирип алып, калганын кум түрүндө бөлүп чыгарат. Анын канаттуулардын тумшугуна окшогон жаактары жана азуулары абдан бекем болот. Тоту балыктын айрым түрлөрү 20 жыл жашайт жана тиштери бүпбүтүн бойдон калат.

Деңиздин айрым бөлүктөрүндө табигый процесстерден пайда болгон кумга караганда өлүк кораллдарды оозун тындырбай кемирген тоту балыктар алда канча көп кум жасайт. Айрым окумуштуулардын ою боюнча, алар бир жылда «иштеп чыгарган» кумдун салмагы жүз килограммга жетет.

Кара тоту балык

Бирок тоту балык мындан башка маанилүү ишти да аткарат. Ал балыр басып кеткен өлгөн кораллдар жана башка өсүмдүк заттары менен азыктангандыктан коралл рифтеринин (суу астындагы дөңсөөлөр) санитары болуп эсептелет. Анын ушундайча азыктанганы коралл рифтеринин таза бойдон сакталышына шарт түзөт. Тоту балыктар жана өсүмдүк менен азыктанган башка жандыктар жок жерлерде кораллдарды тез эле балыр каптап кетет. Бир китепте: «Эгер деңиздерде өсүмдүк менен азыктанган жандыктар болбосо, коралл рифтери биз азыр көрүп тургандай болмок эмес»,— деп жазылган («Reef Life»).

Мындай милдетти аткарыш үчүн көп күч жумшагандыктан тоту балык түнкүсүн жакшы эс алышы керек. Анын кантип уктаганы да абдан кызыктуу. Түнкү убакыт тоту балык үчүн өтө опурталдуу, себеби түнкүсүн рифтерде деңиз жырткычтары көп жүрөт. Ошондуктан ал көпчүлүк учурда рифтердин коңулдарына, урчуктарынын астына жашынып алып уктайт, бирок андай жерлер аны жем издеп шимшилеп жүргөн акулалардан дайыма эле коргой бербейт. Жырткычтардан коргонуш үчүн айрым тоту балыктар түнкүсүн дагы бир амал колдонушат. Алар былжыр зат бөлүп чыгарып, ага оронуп алышат. Бул — алардын, мындайча айтканда, уктаганда кие турган кийими. Деңизди изилдеген окумуштуулардын айтымында, ал зат абдан жагымсыз жыттангандыктан жырткычтардан сактайт.

Тоту балык — коралл рифтериндеги дароо көзгө урунган жана өзүнө тартып турган балыктардын бири. Анын ургаачысы да, эркеги да көбүнчө көздүн жоосун алып, түркүн түстүү болот. Анын өңү жетилген сайын өзгөрүп турат. Ошондой эле аны көп уулабаган жерлерде кишиден көп коркпой калары байкалган. Ошондуктан аны байкоо салууга оңой болгон балыктардын бири десе болот.

Кыртылдатып кораллдарды кемирип жаткан тоту балыкты жакындан угуп-көргөндөр аны эч качан унутпайт болуш керек. Кулпурган кооз кийим кийген тоту балыктын өзүнүн айланасын тазалап турганы башка жандыктарга эле пайдасын тийгизбестен, биздин да коралл рифтеринин кооздугуна суктанышыбызга мүмкүнчүлүк түзүп келет.