Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда табият

Көңүл чордонунда табият

Жер бизди таза аба, тамак-аш жана таза суу менен камсыз кылып келет. Бирок адамдардын айынан жердин табигый процесстери бузулууда. Окумуштуулар бул көйгөйдү чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо.

АВСТРАЛИЯ

Дүйнөлүк океандын алдындагы жер катмарларында ичкенге жарактуу, болжолу, 500 000 км3 суу бар экени аныкталган. Австралиянын Аделаида шаарындагы Флиндерс университетинде эмгектенген гидрогеолог Винсент Посттун айтымында, «[бир кезде] деңиз деңгээли азыркыдан төмөн болгон», демек, айрым жерлер кургактык болгон. Ошондуктан бир учурда кургактык болгон, ал эми азыркы учурда деңиздин түбүндө калган жер астындагы ошол катмарларга жаан-чачындан улам суу топтоло берген. Окумуштуулар суунун ал кору таза сууга муктаж 700 миллиондон ашуун кишинин кайсы бир бөлүгүн камсыз кылганга жетиштүү болот деп үмүттөнүүдө.

САХАРА ЧӨЛҮ

Бир кезде Сахарада табылган жаныбарлардын түрлөрүнүн жарымы азыр тукум курут болуп кеткен же, баштагыга салыштырганда, алардын 1 же андан аз пайызы эле калган. Буга, бир жагынан, аймактагы стабилдүүлүктүн жоктугу жана кеңири жайылган аңчылык себеп болууда. Токойдун биотүрдүүлүгү чөлдүкү менен бирдей болсо да, изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, «жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн, чөлдүн биотүрдүүлүгүнө тийиштүү көңүл бурулбай келет». Натыйжада табиятты коргоочуларга коркунуч алдында турган чөлдүн экосистемасын көзөмөлгө алуу кыйынга турууда.

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ

2012-жылы каза болгон ар бир 8 кишинин бири абанын булганышынан өлгөн деп эсептелет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, «абанын булганышы — учурда ден соолукка зыян келтирген дүйнөлүк масштабдагы эң чоң экологиялык көйгөй».