Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Эволюция

Эволюция

Айрымдар тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон дешет. Башкалар болсо Кудай тиричиликтин башын баштап берип койгон, андан соң эволюция процесси жүргөн деп эсептешет. Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

Ыйык Китеп аалам чоң жарылуунун натыйжасында пайда болгон деген көз карашты жокко чыгарабы?

Ыйык Китепте: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп жазылган (Башталыш 1:1). Анда Кудайдын ар бир нерсени кантип жаратканы так айтылган эмес. Андыктан аалам космостогу кандайдыр бир жарылуунун аркасында пайда болгон деген көз караш, ал чын болгон күндө да, Башталыш 1:1деги сөздөргө каршы келбестен, тек гана «Чоң жарылуу кимдин таасири менен болгон?» деген суроого жооп болмок.

Көптөгөн окумуштуулар чоң жарылуу капысынан эле болуп, материянын бөлүкчөлөрүнүн канча бир убакыттын ичинде жылдыздарды жана планеталарды түзүшүнө алып келген башкарылгыс бир процесстин башталышына себеп болгон деп эсептешет. Бирок Ыйык Китепте аалам, мейли, космостогу жарылуу жолу мененби же дагы башка жол мененби, кандай болбосун, түздөн-түз Кудайдын таасири менен пайда болгону айтылат.

«Башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1).

Тирүү организмдердин убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү Ыйык Китепте жазылгандарга кайчы келеби?

Жок. Ыйык Китепте Кудай тирүү жандарды «түр-түрү менен жаратканы» жазылган (Башталыш 1:11, 12, 21, 24, 25). Бир түрдүн ичинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү? Ооба, бирок андай өзгөрүүлөр бара-бара ал түрдөн башка бир жаңы түр өрчүүрүнүн далили болуп эсептелеби? Жок.

Бир мисалга токтололу. 1970-жылдары окумуштуулар Галапагос аралдарынан мукур чымчыктарына байкоо жүргүзүшкөн. Алар ал жактагы климаттан улам мукур чымчыктардын тумшугу бир аз чоңураак болуп калганын байкашкан. Айрымдары муну эволюциянын далили деп эсептешкен. Бирок бул эволюциянын далили болгонбу, же тек гана түрдүн ылайыкташуусунун далили болгонбу? Бир канча жылдан кийин ал аралда тумшугу кичирээк мукур чымчыктар кайрадан көбөйө баштаган. Ал изилдөөдөн кийин антропологиянын профессору Жеффри Шварц түрлөрдүн жашаган чөйрөсүнө ылайыкташканы аларга жан сактоого жардам бергени менен, «эч кандай жаңы түрдү пайда кылбайт» деген жыйынтыкка келген.

Ыйык Китеп менен эволюция теориясы бири-бирине шайкеш келиши мүмкүнбү?

Ыйык Китепте баарын Кудай жаратканы жазылган (Аян 4:11). Ал баарын жаратып бүтмөйүн эс алган эмес (Башталыш 2:2). Демек, Кудай жөнөкөй бир организмди жаратып коюп, анан миллиондогон жылдар ичинде балыктардын, маймылдардын түрлөрүнүн жана адамдардын өрчүшүн күтүп эс алып отурган эмес *. Макроэволюция деп аталган бул процесс «асман менен жерди, деңизди жана алардагынын баарын жараткан» Кудайдын ролун четке кагууда (Чыгуу 20:11; Аян 10:6).

«Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың» (Аян 4:11).

Көбүрөөк билиш үчүн: Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары... дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот»,— делген (Римдиктер 1:20). Кудайды таанып-билүүнүн аркасында жашоонун маңызын табабыз, анткени Кудайдын аны чын жүрөктөн издегендерге карата эң сонун ой-ниети бар экенин билебиз (Насаатчы 12:13; Еврейлер 11:6). Көбүрөөк маалымат алыш үчүн www.ps8318.com/ky сайтына киргиле же Жахабанын Күбөлөрү менен байланышкыла. (Сайттан ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР деген бөлүктү карагыла.)

^ 12-абз. Креационисттер Кудай жерди ар бири 24 сааттан турган 6 күндүн ичинде жараткан деп ишенишет. Бирок Ыйык Китепте мындай көз карашка негиз жок. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепченин 24—27-беттерин карагыла. Китепчени www.ps8318.com/ky сайтынан бекер жүктөп алсаңар болот.