ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР
Үйгө кайтып барышың керек болгондо...
КӨЙГӨЙ
Өзүнчө жашаш үчүн үйдөн кетип, бирок кыйынчылыктарга кабылганда кайра ата-энесиникине кайтып барган жаштар көп. Балким, сен да үйдөн кетип, кайра кайтып келгендирсиң.
Ата-энеңди жакшы көрсөң да, үйгө кайтып баруу кыйын болушу мүмкүн. Алсак, Сара * деген бир кыз: «Өзүнчө жашаганда таянар кишим жок болгондуктан, өзүмө ишенип көнүп калгам. Ал эми ата-энемдикине кайтып барганда, өзүмдү жаш баладай сезгем»,— дейт. Ричард аттуу жаш жигит да: «Кайра үйгө баргым келген эмес, бирок өзүнчө да жашай албай калгам. Ошондо өзүмдү болумсуз кишидей сезгем»,— дейт.
Сенин да жагдайың ушундай болсо, бул макаладагы кеңештер пайдалуу болушу ыктымал.
СЕБЕБИ
Акча маселеси. Уядан учкан көптөгөн жаштар көп өтпөй эле өзүнчө оокат кылуу оңой эмес экенин түшүнүшөт. Ричард: «Өзүмчө тирлик кылам деп жатып чогулткан акчамдын баары жок болгон»,— дейт. Ал эми үйүнөн 24 жашында кетип, бир жарым жылдан кийин кайтып келген Шейна мындай дейт: «Көрсө, өзүмчө жашап жүргөндө акча кармаганды билбептирмин. Үйдөн бир тыйыным жок кеткеним аз келгенсип, келгенде карызга батып келгем» *.
Жумушсуз калуу. Жумушу жок калганда ал тургай кылдат ойлонуштурган пландар да бузулуп калышы мүмкүн. Бул Шейнанын да башынан өткөн. Ал мындай дейт: «Мен медициналык билим алгам, анан бир агенттиктин жардамы менен жумуш тапкам. Бирок жумушуман айрылып калганда эмне кыларымды билбей калгам. Анын үстүнө, айыл жергесинде жашагандыктан кесибим боюнча жумуш табуу кыйын болчу».
Көптү күтүп алуу. Айрым жаштар жумуш деген эмне экенин билбей туруп, эч кандай даярдыгы жок эле иштей башташат. Анан көбүнчө жумушу, алар күткөндөн оорураак болуп чыгат да, баягы эңсеп жаткан эч кимге көз каранды эмес жашоосу мурункудай кызыктуу көрүнбөй калат. Ошондо өз алдынча жашоо канчалык кыйын экенин түшүнө башташат.
ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?
Ата-энең менен сүйлөшүп ал. Ата-энең менен канча убакыт чогуу жашай турганыңды, үйдөгү чыгымдарды жабууга канчалык деңгээлде салым кошо аларыңды, үйдөгү кайсы иштерди кыла аларыңды, өз алдыңча оокат кылыш үчүн эмне кылганы жатканыңды сүйлөшүп ал. Ата-энеңдикине кайтып келгендиктен, канча жашта болсоң да, алардын эрежелерине баш ийишиң керектигин унутпа. (Ыйык Китептеги принцип: Чыгуу 20:12.)
Акча кармаганды үйрөн. Бир китепте: «Акчаны кантип коротконуң аны кармаганды билген-билбегениңе байланыштуу болот... Акылыңа түйүп алышың керек болгон эң негизги нерсе — акчаны зарыл эмес нерселерге коротпоо»,— деп жазылган («The Complete Guide to Personal Finance: For Teenagers and College Students»). (Ыйык Китептеги принцип: Лука 14:28.)
Кеңешке кулак как. Ата-энең же дагы башкалар банктагы эсепке, бюджет түзүүгө, төлөмдөрдү төлөөгө байланыштуу жакшы кеңештерди бериши ыктымал. «Мага негизги нерселерди кайрадан үйрөнүүгө туура келди. Бир досум мага зарыл жана зарыл эмес нерселерге кетирген чыгымдарымдын тизмесин түзүүгө жардам берди. Ошондо акчамдын көбүн зарыл эмес нерселерге коротконумду көрүп аябай таң калдым. Ошондой эле өзүнчө оокат кылууга абдан керектүү сапатты өрчүтүүгө — каалоомду тыя билүүгө — үйрөндүм»,— дейт Мария. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 13:10.)
Кандай жумушта иштегениң эмес, өз ишиңди мыкты аткара билгениң маанилүү экенин унутпа
Жумуш табууга аракет кыл. Мурун жумушка кеткен убактыңды жумуш издегенге жумша. Айрымдар кыялыңдагы жумушка орношууну кеңеш кылышы мүмкүн. Бирок ошенте турган болсоң, жумушка орношууга болгон башка жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн баарынан кур калышың ыктымал. Ошондуктан жумуштун белгилүү бир түрүн гана издей бербей, башкаларын да эске ал. Кандай жумушта иштегениң эмес, өз ишиңди мыкты аткара билгениң маанилүү экенин унутпа. Анткени тажрыйбалуу жана иштин көзүн билген жумушчулар өз ишинен көбүрөөк канааттануу алары байкалган. Кылып жаткан ишиң өзүңө жагыш үчүн, сөзсүз эле жаккан ишти кылуу зарыл эмес!