Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Македонияга бара аласыңбы?

Македонияга бара аласыңбы?

Македонияга бара аласыңбы?

КИЧИ Азиядагы Троас деген порттуу шаарда элчи Пабыл көрүнүш көргөн. Македониялык киши андан: «Македонияга келип, бизге жардам бер»,— деп жалбарган. Пабыл көрүнүш көргөндөн кийин шериктери менен: «Кудай бизди македониялыктарга жакшы кабар жарыялоого чакырып жатат»,— деген жыйынтыкка келген. Алардын ал жакка барып, жакшы кабар таратышканынын натыйжасы кандай болгон? Македониянын Филипи деген башкы шаарында жашаган Лидия үйүндөгүлөрү менен чындыкты кабыл алган. Рим провинциясы болуп эсептелген Македониядагы башка кишилер да жакшы кабарды кабыл алышкан (Элч. 16:9—15).

Мындай жалындуу рухту Жахабанын бүгүнкү күндөгү Күбөлөрү да чагылдырып жатышат. Көптөр даярдуулук менен Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк болгон жерлерге көчүп барышууда. Алсак, Лиза кызматынын жашоосунда эң негизги орунду ээлешин каалагандыктан, Канададан Кенияга көчүп барган. Канадалык Тревор менен Эмили да кызматын кеңейтүү максатында Малавиге барышкан. Ал эми Англияда жашаган Пол менен Мэгги ардактуу эс алуусун Жахабага көбүрөөк кызмат кылуу үчүн түзүлгөн эң сонун мүмкүнчүлүк катары көрүп, Чыгыш Африкага сапар тартышкан. Сенде да жан аябастык руху барбы? Кызматыңды кеңейтүү үчүн башка жакка көчүп баруу тууралуу ойлонуп көрө аласыңбы? Ошондой болсо, кайсы ыйык китептик принциптер жана кеңештер сага ийгиликке жетүүгө жардам берет?

Өзүңдү текшер

Адегенде өзүңдүн ниетиңди текшерип көргөнүң абзел. Иса: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деген эң маанилүү осуят айткан. Башка өлкөдө кызмат кылууга Кудайга болгон сүйүү жана шакирт даярдоо тапшырмасын аткарууга болгон күчтүү каалоо түрткү бериши керек. Иса сөзүн улап: «Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп айткан. Адамдын жакынына болгон сүйүүсү ага чын ыкластан жардам берүүнү каалаганынан көрүнөт (Мт. 22:36—39; 28:19, 20). Бөтөн жерде кызмат кылуу үчүн көп күч-аракет жумшап, жан аябастык рухун көрсөтүү керек болот. Бул тек гана кызыкчылык үчүн алыскы аймакка саякат жасоону билдирбейт. Сага сүйүү түрткү бериши керек. Учурда Намибияда кызмат кылган нидерландиялык Ремко менен Сюзанна муну баса белгилеп: «Бизди бул жакта сүйүү кармап турат»,— дешкен.

Намибияда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Уилли мындай дейт: «Бөтөн жерде кызмат кылып жаткандар алар үчүн жергиликтүү бир туугандар кам көрөт деген үмүт менен келишкен эмес. Алар жергиликтүү бир туугандар менен ийиндеш кызмат кылып, аларга кабар айтуу ишинде жардам берүү үчүн келишкен».

Ниеттериңди текшерген соң өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр: «Башка жерде кызмат кылууда пайдасы тие турган кандай тажрыйбага ээмин? Жемиштүү жарчымынбы? Кайсы тилдерди билем? Жаңы тил үйрөнүүгө даярмынбы?» Бул тууралуу үй-бүлөң менен жакшылап талкуула. Жыйналышыңдагы аксакалдар менен кеңеш. Сөзсүз бул жөнүндө Жахабага айтып тилен. Ушинтип өзүңдү чынчылдык менен текшерүү бөлөк жерде кызмат кыла алар-албасыңды жана ал жакка барууга канчалык чечкиндүү экениңди көрүүгө жардам берет. («Өзүңдү жакшылап бил» деген кутучаны кара.)

Каякта кызмат кылса болот?

Пабыл Македонияга көрүнүш аркылуу чакырылган. Бирок бүгүнкү күндө Жахаба бизге жетекчиликти кереметтүү түрдө бербейт. Анткен менен Кудайдын эли ушул журнал жана башка адабияттар аркылуу муктаждык чоң болгон аймактар тууралуу биле алат. Андыктан андай жерлердин тизмесин түзүүдөн башта. Эгер жаңы тил өздөштүрүүгө даяр эмес болсоң же башка жерге аз эле убакытка барганы жатсаң, элдин көбү сен билген тилде сүйлөгөн өлкөдө кызмат кылууну ойлонуштуруп көр. Анан виза талаптары, транспорт, коопсуздук, жашоо-тиричилик чыгымдары жана аба ырайына байланышкан маселелерди тактап ал. Бул туурасында башка жакка барып келгендер менен сүйлөшкөнүң пайдалуу болоттур. Ушул нерселер жөнүндө тилен. Ыйык рухтун Пабыл менен анын шериктерине «сөздү Асияда айтууга тыюу салганын» эстесең. Алар Битинияга барууга аракет кылышса да, Иса рух аркылуу буга жол берген эмес. Ошо сымал, чындап жардамың тие турган жерди аныктоо үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн (Элч. 16:6—10).

Балким, сенде каякка барып кызмат кылсаң болоруна байланыштуу бир нече вариант пайда болгондур. Эгер чет өлкөгө барып кызмат кылууну ойлонуштуруп жүрсөң, ошол өлкөлөрдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кат жаз. Катка мурда кандай кызматтарды аткарганыңды жана бүгүн кандай кызматты аркалап жатканыңды, ошондой эле жооп алгың келген суроолорду, айталы, жашоо-тиричилик чыгымына, турак-жай маселесине, ал жактагы медициналык мекемелерге жана жумушка байланыштуу суроолорду жазсаң болот. Андан кийин катыңды же каттарыңды жыйналышыңдын кызмат комитетине бер. Алар аны кепилдеме кат менен кошо сен белгилеп койгон филиалдарга жөнөтүп жиберишет. Филиалдардан келген жооп сага көбүрөөк пайдаң тие турган жерди тандоого жардам берет.

Акылдуулук менен иш кылган бир туугандар, адатта, алгач өлкөгө барып, чынында кайсы жерде кубаныч менен кызмат кылып кете аларын аныктап алышат. Бир жубайлар алыскы аймакта жашоо аларга кыйынга турарын баамдашкан. Ошондуктан муктаждык бар, ошол эле учурда жашоо ыңгайы кубаныч менен кызмат кылууга өбөлгө түзгөн чакан шаарчага барышкан.

Жаңы кыйынчылыктарга туш болуу

Өз үйүң, өлөң төшөгүңдү таштап, бөтөн жерге, таптакыр жаңы чөйрөгө көчүп баруу айрым кыйынчылыктар менен коштолору шексиз. «Жалгыздык сезими чулгаганда, ушунчалык кыйын болот»,— дейт жогоруда айтылып өткөн Лиза. Ага жалгыздык менен күрөшүүгө эмне жардам берет? Ал жактагы жергиликтүү жыйналыштагылар менен ынак болуу. Лиза бир туугандардын ар бирин ысмынан билүүнү максат кылып койгон. Бул максатына жетүү үчүн алар менен пикир алышууга аракет кылат. Ошондуктан жыйналышка эрте келип, эң акыркылардан болуп кетет. Лиза бир туугандар менен кызматка чыгат, көптөрдү үйүнө чакырат жана досторду табууга умтулат. Ал: «Курмандыктарга барганым үчүн эч өкүнбөйм. Жахаба мага батасын мол берип келет»,— дейт.

Балдарын чоңойтуп-өстүргөндөн кийин Пол менен Мэгги 30 жыл жашаган үйүнөн көчүп кетишкен. Пол мындай дейт: «Биз үчүн мүлкүбүздү таштоо оңой эле болду. Бирок үй-бүлөбүздү калтыруу аябай оор болду, мынчалык кыйын болот деп элестеткен да эмеспиз. Самолётто учуп баратканда токтоно албай ыйладык. Бул биздин колубуздан келбейт деп ойлоп, кайра артка тартуу оңой эле. Бирок биз Жахабага таяндык. Жаңы досторуң да кызматыңды улантууга ого бетер чечкиндүү болууга жардам берет экен».

Грег менен Кристал Канададан Намибияга көчүп барууну чечишкен, себеби алар англис тилинде, ал өлкөнүн расмий тилинде, сүйлөшөт. Анткен менен кийинчерээк алар жергиликтүү тилди да үйрөнүп алуунун абдан пайдалуу болорун байкашкан. Алар мындай дейт: «Кээде көңүлүбүз чөкчү. Бирок жергиликтүү тилди өздөштүргөндөн кийин гана ал жактын маданиятын түшүндүк. Ал жерде жашаган бир туугандар менен тыгыз мамиледе болуу жаңы чөйрөгө ылайыкташып кетүүгө жардам берди».

Мындай момундук жана даярдуулук руху жергиликтүү бир туугандарга оң таасир этиши мүмкүн. Женни ал чоңоюп-өскөн Ирландияга көчүп келген үй-бүлөлөрдү жылуу сезим менен эскерет. «Алар меймандос болушчу,— дейт ал.— Чындыгында, алар өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, өздөрү кызмат кылуу үчүн келишкен. Алар ушунчалык ынталуу жана бактылуу болушкандыктан, мен да муктаждык бар жерде кызмат кылып көргүм келди». Женни азыр жолдошу менен бирге Гамбияда миссионер болуп кызмат кылат.

Жахабанын батасы «байытат»

Пабылдын Македонияда өткөргөн күндөрү кандай гана кызыктуу болгон! Он жылдай өткөн соң ал Филипидеги бир туугандарга: «Силерди эстеген сайын Кудайыма ыраазычылык билдирем»,— деп жазган (Флп. 1:3).

Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебине чакырылганга чейин Малавиде кызмат кылган Тревор менен Эмили да ушу сыяктуу сезимде болушкан. Алар мындай деп ой бөлүшөт: «Кээде баарын туура кылып жатабызбы деп тынчсызданар элек, ошентсе да бактылуу болчубуз. Биз бири-бирибизге мурдагыдан да жакын болуп калдык жана Жахабанын бизге батасын берип жатканын сезип жаттык». Жогоруда айтылып өткөн Грег менен Кристал: «Биз кыла ала турган мындан артык эч нерсе жок»,— дешкен.

Ооба, баарынын эле башка өлкөдө кызмат кылууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Айрымдар өз өлкөсүндөгү эле муктаждык көбүрөөк болгон аймактарга көчүп бара алышат. Башкалары болсо үйүнөн алыс эмес жайгашкан башка жыйналышта кызмат кылууну максат кылса болот. Эң негизгиси, Жахабага кызмат кылуу үчүн колуңан келгендин баарын кылууга умтул (Кол. 3:23). Ошентсең, рухтун жетеги менен жазылган: «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине өз тажрыйбаңан ынанасың (Накыл 10:22).

[5-беттеги кутуча]

Өзүңдү жакшылап бил

Башка жерде кызмат кыла алар-албасыңды текшерүү үчүн төмөндөгү суроолорду карап чыгып, башка жакка көчкөнүң оң болор-болбосун чынчылдык менен, тиленүү аркылуу таразалап көр. Бул жагынан «Күзөт мунарасынын» мурунку сандарына чыккан макалалар сага жардам болот.

• Мен рухий адаммынбы? («Бактылуу болуу үчүн...», 15-октябрь, 1997-жыл, 6-бет, ор.)

• Мен жемиштүү кызматчымынбы? («Кызматыбызда тапкычтык жана ийилчээктик көрсөтө берели», 1-декабрь, 2005-жыл, 28-бет.)

• Үй-бүлөмдү жана досторумду калтырып кете аламбы? («Жарчыга кусалык менен күрөшүүгө эмне жардам берет?», 15-май, 1994-жыл, 28-бет, ор.)

• Жаңы тил үйрөнө аламбы? («Чет тилиндеги жыйналышта кызмат кылуу», 15-март, 2006-жыл, 17-бет, ор.)

• Көчкөндөн кийин өзүмдү материалдык жактан камсыз кыла аламбы? («Башка өлкөдө кызмат кыла аласыңбы?», 15-октябрь, 1999-жыл, 23-бет, ор.)

[6-беттеги сүрөт]

Момундук жана даярдуулук руху жергиликтүү бир туугандарга оң таасир этиши мүмкүн

[7-беттеги сүрөт]

Муктаждык бар жерде кызмат кылгандар ийгиликке жетүүдө