Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Кабыл жубайын каяктан алган?

Кабылдын жубайы дагы башка «уул-кыздарды» төрөгөн Обо эненин урпактарынан болгон көрүнөт (Башт. 5:4) (1.9. 25-б., ор.).

• Кудай ысрайыл элин Мисирден алып чыкканда алардын алдына кайсы периштени жиберген? (Чыг. 23:20, 21).

Жахабанын ысмын алып жүргөн ал периште Кудайдын тун Уулу болгон деп тыянак чыгарууга болот. Кийинчерээк ал Иса деп белгилүү болгон (15.9. 21-б.).

• Эмне үчүн 1-Корунттуктарда буркандарга курмандыкка чалынган эт жөнүндө айтылат?

Грек жана Рим ибадатканаларында жаныбарлар курмандыкка чалынчу. Диний каада учурунда желбеген эт, кыязы, эт базарларында сатылчу. Исанын жолдоочулары бутпарас элдердин сыйынуусуна катышышкан эмес. Анткен менен аларга базарда сатылган, бутпарастардын ибадатканасынан келген этти булганган деп эсептебей эле коюуга болот болчу. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Эт базарында сатылгандын баарын сураштырбай, таза абийир менен жей бергиле. Анткени „жер жана андагынын баары Жахабага таандык“» (1 Кор. 10:25, 26) (1.10. 12-б., ор.).

• Кудай чыныгы сыйынууга байланыштуу кандай актанууларды негизсиз деп эсептейт?

«Бул өтө эле оор. Каалоом жок. Такыр бош эмесмин. Кабарды жакшы айта албайм. Бирөө көңүлүмдү оорутту». Кудайдын буйруктарын аткарбоо үчүн айтылган мындай актануулар негизсиз (15.10. 12—15-б.).

• Жыйналыш жолугушуулары башкаларды жана өзүңдү бекемдегидей болушу үчүн, эмне кылсаң болот?

Алдын ала даярдан. Жолугушууларды калтырба. Убагында бар. Керектүү адабияттарды ала бар. Алаксыба. Катыш. Кыска жооп бер. Тапшырмаңды жакшы аткар. Катышкандарды макта. Жолугушууга чейин жана андан кийин пикирлеш (15.10. 22-б.).

• Ыйык китептик кайсы билдирүүдө бүгүнкү күндө Гансен оорусу деп да белгилүү болгон пес оорусу тууралуу айтылат?

2 Падышалар 5-бөлүмдө сириялык Нааман аттуу аскер башынын үйүндө кызмат кылган бир ысрайылдык кыз жөнүндө айтылат. Аскер башы пес оорусунан азап тарткандыктан, ал кыз аны сакаюу үчүн Элиша пайгамбарга барууга үндөйт (1.11. 22-б., ор.).

• Арундун курдаштарынын кысымына алдырып койгонунан кандай сабак алабыз?

Муса жокто, ысрайылдыктар Арунду алар үчүн кудай жасап берүүгө мажбурлашканда, ал кысымга алдырып койгон. Бул курбулардын кысымына жаштар эле эмес, туура иш кылууга умтулган чоңдор да кабыларын көрсөтүп турат. Биз курбу-курдаштарыбыздын кысымына туруштук беришибиз керек (15.11. 8-б.).

• Эмне чындык, эмне ойдон чыгарылган?

Шайтан реалдуу рухий жаратуу — чындык (2 Кор. 11:14). Өлгөндө бардык адамдар рухий чөйрөгө барышат — ойдон чыгарылган (Нас. 9:5). Ишенимдүү периштелер бизге кам көрүшөт — чындык (Заб. 33:8). Иса Кудайга тең — ойдон чыгарылган (1 Кор. 11:3) (1.12. 8, 9-б., ор.).