Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеремиядай болуп, сергек болгула!

Жеремиядай болуп, сергек болгула!

Жеремиядай болуп, сергек болгула!

«Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен... көз салып турам [«ойгоо турам», «ЖД»]» (ЖЕР. 1:12).

1, 2. Жахабанын «ойгоо турганын» эмне үчүн бадам дарагына салыштырууга болот?

ЛЕБАНОН жана Ысрайыл тоолорунда алгачкылардан болуп бадам дарагы гүлдөйт. Анын ак, кызгылт назик гүлдөрү январь-февралдарда эле көрүнө баштайт. Бадамдын эврейче аталышы түзмө-түз «ойгонгон» дегенди билдирет.

2 Жахаба Жеремияны өзүнүн пайгамбары кылып дайындаганда, маанилүү бир чындыкты ачып берүү үчүн, бадамдын ушул өзгөчөлүгүн салыштыруу иретинде колдонгон. Кызматынын башталышында Жеремия бадам дарагы жөнүндө аян көргөн. Ал аян эмнени билдирген? Жахаба анын маанисин түшүндүрүп: «Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен... көз салып турам [«ойгоо турам», «ЖД»]»,— деген (Жер. 1:11, 12). Бадам дарагы эрте «ойгонгон» сымал, Жахаба да каймана мааниде «таң заардан» туруп, элине алардын тил албастыгынын кесепети кандай болорун эскертиш үчүн пайгамбарларын жиберип турган (Жер. 7:25). Ырас, Жахаба өзүнүн пайгамбарлык сөзү аткарыла турган убакты күтүп, эс алып турган эмес, ал «ойгоо турган». Анын чыныгы сыйынуудан четтеген Жүйүт элине чыгарган сот өкүмү б.з.ч. 607-жылы, ал өзү белгилеген убакта, ишке ашкан.

3. Жахабага байланыштуу эмнеден шек санабасак болот?

3 Эрки аткарылышы үчүн Жахаба бүгүн да «ойгоо турат». Жахабанын өзүнүн сөзүн аткарбай коюшу мүмкүн эмес. Муну билүү сага кандай таасир этет? Өз убадаларын аткарыш үчүн Жахабанын ушул 2011-жылы да «ойгоо турганына» ишенесиңби? Эгер Жахабанын убадаларынын аткарыларына шек санап жатсак, анда азыр рухий жактан үлгүрөбөй, ойгоно турган убак экенин түшүнүшүбүз керек (Рим. 13:11). Жахабанын пайгамбары катары Жеремия сергек турган. Кудай берген тапшырманы аткарууда сергек болууга Жеремияга эмне жардам берген? Ал эмне үчүн сергек болушу керек эле? Бул суроолорду карап чыгуу бизге Жахаба тапшырган ишти канткенде туруктуулук менен аткара аларыбызды түшүнүүгө жардам берет.

Шашылыш кабар

4. Жеремия үчүн Жахаба тапшырган кабарды жеткирүү эмне үчүн оор болгон жана ал кабар эмне үчүн шашылыш түрдө айтылышы керек эле?

4 Жеремия Жахабадан күзөтчү катары аткара турган тапшырманы алганда 25терге чыгып калган (Жер. 1:1, 2). Бирок Жеремия өзүнөн бир топ улуу, жогорку абалды ээлеген ысрайыл элинин аксакалдарынын алдында сүйлөөгө өзүн өтө эле жаш, жараксыз эсептеген (Жер. 1:6). Ал дин кызматчылардын, жалган пайгамбарлардын, башкаруучулардын, «өз жолу» менен жүргөндөрдүн жана «ишенимсиздигинен кайтпагандардын» бетин ачып, аларга Жахабанын төбө чачты тик тургузган өкүмдөрүн жарыялашы керек болгон (Жер. 6:13; 8:5, 6). Ошол учурда дээрлик төрт кылым бою чыныгы сыйынуунун борбору болуп келген Сулайман курган ибадаткананын талкаланарына аз калган. Иерусалим менен Жүйүт жери ээн талаага айланып, тургундары туткундалып кетмек. Демек, Жеремия айткан кабар шашылыш түрдө айтылышы керек болчу.

5, 6. а) Жахаба Жеремия тобун бүгүнкү күндө кандайча колдонууда? б) Бул макалада эмне талкууланат?

5 Жахаба сүйүүсүнөн улам адамзатка бүгүнкү күндө да «күзөтчү» кылып дайындаган Исанын майланган жолдоочулары аркылуу бул дүйнөгө чыгарган өкүмдөрү тууралуу айтууда. Бул Жеремия тобу ондогон жылдардан бери бардык адамдарды кандай убакта жашап жатканына көңүл бурууга үндөп келет (Жер. 6:17). Ыйык Китепте баса көрсөтүлгөндөй, убакыт-мөөнөттөрдү белгилеп, аларга так карманган Жахаба Кудай өзүнүн күнүн кечиктирбейт. Андыктан анын күнү өз убагында, адамдар күтпөгөн саатта келет (Сеп. 3:8; Мр. 13:33; 2 Пет. 3:9, 10).

6 Жахабанын «ойгоо турганын» жана анын адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөнү өз убагында орноторун эсте бек сактоо Жеремия тобуна да, алардын шериктери болгон башка койлорго да сергек болуп, кабарды шашылыш түрдө айтууга түрткү бериши керек. Бул сага кандай таасир этет? Иса адамдардын Кудайдын Падышалыгы тарапты ээлеши керектигин айткан. Андыктан бул сага аларга жардам берүү үчүн кабар айтуу ишине жигердүү катышууга түрткү бериши керек эмеспи? Келгиле, Жеремияга Жахаба тапшырган ишти аткарууда сергек болууга жардам берген үч сапатты карап көрөлү. Ал сапаттар бизге да жардам берет.

Адамдарга болгон сүйүү

7. Жеремияга оор жагдайларга карабай кабар айтууга сүйүү кандайча түрткү бергенин түшүндүргүлө.

7 Жеремияга оор жагдайларга карабай кабар айтууга эмне түрткү берген? Адамдарга болгон сүйүү. Жеремия жалган койчулардын айынан эл аябай кыйналып жатканын көргөн (Жер. 23:1, 2). Ошондуктан ал кызматын сүйүү жана боорукердик менен аткарган. Ал мекендештеринин Кудайдын сөздөрүн угуп, аман калышын каалаган. Жеремия эли үчүн абдан тынчсыздангандыктан алардын башына түшө турган алааматты ойлоп, көз жашын төгүп ыйлаган (Оку: Жеремия 8:21; 9:1). Жеремиянын ыйы китебинен ал сүйүүсүнөн улам Жахабанын ысмы жана эли үчүн аябай күйүп-бышканын айкын көрүүгө болот (Жер. ый. 4:6, 9). Сен да бүгүнкү күндө «койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калган» адамдарды көргөндө аларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жубатарлык кабарды айтууну каалайсыңбы? (Мт. 9:36).

8. Жеремиянын адамдарды жек көрүп калбаганын эмнеден көрүүгө болот?

8 Жеремия өзү жардам бергиси келген адамдардын колунан азап чеккен. Ошентсе да алардан өч алган эмес же аларды жек көрүп калган эмес. Ал элине, атүгүл Ситкия падышага да чыдамдуулук жана боорукердик көрсөткөн. Ситкия падыша ага өлүм өкүмүн чыгарса да, андан Жахабанын тилин алууну өтүнгөн (Жер. 38:4, 5, 19, 20). Сенин да адамдарга болгон сүйүүң Жеремияныкындай күчтүүбү?

Эр жүрөктүк

9. Жеремияга эр жүрөк болууга Кудай жардам берген деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Жахаба Жеремия менен биринчи жолу сүйлөшүп, ага тапшырма бергенде, ал баш тартууга аракет кылган. Мындан Жеремиянын табиятынан эле эр жүрөк, чечкиндүү болбогону көрүнүп турат. Ал Жахабага толугу менен таянгандыктан пайгамбарлык кылуу ишин эр жүрөктүк менен аткара алган. Жахаба «күчтүү аскердей» болуп, дайыма Жеремия менен болгон, башкача айтканда, ага колдоо көрсөтүп, тапшырмасын аткарууга күч берген (Жер. 20:11). Жеремия кайраттуулугу жана эр жүрөктүгү менен абдан белгилүү болгондуктан, Иса жерде кызмат кылып жүргөн учурда айрымдар Жеремия тирилип келди деп ойлошкон (Мт. 16:13, 14).

10. Майланган калдык кандай мааниде «элдердин, падышачылыктардын үстүнө» коюлган?

10 Жахаба «элдердин Падышасы» катары Жеремияны элдерге жана падышалыктарга анын өкүмдөрү жөнүндөгү кабарды жеткирүүгө дайындаган (Жер. 10:6, 7). Бүгүнкү күндө да Жеремия тобу «элдердин, падышачылыктардын үстүнө» коюлган. Кандай мааниде? (Жер. 1:10). Байыркы убактагы Жеремиядай болуп, алар Алаамдын Эгедеринен тапшырма алышкан. Ошондуктан аларга дүйнөдөгү элдерге, падышалыктарга каршы Кудайдын сот өкүмдөрүн жарыялоого укук берилген. Ушул укугун жана ачык-айкын жазылган Кудай Сөзүн колдонуп, Жеремия тобу элдерге жана падышалыктарга алардын Кудай белгилеген убакта ал туура көргөн жол менен биротоло жок кылынарын жарыялашууда (Жер. 18:7—10; Аян 11:18). Алар бүт жер жүзүнө Жахабанын өкүмдөрүн жарыялоо тапшырмасын аткарууга чечкиндүү.

11. Оор жагдайларга кабылганда кабарды токтотпостон айта берүүгө бизге эмне жардам берет?

11 Каршылыкка, кош көңүлдүккө же оор жагдайларга кабылганда көңүлүбүздүн чөккөнү табигый нерсе (2 Кор. 1:8). Бирок Жеремиядай болуп, келгиле, туруктуулугубуздан жазбайлы. Көңүл чөгөттүкө алдырбайлы. Ар бирибиз Жахабага жалындуу тиленүү менен кайрылып, ага таяналы жана анын «жардамы менен кайраттаналы» (1 Тес. 2:2). Биз, Кудайдын чыныгы кызматчылары, анын алдындагы милдеттерибизди аткарууда дайыма сергек болушубуз керек. Ошондой эле Иерусалимдин ишенимсиз тургундары менен салыштырылган христиан дүйнөсүнүн жок кылынарын токтотпостон жарыялоого чечкиндүү болушубуз зарыл. Жеремия тобу «Теңирдин ырайым кыла турган жылын» эле эмес, «өч алчу күнүн» да жарыялап жатышат (Ыш. 61:1, 2; 2 Кор. 6:2).

Кубаныч

12. Жеремия кубанычын сактаган деп эмне үчүн айта алабыз жана ага кубанычын сактоого эмне жардам берген?

12 Жеремия тапшырмасын аткаруудан кубаныч алган. Ал Жахабага: «Мен Сенин сөздөрүңө кулак салып, аларды жутуп алдым. Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени, Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам»,— деген (Жер. 15:16). Жеремия Кудайдын атынан сүйлөп, анын сөзүн элге жеткирүүнү сыймык катары эсептеген. Белгилей кетчү нерсе, ал элдердин шылдыңдаганына көңүл бурганда кубанычын жоготкон. Ал эми айткан кабарынын кандай сонун жана маанилүү экенине көңүл бурганда кайрадан кубанычы жанган (Жер. 20:8, 9).

13. Кубанычыбызды сактоо үчүн терең чындыктар менен азыктанганыбыз эмне себептен маанилүү?

13 Бүгүнкү күндө кабар айтуу ишин кубаныч менен аткаруу үчүн биз Кудайдын Сөзүндөгү «катуу тамак» болуп эсептелген терең чындыктар менен азыктанышыбыз керек (Эвр. 5:14). Терең изилдөө ишенимибизди бекемдейт (Кол. 2:6, 7). Ошондой эле кандай иштерибиз Жахабанын жүрөгүн кубантарын, ал эми кандай иш-аракеттерибиз анын жүрөгүн капалантарын түшүнүүгө жардам берет. Эгер биз үчүн Ыйык Китепти окуп изилдөөгө убакыт табуу кыйынга туруп жатса, убактыбызды кандай пайдаланып жатканыбызды текшерип көрүшүбүз керек. Күн сайын бир аз болсо да Ыйык Китепти окуп, окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртсөк, Жахабага жакындайбыз жана Жеремиядай болуп, жүрөгүбүз шаттыкка бөлөнүп, кубанычыбыз артат.

14, 15. а) Жеремиянын тапшырмасын ишенимдүүлүк менен аткарганынын натыйжасы кандай болгон? б) Кудайдын эли кабар айтуу ишине байланыштуу эмнени жакшы түшүнүшөт?

14 Жеремия Жахабанын эскертүүлөрүн жана өкүмдөрүн токтотпостон айткандан тышкары, «кайра тургузуу жана отургузуу» ишин аткарууну да унуткан эмес (Жер. 1:10). Анын «кайра тургузуу жана отургузуу» ишинин натыйжасы жакшы болгон. Алсак, б.з.ч. 607-жылы Иерусалим талкаланганда айрым жүйүттөр жана башка улуттагы адамдар куткарылып калышкан. Алардын ичинде Рейхаптын тукумдары, Эбет-Мелек жана Барух болгонун билебиз (Жер. 35:19; 39:15—18; 43:5—7). Азыркы күндө Жеремия тобуна колдоо көрсөтүп жаткан жерде жашоого үмүтү бар адамдар Жеремиянын Кудайдан корккон, ишенимдүү ошол досторуна салыштырылат. Жеремия тобу «эбегейсиз көп адамдарга» рухий жактан бекемделүүгө зор кубаныч менен жардам берүүдө (Аян 7:9). Алардын ишенимдүү шериктери да жүрөгү таза адамдарга чындыкты таанып-билүүгө жардам берүүдөн чоң канааттануу алышууда.

15 Кудайдын эли кабар айтуу ишинин жакшы кабарды уккандарга кызмат кылууну эле эмес, Кудайга сыйынууну да билдирерин жакшы түшүнүшөт. Ошон үчүн алар адамдар кабарды угабы же укпайбы, кабар айтуу ишине катышып, Жахабанын алдында ыйык кызмат аткаруудан чоң кубаныч алышат (Заб. 70:23; Оку: Римдиктер. 1:9).

Тапшырмабызды аткарууда сергек бололу!

16, 17. Аян 17:10 жана Хабакук 2:3 убакыттын аз калганын кандайча көрсөтүп турат?

16 Аян 17:10догу пайгамбарлыкты карап чыгуу менен убакыттын абдан аз калгандыгын көрүүгө болот. Бул аятта айтылган жетинчи падыша, Англия-Америка дүйнөлүк державасы, биздин күндөрдө пайда болгон. Ал державага байланыштуу: «[Жетинчи падыша] келгенде аз эле убакыт болушу керек»,— дегенди окуйбуз. Азыркы учурда ошол «аз эле убакыт» соңуна чыгып калды. Хабакук пайгамбар бул дүйнө түзүлүшүнүн сөзсүз аягына чыгары тууралуу: «Көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык... күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт»,— деп айткан (Хаб. 2:3).

17 Өзүңдөн: «Өткөргөн жашоомдон убакыттын аз калганын түшүнөрүм көрүнүп турабы? Бул дүйнөнүн акыры жакында келет деп күтүп жатамбы? Чыгарган чечимдерим, койгон максаттарым дүйнөнүн акыры жакында келе турганына же дегеле келе турганына шектенип жатканымды көрсөткөн жокпу?» — деп сурап көр.

18, 19. Эмне үчүн азыр жүрүшүбүздү басаңдата турган убак эмес?

18 Күзөтчү тобунун иши азырынча аягына чыга элек (Оку: Жеремия 1:17—19). Майланган калдыктын «темир мамы» жана «чептүү шаардай» болуп бекем турганы бизди кандай гана кубантат! Алар «чындыкты курчанып», башкача айтканда, Кудай Сөзү менен бекемделип, өздөрүнө тапшырылган ишти аягына чыгарууга чечкиндүү (Эф. 6:14). Эбегейсиз көп адамдар да өздөрүнө берилген тапшырманы аткарууда чечкиндүүлүк менен Жеремия тобун колдошууда.

19 Азыр Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишин басаңдата турган учур эмес, тескерисинче, Жеремия 12:5те айтылгандарга ылайык иш кыла турган учур (Аятты оку). Ар бирибиздин башыбызга кыйынчылык келбей койбойт. Ишенимибизди сынаган кыйынчылыктар «жөө жүргөндөр» менен жарышууга салыштырылат. «Улуу алаамат» жакындаган сайын ал кыйынчылыктар күчөгөндөн күчөй бериши ыктымал (Мт. 24:21). Алдыдагы оор кыйынчылыктар менен күрөшүүнү «аттар менен... жарышууга» салыштырса болот. Арышы араандай аттар менен жарышыш үчүн адамдан көбүрөөк күч жана туруктуулук талап кылынат. Андыктан азыркы кыйынчылыктарга туруктуулук менен чыдоо маанилүү. Ошондо алдыдагы мындан да оор кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз.

20. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Биз баарыбыз, Жеремиядан үлгү алып, кабар айтуу тапшырмасын ийгиликтүү аткара алабыз. Сүйүү, эр жүрөктүк жана кубаныч сыяктуу сапаттар Жеремияга 67 жылга созулган кызматын ишенимдүүлүк менен аткарууга түрткү берген. Макаланын башында айтылган кооз бадам дарагы өзүнүн сөзү аткарылышы үчүн Жахабанын «ойгоо турганын» эсибизге салат. Андыктан бизде да сергек турууга негиз бар. Жеремия сергек болгон, биз да сергек боло алабыз.

Эсиңердеби?

• Сүйүү Жеремияга тапшырмасын аткарууда сергек болууга кандайча жардам берген?

• Эмне үчүн Кудайдын жардамысыз эр жүрөк боло албайбыз?

• Жеремияга кубанычын сактоого эмне жардам берген?

• Эмне үчүн сергек болууну каалайсың?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Каршылыктарга карабай кабар айтуу ишин уланта бересиңби?