Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Англис тилиндеги жөнөкөйлөтүлгөн санынын бет ачары

Англис тилиндеги жөнөкөйлөтүлгөн санынын бет ачары

Англис тилиндеги жөнөкөйлөтүлгөн санынын бет ачары

БИЗ ушул айдан баштап англис тилинде «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган санынын жөнөкөйлөтүлгөн басылмасы да чыга баштаарын кулактандырууга кубанычтабыз. Ал бир жылдык сынөө мөөнөткө ай сайын чыгып турат. Анда изилдөө макалалары, ошондой эле, орун калса, кошумча макалалар да камтылат. Ал журнал аркылуу көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий муктаждыгы канааттандырылат деп үмүттөнөбүз. Эмне үчүн минтип айтууга болот?

Фиджи, Гана, Кения, Либерия, Нигерия, Папуа-Жаңы Гвинея, Соломон аралдары сыяктуу өлкөлөрдө жашаган бир туугандарыбыз орток тил катары англис тилин колдонушат. Алар жергиликтүү калк сүйлөгөн башка тилдерде сүйлөшсө да, жыйналыш жолугушууларында жана кабар айтуу кызматында адатта англис тилин колдонушат. Бирок алар колдонгон англис тили биздин адабияттар жазылган тилге салыштырмалуу жөнөкөй. Андан сырткары, эли англисче сүйлөгөн өлкөлөргө көчүп барган ишенимдештерибизге, англис тилин начар билишсе да, ошол тилде сүйлөөгө туура келет. Ошондой эле алардын эне тилинде өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына катышууга мүмкүнчүлүгү жок.

«Күзөт мунарасындагы» жума сайын изилдене турган макалалар — бизди өз убагында рухий тамак менен камсыз кылуунун негизги жолу. Ошондуктан жыйналышка келгендердин баары берилген материалдан толук пайда алышы үчүн, англис тилиндеги жөнөкөйлөтүлгөн басылмада түшүнүүгө оңой сөздөр колдонулуп, сүйлөмдөр жөнөкөй түзүлөт. Анын мукабасы азыркы изилдөөгө арналган сандыкынан башкача болот, ал эми изилдөө макалаларындагы бөлүмчөлөр, абзацтар, кайталоо үчүн суроолор жана сүрөттөр окшош болот. Мунун аркасында «Күзөт мунарасы» изилденип жатканда баары эки журналдын кайсынысын болбосун колдонуп, талкууга катыша алат.

Бул чара Жахабага: «Мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды үйрөнөм»,— деп кайрылган көптөгөн адамдардын тиленүүлөрүнө жооп болот деп үмүттөнөбүз (Заб. 118:73). Ал англис тилин жакшы билбегендерге жана ал тилде сүйлөгөн кичинекей балдарга жума сайын «Күзөт мунарасын» изилдөөгө жакшыраак даярданууга шарт түзөрүнө ишенебиз. Биз Жахабага бир туугандардын баарын жакшы көргөндүктөн рухий тамакты мол берип туруу үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдонуп жатканына миң мертебе ыраазыбыз! (1 Пет. 2:17; Мт. 24:45).

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши