Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исадай болуп, сергек бол

Исадай болуп, сергек бол

Исадай болуп, сергек бол

«Сергек болгула,.. тиленгиле» (МТ. 26:41).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

Тиленүүлөрүбүздөн сергек экенибиз кандайча көрүнөт?

Кызматта сергек экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Сыноого туш болгондо сергек болуу эмне үчүн маанилүү жана андайда канткенде сергек боло алабыз?

1, 2. а) Исанын сергек болгонуна байланыштуу кандай суроолор туулушу мүмкүн? б) Жеткилеңсиз адамдар жеткилең Исадан үлгү ала алабы? Мисал менен түшүндүр.

БАЛКИМ, сен: «Биз Исадай болуп, сергек боло алмак белек? Ал жеткилең болгон да! Дегеле, ага сергек болуунун зарылдыгы бар беле? Анткени ал айрым учурларда келечекти, атүгүл миңдеген жылдардан кийин эмне болорун көрө алган да»,— дейттирсиң (Мт. 24:37—39; Евр. 4:15). Кел анда, бүгүнкү күндө сергек болуу канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн алгач ушул суроолорго жооп алалы.

2 Жеткилең эмес киши жеткилең кишиден үлгү ала алабы? Ооба, мисалы, үйрөнчүк өзүнүн чебер устатынан көп нерсеге үйрөнө алат. Жаа атканды жаңыдан үйрөнүп жаткан кишини элестетсең. Алгач ал бутага такыр тийгизе албайт, бирок кайра-кайра ата берет. Дасыгыш үчүн ал чебер устатынан көзүн албай, анын ар бир кыймыл-аракетин: турган турпатын, колдорун кандай абалда кармап жатканын, манжалары менен тептиргени кантип кармаганын эстеп калганга аракет кылат. Бара-бара ал тептиргени канчалык катуу тартыш керектигин билип, шамалдын багытын эске алып атканды үйрөнөт жана андан ары да машыга берет. Ошентип, устатын туураганынын аркасында үйрөнчүк барган сайын түз атып, аткан жебеси бутанын так ортосуна жакындай берет. Анын сыңарындай, биз Исанын көрсөтмөлөрүнө карманып, жеткилең үлгүсүн тууроо менен анын изи менен так жүрүүгө үйрөнө беребиз.

3. а) Иса өзүнүн сергек болушу керектигин кантип көрсөткөн? б) Бул макалада эмнелерди карайбыз?

3 Ал эми сергек болуу жөнүндө эмне айтууга болот? Исага сергек болуунун зарылдыгы бар беле? Ооба. Алсак, жердеги жашоосунун акыркы түнүндө ал ишенимдүү элчилерин: «Мени менен сергек тургула»,— деп үндөгөн. Анан: «Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп кошумчалаган (Мт. 26:38, 41). Ырас, ал дайыма сергек жүрсө да, өзгөчө, ошол оор учурда сергек турууну жана асмандагы Атасына мүмкүн болушунча жакын болууну каалаган. Ал жолдоочуларынын да, өзүндөй болуп, ошол эле учурда эмес, келечекте да сергек болушу керектигин билген. Ошондуктан анын эмне үчүн биздин сергек болушубузду каалаарын карап көрөлү. Андан соң күнүмдүк жашообузда кайсы үч нерседе, Исадай болуп, сергек боло аларыбызды талкуулайлы.

ИСА ЭМНЕ ҮЧҮН СЕРГЕК БОЛУШУБУЗДУ КААЛАЙТ?

4. Келечек тууралуу билбегендигибиз менен сергек болуунун кандай байланышы бар?

4 Кыскача айтканда, Иса биз билген жана билбеген нерселерден улам биздин сергек болушубузду каалайт. Ал жерде жашап жүргөндө келечекке байланыштуу бардык нерсени билгенби? Жок, муну анын: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деп момундук менен айткан сөздөрүнөн билүүгө болот (Мт. 24:36). Ошол учурда «Уул» — Иса — бул ыймансыз дүйнөнүн акыры качан келерин так билген эмес. Бизчи? Келечек тууралуу баарын билебизби? Албетте, жок. Биз Жахабанын бул каардуу дүйнө түзүлүшүн жок кылуу үчүн өзүнүн Уулун качан жиберерин так билбейбиз. Эгер билсек, бизге сергек болуунун зарылдыгы болот беле? Иса айткандай, дүйнөнүн акыры капысынан, биз күтпөгөн учурда келет. (Оку: Матай 24:43.)

5, 6. а) Келечек жана Кудайдын ой-ниети тууралуу билгендерибиз бизге сергек болууга кандайча жардам берет? б) Эмне себептен Шайтан тууралуу билгендерибиз бизге ого бетер сергек болууга түрткү бериши керек?

5 Иса келечек тууралуу көптөгөн кереметтүү чындыктарды билген. Ал эми замандаштары алар тууралуу эчтеке билишкен эмес. Бизге да Иса билген көп нерселер маалым эмес. Бирок ал Кудайдын Падышалыгы жана жакынкы келечекте эмнелерди кылары тууралуу бир топ нерсени ачып берген. Эгер чогуу окуган, чогуу иштеген же кызматта жолуктурган адамдар жөнүндө ойлоно турган болсок, алардын көбү рухий чындыктарды билбей, чылк караңгылыкта жашап жатканын баамдайбыз. Демек, бизде сергек болууга дагы бир себеп бар: Исадай болуп, башкалар менен Кудайдын Падышалыгы жөнүндө билгендерибиз менен бөлүшүү үчүн мүмкүнчүлүк издеп, дайыма сергек болушубуз керек. Анткени адамдардын өмүрү кылдын учунда турат! Ырас, андай мүмкүнчүлүктөрдүн ар бири баалуу, андыктан алардын бирин да колдон чыгаргыбыз келбейт (1 Тим. 4:16).

6 Иса дагы бир нерсени билгендиктен да сергек болгон. Ал Шайтандын аны азгырып, куугунтуктап, кынтыксыздыгынан тайдыруу үчүн колунан келгендин баарын кыларын билген. Ал каардуу душман Исаны азгыруу үчүн дайыма «ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн» (Лк. 4:13). Ошондуктан Иса ар убак сак жүрүп, бардык сыноолорго, азгырыктарга, каршылыктарга жана куугунтуктарга туруштук берүүгө даяр болгон. Биздин жагдай да так эле Исаныкындай десек жаңылбайбыз. Биз билгендей, Шайтан дагы деле «кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт». Мына ошол себептен Кудайдын Сөзү Исанын бардык жолдоочуларын «сак жана сергек болууга» чакырат (1 Пет. 5:8). Анда канткенде сак жана сергек боло алабыз?

КАНТКЕНДЕ ТИЛЕНҮҮ ЖАГЫНАН СЕРГЕК БОЛО АЛАБЫЗ?

7, 8. Иса тиленүүгө байланыштуу кандай кеңеш берген жана өзү кандай үлгү калтырган?

7 Ыйык Китепте рухий жактан сергек болуу менен тиленүүнүн ортосунда тыгыз байланыш бар экени баса белгиленет (Кол. 4:2; 1 Пет. 4:7). Иса жолдоочуларынан аны менен бирге сергек болушун сурангандан көп өтпөй: «Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деген (Мт. 26:41). Ал аларды бул кеңешти оор учурда гана колдонууга үндөгүсү келди беле? Жок, анын кеңешин биз күн сайын колдонушубуз керек.

8 Иса тиленүү жагынан эң мыкты үлгү калтырган. Анын бир жолу Атасына түнү бою тиленип чыкканы эсиңде чыгар. Ошол учурду көз алдыбызга тартып көрөлү. (Оку: Лука 6:12, 13.) Жаз мезгили. Кыязы, балык уулоочулук өнүккөн Капернаум шаарынын чет-жакасы. Исанын үйү ошол аймакта болчу. Күүгүм кирип калганда, ал тоого чыгат. Ал жерден Галилея деңизи алаканга салгандай көрүнүп турат. Иса айланага көз чаптырып, ылдый жакта жаткан Капернаумдагы жана ага коңшу айылдардагы бирин-серин бүлбүлдөп күйгөн чырактардын жылт-жылт эткенин көрөт. Бирок Жахабага тиленип жатканда эч нерсеге алаксыбайт. Ошентип, мүнөт артынан мүнөт, саат артынан саат билинбей өтө берет. Ал теребелди кантип караңгылык каптап, түн бир оокум болуп калганын, төбөсүндөгү айдын жылып баратканын, түн ичинде жан кирген жаныбарлардын бадалдардын арасында тамак издеп шимшип жүргөнүн деле байкабайт. Ал абдан олуттуу чечим чыгарганы — 12 элчисин тандаганы — жаткан. Ал ошол жөнүндө тиленсе керек. Анын ошондо Атасына ар бир шакирти жөнүндө ойлорун, тынчсызданууларын төкпөй-чачпай айтып берип, жетекчилик жана акылмандык сурап жалынып жатканын элестетсең.

9. Исанын түнү бою тиленгенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

9 Исанын түнү бою тиленгенинен эмнеге үйрөнсөк болот? Узак убакыт бою тиленүүгөбү? Жок, анткени ал өзүнүн жолдоочуларына: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деген (Мт. 26:41). Ошентсе да биз андан үлгү ала алабыз. Маселен, өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн жана ишенимдештерибиздин рухийлигине таасир эте турган чечим чыгарардын алдында Жахабага кайрылабызбы? Ишенимдештерибиз жөнүндө тиленебизби? Окшош эле сөздөрдү кайталай бербей, чын жүрөктөн тиленебизби? Исанын Атасы менен жекече пикир алмашууну баалаганына да көңүл бурсаң. Азыркы шар аккан суудай болгон дүйнөнүн агымына ыктап, шартына багынып берүү оңой. Эгер жекече, чын жүрөктөн тиленүүгө жетиштүү убакыт бөлсөк, рухий жактан сергек болобуз (Мт. 6:6, 7). Ошондо Жахабага жакындап, аны менен болгон мамилебизди бекемдөөгө дилгир болобуз жана ошол ынак мамилебизди буза турган нерселердин баарынан качабыз (Заб. 25:14).

КАНТКЕНДЕ КАБАР АЙТУУ ИШИНДЕ СЕРГЕК БОЛОБУЗ?

10. Исанын мүмкүнчүлүк түзүлөр замат кабар айтуу үчүн сергек болгонун кайсы мисал көрсөтүп турат?

10 Иса Жахаба тапшырган ишти аткарууда да сергек болгон. Иштеп жатканда оюң менен айга чаап кетсең деле кесепеттүү эч нерсе болбой турган жумуштар бар. Бирок көптөгөн иштер толук көңүл бурууну талап кылат. Кабар айтуу да ушундай иштерге кирери бышык. Иса кызматта дайыма сергек болуп, жакшы кабар айтууга шарт түзгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарган эмес. Мисалы, ал бир жолу шакирттери менен эртеден бери узак жол жүрүп, Сихар шаарына жеткенде, шакирттери тамак-аш алып келгени кетишет. Иса шаардын чет жакасындагы кудуктун жанында эс алып отуруп калат, бирок ошондо да мүмкүнчүлүк түзүлөр замат кабар айтуу үчүн сергек болот. Бир маалда самариялык аял суу алганы келет. Иса шакирттери жок учурдан пайдаланып бир пас чырм этип алса же кудукка келген аял менен сүйлөшпөй койсо деле болмок. Бирок ал аялды сөзгө тартып, ошол шаардын башка тургундарына да зор таасир эте турган күбөлөндүрүү берет (Жкн. 4:4—26, 39—42). Биз да сергек болуу жагынан Исаны дагы көбүрөөк туурап, күнүмдүк турмушубузда жолуктурган адамдарга жакшы кабар айтууга шарт түзгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаш үчүн сергек болууга аракет кылабызбы?

11, 12. а) Иса аны ишинен алаксыткандарга эмне деген? б) Иса кызматында кантип тең салмактуулук көрсөткөн?

11 Кээде айрымдар эч кандай жаман ою жок эле Исаны кабар айтуу ишинен алаксытышкан. Алсак, Капернаумдагылар анын кереметтүү түрдө көптөрдү айыктырганына ушунчалык таасирленгендиктен аны алып калгысы келген. Алардын эмне себептен андай кылганын түшүнүү кыйын эмес. Бирок Иса бир эле шаардын эмес, бүтүндөй «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна... жиберилген» болчу (Мт. 15:24). Ошондуктан ал аларга: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лк. 4:40—44). Арийне, Иса эч нерсеге алаксыбай, бүт өмүрүн кызматка арнаган.

12 Иса кызматка аскет же фанат болгончолук деңгээлде баш-оту менен кирип кетип, башкалардын муктаждыктарына салкын мамиле кылганбы? Жок, ал тең салмактуу болуу жагынан зор үлгү калтырган. Ал жашоодон ырахат алган. Мисалы, достору менен көңүлдүү убакыт өткөрүп турган. Үй-бүлөлөргө боорукердик менен мамиле кылып, алардын муктаждыктарына, көйгөйлөрүнө кош көңүл караган эмес. Ошондой эле балдарга мээримин төккөн. (Оку: Марк 10:13—16.)

13. Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катышууда канткенде, Исадай болуп, сергек жана тең салмактуу боло алабыз?

13 Исаны туурап, сергек болууда канткенде тең салмактуу боло алабыз? Биз бул дүйнөнүн кабар айтуу ишибизден алаксытышына жол бербейбиз. Алсак, атүгүл досторубуз, тууган-туушкандарыбыз жакшы эле ой менен бизге азыраак кызмат кылып, эл катары жашоону кеңеш кылышы мүмкүн. Бирок, Исаны туурасак, кызматыбызды ичкен тамагыбыздай көрөбүз (Жкн. 4:34). Кабар айтуу иши бизди рухий жактан азыктандырат, кубаныч да тартуулайт. Анткен менен биз өтө эле аша чаап кетип, адилсинбейбиз же жашоонун бардык ырахатынан баш тарткан аскеттердей болбойбуз. Тескерисинче, Исадан үлгү алып, «бактылуу Кудайдын» кубанычтуу, тең салмактуу кызматчыларынан болууну каалайбыз (1 Тим. 1:11).

КАНТКЕНДЕ СЫНОО УЧУРУНДА СЕРГЕК БОЛО АЛАБЫЗ?

14. Оор учурларда эмнеден качышыбыз керек жана эмне үчүн?

14 Жогоруда карап кеткенибиздей, Иса жолдоочуларына сергек болууга байланыштуу чакырыктарын көбүнчө чоң сыноолорго туш болгондо айткан. (Оку: Марк 14:37.) Кыйынчылыктарга кабылганда анын үлгүсүнө бекем карманышыбыз керек. Анткени андай учурларда көптөр Накыл сөздөр китебинде эки ирет айтылган: «Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар, бирок акырында ал өлүмгө алып барат»,— деген маанилүү сөздөрдү эсинен чыгарып коюшат (Накыл 14:12; 16:25). Эгер өзгөчө оор жагдайларда өз түшүнүгүбүзгө таянсак, өзүбүзгө жана жакындарыбызга коркунуч туудурган болмокпуз.

15. Экономикалык оор учурларда үй-бүлө башчысы кандай сыноого туш болушу мүмкүн?

15 Мисалы, үй-бүлө башчысына «үйүндөгүлөрүн» багуу оңойго турбашы мүмкүн (1 Тим. 5:8). Ошондуктан жыйналыш жолугушууларына, кызматка катышууга, үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөрүүгө тоскоолдук кылган жумуш чыгып калса, бул ал үчүн сыноо болушу ыктымал. Эгер ал адамдык ой жүгүртүүгө жетектелсе, андай жумушка орношуу негиздүү, атүгүл туурадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул рухий ооруга же өлүмгө дуушар кылышы этимал. Андыктан Накыл сөздөр 3:5, 6дагы кеңешке кулак кагуу канчалык маанилүү! Ал жерде Сулайман падыша: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»,— деген.

16. а) Исанын өзүнүн эмес, Жахабанын акылмандыгына таянганынан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Көптөгөн үй-бүлө башчылары оор учурларда Жахабага таянуу жагынан Исадан кандай үлгү алып жатышат?

16 Иса сыноолорго туш болгондо эч качан өз түшүнүгүнүн негизинде чечим чыгарган эмес. Ойлонуп көрсөң, тарыхтагы эң эле даанышман киши эч убакта өзүнүн акылмандыгына таянган эмес. Маселен, Шайтан аны сынаганда, ал бир нече ирет: «Ыйык Жазмада... деп жазылган»,— деп жооп берген (Мт. 4:4, 7, 10). Ооба, ал азгырыктарды четке кагуу үчүн Атасынын акылмандыгына таянган. Муну менен ал момундукту — Шайтанда жок, ал жек көргөн сапатты — көрсөткөн. Биз да Жахабанын акылмандыгына таянабызбы? Исаны туурап, сергек болгон үй-бүлө башчысы бардык убакта, айрыкча, оор учурларда Кудайдын Сөзүнө жетектелет. Дүйнө жүзү боюнча миңдеген үй-бүлө башчылары так ушундай кылууда. Алар үчүн Кудайдын Падышалыгы жана таза сыйынуу баарынан, материалдык нерселерден да жогору турат. Ошентүү менен алар үй-бүлөсүнө эң сонун кам көрүшөт. Анткени Жахаба, өзүнүн Сөзүндө убада кылгандай, алардын үй-бүлөсүн багуу үчүн жумшаган күч-аракетине батасын берет (Мт. 6:33).

17. Исаны туурап, сергек болууга сага эмне түрткү берет?

17 Ооба, Исанын сергек болуу жагынан эң мыкты үлгү калтырганына шек жок. Анын үлгүсү иш жүзүндө колдонорлук, пайдалуу жана өмүр алууга жардам берет. Ал эми Шайтан сени рухий жактан уктатып коюуну, башкача айтканда, ишенимиң алсырап, Кудайга сыйынууга кош көңүл мамиле кылышыңды жана кынтыксыздыгыңдан жазышыңды көксөйт (1 Тес. 5:6). Ага эч качан багынып бербе! Исадай болуп, тиленүүдө, кызматта жана кыйынчылыкка туш болгондо сергек бол. Ошондо көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп бараткан азыркы дүйнөдө да көңүлүң ток болуп, жашооң маңыздуу, кубанычтуу болот. Дайыма сергек жүрсөң, Мырзабыз бул дүйнөнү жок кылганы келгенде сенин рухий жактан сак жүрүп, Атасынын эркин жигердүү аткарып жатканыңды көрөт. Ошондо Жахаба Кудайыбыздын жүрөгү кубанып, ишенимдүүлүгүңдү сактаганың үчүн сага сыйлык берет! (Аян 16:15).

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Иса кудукка келген аялга кабар айткан. Күнүгө кабар айтуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдоносуң?

[7-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөңдүн рухий саламаттыгына кам көргөнүң сергек экениңди көрсөтөт