Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Фарисейлердин ачыткысынан... сак бол»

«Фарисейлердин ачыткысынан... сак бол»

«Фарисейлердин ачыткысынан... сак бол»

Иса пайгамбар шакирттерине: «Фарисейлердин ачыткысынан, эки жүздүүлүктөн, сак болгула»,— деп эскерткен (Лк. 12:1). Бул сөздөр Матай жазган Инжилде да кезигет. Андан Иса пайгамбар жогорудагы сөздөрү менен фарисейлердин окууларын айыптаганын билүүгө болот (Мт. 16:12).

Ыйык Китепте «ачыткы» деген сөз кээде адамды бузган нерсеге карата колдонулат. Фарисейлердин ой жүгүртүүсү, окуулары угуучуларына терс таасир этип, туура эмес иштерге түрткөн. Алардын окуулары эмне үчүн зыяндуу болгон?

1 Фарисейлер адилсинип, бой көтөрүшкөн жана карапайым элди теңине алышкан эмес.

Иса Машаяк алардын ушундай көз карашын, ой жүгүртүүсүн чагылдырган мындай мисал айткан: «Фарисей туруп, ичинен мындай деп тилене баштайт: „Оо, Кудай, сага ыраазымын, анткени башкалардай эмесмин: талап-тонобойм, адилетсиздик кылбайм, ойноштук да кылбайм же мына бул салык жыйноочудай эмесмин. Жумасына эки жолу орозо кармайм, тапканымдын ондон бир бөлүгүн берем“. Салык жыйноочу болсо алыста туруп, башын көтөргөнгө да батынбай: „Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр“,— деп көкүрөгүн койгулайт» (Лк. 18:11—13).

Анан ал салык жыйноочуну момундугу үчүн мактап: «Силерге айтып коёюн, бул киши Кудайдын алдында фарисейге караганда алда канча адил деп эсептелип, үйүнө кайтты. Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»,— деген (Лк. 18:14). Салык жыйноочулар чынчыл эмес кишилер катары таанымал болушса да, Иса пайгамбар алардын жакшы кабарга кулак каккандарына жардам бергиси келген. Алардын ичинен, бери дегенде, экөө: Матай менен Закай анын жолдоочусу болушкан.

Кудай берген шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздөн, сыймыктуу жоопкерчиликтерибизден же башкалардын кемчилик-каталарынан улам өзүбүздү алардан жогору эсептебейбизби? Эгер ошондой болсо, андай туура эмес ойдон дароо арылышыбыз керек. Анткени Ыйык Жазмада: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат»,— деп айтылат (1 Кор. 13:4—6).

Биз элчи Пабылдай ой жүгүртүшүбүз керек. Ал «Машаяк Исанын дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келгенин» айткандан кийин: «Алардын ичинен эң күнөөкөрү менмин»,— деген (1 Тим. 1:15).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

Күнөөкөр экенимди жана куткарылуум Жахабанын ырайымынан көз каранды экенин түшүнөмбү? Же Кудайга көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткандыктан, уюмда сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондуктан же кайсы бир шык-жөндөмүмдөн улам өзүмдү башкалардан жогору көрөмбү?

2 Фарисейлер элдин көзүнчө адил болуп көрүнүү менен аларды таасирлентүүнү көздөшкөн; атак-даңкты, өзгөчө наамдарды жакшы көрүшкөн.

Иса Машаяк алар жөнүндө мындай деген: «Алар бардык иштерин элге көрүнүш үчүн жасашат. Ошондуктан тагынып жүргөн тумарларынын көлөмүн чоңойтуп, кийимдеринин этегиндеги чачыларын узартышат. Тойлордо төрдөн орун алууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын жана „Устат“ деп атаганын жакшы көрүшөт» (Мт. 23:5—7). Машаяктын ой жүгүртүүсү алардыкынан кандай гана айырмаланган! Ал Кудайдын жеткилең Уулу болсо да, момун болгон. Мисалы, бир киши аны «жакшы Устат» дегенде, ал: «Эмне үчүн мени жакшы дейсиң? Жакшы деп аталууга Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес»,— деп айткан (Мр. 10:18). Дагы бир жолкусунда шакирттеринин бутун жууп, аларга момун болуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн (Жкн. 13:1—15).

Машаяктын чыныгы жолдоочулары ишенимдештерине кызмат кылууга дилгир болушу зарыл (Гал. 5:13). Бул, өзгөчө, жыйналышта көзөмөлчү болууну каалагандарга тиешелүү. «Көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуу» жакшы, бирок бул максатка умтулууга башкаларга жардам берүүгө болгон каалоо түрткү бериши керек. Андай кызмат атак-даңкка же бийликке ээ болуунун жолу эмес. Көзөмөлчүлөрдүн, Иса Машаякка окшоп, жүрөгү момун адамдардан болушу талап (1 Тим. 3:1, 6; Мт. 11:29).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

Көрүнүктүү абалга же кошумча жоопкерчиликтерге ээ болуш үчүн жыйналыштагы жооптуу бир туугандарга жагынууга аракет кылбаймбы? Кудайга кызмат кылууда көбүнчө көзгө көрүнүп, сөзгө илинип, макталышыма шарт түзгөн иштерди аткарууга умтулбаймбы? Дайыма башкалардан өзгөчөлөнүп турууга аракет кылбаймбы?

3 Фарисейлердин эрежелери менен каада-салттарынан улам карапайым элге Мусанын мыйзамын аткаруу оор жүк болгон.

Мусанын мыйзамында ысрайыл элинин Жахабага сыйынуусуна байланыштуу керектүү жол-жоболордун баары берилген. Бирок айрым майда-чүйдө нерселер айтылган эмес. Маселен, Мыйзамда ишемби күнү жумуш кылууга тыюу салынса да, эмне жумуш деп эсептелип, эмне эсептелбей турганы так жазылган эмес (Чыг. 20:10). Фарисейлер Мыйзамдын бош калгандай көрүнгөн ошондой жерлерин өздөрүнүн жол-жоболору, эрежелери, каада-салттары менен толтурууга далалат кылышкан. Иса пайгамбар Мусанын мыйзамына баш ийген, ал эми фарисейлер чыгарган катуу эрежелерди четке каккан (Мт. 5:17, 18; 23:23). Ал Мыйзамдын маани-маңызын, анын эмне себептен берилгенин жана кайрымдуу, боорукер болуу алда канча маанилүү экенин түшүнгөн. Ал боорукер болгон. Атүгүл шакирттери ката кетиргенде да, түшүнүү менен мамиле кылган. Алсак, камакка алынар түнү ал үч элчисинен сергек болууну суранса да, алар кайра-кайра уктап кала берген. Анткен менен аларга боору ооруп: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деген (Мр. 14:34—42).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

Катуу эреже-көрсөтмөлөрдү ойлоп чыгара бербеймби? Өзүмдүн көз карашымды мыйзамга айландырып, башкаларды ага баш ийүүгө мажбурлабаймбы? Башкалардан көптү талап кылбаймбы?

Иса пайгамбар менен фарисейлердин окууларынын айырмасы тууралуу ой жүгүрт. Кайсы бир жактан жакшырышың керектигин байкадыңбы? Эгер байкасаң, чечкиндүү иш-аракет кыл.

[28-беттеги сүрөт]

Фарисейлер Ыйык Жазмадан көчүрүлгөн үзүндү салынган тумар тагынып жүрүшчү (Мт. 23:2, 5).

[29-беттеги сүрөт]

Текебер фарисейлерден айырмаланып, жыйналыштын момун аксакалдары башкаларга кызмат кылышат

[30-беттеги сүрөт]

Машаяктай боорукерсиңби же башкалардан көптү талап кыла бересиңби?