Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Норвегияда

Жан аябас кызматчылар Норвегияда

МЫНДАН бир нече жыл мурун жашы элүүгө таяп калган түгөйлөр Роалд менен Элзебет Норвегиянын ири шаарларынын экинчиси болгон Бергенде бардык ыңгай-шарттары бар үйдө турушчу. Алар өзүлөрү да, кызы Изабел менен уулу Фабиан да жыйналыштын иштерине жигердүү катышчу. Роалд аксакал, Элзабет пионер, ал эми Изабел менен Фабиан үлгүлүү жарчылардан болушкан.

Бирок 2009-жылы сентябрда ал үй-бүлө жашоосун бир аз өзгөртүп, алыскы аймакта бир жума кызмат кылып келүүнү чечкен. Ошентип, Роалд менен Элзебет 18 жаштагы уулу Фабиан менен Түндүк уюлдан ары жайгашкан Финнмарк губерниясындагы Нордкин жарым аралына сапар тартышкан. Ал жактан Кьёллефьорд айылына барып, өздөрүнө окшоп атайын кабар айтыш үчүн башка жактардан келген бир туугандар менен кызматташа башташкан. «Жуманын башында ал жакка барганыма ушунчалык кубанып, жеке иштеримди ошол жуманы толугу менен кызматтын ошол өзгөчө түрүнө арнагыдай кылып уюштурдум»,— деп эскерет Роалд. Бирок жуманын аягында Роалдды бир нерсе тынчсыздандыра баштаган. Ал эмне эле?

 КҮТҮҮСҮЗДӨН БЕРИЛГЕН СУРОО

«Финнмаркта пионер болуп кызмат кылган Марио күтүүсүздөн бизден Лаксельв деген шаарчага көчүп барып, 23 жарчыдан турган жыйналышка жардам бере алар-албасыбызды сурап калды»,— дейт Роалд. Капысынан берилген ал суроого Роалд эмне деп жооп берерин билбей калган. Мунун себебин ал мындай деп түшүндүрөт: «Элзебет экөөбүз жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылуу жөнүндө ойлонгон болчубуз. Бирок аны балдарыбыз уядан учкандан кийин баштайбыз деп ойлочубуз». Анткен менен ошол алыскы аймакта бир нече эле күн кабар айткандан кийин Роалд адамдардын Жахаба жөнүндөгү билимге суусап жатканына көзү жеткен. Аларга кийин эмес, азыр жардам керек эле. «Жанагы суроо абийиримди кыйнап, такыр оюмдан кетпей койду, атүгүл бир нече түн кирпик какпай чыктым»,— деп эскерет Роалд. Марио аларды, Кьёллефьорддон түштүктү көздөй 240 кмдей алыстыкта жайгашкан Лаксельв шаарчасындагы кичинекей жыйналышты өз көздөрү менен көрсүн деп, ал жакка алып барган.

Лаксельвдеги жыйналышта кызмат кылган эки аксакалдын бири Андреас аларга аймакты жана Падышалык залын көрсөткөн. Жыйналыштагылар аларды жылуу тосуп алып, Роалд менен Элзебетке, эгер алардын үй-бүлөсү көчүп келип, Падышалыктын ишин илгерилетүүгө көмөк кылышса, абдан сонун болмоктугун айтышкан. Андреас болсо жылмая, Роалд менен Фабиан жумушка орношушу үчүн, аңгемелешүүгө сүйлөшүп койгонун да айткан. Ошондо ал үй-бүлө эмне кылган?

КАНДАЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫШАТ?

Фабиан адегенде: «Бул жакка көчүп келгим келбейт»,— деген. Ал жыйналышындагы чогуу өскөн жакын досторун калтырарын, чакан шаарчада жашоого туура келерин ойлоп, анча көңүлдөнгөн эмес. Анын үстүнө, электриктин окуусун али бүтө элек эле. Ал эми Изабелден (анда 21де болчу) ал жакка көчүп барууга кандай караарын сурашканда, ал: «Мен муну дайыма эңсеп келгем!» — деп кубанган. Бирок ал мындай деп кошумчалаган: «Ал тууралуу көбүрөөк ойлонгон сайын: „Көчкөнүбүз чын эле жакшы болобу? Досторумду сагынып кыйналбаймбы? Эртеңки күнүң кандай болору белгисиз жакка барбай эле, көнгөн жыйналышымда жүрө берсемби?“ — деп башым катты». Ал эми Элзебет кандай караган? «Мага үй-бүлөбүзгө Жахаба өзү тапшырма берип жаткандай сезилди. Бирок мен да жакында эле оңдогон үйүбүз, 25 жылдан бери тапкан-ташыган буюмдарыбыз жөнүндө ойлондум»,— дейт ал.

Элзебет менен Изабел

Ошол өзгөчө жума бүткөндөн кийин, Роалд менен үй-бүлөсү Бергенге кайтып барган. Анткен менен алар 2100 кмдей алыс жайгашкан Лаксельвдеги бир туугандарын ойлой беришкен. «Жахабага кайрылып, көп тилендим,— дейт Элзебет.— Ошондой эле ал жактагы досторубуз менен байланышып, бири-бирибизге сүрөттөрүбүздү салып, кызыктуу окуялар менен бөлүшүп турдук». Роалд мындай дейт: «Көчөлү деп чечкенге чейин бир топ ойлондум. Күнүмдүк турмушка байланышкан нерселерди, мисалы, ал жакка барганда кантип жан багарыбызды да ойлонушум керек болду. Жахабадан кайра-кайра тилендим, ошондой эле үй-бүлөм, тажрыйбалуу бир туугандар менен сүйлөштүм». Фабиан: «Ал тууралуу канчалык көбүрөөк ойлонгон сайын, „жок“ деп айтышыма орчундуу негиз жок экенин ошончолук айкыныраак түшүнө баштадым. Жахабадан тез-тез тиленип турдум жана ал жакка көчүүнү барган сайын көбүрөөк каалай баштадым»,— деп эскерет. А Изабелчи? Көчүүгө даярданыш үчүн ал өзүнүн шаарында пионер болуп кызмат кыла баштаган. 6 ай пионер болуп кызмат кылып, ошол убакыт аралыгында өздүк изилдөөсүнө көп убактысын арнагандан кийин алыс жакка көчүүгө даяр болуп калганын сезген.

МАКСАТЫНА ЖЕТИШ ҮЧҮН КАНДАЙ КАДАМДАРДЫ ЖАСАШКАН?

Жарчыларга муктаждык көбүрөөк жакка көчүүгө болгон каалоосу өсө бергендиктен, ал үй-бүлө максатына жетиш үчүн аракет кыла баштаган. Алсак, Роалд маянасы көп, өзүнө жаккан жумушта иштесе да, жетекчисинен бир жылга бошотушун суранган. Жетекчиси ага толук эмес убакыт иштеген жумушчу катары жарым ай иштеп, бир жарым ай бош болуп турууну сунуштаган. «Ошондон улам айлыгым бир топ азая түштү, бирок жыйынтыгы жакшы болду»,— дейт Роалд.

Элзебет мындай дейт: «Жолдошум менден Лаксельвден үй караштырууну жана Бергендеги үйүбүздү ижарага берүүнү суранды. Бул бир топ убакытты, күч-аракетти талап кылды, бирок баары ойдогудай бүттү. Бир нече убактан кийин балдарыбыз толук эмес убакытты талап кылган жумуш таап, тамак-ашка, жолго кеткен чыгымды жабууга жардам бере башташты».

Изабел болсо: «Биз көчүп барган шаарча чакан болгондуктан, пионер болуп кызмат кылып, ошол эле учурда өзүмдү камсыз кыла алгыдай жумуш  табуу аябай кыйын болду. Кээде эч үмүт жоктой сезилчү»,— дейт. Ал аз убакытты талап кылган кандай жумуш чыкпасын, иштей бергендиктен, чыгымдарын жаба алган; мисалы, биринчи жылдын ичинде ал ошондой жумуштардын 9унда иштеп чыккан. Фабиан жөнүндө эмне айтууга болот? Ал: «Электриктин окуусун бүтүрүш үчүн үйрөнчүк катары иштешим керек болду. Лаксельвде ошентип иштедим. Кийинчерээк экзаменимди тапшырып, электрик болуп толук эмес убакытты талап кылган жумушта иштей баштадым»,— дейт.

БАШКАЛАР КӨБҮРӨӨК КЫЗМАТ КЫЛУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШКАН?

Марелиус менен Кесиа Норвегияда саам аялга кабар айтууда

Марелиус менен жубайы Кесиа да жарчыларга болгон муктаждык чоң жерде кызмат кылгысы келген. Марелиус (азыр 29да): «Жыйындан уккан пионерлер жөнүндөгү баяндамалар, дил маектер мага көбүрөөк кызмат кылуу жөнүндө ойлонууга түрткү берди»,— дейт. Ал эми Кесиа (азыр 26да) үй-бүлөсүнөн ыраак кеткиси келбегенин айтып: «Жакшы көргөн адамдарымдан алыс болорумду ойлогондо коркуп кеттим»,— дейт. Андан сырткары, Марелиус үйүнүн ипотекасын төлөш үчүн толук убакыт жумушта иштечү. Ал: «Жахабадан жашообузду өзгөртүүгө жардам беришин сурап, кайра-кайра тиленгендиктен, анын жардамы менен башка жакка көчө алдык»,— дейт. Максатына жетиш үчүн алар адегенде Ыйык Китепти изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлүшкөн. Анан үйүн сатышкан, жумушунан бошонушкан жана 2011-жылы августта Норвегиянын түндүгүндөгү Альта деген шаарга көчүп барышкан. Пионер болуп кызмат кылуу менен бирге өздөрүн камсыз кылыш үчүн Марелиус бухгалтер болуп, ал эми Кесиа дүкөндө иштейт.

Азыр 35тердеги түгөйлөр Кнут менен Лизбет «Жылдык китептен» жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерге көчүп барган бир туугандар жөнүндө окуп, жүрөктөрү козголгон. «Ал окуялар бизге чет өлкөдө кызмат кылуу тууралуу ойлонуп көрүүгө түрткү берди,— дейт Лизбет.— Бирок бул мага окшогон карапайым кишинин колунан келбечүдөй сезилип, олку-солку болдум». Анткен менен алар максатына жетүүгө аракет кыла башташкан. Кнут мындай дейт: «Биз батирибизди сатып, акчабызды үнөмдөө үчүн апамдыкына көчүп бардык. Чет өлкөдө кызмат кылуу кандай болорун сезип көрүү үчүн кийинчерээк Берген шаарына бир жылга көчүп барып, англис тилиндеги жыйналышта кызмат кыла баштадык. Ал жакта кайненем менен чогуу жашадык». Көп өтпөй Кнут менен Лизбет өздөрүнүн башка жакка көчүүгө даяр болуп калганын сезишкен. Ошентип, экөө тээ жердин түбүнө, Угандага, көчүп барышкан. Алар жылына эки ай Норвегияда иштеп кетишет. Мунун аркасында өздөрүн камсыз кылып, калган айларынын баарын Угандада толук убакыт кызмат кылууга арнай алышат.

«ТАТЫП КӨРГҮЛӨ, ОШОНДО ЖАХАБАНЫН КАНЧАЛЫК ЖАКШЫ ЭКЕНИН БИЛЕСИҢЕР»

«Үй-бүлөбүз мурдагыдан да ынак болуп калды» (Роалд).

Бул жан аябас кызматчылардын кылган аракетинин натыйжасы кандай болгон? Роалд мындай дейт: «Бергендегиге караганда бул жакта үй-бүлөбүз менен чогуу көбүрөөк убакыт өткөрүп жатабыз. Мунун аркасында үй-бүлөбүз мурдагыдан да ынак болуп калды. Ошондой эле балдарыбыздын рухий жактан өсүп жатканын көрүү биз үчүн бата». Анан: «Андан сырткары, биз азыр материалдык нерселерге карата тең салмактуу көз караштабыз. Алар биз ойлогончолук деле маанилүү эмес экен»,— деп кошумчалайт.

 Элзебет башка тилди үйрөнүшү керектигин түшүнгөн. Эмне үчүн? Анткени Лаксельвдеги жыйналыштын аймагына Карасьок деген кыштак да кирет. Ал кыштак саамдардын — Норвегиянин, Швециянын, Финляндиянын жана Орусиянын түндүгүндөгү жергиликтүү калктын — борбордук районунда жайгашкан. Жакшы кабарды алардын жүрөгүнө жеткириш үчүн Элзебет саам тилин үйрөнүү боюнча курс окуган. Азыр ал ошол тилде анча-мынча маек курганга жарап калды. Элзебетке жаңы аймагында кызмат кылуу жагабы? Ал жылмая: «Мен азыр 6 изилдөө өткөрүп жатам. Бул жакты аябай жакшы көрөм»,— дейт.

Фабиан азыр пионер жана кызмат жардамчысы. Ал Изабел экөө жаңы жыйналышынан рухий иштерге анча жакшы катышпай жүргөн 3 өспүрүмгө жардам беришкен. Азыр үчөө тең жигердүү кызмат кылууда. Алардын экөө чөмүлүп, 2012-жылы март айында көмөкчү пионер болуп кызмат кылышты. Ал эми алардын бири мурун чындык жолунан алыстап кеткен болчу. Ал Фабиан менен Изабелге ага кайрадан бутуна турууга жардам бергени үчүн абдан ыраазы экенин айткан. Фабиан: «Ал ошол сөздөрдү айтканда, жүрөгүм аябай козголду. Бирөөгө жардам берген кандай жакшы!» — дейт. Изабел болсо: «Бул жакта кызмат кылуунун аркасында „татып көрүп“, „Жахабанын канчалык жакшы экенин билдим“»,— дейт (Заб. 34:8). Анан: «Андан сырткары, бул жакта кызмат кылуу, чындап эле, кызыктуу!» — деп кошумчалайт.

Марелиус менен Кесиа материалдык жактан жөнөкөй, ал эми рухий жактан бай жашашат. Алар көчүп барган Альта шаарындагы жыйналышта азыр 41 жарчы бар. Марелиус: «Артка кылчая карап, жашообуздун ушунчалык өзгөргөнүнө кубанабыз. Бул жакта пионер болуп кызмат кылып жатканыбыз үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз. Буга эмне жетсин!» — деп ой бөлүшөт. Ал эми Кесиа мындай дейт: «Мен Жахабага көбүрөөк таянганга үйрөндүм. Ал бизди эч нерседен өксүткөн жок. Ошондой эле туугандарымдан ыраак жашаганым алар менен чогуу өткөргөн учурларды көбүрөөк баалаганга жардам берди. Ушундай чечим чыгарганыбызга эч качан өкүнбөйм».

Кнут менен Лизбет Угандада бир үй-бүлө менен изилдеп жатат.

Угандада кызмат кылып жаткан Кнут менен Лизбет тууралуу эмне айтууга болот? Кнут: «Жаңы чөйрөгө, жаңы маданиятка көнүш үчүн убакыт керек болду. Мезгил мезгили менен сууга, электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр болуп турат, ошондой эле ашказаныбыз ооруп калган учурларыбыз болот. Бирок биз бул жактан канча көп изилдөө өткөргүбүз келсе, ошончо изилдөө өткөрүп жатабыз!» — дейт. Ал эми жубайы Лизбет мындай дейт: «Биз жашаган жерден жарым эле сааттай алыстыкта жакшы кабар такыр жете элек аймактар бар. Ал жакка барганда Ыйык Китепти окуп отурган жана бизден окутушубузду суранган адамдарды жолуктурабыз. Ошондой момун адамдарга Ыйык Китепте жазылгандарды окутуп-үйрөтүү эч нерсеге салыштырылгыс кубаныч тартуулайт!»

Жол башчыбыз Иса Машаяк өзү баштаган кабар айтуу ишинин жердин булуң-бурчуна чейин жүргүзүлүп жатканын асмандан көрүп, аябай кубанып жатса керек. Ооба, Кудайдын бардык кызматчыларына Иса Машаяктын: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген буйругун чын жүрөктөн аткаруу зор кубаныч тартуулайт (Мт. 28:19, 20).