Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайраттуу бол, Жахаба сени менен болот!

Кайраттуу бол, Жахаба сени менен болот!

«Кайраттуу, бекем бол... Жахаба Кудайың сени менен болот» (ЖАШ. 1:9).

1, 2. а) Кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө кайсы сапаттар жардам берет? б) Ишенимге кандай аныктама берет элең? Мисал менен түшүндүр.

ЖАХАБАГА кызмат кылуу бизге зор кубаныч тартуулайт. Ошентсе да биз бардык адамдар сыяктуу эле ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болобуз, андан сырткары, «адилдик үчүн азап чегишибиз» мүмкүн (1 Пет. 3:14; 5:8, 9; 1 Кор. 10:13). Аларды көтөрүп кетүү үчүн бизге бекем ишеним жана кайраттуулук керек.

2 Ишеним деген эмне? Элчи Пабыл: «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү жана көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү»,— деп жазган (Евр. 11:1). Башка котормодо бул аят: «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерибизге ээ болууга укуктуу экенибизге кепилдик берген документ. Ишеним — бул көзүбүзгө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине күмөн санабоо»,— деп берилген («Жөнөкөй англис Ыйык Китеби»). Эгер кайсы бир мүлктүн бизге берилгени тийиштүү документ менен ырасталса, анын бизге таандык экенине шектенбейбиз. Анын сыңарындай, биз Кудайдын өз убадаларын дайыма аткарарына ишенгендиктен бизде баалуу «документ» бар десек болот. Ишенимибиз болгондуктан биз Ыйык Китепте айтылган убадалардын аткарылышын көрөрүбүзгө жана анда айтылгандардын бардыгы, анын ичинде бизге көрүнбөгөн нерселер жөнүндө айтылгандар да чындык экенине эч күмөн санабайбыз.

3, 4. а) Кайраттуулук деген эмне? б) Ишеним жана кайраттуулук өрчүтүүнүн бир жолу кайсы?

3 Бир сөздүктө «кайраттуулук» деген сөзгө «кыйынчылыкка же кооптуу жагдайга кабылганда эч коркпой сүйлөгөнгө жана иш-аракет кылганга түрткү берүүчү... дем-күч» деген аныктама берилет. Эгер кайраттуу болсок, күчтүү, тайманбас, эр жүрөк болобуз (Мр. 6:49, 50; 2 Тим. 1:7).

4 Албетте, кимибиз эле болбосун кайраттуу, ишеними күчтүү адам болгубуз келет. Бирок кимдир бирөөбүз өзүбүздү кайратсыз, ишеними аз адам деп эсептешибиз мүмкүн. Ыйык Китепте ал сапаттарды  чагылдырган миңдеген кишилердин үлгүсү жазылган. Алардын айрымдарын карап чыгуу ишенимибизди бекемдеп, кайраттуу болууга жардам берет.

ЖАХАБА ЖАШЫЯ МЕНЕН БОЛГОН

5. Жашыя элди ийгиликтүү жетектеш үчүн эмне кылышы керек эле?

5 Келгиле, убакытты артка түрүп, 35 кылымдай мурун болгон окуяга токтололу. Жахаба миллиондогон ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан өзүнүн кубаттуу колу менен куткаргандан бери 40 жыл өттү. Аларды Муса пайгамбар баштап жүргөн. Эми 120 жашында ал Небо тоосунун чокусуна чыгып, Кудай убада кылган жерге ыраактан көз чаптырат да, ошол жерден көз жумат. Андан кийин калың элди Жашыя жетектейт. Ал «акылмандык руху бар» киши болгон (Мыйз. 34:1—9). Ысрайыл аскери Канаан жерин ээлеп алганы турган. Аларды ийгиликтүү жетектеш үчүн Жашыя Кудайдан акылмандык алышы, ошондой эле ага ишениши жана кайраттуу, бекем болушу керек эле (Мыйз. 31:22, 23).

6. а) Жашыя 23:6га ылайык, эмне кылуу үчүн кайраттуу болушубуз керек? б) Элчилер 4:18—20 жана 5:29-аяттардагы сөздөрдөн эмнени билүүгө болот?

6 Жашыянын Канаан жерин басып алуу үчүн узак убакыт салгылашканда акылмандык менен иш кылганы, кайраттуу болгону жана Кудайга бекем ишенгени ысрайылдыктарга дем берсе керек. Бирок алар майданда эрдик көрсөтүш үчүн эле эмес, Жашыя айткандарды кылыш үчүн да абдан кайраттуу болушу керек эле. Өмүрүнүн акырында айткан керээзинде Жашыя: «Мусанын мыйзам китебинде жазылгандардын баарын аткарышыңар үчүн кайраттуу, бекем болушуңар керек. Андан оңго да, солго да бурулбагыла»,— деген (Жаш. 23:6). Биз да дайыма Жахабага баш ийиш үчүн кайраттуу болушубуз керек. Бул сапат адамдар бизден Кудайдын эркине каршы иш кылууну талап кылганда да зарыл. (Оку: Элчилер 4:18—20; 5:29.) Эгер ар убак Жахабадан тиленип, ага таянсак, ал кайраттуу болууга күч берет.

КАНТКЕНДЕ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕ АЛАБЫЗ?

7. Жашыя кайраттуу болушу жана ийгиликке жетиши үчүн эмне кылышы керек эле?

7 Ырас, Кудайдын эркин аткаруу үчүн кайраттуу болушубуз кажет. Ал эми ал сапатты өрчүтүү үчүн анын Сөзүн изилдеп, билгендерибизди колдонушубуз зарыл. Мына ошо себептен Жашыя Муса пайгамбардан кийин ысрайыл элин жетектөөгө дайындалганда, Кудай ага мындай деген: «Менин кызматчым Муса буйрук кылган мыйзамдын баарын кылдаттык менен аткарыш үчүн кайраттуу, бекем бол... Ал мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп оку. Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың» (Жаш. 1:7, 8). Жашыя ошол кеңешке ылайык иш кылган, ошондуктан «ийгиликке жеткен». Эгер биз да ошентсек, мурдагыдан да кайраттуу болуп, Кудайга кызмат кылууда ийгиликке жетебиз.

2013-жылдын аяты: «Кайраттуу, бекем бол... Жахаба Кудайың сени менен болот» (Жашыя 1:9).

8. 2013-жылдын аяты кайсы жана андагы сөздөр сага кандай жардам берет деп ойлойсуң?

8 Жашыя Жахабанын: «Кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деген сөздөрүн укканда аябай эле кайраттанса керек (Жаш. 1:9). Жахаба биз менен да болот. Ошондуктан кыйынчылыктарга кабылганда коркпойлу, үрөйүбүз учпасын. Жашыя 1:9дагы: «Кайраттуу, бекем бол... Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деген сөздөр өзгөчө көңүл бурарлык. Ал сөздөр 2013-жылдын аяты катары тандалды.  Жылдык аят жана ишеними, кайраттуулугу менен үлгү калтырган инсандардын сөздөрү, иштери жөнүндөгү билдирүүлөр алдыдагы айларда бизди бекемдээри шексиз.

КУДАЙДЫН ЭРКИН АТКАРГАН КАЙРАТТУУ АЯЛДАР

9. Рахап кантип ишеним жана кайраттуулук көрсөткөн?

9 Жашыя Канаан жерине эки чалгынчыны жөнөткөндө, Рахап деген сойку аял ал экөөнү жашырып, алардын душмандарын башка жакка жөнөтүп жиберген. Ал Кудайга бекем ишенип, кайраттуулук менен иш кылгандыктан, ысрайылдыктар Жерихо шаарын басып алганда, тууган-туушкандары менен аман калган (Евр. 11:30, 31; Жкп. 2:25). Албетте, Жахабага жагыш үчүн Рахап адеп-ахлаксыз жолунан бурулган. Машаяктын жолдоочуларынын айрымдары да Кудайга жагуу үчүн ишеним жана кайраттуулук менен иш кылып, ошо сыяктуу өзгөрүүлөрдү кылышкан.

10. Рут кантип чыныгы сыйынууну жактаган жана кандай бата алган?

10 Жашыянын көзү өткөндөн кийин жашаган мааптык Рут да чыныгы сыйынууну кайраттуулук менен жактаган. Каза болуп калган күйөөсү ысрайылдык болгондуктан, ал Жахаба жөнүндө азыноолак билсе керек. Анын жесир кайненеси Наами бир топ жыл Маап жеринде жашап, кайра ысрайылдыктардын шаары Бетлехемге көчүп барганы жаткан. Жолдо баратканда ал Руттан өз элине кайтууну кайра-кайра суранса да, ал: «Сизди таштап кетишимди суранбаңыз, артка кайтышымды өтүнбөңүз... Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деген (Рут 1:16). Рут муну ооз учунан эле эмес, чын жүрөктөн айткан. Кийинчерээк ал Нааминин Бууз деген тууганына турмушка чыгып, уул төрөгөн. Ошентип, Дөөтү падыша менен Иса Машаяктын чоң энелеринен болуп калган. Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба ишеним жана кайраттуулук менен иш кылгандарга сөзсүз батасын берет (Рут 2:12; 4:17—22; Мт. 1:1—6).

КӨПТӨР ӨМҮРҮН ТОБОКЕЛГЕ САЛГАН!

11. Жоят менен Жехошеба кантип кайраттуулук көрсөтүшкөн жана анын натыйжасы кандай болгон?

11 Кудайдын анын эркин жана ишенимдештеринин жыргалчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгондорду колдой турганын көргөндө да ишенимибиз бекемделип, кайратыбызга кайрат кошулат. Мисалга башкы дин кызматчы Жоят менен анын зайыбы Жехошебаны алалы. Ахазия падыша көз жумгандан кийин, анын энеси Аталея Жааштан башка мурасчылардын баарынын көзүн тазалап, тактыны ээлеп алган. Ошондо Жоят менен Жехошеба өмүрүнө коркунуч туулганына карабай, Ахазиянын уулу Жаашты куткарып калып, 6 жыл жашыруун багышкан. Жетинчи жылы Жоят Жаашты падыша кылып жарыялап, Аталеяны өлтүргөн (2 Пад. 11:1—16). Кийинчерээк ал Жааш падышага ибадаткананы оңдоого да колдоо көрсөткөн. Жоят 130 жашында каза болуп, падышалар коюлган жерге коюлган, «анткени ал Ысрайылда чыныгы Кудай үчүн жана анын үйү үчүн жакшы иштерди жасаган» (2 Жылн. 24:15, 16). Андан тышкары, Жоят менен анын зайыбы кайраттуу болгондуктан, Машаяк чыга турган тукум, Дөөтү падышанын тукуму, сакталып калган.

12. Эбетмелек кантип кайраттуулук көрсөткөн?

12 Ситкия падышанын ак сарайында кызмат кылган Эбетмелек деген эбнух Жеремия пайгамбар үчүн өмүрүн тобокелге салган. Жүйүт төрөлөрү падышага барып, Жеремияга жоокерлердин жана бүт элдин тынчын алып, ындынын өчүрүп жатат деп жалаа жабышканда, падыша аны алардын колуна салып берет. Төрөлөр болсо аны өлтүрүү үчүн ичи баткак кудукка салып салышат (Жер. 38:4—6). Ошондо Эбетмелек Ситкия падышага барып, Жеремия пайгамбарды бошотушун өтүнөт. Бул өтө опурталдуу болгон, себеби көптөр Жеремияны жек көрүшкөн. Падыша Эбетмелектин өтүнүчүн орундатып, ага 30 кишини кошуп, пайгамбарды бошотконго жиберет. Кийин Жахаба пайгамбары аркылуу Эбетмелекке, бабылдыктар Иерусалимди  курчап алганда, жанын аман алып каларын айткан (Жер. 39:15—18). Ооба, Кудай анын эркин аткаруу үчүн кайраттуулук көрсөткөндөрдү сыйлыксыз калтырбайт.

13. Үч еврей жигит кантип кайраттуулук көрсөтүшкөн жана алар менен болгон окуядан эмнени билсек болот?

13 Б.з.ч. 7-кылымда Жахабага кызмат кылган үч еврей жигит ага бекем ишенип, кайраттуулук көрсөткөндөр анын батасына ээ болоруна өз тажрыйбасынан ынанышкан. Небухаданасар падыша Бабылдагы аттуу-баштуу кишилерин чогултуп, килейген алтын айкелге сыйынууну буйрук кылат. Кимде-ким сыйынбаса, алоолонуп күйүп жаткан отко ыргытылмак. Ошондо үч еврей жигит падышага сылык-сыпаа мындай дешет: «Бизди өзүбүз кызмат кылып жүргөн Кудайыбыз куткара алат. Оо, падыша, ал бизди алоолонуп күйүп жаткан мештен да, сиздин колуңуздан да куткарат. Куткарбаган күндө да, падыша, кудайларыңызга кызмат кылбай турганыбыз, орноткон алтын айкелиңизге сыйынбай турганыбыз сизге маалым болсун» (Дан. 3:16—18). Даниел 3:19—30-аяттардан Кудайдын ал үчөөнү кантип куткарып алганы жөнүндө окуганыбызда жүрөгүбүз козголбой койбойт. Бүгүнкү күндө биз күйүп жаткан мешке ыргытылбасак да, Кудайдын алдында кынтыксыз бойдон калар-калбасыбыз ар кандай жолдор менен сыналат. Ошондой учурларда Кудайга бекем ишенип, кайраттуу болсок, ал сөзсүз батасын берет.

14. Даниел 6-бөлүмдө айтылгандай, Даниел пайгамбар кантип кайраттуулук көрсөткөн жана анын натыйжасы кандай болгон?

14 Даниел пайгамбардын душмандары Дарий падышага барып: «Оо, падыша, отуз күндүн ичинде ким өзүңүздөн башка бирөөгө же кайсы бир кудайга өтүнүч менен кайрылса, арстандар жаткан орго ташталсын» — деп, Даниелге каршы буйрук чыгарууга көндүрүшкөн. Бирок Даниел пайгамбар ошондо да ишеним жана кайраттуулук менен иш кылган. «Даниел болсо буйрукка кол коюлганын билер замат үйүнө барды. Анын үстүнкү бөлмөсүндөгү Иерусалим тарапты караган терезелери ачык болчу. Ал мурдагыдай эле күнүнө үч жолу чөгөлөп, Кудайына тиленип, аны даңктай берди»,— делет Ыйык Китепте (Дан. 6:6—10). Кайраттуу Даниел акыры арстандар жаткан орго ыргытылган, бирок Жахаба аны куткарган (Дан. 6:16—23).

15. а) Акила менен Прискила ишеним, кайраттуулук көрсөтүү жагынан кандай үлгү калтырышкан? б) Иса Машаяктын Жакан 13:34төгү сөздөрү эмнени билдирет жана көптөгөн бир туугандар кантип ошондой сүйүү көрсөтүшкөн?

15 Акила менен Прискила «[Пабыл] үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан». Ыйык Китепте алардын кандай жагдайларда ошентишкени айтылбайт (Элч. 18:2; Рим. 16:3, 4). Алар кайраттуулук менен Иса Машаяктын: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылышкан (Жкн. 13:34). Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда  адам жакынын өзүн сүйгөндөй сүйүшү керектиги жазылган (Леб. 19:18). Анда кандай мааниде Машаяктын осуяты «жаңы» болгон? Себеби ал осуят жакыныбызды Машаяк сүйгөндөй сүйүүнү, тактап айтканда, ал үчүн өз жаныбызды берүүгө да даяр болууну талап кылат. Көптөгөн бир туугандар, ишенимдештерине душмандар ырайымсыз мамиле кылбашы же өлтүрүп салбашы үчүн, кайраттуулук көрсөтүп, «өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан». (Оку: 1 Жакан 3:16.)

Машаяктын алгачкы жолдоочулары императорго сыйынуудан баш тартышкан

16, 17. Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын ишеними кандайча сыналган жана биздин күндөгү бир туугандар кандай сыноолорго дуушар болушкан?

16 Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары, ага окшоп, Жахабага гана сыйынышкан (Мт. 4:8—10). Алар кайраттуу болуп, Рим императорунун урматына жыпарзат түтөтүүдөн баш тартышкан (сүрөттү кара). Дэниел П. Манникс мындай деп жазган: «Исанын жолдоочуларына жыпарзат түтөтүүгө ыңгайлуу болушу үчүн, адатта, от жагылган жыпарзат түтөткүч атайын аренага орнотулса да, алардын айрымдары гана ишениминен баш тартышкан. Абакта жаткан киши Курмандык күбөлүгүн алып, бошотулушу үчүн болгону эле отко бир чымчым жыпарзат салышы керек эле. Ошондой эле ага андай кылганы императорго сыйынгандыкка жатпай турганын, тек гана анын Рим мамлекетинин башчысы катары Кудайдай экенин моюнга аларын билдирерин кылдат түшүндүрүшкөн. Анткен менен Исанын жолдоочуларынын дээрлик баары андай жол менен эркиндикке чыгуудан баш тарткан» («Өлүм алдында тургандар»).

17 Нацисттик концлагерлердеги бир туугандарга Жахабадан баш тартарын билдирген документке кол коюу менен эркиндикке чыгып, аман калууга көп мүмкүнчүлүк берилген. Бирок кээ бирлери гана кол койгон. Руандадагы согуш учурунда тутси менен хуту уруусундагы Күбөлөр бири-бирин коргош үчүн өмүрүн тобокелге салышкан. Андай сыноолорду көтөрүү үчүн кайраттуулук жана ишеним талап кылынат.

ЖАХАБАНЫН БИЗ МЕНЕН ЭКЕНИН УНУТПА

18, 19. Бизге кабар айтуу ишин бекем ишеним, кайраттуулук менен аткарууга кимдердин үлгүсү жардам берет?

18 Биз эң зор ишке — Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине — катышуу сыймыгына ээбиз. Мурун Кудай өзүнүн жердеги кызматчыларына мынчалык чоң ишти эч качан берген эмес (Мт. 24:14; 28:19, 20). Иса Машаяк ал ишти аткарууда эң мыкты үлгү калтырган. Буга кандай гана ыраазыбыз! Ал «шаарларды, айылдарды кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айткан» (Лк. 8:1). Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялашыбыз үчүн, ага окшоп, ишенимибиз бекем, кайраттуу болушубуз керек. Кудайдын жардамы менен биз «ыймансыздардын дүйнөсүнө» Топон суу каптай турганын эскерткен «адилдиктин кабарчысы» Нух пайгамбардай тайманбас боло алабыз (2 Пет. 2:4, 5).

19 Кабар айтуу ишин аткарууга тиленүү чоң жардам берет. Машаяктын айрым жолдоочулары куугунтукка дуушар болгондо Кудайдан анын «сөзүн кайраттуулук менен айтууга» жардам беришин өтүнүшкөн жана тиленүүсүнө жооп алышкан. (Оку: Элчилер 4:29—31.) Эгер сен үймө-үй кабар айтуудан уялсаң, Жахабадан көбүрөөк ишеним, кайрат беришин сура, ошондо ал сураганыңды берет. (Оку: Забур 66:19, 20.) *

20. Жахабанын кызматчылары катары биз кандай колдоого ээбиз?

20 Ушул ыймансыз, коогалаңдуу дүйнөдө ар кыл сыноолорго карабай Кудайдын жолунда жүрүү оңой эмес. Бирок биз жалгыз эмеспиз. Кудай биз менен. Ошондой эле анын Уулу, жыйналыштын Башчысы, биз менен. Андан тышкары, биздин дүйнө жүзүндө 7000000дон ашуун бир тууганыбыз бар. Эмесе, келгиле, баарыбыз 2013-жылдын аятындагы: «Кайраттуу, бекем бол... Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деген сөздөрдү эсибизде сактап, жакшы кабарды ишеним жана кайраттуулук менен жарыялай берели (Жаш. 1:9).

^ абз. 19 Кайраттуулук көрсөткөн дагы башка инсандар жөнүндө 2012-жылдын 15-февралындагы «Күзөт мунарасындагы» «Кайраттуу, бекем бол» деген макаладан билүүгө болот.