Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын коргой турган өрөөнүндө бол

Жахабанын коргой турган өрөөнүндө бол

«Жахаба, мурун душмандары менен согушкандай эле, ошол элдер менен согушат» (ЗАК. 14:3).

1, 2. Жакында кандай согуш болгону турат жана ал согушта Кудайдын кызматчыларына эмне кылуунун зарылдыгы болбойт?

1938-ЖЫЛЫ 30-октябрда Кошмо Штаттарда жашаган миллиондогон адамдар радиодон көпчүлүккө белгилүү болгон аудиодрама угуп отурушкан. Ал «Дүйнөлөрдүн согушу» деген аталыштагы ойдон чыгарылган илимий чыгарма болчу. Жаңылыктарды алып барган дикторлордун ролун ойногон актёрлор Марс планетасынан Жер планетасын талкалай турган күчтөрдүн келе жатканын кабарлашат. Анын жөн эле ойдон чыгарылган окуя экени жарыяланса да, көптөгөн угармандар чындап эле ошондой болот деп ойлоп, аябай коркушкан. Атүгүл айрымдар ошол ойдон чыгарылган келгиндерден коргонуу максатында чараларды көрүшкөн.

2 Бүгүнкү күндө чыныгы согуш мына-мына болгону турат. Бирок адамдар анын жакында болорун этибарга албай келишет. Ал согуш тууралуу ойдон чыгарылган илимий чыгармада эмес, Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, алдын ала айтылган. Ал — Армагедон согушу, тактап айтканда, Кудайдын жамандык менен болгон согушу (Аян 16:14—16). Ал согушта Кудайдын жердеги кызматчыларына өзүлөрүн башка планетадан келген чоочундардан коргоонун зарылдыгы болбойт. Бирок алар жүрөктүн үшүн алган жана Кудайдын күчү чагылдырылган окуяларды көрүп айран-таң калышат.

3. Кайсы пайгамбарлыкты карап чыгабыз жана ал биз үчүн кандай мааниге ээ?

3 Закарыя китебинин 14-бөлүмүндө айтылган пайгамбарлыктын Армагедон согушу менен түзмө-түз байланышы бар. 2500 жылдай мурун жазылса да ал пайгамбарлык биз үчүн абдан зор мааниге ээ (Рим. 15:4). Анда айтылгандардын көбү 1914-жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орногондон тартып Кудайдын элине  таасир тийгизген жагдайларга жана өтө чукул арада боло турган жүрөк толкуткан окуяларга байланыштуу. Ал пайгамбарлыкта «абдан чоң өрөөн» жана «өмүр суусу» жөнүндө айтылат (Зак. 14:4, 8). Бул макаладан ал өрөөндүн эмнени билдирерин жана анын Жахабага сыйынгандарды коргоодо абдан маанилүү роль ойнорун билебиз. Ошондой эле өмүр суусу эмнени билдирерин жана андан кандай пайда аларыбызды карап чыгабыз. Натыйжада биз ал суудан ичишибиз керек экенин түшүнгөндөн тышкары, андан ичүүнү каалап калабыз. Андыктан ал пайгамбарлыкты кылдат карап чыкканыбыз пайдалуу (2 Пет. 1:19, 20).

«ЖАХАБАНЫН КҮНҮ» БАШТАЛГАН

4. а) «Жахабанын күнү» качан башталган? б) 1914-жылга чейин ондогон жылдар мурун Жахабага сыйынгандар эмнени жарыялап келишкен жана элдер аны кандай кабыл алышкан?

4 Закарыя китебинин 14-бөлүмү «Жахабанын күнү» деген сөздөр менен башталат. (Оку: Закарыя 14:1, 2.) Ал эмне болгон күн? Ал — «дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык» «Кудайыбызга жана анын Машаягына таандык болгондо» башталган «Мырзабыздын күнү» (Аян 1:10; 11:15). Ал күн 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы асманда орногондо башталган. 1914-жылга чейин ондогон жылдар мурун Жахабага сыйынгандар «башка элдерге белгиленген убакыт» 1914-жылы соңуна чыгат жана дүйнөдө болуп көрбөгөндөй алаамат болот деп жарыялап келишкен (Лк. 21:24). Муну элдер кандай кабыл алышкан? Ошол өз учурунда берилген эскертүүгө кулак каккандын ордуна саясий жана диний жетекчилер Кудайдын кызматчыларын жек көрүп, аларды куугунтукташкан. Мындайча айтканда, алар Кудурети Күчтүү Кудайдын өзүнө тил тийгизишкен. Анткени ал тууралуу жарыялаган Падышалыктын майланган элчилери «асмандагы Иерусалимдин» — Машаяк башкарган Падышалыктын — өкүлдөрү болчу (Евр. 12:22, 28).

5, 6. а) Элдердин «шаарга» жана анын «жарандарына» каршы эмне кылары алдын ала айтылган? б) Шаарда калып, жок кылынбай калган эл эмнени билдирет?

5 Закарыя пайгамбар: «Шаардын жарымы туткунга кетет»,— деп жазган. Бул Кудайдын элине каршы элдердин кандай иш-аракет кыларын көрсөтүп турат. «Шаар» Машаяк башкарган Падышалыкты билдирет. Исанын майланган жолдоочуларынын жердеги калдыгы анын «жарандары» болуп эсептелет (Флп. 3:20). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүндөгү майланган жооптуу бир туугандар «туткунга кеткен», тактап айтканда, кармалып, Атлантадагы (Жоржия, АКШ) түрмөгө жөнөтүлгөн. Ал эми «үйлөр таланып-тонолгондугу», каршылаштардын ошол жана башка бир туугандарга адилетсиздик жана ырайымсыздык менен мамиле кылып, алардын адабияттарына тыюу салышканын жана кабар айтуу ишине тоскоолдук кылышканын билдирет.

6 Кудайдын эли душмандарга салыштырмалуу аз болсо да, аларга катаал мамиле кылынса да, каршылык көрсөтүлсө да жана куугунтукталса да, чыныгы сыйынуу жоюлуп кеткен эмес. «Шаарда калган эл жок кылынган» эмес, башкача айтканда, майлангандардын калдыгы ишенимдүү бойдон калган.

7. Майлангандар Кудайдын бардык кызматчыларына кандай үлгү көрсөтүшөт?

7 Ал пайгамбарлык Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганда толугу менен аткарылды беле? Жок. Элдер майлангандардын калдыгына жана анын жерде жашоого үмүттөнгөн ишенимдүү шериктерине дагы каршылык көрсөтмөк (Аян 12:17). Экинчи дүйнөлүк согуш буга далил. Кудайдын ошол учурдагы майланган ишенимдүү Күбөлөрүнүн кынтыксыз жашаганы бүгүнкү күндөгү Кудайдын кызматчыларына  бардык кыйынчылыктарды, анын ичинде ишенимдеш эмес туугандарынын, чогуу иштешкендеринин же Кудайга ишенгендиги үчүн шылдыңдаган классташтарынын каршылыгын көтөрүп кетүүгө түрткү берет (1 Пет. 1:6, 7). Каякта жашабасын, Кудайдын чыныгы кызматчылары «каршы чыккандардан эч коркпой», «бир ойдо бекем турууга» чечкиндүү (Флп. 1:27, 28). Бирок алар аларды жек көргөн дүйнөдө каяктан коопсуз жай табышат? (Жкн. 15:17—19).

ЖАХАБА «АБДАН ЧОҢ ӨРӨӨН» ПАЙДА КЫЛАТ

8. а) Тоолор Ыйык Китепте кээде эмнени билдирет? б) «Зайтун дарактары өскөн тоо» эмнени билдирет?

8 Иерусалим, аятта айтылган «шаар», каймана мааниде асмандагы Иерусалимди билдиргендиктен, «Иерусалимдин маңдайындагы зайтун дарактары өскөн тоону» да каймана мааниде түшүнүшүбүз керек. Ал тоо эмнени билдирет? Кандайча ал «ортосунан бөлүнүп», эки тоого айланган? Эмне үчүн Жахаба аларды «менин тоолорум» деп атаган? (Оку: Закарыя 14:3—5.) Ыйык Китепте тоо кээде падышалыктарды же өкмөттөрдү билдирет. Ошондой эле Кудайдын батасы жана анын бизди коргоору да анын тоолору менен байланыштырылат (Заб. 72:3; Ыш. 25:6, 7). Андыктан чыгыштагы, Иерусалимдин маңдайындагы зайтун дарактары өскөн, Жахаба үстүндө турган тоо Анын ааламда ээлеген абалын, чексиз бийлигин билдирет.

9. «Зайтун дарактары өскөн тоонун» бөлүнгөнү эмнени туюнтат?

9 Зайтун дарактары өскөн тоонун бөлүнүшү эмнени туюнтат? Иерусалимдин чыгышындагы тоонун бөлүнгөнү Жахабанын башка, кошумча падышалык орнотконун билдирет. Ал кошумча падышалык Машаяк башкарган өкмөт болуп эсептелет. Ошондуктан Жахаба «зайтун дарактары өскөн тоо» бөлүнгөндө пайда болгон эки тоону «менин тоолорум» деп атаган (Зак. 14:4, 5). Эки тоо тең аныкы.

10. Эки тоонун ортосундагы «абдан чоң өрөөн» эмнени билдирет?

10 Каймана тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө бөлүнгөндө, Жахабанын буттары эки тоодо тең болгон. Ошентип, Жахабанын буттарынын ортосунда «абдан чоң өрөөн» пайда болгон. Бул каймана маанидеги өрөөн Кудайдын коргой турган жайын билдирет. Ал жайда Жахабанын кызматчылары анын ааламдагы Эгедерлигине жана Машаяк башкарган Падышалыкка баш ийип жашагандыктан коопсуз болушат. Жахаба чыныгы сыйынуунун жок кылынышына эч качан жол бербейт. Зайтун дарактары өскөн ал тоо качан бөлүнгөн? Ал 1914-жылы башка элдерге белгиленген убакыт соңуна чыгып, Машаяк башкарган Падышалык орногондо бөлүнгөн. Чыныгы сыйынуучулар каймана маанидеги өрөөндөн качан баш маанек таба башташкан?

КУДАЙДЫН ЭЛИНИН ӨРӨӨНДӨН БАШ МААНЕК ТАБА БАШТАШЫ

11, 12. а) Каймана маанидеги өрөөндү Кудайдын эли качан баш маанек кыла баштаган? б) Жахабанын кубаттуу колу менен өз элин коргоп жатканын эмне далилдеп турат?

11 Иса пайгамбар жолдоочуларына: «Менин ысмым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп эскерткен (Мт. 24:9). 1914-жылы дүйнөнүн акыры башталгандан бери Кудайдын эли барган сайын көбүрөөк жек көрүндү болууда. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда душмандар майлангандардын калдыгына чоң сокку урса да, ал ишенимдүү калдык жок кылынган эмес. 1919-жылы ал жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдын кулчулугунан бошонгон (Аян 11:11, 12) *. Мына ошондо Кудайдын эли анын тоолорунун ортосундагы өрөөндөн баш маанек таба башташкан.

 12 1919-жылдан тартып Кудайдын коргой турган өрөөнү дүйнөнүн чар тарабында жашаган чыныгы сыйынуучуларды коргоп келет. Ондогон жылдардан ашык убакыттан бери дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишине, Ыйык Китепке негизделген адабияттарына тыюу салынып, чектөөлөр коюлуп келет. Айрым жерлерде абал эч өзгөргөн жок. Бирок өкмөттөр кандай гана иш-аракет кылбасын, чыныгы сыйынууну эч качан жоё алышпайт! Анткени Жахаба кубаттуу колу менен өз элин коргойт (Мыйз. 11:2).

13. Канткенде дайыма Кудайдын коргой турган өрөөнүндө болобуз жана бул азыркы учурда эмне үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү?

13 Эгер Жахабага жакын болуп, чындыкта бекем турсак, ал жана анын Уулу Иса Машаяк сөзсүз бизге жардам берет, ошондо Кудайдын колунан бизди эч ким же нерсе «тартып ала албайт» (Жкн. 10:28, 29). Жахаба, анын жана Иса Машаяктын жетекчилигине баш ийишибиз үчүн, бизге бардык жагынан жардам берет. Азыркы учурда Кудайдын коргой турган өрөөнүнөн чыкпаганыбыз болуп көрбөгөндөй маанилүү, анткени тездик менен жакындап келе жаткан улуу алааматта Кудайдын чыныгы сыйынуучулары анын жардамына абдан муктаж болот.

ЖАКЫНДА КУДАЙ ДУШМАНДАР МЕНЕН СОГУШАТ

14, 15. Жахаба душмандары менен согушкан күнү өрөөндүн сыртындагылар эмне болот?

14 Бул дүйнө түзүлүшү соңуна чыгарына аз калган сайын, Шайтан Кудайдын кызматчыларына жасаган чабуулун күчөтө берет. Жакында ал акыркы чабуулун жасайт. Ошондо Кудай душмандары менен согушат. Ал согушта Ааламдын Эгедери өзүнүн Улуу Жоокер экенин ага чейинки согуштарда көрсөткөндөгүдөн да айкын көрсөтөт (Зак. 14:3).

15 Кудай согушкан күнү «чоң өрөөндүн» сыртында калгандар эмне болот? Аларга Кудайдын «жаркырап турган жарыгы» тийбейт, башкача айтканда, Кудай аларга ырайым кылбайт. Ошондой эле ал согушта «аттар да, качырлар да, төөлөр да, эшектер да, ал конуштардагы башка үй айбанаттары да» жабыр тартышат. Алар элдердин майданда колдоно турган курал-жарактарын билдирет. Алардын курал-жарактары «тоңуп калат», башкача айтканда, жараксыз болуп калат. Ошондой эле Жахаба аларды «жазалагандыктан», алардын «көздөрү чанагында, тили оозунун ичинде чирийт». Бул пайгамбарлык сөздүн түз маанисинде аткарылабы, жокпу, белгисиз. Бирок бир билгенибиз, алар бизге эч кандай зыян келтире албайт жана Кудайга тил тийгизе албайт (Зак. 14:6, 7, 12, 15). Жер планетасында бир да кыйратылбаган жер калбайт. Бүт «жер жүзүнүн падышалары менен алардын аскерлери» Шайтан тарапта болот (Аян 19:19—21). «Ошол күнү Жахаба кырган кишилер жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин сулайт» (Жер. 25:32, 33).

16. Жахаба согуша турган күн жакындап келаткандыктан, кандай суроолордун үстүнөн ойлонуп көрүшүбүз керек жана улуу алаамат учурунда эмне кылышыбыз керек болот?

16 Негизи, согуш дайыма азап-кайгы менен коштолот, атүгүл жеңишке ээ боло турган тарап да жабыр тартат. Алсак, тамак-аш тартыш болушу, турак-жайлар кыйратылышы, жашоо шарты начарлашы, адамдардын эркиндиги чектелиши мүмкүн. Эгер ушундай кыйынчылыктар биздин да башыбызга түшсө, эмне кылабыз? Дүрбөлөңгө түшөбүзбү? Кысымга алдырып ишенимден баш тартабызбы? Үмүтүбүздү жоготуп, кайгыга чөгөбүзбү? Улуу алаамат учурунда Жахабанын куткарууга кудуреттүү экенине бекем ишенип, анын коргой турган өрөөнүндө болгонубуз кандай гана маанилүү! (Оку: Хабакук 3:17, 18.)

 «ӨМҮР СУУСУ АГЫП ЧЫГАТ»

17, 18. а) «Өмүр суусу» деген эмне? б) «Чыгыштагы деңиз» менен «батыштагы деңиз» эмнени билдирет? в) Алдыдагы окуяларды эске алганда, эмне кылууга чечкиндүүсүң?

17 Армагедондон кийин Машаяк башкарган Падышалыктын тактысынан «өмүр суусу» ташкындап агып чыгат. «Өмүр суусу» Жахабанын өмүр алышыбыз үчүн караштырган чараларын туюнтат. Закарыянын пайгамбарлыгында «чыгыштагы деңиз» Жансыз деңизди, ал эми «батыштагы деңиз» Жер ортолук деңизди билдирет. Экөө тең адамдарга карата айтылган. Жансыз деңиз адамзаттын жалпы мүрзөсүндө жаткандарды туюнтат. Ал эми Жер ортолук деңизде жашоо кайнап тургандыктан, ал Армагедондон аман өткөн «эбегейсиз көп адамдарды» билдирет (Оку: Закарыя 14:8, 9; Аян 7:9—15). Демек, эки топ тең «өмүр суусу аккан дарыядан» суу ичип, суусунун кандыргандыктан, Адам атадан тукум кууп өткөн өлүмдөн куткарылат (Аян 22:1, 2).

Жахабанын коргой турган өрөөнүнөн чыкпоого чечкиндүү бол

18 Жахабанын коргоосу астында бул дүйнө түзүлүшүнүн акырынан аман өтүп, Кудайдын адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөсүнө киребиз. Биз бардык элдерге жек көрүндү болсок да, келгиле, Кудайдын Падышалыгынын ишенимдүү жарандары болууга жана Жахабанын коргой турган өрөөнүнөн чыкпоого чечкиндүү бололу.

^ абз. 11 «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» (ор.) деген китептин 169, 170-беттерин кара.