Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, балдарыңарды ымыркай кезинен тарбиялагыла

Ата-энелер, балдарыңарды ымыркай кезинен тарбиялагыла

«БАЛДАР — Жахаба берген мурас, перзенттер — ал берген сыйлык»,— делет Ыйык Китепте (Заб. 127:3). Андыктан ата-эненин чүрпөлүү болгондо маңдайы жарыла сүйүнөрү таң калыштуу эмес.

Бирок балалуу болуу кубанычтуу окуя болгону менен, анын жоопкерчилиги да чоң. Ден соолугу чың болуп чоңоюшу үчүн ал дайыма пайдалуу тамак-аш менен азыктанып турушу керек. Ал эми чындык жолунда бекем турушу үчүн ал рухий тамакка жана Кудайдын принциптерин анын кан-жанына сиңиргиси келген ата-энесинин акыл-насаатына муктаж (Накыл 1:8). Ата-эне андай тарбияны качан башташы керек жана ага эмнелер кирет?

 АТА-ЭНЕЛЕР КУДАЙДЫН ЖАРДАМЫНА МУКТАЖ

Байыркы Ысрайылдагы Сора деген шаарда жашаган, Дан уруусунан болгон Маноах деген адил киши менен болгон окуяга токтололу. Анын аялынын согончогу канаган эмес болчу. Бирок бир күнү Жахабанын периштеси ага уул төрөөрүн айткан (Бий. 13:2, 3). Муну укканда экөө тең кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн. Ошол эле учурда алар аябай тынчсызданышкан. Ошондуктан Маноах Кудайга кайрылып: «Жахаба, сен жиберген киши, чыныгы Кудайдын кишиси, кайрадан келип, төрөлө турган баланы кантип чоңойтушубуз керектигин айтып берсинчи»,— деп жалынган (Бий. 13:8). Ооба, Маноах аялы экөө баласын кантип тарбиялаш керектигин ойлоп түпөйүл болушкан. Анткен менен алар баласы Шымшонго Кудайдын осуяттарын үйрөтүп, аны Кудайга берилген адам кылып чоңойтушкан. Ыйык Китепте: «Бир канча убактан кийин... ага [Шымшонго] Жахабанын руху түштү»,— деп айтылат. Натыйжада Шымшон Ысрайылда бий болуп, көптөгөн эрдиктерди кылган (Бий. 13:25; 14:5, 6; 15:14, 15).

Маноах баласын туура тарбиялоо үчүн Кудайдан жетекчилик сураган

Баланы качан тарбиялай баштаган туура болот? Ымыркай кезинен. Тиметейге да апасы Эйнике менен таенеси Лоис «ыйык жазмаларды ымыркай кезинен» эле үйрөтө башташкан (2 Тим. 1:5; 3:15). Ал тырмактайынан эле Ыйык Жазманын негизинде тарбияланган.

Маноах баласын туура тарбиялоо үчүн Кудайдан жетекчилик сураган

Балдарын «ымыркай кезинен» тартып тарбиялоо үчүн Кудайдын кызматчыларынын андан жетекчилик сурап тиленгени жана кантип тарбиялоону алдын ала ойлонуштуруп алганы акылдуулук болот. «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— делет Накыл сөздөр 21:5те. Бала төрөлөрдүн алдында, адатта, ата-энеси кылдат даярданат. Алар атүгүл ага керектүү нерселердин баарын тизмелеп алышы мүмкүн. Ата-эненин баласына рухий жактан кантип кам көрөрүн да ойлонуштуруп алганы абдан маанилүү. Балага төрөлөрү менен эле Ыйык Китептин негизинде билим бере баштаган жакшы.

Бала тарбиялоого байланыштуу бир китепте: «Ымыркай төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда анын мээси аябагандай тез өрчүйт. Ошол учурда синапстардын — окуп-үйрөнүүгө шарт түзгөн байланыштардын — саны жыйырма эсеге көбөйөт»,— деп жазылган. Андыктан Кудайдын мыйзам-принциптери баланын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алышы үчүн, ата-эненин ошол кыска мөөнөттү текке кетирбей, тезинен иш-аракет кыла баштаганы акылдуулукка жатат.

Үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган бир эже кичинекей кызы жөнүндө мындай дейт: «Мен кызымды бир айынан тартып эле кызматка алып чыга баштагам. Ошол кезде эч нерсе түшүнбөсө деле, бул ага жакшы таасир этти деп ойлойм. Ал эки жашында башкаларга тартынбай эле баракчаларды сунуштап калган».

Ырас, баланы кызыл эт кезинен эле тарбиялай баштоо жемиштүү болот. Анткен менен ата-энелер үчүн балдарына Кудай жөнүндө билим берүү оңой-олтоң иштерден эмес.

«УБАКЫТТЫ ПАЙДАЛАНА БИЛГИЛЕ»

Баланын бир жерде көпкө тынч алып отура албаганы, көңүл топтой албаганы ата-энеге кыйынчылык туудурушу мүмкүн. Балдар адатта улам бир нерсеге алаксый берет. Аларга баары кызык көрүнүп, айлана-чөйрөсүн «изилдеп», таанып-билгиси келишет. Ата-энелер балдарына үйрөтүп жаткан нерсесине көңүл топтогонго кантип жардам бере алышат?

Муса пайгамбардын эмне деп жазганына көңүл бурсаңар. Мыйзам 6:6, 7де: «Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта. Аларды балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да кайра-кайра айтып үйрөт»,— делет. «Кайра-кайра айтып үйрөт» деген сөздөр кайсы бир нерсени улам-улам кайталап турууну билдирет. Кичинекей бала маал-маалы менен суу куюп туруш керек болгон жаш көчөткө окшош. Маанилүү бир нерсени эстеп калышы үчүн, кээде чоң кишиге деле улам-улам айтууга туура келет. Анда кичинекей бала жөнүндө эмне айтууга болот?

Балдарына Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды үйрөтүү үчүн ата-энелер алар менен убакыт өткөрүшү керек. Бирок агымы шар азыркы заманда бул оңой эмес. Андыктан рухий иштер экинчи орунга туруп калбаш үчүн, элчи Пабыл айткандай, «убакытты пайдалана билишибиз» зарыл (Эф. 5:15, 16). Кантип? Жубайы үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган бир аксакал жумушта иштеп, жыйналыштагы милдеттерин аткаргандан  тышкары кызын да тарбиялайт. Ал аялы экөө кызына кантип убакыт табышат? Ал мындай дейт: «Күнүгө эртең менен жумушка кетердин алдында аялым экөөбүз кызыбызга „Ыйык китептик аңгемелер“ китебин же „Ыйык Жазманы күндө изилдөө“ китепчесин окуп беребиз. Ага жатардын алдында да китеп окуп беребиз, ошондой эле кызматка чыкканда аны жаныбызга алып алабыз. Биз ар бир учурду туура пайдаланып, кызыбызга кичинекей кезинен таалим-тарбия бергибиз келет».

«КҮЧТҮҮНҮН КОЛУНДАГЫ ЖЕБЕЛЕРДЕЙ»

Баарыбыз эле балдарыбыздын жоопкерчиликтүү болуп чоңоюшун каалайбыз. Бирок биз биринчи кезекте аларды Кудайды чын жүрөктөн жакшы көргөн адамдардан кылып тарбиялагыбыз келет (Мр. 12:28—30).

Забур 127:4тө: «Адамдын жаш кезинде төрөлгөн уулдары күчтүүнүн колундагы жебелердей»,— деп жазылган. Балдар бутага таамай мээлениши керек болгон жебелерге окшош. Жаачы жебени кечке кармап тура бербегендей эле жана атылган жебени кайра артка кайрый албагандай эле, ата-энелердин да «жебелерин» бутага тийгизе атыш үчүн бир эле мүмкүнчүлүгү болот. Андыктан алар, балдары уядан учуп кете электе, кыска убакытты туура пайдаланып, алардын акылын жана жүрөгүн Кудайдын принциптери менен сугарууга умтулушу керек.

Элчи Жакан рухий балдары жөнүндө: «Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн кубаныч жок»,— деп айткан (3 Жкн. 4). Ата-энелер да балдарынын «чындык жолунда жүргөнүн» көргөндө так ушундай сезимде болушат.