Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга эскертүүгө дагы көбүрөөк катыша аласыңбы?

Башкаларга эскертүүгө дагы көбүрөөк катыша аласыңбы?

20-кылымдын баш жагындагы Сан-Франциско шаарынын (АКШ) күнүмдүк турмушу чагылдырылган «Маркет-Стрит көчөсүнө саякат» деген үнсүз тасма көргөн кишини кайдыгер калтырган эмес. Аны зым аркан менен жүрүүчү унаанын маңдайына камера орнотуп, эл уюктуу кумурскадай кайнаган көчө менен жүрүп отуруп тартышкан. Натыйжада тасмага ат арабалар, ошол кездеги машинелер, өз иштери менен алек болгон соодагерлер, гезит саткан балдар тартылып калган.

Ошол тасма эмне үчүн көптөрдүн жүрөгүн козгогон? Анткени ал 1906-жылы 18-апрелде болгон каргашалуу жер титирөөнүн так алдында тартылган. Ал жер титирөө жана андан кийин тутанган өрт миңдегендердин өмүрүн алып, шаардын ошол бөлүгүнүн дээрлик баарын жер менен жексен кылган. Тасмага тартылып калгандардын арасында бир нече эле күндөн кийин ошол чоң бүлгүндүн айынан өмүрү менен кош айтышкандар болсо керек. Тасманы тарткандардын биринин неберелеринен болгон Скот Майлз: «Андагы кишилер алдыда кандай алаамат күтүп турганын элестетишкен да эмес. Аларга бооруң оорубай койбойт»,— дейт.

1906-жылы күтүүсүздөн болгон жер титирөөдөн жана андан кийин тутанган өрттөн Сан-Францисконун борбор бөлүгү чоң бүлгүнгө учураган

Ал окуяны бүгүнкү күндөгү жагдай менен салыштыруу терең ойлонууга түрткү берет. Биздин да башкаларга боорубуз ачыбай койбойт. Анткени алар келаткан алааматтан бейкапар, бул дүйнөнүн кыйратыларын ойлоп да койбой, күнүмдүк иштери менен алпурушуп келишет. Бактыга жараша, Жахабанын сот күнү алдын ала айтууга мүмкүн болбогон жер титирөөдөн айырмаланат. Ал тууралуу адамдарга эскерте берүүгө аз болсо да убакыт бар. Сенин да башкаларга эскертүү үчүн жума сайын үйдөн үйгө кабар айтууга убакыт бөлүп жатканын шексиз, бирок ал ишке дагы көбүрөөк катыша аласыңбы?

ИСА МАШАЯК ДАЙЫМ ДАЯР БОЛГОН

Иса Машаяк кабар айтууга дайым даяр болуу менен бизге эң мыкты үлгү калтырган. Ал жолуккандардын баарына, алсак, жолдон кезиккен салык жыйноочуга да, чак түштө кудукка суу алганы келген аялга да кабар айткан (Лк. 19:1—5; Жкн. 4:5—10, 21—24). Башкаларды окутуш үчүн атүгүл эс ала турган убактысын да аячу эмес. Ал адамдарга боору ооругандыктан кабар айтууга бүт жанын берчү (Мр. 6:30—34). Анын үлгүсү бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына кандай таасир этүүдө?

АЛАР АР БИР МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОНУШАТ

Мелика катуу кайтарылган кабат үйдө жашайт. Анын кошуналарынын көбү — чет өлкөдөн келген студенттер. Алардын аты-жөнү, телефон номуру  жалпы тизмеге киргизилген эмес. Ошондуктан Мелика кошуналарына кабылдамада жана лифтте кабар айтуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонот. Ал: «Кандайдыр бир мааниде бул менин аймагым»,— дейт. Мелика жанына ар кайсы тилдеги адабияттарды ала жүрөт жана көптөр андан баракчаларды, журналдарды алып окушат. Ошондой эле ал аларды биздин уюмдун веб-сайтына кирүүгө үндөйт. Аракетинин акыбети кайтып, Мелика бир нече киши менен изилдөө баштаган.

Бейтапканада иштеген Соня да жолуккандардын баарына кабар айтканга аракет кылат. Ал жумушундагылардын ар бирине кылдат күбөлөндүрүүнү максат кылып койгон. Адегенде ал алардын эмнеге муктаж экенин, эмнеге кызыгарын билүүгө умтулат. Анан түшкү тамак учурунда алар менен Ыйык Китептин негизинде маек курууга мүмкүнчүлүк издейт. Натыйжада Соня эки изилдөө баштаган. Ал тыныгуу маалында бейтапкананын кабылдамасында кезегин күтүп отургандар менен да маектешүүнү ойлонуштурууда.

МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОН ЧЫГАРБА

1906-жылдагы жер титирөөдөн аман калган бир киши анын «штатты же шаарды кыйраткан эң эле катуу, жүрөктүн үшүн алган кырсык» болгонун айткан. Бирок жакында «Кудайды тааныбагандардан» өч алына турган күнү боло турган алаамат адамзат тарыхындагы кырсыктардын баарынан ашып түшөт (2 Тес. 1:8). Ошондуктан Жахаба адамдардын анын эли жарыялап жаткан эскертүүгө кулак кагып, акылы менен жүрөгүн өзгөртүшүн аябай каалайт (2 Пет. 3:9; Аян 14:6, 7).

Күнүмдүк иштериң менен жүргөндө кабар айтыш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланасыңбы?

Сен да башкалардын көзүн ачып, аларга кандай убакта жашап жатканыбызды түшүнүүгө, өз кызыкчылыгынан баш тартууга жана Жахабаны издөөгө жардам берүү сыймыгына ээсиң (Сеп. 2:2, 3). Андыктан жумуштагыларга, кошуна-колоңдоруңа, күнүмдүк иштериң менен жүргөндө жолуктурган адамдарга кабар айтыш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланасыңбы? Башкаларга эскертүүгө дагы көбүрөөк катыша аласыңбы?