Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Лебилердин тиленүүсүнөн эмнелерге үйрөнө алабыз?

Лебилердин тиленүүсүнөн эмнелерге үйрөнө алабыз?

«Улуу ысмыңды даңктай беришсин» (НЕК. 9:5).

1. Бул макалада кайсы чогулуш жөнүндө сөз жүрөт жана ал тууралуу талкуулап жатканда эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

«ТУРУП, Жахаба Кудайыңарды түбөлүктөн түбөлүккө даңктагыла». Лебилер ушул сөздөрдү айтып, ысрайылдыктарды өзүлөрү менен бирге Жахабага кайрылууга чакырышкан. Лебилердин ошондогу тиленүүсү Ыйык Китепке жазылып калган эң узак тиленүүлөрдүн бири болуп эсептелет (Нек. 9:4, 5). Кудайдын элинин ал чогулушу б.з.ч. 455-жылы жүйүттөрдүн жетинчи айынын — тишри айынын (сентябрь-октябрь) — 24-күнүндө Иерусалимде болуп өткөн. Ал тууралуу талкуулап жатканда: «Чогулуштун жакшы өтүшүнө эмне өбөлгө түзгөн? Лебилердин маңыздуу тиленүүсүнөн эмнелерге үйрөнө алам?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Келгиле, адегенде ошол өзгөчө күндүн алдында кандай окуялар болгонун карап чыгалы (Заб. 141:2).

ӨЗГӨЧӨ АЙ

2. Ысрайылдыктар бизге эмнеси менен жакшы үлгү көрсөткөн?

2 Ошол чогулуштун алдындагы айда жүйүттөр Иерусалимдин дубалын тургузуп бүтүшкөн (Нек. 6:15). Алар ал чоң ишти 52 эле күндүн ичинде аякташкан, анан Кудай менен болгон мамилесин чыңдоого өзгөчө көңүл бура башташкан. Ошондуктан кийинки айдын, тишри айынын, биринчи эле күнү бүт эл аянтка чогулган. Дин кызматчы Эзра менен лебилер аларга Кудайдын Мыйзамын окуп, түшүндүрүп беришкен Бардык үй-бүлөлөр, анын ичинде «айтылгандарды түшүнө ала тургандардын баары» «таң аткандан түшкө чейин» тикесинен тик туруп угушкан. Алар бизге жакшы үлгү көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө биз ыңгайлуу Падышалык залдарына чогулабыз. Бирок кээде жолугушуу учурунда оюбуз талаалап, анча маанилүү эмес нерселер тууралуу ойлонуп кеткенибизди байкашыбыз мүмкүн. Ошондой болсо, Эзранын убагындагы  ысрайылдыктарды эстесек болот. Алар чогулушта айтылгандарды жөн эле угуп койбостон, чын жүрөктөн кабыл алышкан, ошондуктан Кудайдын мыйзамдарын аткарбай жатканын түшүнгөндө атүгүл ыйлашкан (Нек. 8:1—9).

3. Ысрайылдыктар кайсы көрсөтмөгө ылайык иш кылышкан?

3 Анткен менен ал күн күнөөлөрдү моюнга ала турган эмес, Жахабага кубаныч менен сыйынып, майрамдай турган күн болчу (Сан. 29:1). Ошол себептен Некемия пайгамбар элге: «Баргыла, майлуу тамактардан жеп, таттуу суусундуктардан ичкиле, тамак-ашы жоктор менен бөлүшкүлө. Анткени бул күн — Теңирибиз үчүн ыйык күн. Кайгырбагыла, анткени Жахаба берген кубаныч силер үчүн чеп болот»,— деп айткан. Эл анын тилин алып, ал күнү кайгырбай, «кубанып-шаттанышкан» (Нек. 8:10—12).

4. а) Тукум башчылары эмне кылышкан? б) Ошондогу алачык майрамы эмнеси менен өзгөчө болгон?

4 Кийинки күнү тукум башчылары Кудайдын мыйзамдарын канчалык так аткарып жатышканын билүү үчүн чогулушкан Алар Ыйык Жазманы изилдеп жатып жетинчи айдын 15-күнүнөн 22-күнүнө чейин созулган жана салтанаттуу жыйын менен коштолгон алачык майрамы белгилениши керектигин билип, дароо даярдык көрө башташкан Ошондо эл алачык майрамын Жашыянын убагынан бери биринчи жолу жогорку деңгээлде өткөрүп, «абдан кубанган». Ал майрам эмнеси менен өзгөчө болгон? Анын «биринчи күнүнөн тартып акыркы күнүнө чейин» лебилер күн сайын элге Кудайдын Мыйзамынан окуп беришкен (Нек. 8:13—18).

КҮНӨӨЛӨРДҮ МОЮНГА АЛУУ КҮНҮ

5. Лебилер тиленердин алдында, эл эмне кылган?

5 Алачык майрамынан эки күн өткөндөн кийин, тишри айынын 24-күнү, эл күнөөлөрүн моюнга алып, өкүнө турган убак келип жеткен. Ал шаттанып, тойлой турган учур эмес болчу. Андыктан Кудайдын эли анын мыйзамдарын аткарбаганы үчүн өкүнүп, таар жамынып, орозо кармаган. Лебилер кайрадан элге Кудайдын Мыйзамынан үч сааттай окуп беришкен. Түштөн кийин болсо эл «күнөөлөрүн моюндарына алып, Жахаба Кудайына таазим кылган» Андан соң лебилер элдин атынан Кудайга кайрылып, жалындуу тиленишкен (Нек. 9:1—4).

6. Лебилердин тиленүүсүнүн маңыздуу болгонунун себеби эмнеде эле жана алардан эмнеге үйрөнө алабыз?

6 Лебилердин тиленүүсүнүн маңыздуу болгонунун себеби, алар Кудайдын Мыйзамын дайыма окушкан. Алар тиленүүсүнүн алгачкы бөлүгүндө Жахабанын иштери менен сапаттарына басым жасашкан. Ал эми калган бөлүгүндө ысрайылдыктардын кетирген күнөөлөрүн айтып, алардын Кудайдын «улуу ырайымына» татыксыз болушканын баса белгилешкен (Нек. 9:19, 27, 28, 31). Биз да, лебилерге окшоп, күн сайын Ыйык Жазманы окуп, ой жүгүртсөк, Жахабанын  бизге сүйлөшүнө жол берген болобуз. Натыйжада тиленүүлөрүбүз супсак, кайталанма эмес, маңыздуу болот (Заб. 1:1, 2).

7. Лебилер Жахабадан эмнени өтүнүшкөн жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

7 Лебилердин тиленүүсүндө бир эле өтүнүч камтылган. Алар тиленүүсүнүн аяк ченинде: «Оо, Кудайыбыз, келишимин бузбаган, мээримдүүлүк көрсөткөн, коркуу сезимин туудурган күчтүү, улуу Кудайыбыз, биздин, падышаларыбыздын, төрөлөрүбүздүн, дин кызматчыларыбыздын, пайгамбарларыбыздын, ата-бабаларыбыздын жана бүт элиңдин Ашур падышаларынын күндөрүнөн бүгүнкү күнгө чейин тарткан азабы сага аз болуп көрүнбөсө экен»,— деп жалбарышкан (Нек. 9:32). Лебилердин үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, Жахабадан бир нерсе сураардан мурун аны даңктап, ыраазычылык билдиргенибиз маанилүү.

КУДАЙДЫН УЛУУ ЫСМЫН ДАҢАЗАЛОО

8, 9. а) Лебилердин момундугу алардын тиленүүсүнүн алгачкы сөздөрүнөн кандайча көрүнүп турат? б) Лебилердин «асмандагынын баары» деген сөздөрү өз ичине эмнелерди камтыйт?

8 Лебилер момун болушкан. Алар кылдат ойлонуштурулган сөздөрдү айтып тиленишсе да, Жахабанын канчалык улуу, даңкталууга татыктуу Кудай экенин сөз менен айтып жеткире алышпасын жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан алар бүт элдин атынан айткан тиленүүсүн момундук менен: «Даңктоого татыктуу болгон, бардык мактоолордон жогору турган Сенин атың мактала берсин да, даңктала берсин»,— деп башташкан (Нек. 9:5, «Үмүт нуру» котормосу).

9 Анан мындай дешкен: «Жахаба, сен жалгыз Кудайсың. Асманды, асмандын асманын жана андагы нерселерди, жер менен деңизди жана алардагы нерселердин баарын сен жараткансың. Алардын баарына өмүр берген сенсиң, асмандагынын баары сага таазим кылат» (Нек. 9:6). Ооба, асмандагы сансыз жылдыздардан турган галактикаларды камтыган кең аалам Жахабанын колунан бүткөн. Ал ошондой эле жандуу-жансыздын баарын азыктандырган кереметтүү Жер планетасын жана андагы өз түрү менен көбөйүп-өрчүгөн ар түркүн жандыктарды жараткан. Лебилер сөз кылган «асмандагынын баарына» Кудайдын ыйык периштелери да кирет. Алар Ыйык Китепте «асман аскерлери» деп да аталат (1 Пад. 22:19; Аюп 38:4, 7). Бирок, кызыктуусу, периштелер «куткарылууну мурастай турган» күнөөкөр адамдарга кызмат кылып, Кудайдын эркин момундук менен аткарышат (Евр. 1:14). Жахабага мыкты уюшулган аскер сыяктуу кызмат кылуу менен бирге, периштелерден үлгү алып, момун болгонубуз кандай маанилүү! (1 Кор. 14:33, 40).

10. Жахабанын Ыбрайым пайгамбарга кылган жакшылыктарынан эмнени биле алабыз?

10 Андан соң лебилер Жахабанын Ыбрамга кылган жакшылыктары жөнүндө айтышкан. Ыбрам 99 жашка чыкканга чейин аялы Сара экөөнүн ортосунда бала болгон эмес. Бирок Жахаба  анын ысымын Ыбрайым деп өзгөрткөн. Ал ысым «көптөгөн элдердин атасы» деген маанини туюнтат (Башт. 17:1—6, 15, 16). Ошондой эле Кудай Ыбрайым пайгамбарга анын урпактары Канаан жерин мурастай турганын убада кылган. Адамдар көп учурда берген убадасын унутуп кылышат, бирок Жахаба эч качан унутпайт. Лебилер бул тууралуу тиленүүсүндө мындай дешкен: «Сен, Жахаба, Ыбрамды каздимдиктердин Ур шаарынан алып чыгып, аны Ыбрайым деп атаган чыныгы Кудайсың. Анын ишенимдүү экенин көрүп, сен ага канаандыктардын... жерин берем деп, аны менен келишим түзгөнсүң. Анан айткан сөздөрүңдү аткара баштагансың, анткени сен адилсиң» (Нек. 9:7, 8). Биз да, адил Кудайыбыз Жахабадан үлгү алып, дайыма сөзүбүзгө бек туралы (Мт. 5:37).

ЖАХАБАНЫН ӨЗ ЭЛИ ҮЧҮН КЫЛГАН КЕРЕМЕТТҮҮ ИШТЕРИ

11, 12. Жахабанын ысмы кандай маанини туюнтат жана анын өз элине кылган мамилесинен ошол ысымды алып жүрүүгө татыктуу экени кандайча көрүнгөн?

11 Жахабанын ысмы «болтурат» деген маанини туюнтуп, анын өз убадаларын аткармайынча иш-аракет кыла берерин көрсөтүп турат. Буга анын Ыбрайым пайгамбардын Мисирде кулчулукта жүргөн урпактарына жасаган мамилеси далил. Ал кезде бүтүндөй бир элдин боштондукка чыгып, Кудай убада кылган жерди мураска алары куру кыялдай көрүнгөн. Анткен менен Кудай бир катар кереметтүү иштерди кылып, убадасын орундатуу менен Жахаба деген улуу ысмын алып жүрүүгө татыктуу экенин далилдеген.

12 Лебилер тиленүүсүндө Жахабанын ошол улуу иштеринин айрымдарын сөз кылып, мындай дешкен: «Сен ата-бабаларыбыздын Мисирде тарткан азабын көрүп, Кызыл деңиздин жанында зарлаган үнүн уккансың. Фараон менен анын кызматчыларынын, анын элинин ата-бабаларыбызды азапка салганын көргөндүктөн сен аларга каршы керемет-жышаандарды көрсөткөнсүң. Ошентип, бүгүнкү күндөгүдөй эле, ошондо да өз ысмыңдын даңкын чыгаргансың. Сен алардын алдында деңизди экиге бөлгөндө, алар анын ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишкен. Аларды кууп келаткандарды болсо ташкындаган сууга таш чөктүргөндөй чөктүргөнсүң». Анан лебилер Жахабанын өз элине убада кылынган жерди ээлөөгө жардам бергени жөнүндө мындай деп айтышкан: «Сен ал жерде жашаган канаандыктарды багындырып бердиң... Алар чептүү шаарлар менен семиз жерлерди басып алып, ар кандай мүлккө жык толгон үйлөрдү, суу сакталуучу чуңкурларды, жүзүмзарларды, зайтун бактарын жана башка көптөгөн мөмөлүү дарактарды тартып алышты, тойгончо ичип-жешти, семиришти, көп жакшылыгыңды көрүп жыргашты» (Нек. 9:9—11, 24, 25).

13. Ысрайыл эли Мисирден чыккандан көп өтпөй, Жахаба эмне кылган жана ысрайылдыктар ага кандай жооп кайтарышкан?

13 Кудай өзүнүн ой-ниетин аткарыш үчүн дагы башка көптөгөн зор иштерди кылган. Алсак, ысрайыл эли Мисирден чыккандан көп өтпөй эле, ал аларга мыйзамдарын берип, кантип сыйынуу керектигин үйрөткөн. Лебилер тиленүүсүндө бул тууралуу: «Синай тоосуна түшүп келип, аларга асмандан сүйлөп, адилеттүү жол-жоболоруңду, чындык мыйзамдарыңды, баалуу көрсөтмөлөрүң менен осуяттарыңды бергенсиң»,— деп эскеришкен (Нек. 9:13). Ысрайыл эли убада кылынган жердин мураскорлору катары Жахабанын ыйык ысмы менен аталууга татыктуу болуш үчүн, Жахаба аларды көп нерсеге үйрөткөн. Бирок ысрайылдыктар анын осуяттарын тез эле унутуп коюшкан. (Оку: Некемия 9:16—18.)

ЫСРАЙЫЛДЫКТАРДЫН ЖАЗАЛАНЫШЫ

14, 15. а) Жахаба күнөөкөр элине кантип ырайым көрсөткөн? б) Жахабанын ысрайылдыктарга кылган мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

14 Лебилер ысрайылдыктардын Синай тоосунда Кудайдын Мыйзамын аткарабыз деп убада кылгандан көп өтпөй  кетирген эки күнөөсү жөнүндө айтышкан. Ал күнөөлөрү үчүн ысрайылдыктар өлүмгө татыктуу болчу. Бирок Жахаба аларга ырайым кылып, кам көрө берген. Ошондуктан лебилер Жахабаны: «Сен чексиз кайрымдуу болгондуктан аларды чөлдө калтырган жоксуң... Кырк жыл бою тамак менен камсыз кылып турдуң... Алар эч нерседен кем болушкан жок. Кийимдери жыртылган жок, буттары да шишиген жок»,— деп даңкташкан (Нек. 9:19, 21). Бүгүнкү күндө да Жахаба, ага ишенимдүү кызмат кылышыбыз үчүн, зарыл нерселер менен камсыз кылып жатат. Биз эч качан ишениминин жетишсиздигинен жана тил албастыгынан улам чөлдө өмүрүнөн айрылган ысрайылдыктардай болуп калгыбыз келбейт. Алардын окуясы «дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган» (1 Кор. 10:1—11).

15 Өкүнүчтүүсү, ысрайыл эли Кудай убада кылган жерге отурукташкандан кийин канаандыктардын жалган кудайларына сыйынып, аларга арнап балдарын курмандыкка чалып, адеп-ахлаксыз иштерди кылышкан. Ошондуктан Жахаба аларды башка элдердин колуна салып берген. Бирок алар өкүнүшкөндө, Жахаба ырайым кылып, душмандарынан куткарган. Бул кайра-кайра кайталана берген. (Оку: Некемия 9:26—28, 31.) Лебилер: «Сен аларга көп жыл бою чыдадың, пайгамбарларыңа өзүңдүн рухуңду берип, алар аркылуу эскертүү бердиң, бирок алар кулак салышкан жок. Акыр-аягы, аларды бөтөн жерликтердин колуна салып бердиң»,— деп элдин күнөөсүн ачык айтышкан (Нек. 9:30).

16, 17. а) Ысрайылдыктардын баш ийбестигинин натыйжасы кандай болгон? б) Ысрайылдыктар эмнени моюнга алышкан жана кандай убада беришкен?

16 Ысрайылдыктар Бабыл кулчулугунан кайтып келгенден кийин да баш ийбестик кыла беришкен. Анын натыйжасы кандай болгон? Ал тууралуу лебилер мындай дешкен: «Мына, эми биз кул болуп жүрөбүз, сен ата-бабаларыбызга жемишинен, түшүмүнөн жесин деп берген жерде кул болуп жүрөбүз. Бул жердин мол түшүмүн сен бизди күнөөбүз үчүн багындырып берген бөтөн жерлик падышалар жеп жатат... Бизди азапка салып жатышат» (Нек. 9:36, 37).

17 Бул сөздөр менен лебилер Кудай өз элине адилетсиз мамиле кылган дегиси келди беле? Албетте, жок! «Башыбызга кандай мүшкүл түшсө да, сен адилдик кылдың. Анткени биз жаман иштерди кылсак да, сен ишенимдүүлүгүңдөн жазган жоксуң»,— дешкен алар (Нек. 9:33). Тиленүүсүнүн соңунда лебилер элдин андан ары Кудайдын Мыйзамын аткарарын айтып, салтанаттуу убада беришкен (Оку: Некемия 9:38; 10:29). Андан соң жазуу түрүндөгү ал убада жүйүттөрдүн 84 аттуу-баштуу кишилеринин мөөрү менен бекитилген (Нек. 10:1—27).

18, 19. а) Жаңы дүйнөгө аман өтүш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Эмне жөнүндө тилене беришибиз керек жана эмне үчүн?

18 Адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөгө аман өтүш үчүн биз Жахабанын тартипке салып турушуна муктажбыз. «Атасы жазалабаган уул барбы?» — деп жазган элчи Пабыл (Евр. 12:7). Эгер туруктуулук менен кызмат кылып, ыйык рухтун бизге таасир этишине жол берсек, Жахабанын жетекчилигине баш иерибизди көрсөтөбүз. Олуттуу күнөө кетирип алганда чын жүрөктөн өкүнүп, тартипке салуу чараларын кабыл алсак, ал бизди кечирерине шектенбесек болот.

19 Жакында Жахаба ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан куткаргандагыдан да зор иштерди кылат. Ошондо элдин баары анын канчалык улуу Кудай экенин билишет (Жез. 38:23). Анын байыркы эли убада кылынган жерди мурастагандай эле, бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчыларынын баары адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү мурасташат (2 Пет. 3:13). Бизди ушундай жаркын келечек күтүп тургандыктан, Кудайдын улуу ысмынын ыйыкталышын сурап тилене берели. Эмки макалада азыр да, келечекте да Кудайдын батасына ээ болуш үчүн дагы кайсы тиленүүгө ылайык иш кылышыбыз керектигин талкуулайбыз.