Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүмчүл болбоого эмне жардам берет?

Өзүмчүл болбоого эмне жардам берет?

«Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын» (МТ. 16:24).

1. Эмне үчүн Иса Машаяк жан аябас болуу жагынан мыкты үлгү калтырган деп айтсак болот?

ИСА МАШАЯК жерде жүргөндө өзүмчүл болбоо жагынан мыкты үлгү калтырган. Ал Кудайдын эркин аткарыш үчүн өзүнүн каалоолорунан, жыргалчылыгынан баш тарткан (Жкн. 5:30). Анын жаза устунунда өлүүгө даяр болуп, аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаганынан жан аябас болгону айкын көрүнгөн (Флп. 2:8).

2. Жан аябас болуу деген эмнени билдирет жана эмне үчүн ал сапатты чагылдырышыбыз керек?

2 Машаяктын жолдоочулары катары биз да жан аябас болушубуз керек. Жан аябас болуу деген эмнени билдирет? Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул башкаларга жардам берүү үчүн өз кызыкчылыгыбыздан баш тартууну билдирет. Ал сапат — өзүмчүлдүктүн карама-каршысы. (Оку: Матай 16:24.) Жан аябас болсок, биринчи кезекте өзүбүздүн эмес, башкалардын жыргалчылыгын ойлойбуз (Флп. 2:3, 4). Иса Машаяктын окуткандарынан жан аябастык чыныгы сыйынуунун өзөгүн түзөрүн билүүгө болот. Анткени жан аябас болууга түрткү берген бир туугандык сүйүүбүз бизди анын жолдоочулары катары башкалардан айырмалап турат (Жкн. 13:34, 35). Жан аябас бир туугандардан турган бүткүл дүйнөлүк уюмдун мүчөсү болгондуктан канчалаган баталарды алып жатканыбыз тууралуу ойлонуп көрсөң!

3. Жан аябас болушубузга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн?

 3 Бирок жан аябас болууга байкатпай тоскоолдук кылган бир душман бар. Ал — өзүмчүлдүккө жакын болгондугубуз. Адам ата менен Обо эненин кантип өзүмчүлдүк кылышканын эстесең. Обо эне керт башын гана ойлоп, Кудайдай болгусу келген. Ал эми Адам ата аялына жагууну көздөө менен өзүмчүлдүк кылган (Башт. 3:5, 6). Түпкү ата-энебиз чыныгы сыйынуудан четтегенден бери, Ибилис адамзатты өзүмчүл болууга азгырып келет. Ал атүгүл Иса Машаякты азгырганда да ошол максатты көздөгөн (Мт. 4:1—9). Шайтан бүгүнкү күндө да адамдарды ар кандай жолдор менен өзүмчүл болууга үндөп, көптөрдү түз жолдон адаштырууда. Андыктан этият болушубуз керек, себеби бул дүйнөдө кеңири жайылган ал сапатты биз да жуктуруп алышыбыз мүмкүн (Эф. 2:2).

4. а) Учурда өзүмчүлдүктөн арыла алабызбы? Түшүндүр. б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

4 Өзүмчүлдүктү датка салыштырса болот. Эгер темир сууда же нымдуу жерде турса, дат баса баштайт. Бирок даттын өзүнөн да аны жок кылыш үчүн эч кандай иш-аракет кылбай коюу кооптуураак. Анткени датты дароо жок кылбаса, темирди чиритип, биротоло жарактан чыгарып салат. Ошол сыяктуу эле, учурда жеткилеңсиздик менен өзүмчүлдүктөн арыла албасак да, алардын үстөмдүк кылышына жол бербей, күрөшө беришибиз керек (1 Кор. 9:26, 27). Өзүбүздү текшерип, өзүмчүлдүктүн белгилерин аныктоого эмне жардам берет? Канткенде өзүмчүл болбой, колубуздан келишинче жан аябас боло алабыз?

ЫЙЫК КИТЕПТИ КОЛДОНУП, ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕР

5. а) Ыйык Китеп кандайча күзгүгө окшош? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Ыйык Китепти колдонуп, өзүбүздү текшергенде эмнеден качышыбыз керек?

5 Кебетебизди көрүш үчүн күзгүгө каранганыбыздай эле, ички дүйнөбүздү текшерип, кемчиликтерибизди оңдош үчүн Ыйык Китепти колдонсок болот. (Оку: Жакып 1:22—25.) Бирок күзгүнүн пайдасы тийиши үчүн, аны туура колдонушубуз керек. Мисалы, күзгүгө шаша-буша эле каранып койсок, сырткы көрүнүшүбүздөгү кайсы бир кемтикти байкабай калышыбыз мүмкүн. Же күзгүнү каптал жагынан карасак, өзүбүздү эмес, башкаларды көрүшүбүз ыктымал. Андыктан Ыйык Китепти өзүбүздүн кемчиликтерибизди, алсак, өзүмчүлдүктүн белгилерин байкаш үчүн колдонгубуз келсе, аны үстүртөн эле окуп коюудан же башкалардын кемчиликтерин көрүш үчүн окуудан качышыбыз керек.

6. Канткенде жеткилең мыйзамга «ылайык жашаган» болобуз?

6 Кудайдын Сөзүн дайыма, атүгүл күнүгө окуган күндө да өзүмчүл болуп баратканыбызды байкабай калышыбыз мүмкүн. Кандайча? Шакирт Жакып келтирген мисалга токтололу. Ал айткан киши күзгүгө жакшы эле каранган. Бул жерде Жакып «көңүл коюп, кылдат кароо» деген маанини туюнткан грек сөзүн колдонгон. Анда ал киши эмнени туура эмес кылды эле? Жакып анын «ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгонун» жазган. Ооба, ал киши күзгүдөн кебетесин көргөнү менен, эч кандай иш-аракет кылган эмес. Андан айырмаланып, Кудайдын алдында ийгиликке жеткен киши «жеткилең мыйзамды кылдат изилдеп» эле койбостон, «ага ылайык жашайт». Башкача айтканда, ал Кудайдын Сөзүндөгү жеткилең мыйзамга кол шилтеп койбой, андагы окууларды жашоосунда дайыма колдонот. Ушундай иш-аракет кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Иса Машаяк: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер»,— деп айткан (Жкн. 8:31).

7. Өзүмчүлдүк көкүрөгүбүздү уялап албашы үчүн, Ыйык Китепти кантип колдонушубуз керек?

7 Демек, өзүмчүлдүк көкүрөгүбүздү  уялап албашы үчүн, адегенде Кудайдын Сөзүн кунт коюп окушубуз керек. Ошентсек, кайсы жактардан жакшырышыбыз керектигин байкайбыз. Бирок ошону менен эле токтоп калбай, андан ары да терең изилдөө жүргүзгөнүбүз маанилүү. Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүүнү айкын түшүнгөндөн кийин: «Ушул жагдайда мен эмне кылмакмын? Туура иш кылат белем?» — деп ойлонуп көр. Бирок баарынан да маанилүүсү, окугандарың тууралуу ой жүгүрткөн соң аларды колдонгонго аракет кыл (Мт. 7:24, 25). Азыр болсо Шабул падыша менен элчи Петир жөнүндөгү билдирүүлөр бизге өзүмчүл болбоого кандайча жардам берерин карап чыгалы.

ШАБУЛ ПАДЫШАДАН САБАК АЛ

8. Шабул такка жаңы отурганда кандай киши болгон жана бул кайсы иштеринен көрүнгөн?

8 Байыркы Ысрайылдын падышасы Шабул жөнүндөгү билдирүүдөн өзүмчүлдүктүн адамды канчалык бузарын көрүүгө болот. Шабул такка жаңы отурганда жөнөкөй, момун киши болчу (1 Шем. 9:21). Айрым ысрайылдыктар анын падыша болгонун жактырбай, ар кандай сөздөрдү айтышкан, атүгүл аны Кудай дайындаганына шек туудурушкан. Ошентсе да Шабул аларды жазалабай, сабыр кылган (1 Шем. 10:27). Андан тышкары, Кудайдын рухунун жетегине баш ийип, ысрайылдыктарды Амон уулдарына каршы баштап барып, жеңишке жеткен. Бирок ал өзүн көкөлөтпөй, даңкты Жахабага ыйгарган (1 Шем. 11:6, 11—13).

9. Шабул падышанын өзүмчүл болуп кеткени эмнеден көрүнгөн?

9 Тилекке каршы, темирди дат баскан сыяктуу, кийинчерээк Шабулду өзүмчүлдүк менен текебердик бийлеп алган. Амалыктын тукумдары менен согушканда ал Кудайдын тилин алууга караганда өзүнүн каалоосун жогору койгон. Ал Кудайдын буйругун аткарбай, ач көздүк менен олжого жутунган. Ошондой эле менменсинип, «өзүнүн урматына эстелик койгон» (1 Шем. 15:3, 9, 12). Шемуел пайгамбар ага кылган иши Жахабага жакпаганын айтканда, ал өзүн акташ үчүн Кудайдын буйругунун аткарган жактарына басым жасап, күнөөнү башкаларга оодарганга аракет кылган (1 Шем. 15:16—21). Андан тышкары, ал Кудайга жагууга караганда элдин алдында кадыр-баркын сактап калууну көбүрөөк ойлогон (1 Шем. 15:30). Өзүмчүлдүктөн качуу үчүн Шабул падыша жөнүндөгү билдирүүнү кантип күзгү катары колдонсок болот?

10, 11. а) Шабул жөнүндөгү билдирүүдөн өзүмчүл болбоого байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот? б) Шабулдун жолуна түшүп калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

10 Биринчиден, Шабул падыша менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, азыр өзүмчүл болбосок эле, кийин да ошол бойдон кала беребиз деп ойлобошубуз керек (1 Тим. 4:10). Шабул да башында өзүмчүл эмес, Кудайга жаккан киши болчу. Бирок ал жүрөгүндө өзүмчүлдүктүн белгилери пайда боло баштаганына маани бербей койгон. Жахаба акыры аны баш ийбестиги үчүн четке каккан.

11 Экинчиден, кылып жаткан жакшы иштерибизге эле көңүл топтоп, иштечү жактарыбызга көз жумуп коюудан сак болушубуз керек. Бул күзгүдөн жаңы кийимибизге суктана карап, бирок бетибиздеги кирди көрбөй калганга окшош болуп калмак. Биз Шабулга окшоп, өзүбүзгө корстон болуп, бой көтөрүп кетпесек да, анын жолуна түшүп калууга алып бара турган каалоо-ниеттердин баарынан качышыбыз зарыл. Эгер кеңеш берилип калса, кылган күнөөбүздү анча чоң эместей кылып көрсөтүп, актанбайлы жана күнөөнү башкаларга оодара салбайлы. Шабулдай болбой, кеңешти кабыл ала билгенибиз акылдуулукка жатат. (Оку: Забур 141:5.)

12. Өзүбүздү эле ойлой бербегенибиз олуттуу күнөө кетиргенде эмне кылууга түрткү берет?

12 Эгер олуттуу күнөө кетирсек, эмне кылышыбыз керек? Шабул өзүнүн  аброюна көбүрөөк тынчсыздангандыктан Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтире алган эмес. Андыктан күнөө кетиргенде өзүбүздү эле ойлой бербегенибиз абзел. Ошондо уялуу сезимин жеңип, тийиштүү жардам ала алабыз (Накыл 28:13; Жкп. 5:14—16). Мисалы, бир ишенимдешибиз 12 жашынан тартып он жылдан ашуун убакыт бою жашыруун порнография көрүп жүргөн. Ал мындай дейт: «Аялым менен аксакалдарга эмне кылып жүргөнүмдү ачык айтуу аябай кыйын болду. Бирок айткандан кийин жонуман оор жүк түшкөндөй эле сезилди. Кызмат жардамчысы болбой калганымда, айрым досторум, мен аларды уят кылгандай, капа болушту. Бирок азыр кылып жаткан кызматымдын Жахабага жагарын билем. Анын ою баарынан маанилүү».

ПЕТИР ӨЗҮМЧҮЛДҮГҮН ЖЕҢГЕН

13, 14. Петир айрым учурларда кантип өзүмчүлдүк кылган?

13 Иса Машаяк менен чогуу болуп, андан таалим алып жүргөндө элчи Петир өзүнүн кызыкчылыгынан баш тартууга даяр экенин көрсөткөн (Лк. 5:3—11). Ошентсе да ага өзүмчүлдүк менен күрөшүүгө туура келген. Алсак, элчи Жакып менен Жакандын Кудайдын Падышалыгында Иса Машаяктын жанынан орун алууну каалашарын билгенде Петир аларга ачууланган. Мырзасы мурунураак ага өзгөчө тапшырмалар берилерин айткандыктан, сыягы, ал: «Ошол орундардын бирин мен ээлейт болушум керек»,— деп ойлогон көрүнөт (Мт. 16:18, 19). Кандай болбосун, Иса Машаяк Жакып менен Жаканды, Петирди жана башка элчилерди бир туугандарынын «үстүнөн бийлик жүргүзүүгө» умтулбоого чакырган (Мр. 10:35—45).

14 Машаяк оңдоп-түзөгөндөн кийин деле, Петирдин өзү жөнүндө жогору ойлогон учурлары болгон. Бир жолу Мырзасы элчилердин баары аны таштап кетерин айтканда, Петир: «Сенден баары баш тартса да, мен эч качан баш тартпайм!» — деп башкаларды басынтып, өзүн алардан жогору койгон (Мт. 26:31—33). Бирок анын өзүнө өтө эле таянып алганы айкын болгон, анткени ошол эле түнү өзүнүн айткандарына карама-каршы иш кылган. Ал Мырзасынан үч жолу баш тартып, өзүнүн коопсуздугун көбүрөөк ойлоорун көрсөтүп койгон (Мт. 26:69—75).

15. Элчи Петир бизге жакшы үлгү калтырган деп эмне үчүн айта алабыз?

 15 Жаңылып-жазган учурлары болсо да, элчи Петир бизге сонун үлгү калтырган. Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен жана өзүнүн да иш-аракетинин аркасында ал өзүмчүлдүгүн жеңип, өзүн өзү кармай билүү, сүйүү сапаттарын өрчүтө алган (Гал. 5:22, 23). Кийинчерээк ал мурункуларына караганда оорураактай көрүнгөн сыноолорго кабылган. Бир жолу элчи Пабыл ага кемчилигин элдин көзүнчө катуу айтканда, ал момундук көрсөткөн (Гал. 2:11—14). «Кадыр-баркым тебеленип калды» — деп, Пабылга таарынып калбай, аны андан ары да бир тууганы катары жакшы көрө берген (2 Пет. 3:15). Ырас, Петирдин үлгүсү бизге өзүмчүл болбоого жардам берет.

Пабылдан катуу сөз укканда, Петир кандай жооп кайтарган? Биз да ошондой жооп кайтарабызбы? (15-абзацты кара)

16. Оор жагдайларга кабылганда өзүбүздү эле ойлой бербей турганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

16 Оор жагдайларда өзүңдү кантип алып жүрөрүң тууралуу ойлонуп көрсөң. Петир менен башка элчилерди кабар айтышканы үчүн камакка алып, сабашканда, алар «Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн сыймык катары көрүп», кубанышкан (Элч. 5:41). Сен да сыноолорду өзүмчүл эмес экениңди жана Петир менен Иса Машаяктан үлгү алууга даяр экениңди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк катары көр. (Оку: 1 Петир 2:20, 21.) Ушундай көз карашта болсоң, аксакалдардын оңдоп-түзөгөнүн да туура кабыл аласың. Андыктан, келгиле, өзүбүздүн аброюбузду ойлоп, башкаларга таарынып калбай, Петирден үлгү алалы (Нас. 7:9).

17, 18. а) Рухий максаттарыбыз тууралуу эмне деп ойлонуп көрсөк болот? б) Эгер өзүбүздөн өзүмчүлдүктүн белгилерин байкасак, эмне кылышыбыз зарыл?

17 Алдыңа рухий максаттарды койгондо да Петир жөнүндө ойлонуп көр. Аларга жетиш үчүн жан аябастык керек. Бирок андай максаттарга умтулуп жатып атак-даңкка ээ болууну көздөп калуудан сак бол. Ан үчүн: «Дагы деле Жахабага көбүрөөк же сапаттуураак кызмат кылууга умтулуп жатамбы? Же Мырзасынан жакшыраак орундарды сураган Жакып менен Жаканга окшоп, бир туугандардын арасында кадыр-баркка, бийликке ээ болууну көздөп баратамбы?» — деп ойлонуп көр.

18 Эгер өзүңдөн өзүмчүлдүктүн белгилерин байкап калсаң, Жахабадан ой-ниетиңди оңдоого жардам беришин сурап, өзүңдү эмес, аны даңктоого бүт күчүңдү жумша (Заб. 86:11). Ошондой эле алдыңа башкаларга көп байкала бербеген максаттарды койсоң болот. Мисалы, рухтун жемишине кирген жана сен үчүн чагылдырууга өзгөчө оор болгон сапаттардын бирин өрчүт. Жыйналыштагы тапшырмаларыңды кылдат даярдап, бирок Падышалык залын тазалоого көп деле катышкың келбесе, Римдиктер 12:16дагы кеңешке ылайык иш кылууга аракет кыл. (Аятты оку.)

19. Күзгүгө салыштырылган Кудайдын Сөзүнө каранып, кемчиликтерибизди байкаганда көңүлүбүз чөкпөшү үчүн эмне кылганыбыз абзел?

19 Күзгүгө салыштырылган Кудайдын Сөзүнө каранып жатып кемчиликтерибизди, айталы, өзүмчүлдүктүн белгилерин байкасак, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Эгер сенде да ошондой болсо, шакирт Жакып келтирген мисалдагы Кудайдын алдында ийгиликке жеткен киши тууралуу ой жүгүрт. Жакып анын байкаган көйгөйлөрүн канчалык бат чечкенин же бардык кемчилигин оңдой алганын эмес, жеткилең мыйзамга «ылайык жашаганын» айткан (Жкп. 1:25). Ал киши күзгүдөн көргөн кемтигин унутпай, аны оңдогонго аракет кыла берген. Ошондуктан сен да кемчиликтериңе карата тең салмактуу көз карашта болуп, аларды оңдой аларыңан үмүт үзбө. (Оку: Насаатчы 7:20.) «Жеткилең мыйзамды кылдат изилдеп», өзүмчүлдүк менен күрөшө бер. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн бир туугандарың, жеткилең эмес болушса да, Кудайга жагып, анын батасын алууда. Жахаба аларга жардам бергендей эле, сага да сөзсүз жардам берет.