Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»

«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»

«Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“» (МТ. 22:39).

1, 2. а) Исанын сөздөрүнө ылайык, эң маанилүү осуяттардын экинчиси кайсы? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

БИР жолу фарисейлердин бири Исаны сынаш үчүн андан: «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сураган. Мурунку макалада талкуулаганыбыздай, Иса ага: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят»,— деп жооп берген. Анан: «Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп кошумчалаган (Мт. 22:34—39).

2 Ооба, Иса Машаяк жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүшүбүз керек экенин айткан. Андыктан: «Биздин жакыныбыз ким? Жакыныбызды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?» — деген суроолорго жооп алганыбыз маанилүү.

БИЗДИН ЖАКЫНЫБЫЗ КИМ?

3, 4. а) «Менин жакыным ким?» — деген суроого жооп катары Иса Машаяк кандай мисал айткан? б) Самариялык киши сабалып-тонолгон жүйүткө кантип жардам берген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Өзүн адил эсептеген бир кишинин: «Менин жакыным ким?» — деген суроосуна жооп кылып, Иса Машаяк боорукер самариялык киши жөнүндө мисал айтып берген. (Оку: Лука 10:29—37.) Ал мисалга ылайык, бир жүйүт кишини жолдон  каракчылар тоноп, сабап, чала жан кылып калтырып кетишкен болчу. Ошол жерден ысрайылдык дин кызматчы, андан кийин леби өтөт. Бирок алар ага жакынындай мамиле кылып, жардам бергендин ордуна, четтеп өтүп кетишет. Ал жүйүткө акыры самариялык киши жардам берет. Самариялыктар Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманышчу, бирок алар менен жүйүттөрдүн ортосунда кастык бар болчу (Жкн. 4:9).

4 Самариялык киши сабалып-тонолгон жүйүттүн жарааттарына май менен шарап куюп, таңат да, бир мейманканага алып барат. Анан мейманкананын ээсинен жүйүткө кам көрүп турушун суранып, ага болжол менен эки күндүк эмгек акыны түзгөн эки динар берет (Мт. 20:2). Самариялык кишинин иш-аракетинен жарадар болгон жүйүткө чындап жакынындай мамиле кылганы айкын көрүнгөн. Биз Иса Машаяктын бул мисалынан бардык адамдарга боор ооруй билип, сүйүү менен мамиле кылууга үйрөнөбүз.

Жахабанын кызматчылары жакынына сүйүү көрсөтүүгө дайым даяр (5-абзацты кара)

5. Табигый кырсык болгондо, Жахабанын кызматчылары жакынын сүйөрүн кантип көрсөтүшкөн?

5 Тилекке каршы, бул дүйнөдө самариялык кишиге окшогон боорукер адамдар чанда кездешет. Өзгөчө, азыркы «акыркы күндөрдө» жакындарын сүйбөгөн, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген адамдар абдан көп (2 Тим. 3:1—3). Буга 2012-жылы октябрдын аягында Нью-Йорк шаарын «Сэнди» бороон-чапкыны бүлгүнгө учуратканда болгон окуялар мисал боло алат. Шаардын катуу кыйраган бөлүгүндө электр жарыгы, жылуулук жана башка жашоого зарыл нерселер жок болуп, ансыз деле кыйналып жаткан элдин үйлөрүн кара мүртөз адамдар талап-тоношкон. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү болсо жакынын сүйгөндүктөн бири-бирине жана башкаларга жардам берүү программаларын уюштурушкан. Жакыныбызды сүйөрүбүздү дагы кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?

ЖАКЫНЫБЫЗДЫ СҮЙӨРҮБҮЗДҮ КАНТИП КӨРСӨТӨ АЛАБЫЗ?

6. Кабар айтуу ишинин жакыныбызга сүйүү көрсөтүү менен кандай байланышы бар?

6 Башкаларга рухий жактан жардам бер. Кабар айтуу ишине катышуу менен башкаларга Ыйык Жазмадан сооронуч алууга көмөк кылабыз (Рим. 15:4). Аларга Ыйык Китептеги чындык тууралуу айтып берсек, сүйүү көрсөткөн болобуз (Мт. 24:14). «Үмүттүн булагы болгон Кудайдын» Падышалыгы жөнүндөгү кабарды жарыялоо кандай зор сыймык! (Рим. 15:13).

7. «Алтын эреже» деген эмне жана ага ылайык иш кылсак, кандай бата алабыз?

7 «Алтын эрежеге» ылайык иш кыл. «Алтын эрежени» Иса Машаяк тоодо айткан насаатында берген. Ал: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла. Мыйзамдын да, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн да маңызы ушунда»,— деген (Мт. 7:12). Эгер башкаларга Иса Машаяк кеңеш кылгандай мамиле жасасак, «Мыйзамдын» (Башталыштан Мыйзамды кайталоого чейинки китептердин) жана «пайгамбарлар айткан сөздөрдүн» (Еврей Жазмаларындагы пайгамбарлык китептердин) маани-маңызына ылайык иш кылган болобуз. Ал китептерден башкаларга сүйүү менен мамиле кылгандардын Жахабадан бата алары айкын көрүнүп турат. Алсак, Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу: «Акыйкаттыкка кармангыла, адил иштерди кылгыла... Ушинткен адам... бактылуу»,— деп айткан (Ыш. 56:1, 2). Чынында эле, жакындарыбызга сүйүү көрсөтүп, жакшы мамиле кылсак, Кудайдан бата алабыз.

8. Эмне үчүн бизди жек көргөндөргө да сүйүү менен мамиле кылышыбыз керек жана анын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

8 «Душманыңды» да сүй. «Силер: „Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай дейм: душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди  токтотпогула. Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар»,— деп айткан Иса Машаяк (Мт. 5:43—45). Элчи Пабыл да: «Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр»,— деп жазган (Рим. 12:20; Накыл 25:21). Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, ар бир ысрайылдык аны жек көргөн кишинин эшеги жүгү менен кошо жыгылып калганын көрсө, ага жүктү чечүүгө көмөк кылууга тийиш болчу (Чыг. 23:5). Чогуу иш кылуунун аркасында алар жакын достордон болуп калышы мүмкүн эле. Биздин бир туугандар да аларды жек көргөндөргө сүйүү менен мамиле кылгандыктан, көптөрдүн жүрөгү жумшарып, ою өзгөргөн. Сүйүү көрсөткөнүбүздүн аркасында душмандарыбыздын же бизди ырайымсыздык менен куугунтуктагандардын айрымдары Кудайдын жолуна түшсө, кандай гана кубанабыз!

9. Ишенимдештерибиз менен тынчтыкта болууга байланыштуу Иса пайгамбар эмне деген?

9 «Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга... умтул» (Евр. 12:14). Бул ишенимдештерибиз менен да тынчтыкта болушубуз керектигин билдирет. Себеби Иса пайгамбар: «Курмандык жайына курмандык алып келгениңде, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал»,— деген (Мт. 5:23, 24). Эгер ишенимдештерибизге сүйүү менен мамиле кылып, келишпестик болгондо дароо элдешүүгө аракет кылсак, Жахабадан бата алабыз.

10. Эмне үчүн кыйкымчыл болбошубуз керек?

10 Кыйкымчыл болбо. Иса пайгамбар мындай деп да кеңеш берген: «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла. Себеби башкаларды кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат. Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң? Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: „Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп кантип айтасың? Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салыш керектигин көрөсүң» (Мт. 7:1—5). Бул сөздөр өзүбүздүн оркойгон кемчиликтерибизди көрбөй, башкалардын болор-болбос каталарын сынга алганыбыз туура эмес экенин кандай гана таамай баса белгилеп турат.

 ЖАКЫНЫБЫЗДЫ СҮЙӨРҮБҮЗДҮ КӨРСӨТҮҮНҮН МЫКТЫ ЖОЛУ

11, 12. Жакындарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн мыкты жолу кайсы?

11 Ырас, жакыныбызды сүйөрүбүздү ар кандай жолдор менен көрсөтө алабыз. Бирок Иса Машаяк анын эң мыкты жолу Падышалык жөнүндө кабар айтуу экенин айкын кылган (Лк. 8:1). Ал жолдоочуларына «бардык элдерден шакирт даярдоо» ишин тапшырган (Мт. 28:19, 20). Ал ишке катышуу менен биз жакыныбызга өлүмгө алып бара турган чоң жана кенен жолду таштап, өмүргө алып бара турган кууш жолго түшүүгө жардам беребиз (Мт. 7:13, 14). Жахабанын андай аракетибизге батасын берерине шек жок.

12 Биз, Исага окшоп, башкаларга «рухий муктаждыгын сезүүгө» көмөк кылуудабыз (Мт. 5:3). Эгер кимдир бирөө уккусу келсе, ага «Кудайдын жакшы кабарын» айтып, «рухий муктаждыгын» канааттандырууга жардам беребиз (Рим. 1:1). Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алгандар Иса Машаяк аркылуу Кудай менен элдешип, аны менен дос боло алышат (2 Кор. 5:18, 19). Ооба, жакшы кабарды жарыялоо — жакыныбызды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн эң маанилүү жолу.

13. Падышалыктын жарчысы катары аткарып жаткан ишиңе кандай карайсың?

13 Кайра жолугууларга жана ыйык китептик изилдөөлөргө жакшы даярданып барсак, башкаларга Кудайдын адил нормаларына ылайык жашоого жардам бере алабыз. Анын аркасында алар Кудайга жакпаган иштерин, адаттарын ташташы мүмкүн (1 Кор. 6:9—11). Жахаба Кудайдын «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго» өзгөрүүгө жана өзү менен ынак мамиледе болууга жардам берип жатканын көргөндө жүрөгүбүз козголбой койбойт (Элч. 13:48). Кайгыга чөгүп, жакшылыктан үмүтү жок жүргөн адамдардын көбү Ыйык Китепти изилдегенден кийин жан дүйнөсү кубанычка бөлөнүп, асмандагы Атасына таянганга үйрөнүшөт. Алардын рухий жактан өсүп жатканын көрүү кандай сонун! Падышалыктын жарчылары катары жакыныбызга ушундай жол менен сүйүү көрсөтүү сыймык экенине кошулат чыгарсың.

СҮЙҮҮНҮН ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАН АНЫКТАМАСЫ

14. Сүйүү жөнүндө 1 Корунттуктар 13:4—8-аяттарда жазылгандарды кыскача айтып бер.

14 Жакыныбызга мамиле жасаганда элчи Пабылдын сүйүү жөнүндө жазгандарына ылайык иш кылсак, көп көйгөйлөрдөн кача алабыз, ошондой эле Кудайдан бата алып, бактылуу болобуз. (Оку: 1 Корунттуктар 13:4—8.) Анда эмесе, Пабылдын сүйүү жөнүндө айткандарын жана аларды жакыныбыз менен мамилелешүүдө кантип колдонсок болорун кыскача карап чыгалы.

15. а) Эмне үчүн чыдамкай, боорукер болушубуз керек? б) Көрө албастык кылуудан жана мактануудан эмне себептен качышыбыз керек?

15 «Сүйүү чыдамкай, боорукер». Кудай жеткилең эмес адамдарга чыдамдуулук, боорукердик менен мамиле кылгандай эле, биз да башкалар ката кетиргенде, көңүлүбүздү оорутуп алганда, атүгүл орой мамиле кылганда, чыдамкай, боорукер болушубуз зарыл. «Сүйүү көрө албастык кылбайт», андыктан башкалардын мүлкүнө, буюм-тайымына же жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчиликтерине көз артпашыбыз керек. Андан сырткары, башкаларды чындап сүйсөк, мактанбайбыз жана менменсинбейбиз. Анткени Ыйык Китепте: «Менменсинген көздөр менен текебер жүрөк — ыймансыздардын шамы, бирок күнөө»,— деп жазылган (Накыл 21:4).

16, 17. Канткенде 1 Корунттуктар 13:5, 6да жазылгандарга ылайык иш кылабыз?

16 Сүйүү «адепсиздик кылбайт». Эгер жакыныбызды жакшы көрсөк, аны алдабайбыз, эч нерсесин уурдабайбыз же дагы башка жолдор менен Жахабанын мыйзам-принциптерин бузбайбыз. Сүйүү бизге өзүмчүл болбой, башкалардын кызыкчылыгын көздөөгө да түрткү берет (Флп. 2:4).

 17 Сүйүү «кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт». Кимдир бирөөлөр туура эмес мамиле кылганда, дароо ачууланып кирбешибиз жана андай иштерин каймана мааниде дептерге жазып койбошубуз керек (1 Тес. 5:15). Эгерде кек сактап жүрө берсек, Кудайга жакпайбыз, себеби көкүрөктөгү кек бир күнү от болуп тутанып, өзүбүзгө да, башкаларга да зыян келтирет (Леб. 19:18). «Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат». Ошондуктан бизди жаман көргөн киши адилетсиздикке кабылып, башына мүшкүл түшкөндө, сүйүнбөйбүз. (Оку: Накыл сөздөр 24:17, 18.)

18. 1 Корунттуктар 13:7, 8ден сүйүү жөнүндө эмнелерди билебиз?

18 Пабыл: «Сүйүү баарын көтөрөт»,— деп да жазган. Бизди таарынткан киши кечирим сураганда, сүйүү аны кечирүүгө жардам берет. Сүйүү бизге Ыйык Китепте жазылгандардын «баарына ишенүүгө» жана Кудайдын уюму берип жаткан рухий тамак үчүн ыраазы болууга түрткү берет. Эгер сүйүүбүз күчтүү болсо, Кудайдын убадаларынын «баарына үмүттөнөбүз» жана ал үмүтүбүз тууралуу башкаларга да айтабыз (1 Пет. 3:15). Ошондой эле кыйын учурларда жакшылыктан үмүт үзбөй, дайыма тиленебиз. Жаман мамилеге, куугунтукка жана башка сыноолорго кабылганда «баарына чыдайбыз». Андан тышкары, «сүйүү эч качан жок болбойт». Анткени Кудайдын ишенимдүү кызматчылары ал сапатты түбөлүктөн түбөлүккө чагылдыра беришет.

МЫНДАН АРЫ ДА ЖАКЫНЫҢДЫ ӨЗҮҢДҮ СҮЙГӨНДӨЙ СҮЙӨ БЕР

19, 20. Ыйык Китептеги кайсы кеңештер жакыныбызды мындан ары да сүйө берүүгө түрткү берет?

19 Ыйык Китептеги ушул кеңештер жакыныбызды мындан ары да сүйүүгө жардам берет. Биз өзүбүздүн улутубуздагыларды эле эмес, баарын сүйүшүбүз керек. Ошондой эле Иса Машаяктын: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген сөздөрүн ар дайым эстеп жүргөнүбүз маанилүү (Мт. 22:39). Кудай да, Машаяк да жакыныбызды сүйүшүбүздү каалайт. Эгер кимдир бирөөгө сүйүү көрсөтүү кыйын болуп жатса, Кудайдан ыйык руху менен жардам беришин сурасак болот. Ошентсек, анын батасына ээ болобуз жана сүйүү менен иш кылабыз (Рим. 8:26, 27).

20 «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген буйрук Ыйык Китепте «падыша мыйзамы» деп аталат (Жкп. 2:8). Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдагы айрым осуяттарды айтып өткөн соң элчи Пабыл: «Осуяттардын баары: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“,— деген осуят менен жыйынтыкталат. Сүйүү жакынына жамандык кылбайт. Ошондуктан сүйүү — мыйзамдын аткарылышы»,— деп айткан (Рим. 13:8—10). Андыктан мындан ары да жакыныбызды сүйө бергенибиз абзел.

21, 22. Эмне үчүн Жахабаны жана жакыныбызды сүйүшүбүз керек?

21 Иса Машаяк Атасынын «күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырарын» айтып, жакыныбызга кимдер кирерин айкыныраак түшүнүүгө жардам берген (Мт. 5:43—45). Демек, биз жакшы адамдарга да, жаман адамдарга да жакыныбыздай мамиле кылышыбыз керек. Жогоруда айтылгандай, аларга сүйүү көрсөтүүнүн эң маанилүү жолу — Падышалык жөнүндө кабар айтуу. Эгер жакыныбыз айткан кабарыбызды чын жүрөктөн кабыл алса, анын келечекте эмне деген баталарды аларын ойлоп көрсөң!

22 Биз Жахабаны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз менен сүйүүгө көптөгөн себептер бар экенин, ошондой эле жакыныбызды сүйөрүбүздү кандай жолдор менен көрсөтсөк болорун билдик. Жахабаны жана жакыныбызды сүйсөк, Иса Машаяк айткан эки маанилүү осуятты аткарып жатканыбызды айгинелейбиз. Андан да маанилүүсү, асмандагы мээримдүү Атабыз Жахабанын жүрөгүн кубантабыз.