Силер «дин кызматчылардын падышалыгы» болосуңар
«Силер мага таандык дин кызматчылардын падышалыгы, ыйык эл болосуңар» (ЧЫГ. 19:6).
1, 2. Аялдын тукумун коргоо эмне үчүн зарыл болгон?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ жазылган алгачкы пайгамбарлык Жахабанын ой-ниетинин кантип аткарыларын түшүнүүгө чоң жардам берет. Жахаба Эйденде убада бергенде Шайтанга: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, сенин тукумуң менен анын тукумунун ортосуна кастык коём»,— деп айткан. Ал кастык канчалык күчтүү болмок? «[Аялдын тукуму] сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деген Жахаба (Башт. 3:15). Кастык ушунчалык күч алып, Шайтан аялдын тукумун жок кылууга бүт күчүн жумшамак.
2 Ошондуктан забурчунун Кудайга жалынып, анын тандап алган эли жөнүндө: «Мына, душмандарың дүрбөп, сени жек көргөндөр баш көтөрүштү. Алар сенин элиңе каршы амал издеп, өзүң коргоп жүргөндөргө каршы кеңешишти. „Барып,.. элин кырып салалы...“ — дешти»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (Заб. 83:2—4). Шайтан тукум чыга турган элди жок кылууну же аны башка элдер менен аралаштырып салууну көздөгөн. Бирок Жахаба тукумду коргоо үчүн жана ой-ниетин аткарыш үчүн чара көргөн.
ТУКУМДУ КОРГОГОН КЕЛИШИМ
3, 4. а) Мыйзам келишими качан күчүнө кирген жана ысрайыл эли эмне кылууга макул болгон? б) Мыйзам келишими Ыбрайым пайгамбардын урпактарын эмнеден коргогон?
3 Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын урпактары миллиондоп саналып калганда, Жахаба аларды эл кылып уюштурган. Ошондой эле Муса пайгамбар аркылуу алар менен өзгөчө келишим түзүп, Мыйзам берген. Ысрайыл эли келишимдин талаптарын аткарууга макул болгон. Бул тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «[Муса] келишим китебин алып, элге окуп берди. Эл: „Жахаба айткандын баарын аткарабыз, анын тилин алабыз“,— деди. Муса канды [курмандыкка чалынган букалардын канын] алып, элге чачыратты да: „Бул кан — Жахаба силер менен ушул сөздөрдүн негизинде түзгөн келишимдин каны“,— деди» (Чыг. 24:3—8).
4 Мыйзам келишими б.з.ч. 1513-жылы Синай тоосунда күчүнө кирген. Ал келишимдин аркасында Кудай байыркы ысрайылдыктарды өзүнүн эли катары тандап алган жана алардын Соту, Мыйзам чыгаруучусу, Падышасы болуп калган (Ыш. 33:22). Ысрайылдыктардын тарыхынан алар Кудайдын адил мыйзам-принциптерин аткарганда натыйжасы кандай болгону, ал эми аткарбаганда кандай болгону көрүнүп турат. Мыйзам бөтөн элдер менен кыз алышып, кыз беришүүгө жана жалган сыйынууга аралашууга тыюу салгандыктан, Ыбрайым пайгамбардын урпактарын башка элдер менен аралашып, булганып калуудан коргогон (Чыг. 20:4—6; 34:12—16).
5. а) Мыйзам келишиминин аркасында ысрайыл эли кандай сыймыкка ээ болгон? б) Кудай эмне үчүн ысрайыл элин четке каккан?
5 Мыйзам келишиминин аркасында ысрайыл элине дин кызматчылар да дайындалган. Алардын кызматы келечекте адамзатка эң сонун жол менен кызмат кыла турган башка дин кызматчылардын тобу болорун көрсөтүп турган (Евр. 7:11; 10:1). Ысрайыл эли ошол келишим аркылуу өзгөчө сыймыкка — «дин кызматчылардын падышалыгы» болуу мүмкүнчүлүгүнө — ээ болгон. Ан үчүн алар Жахабанын мыйзамдарын аткарышы керек болчу. (Оку: Чыгуу 19:5, 6.) Тилекке каршы, алар баш ийбестик кылышкан. Атүгүл Ыбрайым пайгамбардын тукумунун негизги бөлүгү болгон Машаякты четке кагышкан. Ошол себептен Кудай да аларды четке каккан.
6. Мыйзамдын максаты кандай болгон?
6 Жахабага ишенимдүүлүгүн сактабаганы үчүн ысрайыл эли дин кызматчылардын падышалыгы болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калган. Бирок бул Мыйзамда кандайдыр бир кемтик болгонун билдирбейт. Мыйзам тукумду коргоп, элге Машаяктын ким экенин аныктоого жардам берген. Машаяк жерге келип, анын ким экени айкын болгондо, Мыйзам өзүнүн ролун аткарып бүткөн. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Мыйзам Машаяк аркылуу аяктаган»,— деп айтылган (Рим. 10:4). Андай болсо, дин кызматчылардын падышалыгын кимдер түзмөк? Жахаба жаңы элди уюштуруу үчүн башка келишим түзгөн.
ЖАҢЫ ЭЛДИН УЮШУЛУШУ
7. Жахаба Жеремия пайгамбар аркылуу эмнени алдын ала айткан?
7 Мыйзам келишими күчүн жоготордон бир топ убакыт мурун Жахаба Жеремия пайгамбар аркылуу ысрайыл эли менен «жаңы келишим» түзөрүн айткан. (Оку: Жеремия 31:31—33.) Ал келишим Мыйзам келишиминен айырмаланмак, себеби анын аркасында малдан чалынган курмандыктарсыз эле күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылмак. Бул кандайча мүмкүн болот эле?
8, 9. а) Исанын төгүлгөн канынын аркасында эмнелерге жол ачылган? б) Жаңы келишимге киргендер кандай мүмкүнчүлүккө ээ болушат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)
8 Кылымдар өткөндөн кийин Иса Машаяк б.з. 33-жылы 14-нисанда Эскерүү кечесин негиздеген. Ошол кечте ал чөйчөктү алып, 11 ишенимдүү элчисине: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген (Лк. 22:20). Анын ушул сөздөрү Матай жазган Инжилде: «Бул көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлө турган канымды, „келишимдин канын“, билдирет»,— деп берилген (Мт. 26:27, 28).
9 Исанын төгүлгөн каны аркылуу жаңы келишим күчүнө кирген. Ошондой эле күнөөлөрүбүздүн биротоло кечирилишине жол ачылган. Иса Машаяк өзү жаңы келишимдин катышуучусу болгон эмес. Жеткилең болгондуктан ал күнөөлөрдүн кечирилишине муктаж эмес болчу. Бирок Кудай анын төгүлгөн канынын баасын Адам атанын урпактарынын пайдасына колдоно алмак. Андан тышкары, өзүнө берилген адамдардын айрымдарын ыйык рух менен майлап, «уулдары катары асырап алмак». (Оку: Римдиктер 8:14—17.) Жахаба аларды өзүнүн Уулундай күнөөсүз деп эсептейт. Майлангандар «Машаяк менен мурасташ» болуп, байыркы ысрайыл эли айрылып калган сыймыкка, «дин кызматчылардын падышалыгы» болуу мүмкүнчүлүгүнө, ээ болушат. «Машаяк менен мурасташ» боло тургандар жөнүндө элчи Петир: «Силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларсыңар, ыйык элсиңер, Кудайдын өзгөчө элисиңер“. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш“ үчүн тандалгансыңар»,— деп жазган (1 Пет. 2:9). Ооба, жаңы келишим зор мааниге ээ! Анын аркасында Машаяктын шакирттеринин Ыбрайым пайгамбардын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгү болушуна шарт түзүлгөн.
ЖАҢЫ КЕЛИШИМДИН КҮЧҮНӨ КИРИШИ
10. Жаңы келишим качан күчүнө кирген жана эмне үчүн ага чейин күчүнө кирген эмес?
10 Жаңы келишим качан күчүнө кирген? Ал Иса Машаяк Эскерүү кечесин негиздеген түнү күчүнө кирген эмес. Жаңы келишим күчүнө кириш үчүн, Исанын каны төгүлүп, анын баасы асманда Жахабага тартуу кылынышы керек болчу. Андан сырткары, «Машаяк менен мурасташ» боло тургандарга ыйык рух берилиши керек эле. Демек, жаңы келишим б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Машаяктын ишенимдүү шакирттери ыйык рух менен майланганда күчүнө кирген.
11. Жаңы келишимдин аркасында кандайча жүйүттөргө да, башка улуттагыларга да рухий Ысрайылдын мүчөсү болууга жол ачылган жана ал келишимге киргендердин саны канча?
11 Жахаба Жеремия пайгамбар аркылуу Ысрайыл менен жаңы келишим түзөрүн айтканда, Мыйзам келишиминин акыр-аягы «эскирери» айкын болгон. Бирок жаңы келишим күчүнө киргенге чейин ал жок болмок эмес (Евр. 8:13). Жаңы келишим күчүнө киргенде, Жахабага кызмат кылган жүйүттөр менен сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы адамдар анын алдында бирдей болуп калмак, анткени «чыныгы сүннөт — бул жазуу түрүндөгү мыйзамдар аркылуу эмес, рух аркылуу жүрөккө жасалган сүннөт» (Рим. 2:29). Кудай мыйзамдарын «алардын акылына салып, жүрөгүнө жазмак» (Евр. 8:10). Жаңы келишимге киргендердин саны 144 000 болот. Алар «Кудайдын Ысрайылы», башкача айтканда, рухий Ысрайыл деп аталган жаңы элди түзүшөт (Гал. 6:16; Аян 14:1, 4).
12. Мыйзам келишими менен жаңы келишимдин ортосунда кандай айырмачылыктар бар?
12 Мыйзам келишими менен жаңы келишимдин ортосунда кандай айырмачылыктар бар? Мыйзам келишими Жахаба менен ысрайыл элинин ортосунда түзүлгөн. Ал эми жаңы келишим Жахаба менен рухий Ысрайылдын ортосунда түзүлгөн. Мурунку келишимдин арачысы Муса пайгамбар болсо, жаңы келишимдин арачысы Иса Машаяк болгон. Мыйзам келишими малдын каны аркылуу, жаңы келишим Исанын төгүлгөн каны аркылуу күчүнө кирген. Мыйзам келишиминин негизинде уюшулган ысрайыл элинин жол башчысы Муса пайгамбар болсо, жаңы келишимге киргендердин башчысы — Иса Машаяк (Эф. 1:22).
13, 14. а) Жаңы келишимдин асман Падышалыгы менен кандай байланышы бар? б) Рухий Ысрайыл асманда Машаяк менен бирге бийлик кыла алышы үчүн эмне зарыл болгон?
13 Жаңы келишимдин асман Падышалыгы менен кандай байланышы бар? Ал келишимдин аркасында ошол Падышалыкта падыша жана дин кызматчы боло турган ыйык эл жаралган. Ал эл Ыбрайым пайгамбардын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзөт (Гал. 3:29). Ошентип, жаңы келишим Ыбрайым менен түзүлгөн келишимди бышыктаган.
14 Жаңы келишим рухий Ысрайылдын жаралышына өбөлгө түзүп, анын мүчөлөрүнө «Машаяк менен мурасташ» болууга жол ачкан. Бирок майлангандар асманда Машаяк менен бирге падыша жана дин кызматчы болуп кызмат кыла алышы үчүн дагы бир келишим зарыл болгон.
БАШКАЛАРГА МАШАЯК МЕНЕН БИРГЕ БАШКАРУУГА ЖОЛ АЧКАН КЕЛИШИМ
15. Машаяк ишенимдүү шакирттери менен кандай келишим түзгөн?
15 Эскерүү кечесин негиздегенден кийин Иса Машаяк ишенимдүү шакирттери менен Падышалык келишимин түзгөн. (Оку: Лука 22:28—30.) Башка келишимдерден айырмаланып, Падышалык келишимине Жахаба катышкан эмес. Ал Машаяк менен анын майланган жолдоочуларынын ортосунда түзүлгөн. «Атам мени менен Падышалык келишимин түзгөндөй...» — деп, Иса өзү менен Атасынын ортосундагы «түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу дин кызматчы» болуш үчүн түзүлгөн келишим жөнүндө айтса керек (Евр. 5:5, 6).
16. Падышалык келишими эмнеге негиз салган?
16 Мырзасы сыноолорго кабылганда, 11 ишенимдүү элчи дайыма анын жанында болгон. Падышалык келишими алардын аны менен бирге асманда тактыларга отуруп, падыша жана дин кызматчы болуп кызмат кылышарына кепилдик берген. Бирок андай сыймыкка 11 элчи гана ээ болмок эмес. Иса Машаяк элчи Жаканга аян аркылуу: «Жеңүүчүнү өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам, анткени мен да жеңип чыгып, Атам менен бирге анын тактысына отурдум»,— деп айткан (Аян 3:21). Падышалык келишими Машаяктын 144 000 майланган жолдоочусу менен түзүлгөн (Аян 5:9, 10; 7:4). Ал алардын Машаяк менен бирге асманда мыйзамдуу түрдө бийлик жүргүзүшүнө негиз салган. Бул тектүү үй-бүлөдөн болгон кыздын падыша менен баш кошуп, аны менен чогуу бийлик жүргүзгөнүнө окшош. Ыйык Китепте майлангандардын Машаяктын «колуктусу», аны менен баш кошууга убадалашкан «кыз», экени айтылат (Аян 19:7, 8; 21:9; 2 Кор. 11:2).
КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫНА БЕКЕМ ИШЕН
17, 18. а) Ушул эки макалада талкууланган жана Падышалыкка байланышы бар алты келишим тууралуу кыскача айтып бер. б) Падышалыкка эмне үчүн бекем ишенсек болот?
17 Ушул жана мурунку макалада талкууланган келишимдердин ар биринин кайсы бир жагынан Падышалык менен байланышы бар. («Кудай ой-ниетин кантип аткарат?» деген кутучаны кара.) Бул Машаяк башкарган Падышалыктын толугу менен мыйзамдуу экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан биз Кудайдын өзүнүн жерге жана адамзатка байланышкан ой-ниетин аткарууда аны колдоноруна бекем ишенсек болот (Аян 11:15).
18 Кудайдын Падышалыгы аткарган иштердин адамзатка түбөлүккө пайда алып келерине кымындай да шек жок. Адамзаттын көйгөйлөрүн жалгыз гана ошол Падышалык биротоло чече аларына бекем ишенгендиктен, келгиле, мындан ары да ал тууралуу башкаларга ынталуулук менен айта берели! (Мт. 24:14).