Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Оор күндөрдө» Жахабага кызмат кылуу

«Оор күндөрдө» Жахабага кызмат кылуу

«ДЕН СООЛУГУМ барган сайын начарлап баратат»,— деп кейийт 70тен ашып калган Эрнст аттуу бир тууган *. Силер жөнүндө эмне айтууга болот? Эгер жашыңар өр тартып, ден соолугуңар начарлап, алдан-күчтөн тайып баратсаңар, Насаатчы китебинин 12-бөлүмүндө жазылган сөздөрдү жакшы түшүнөт болушуңар керек. Ал бөлүмдүн 1-аятында карылыктын күндөрү «оор күндөр» деп сыпатталган. Бирок бул калган өмүрүңөрдүн баары азап-кайгы менен өтөрүн билдирбейт. Силер мындан ары да Жахабага кубанычтуу кызмат кылып, жашоодон ырахат ала аласыңар.

ИШЕНИМИҢЕРДИ БЕКЕМ САКТАГЫЛА

Чачын буурул баскан урматтуу бир туугандарыбыз, силер жалгыз эмессиңер. Жахабанын байыркы убактагы кары кызматчылары да силердикиндей кыйынчылыктарга туш болушкан. Алсак, Ыскак, Жакып жана Ахия пайгамбарлардын көздөрүнүн курчу кетип, көрбөй калышкан (Башт. 27:1; 48:10; 1 Пад. 14:4). Дөөтү падыша такыр жылыбай, «үшүй берген» (1 Пад. 1:1). Барзелай ичкен-жегенинин даамын билбей, ырчылардын мукамдуу үнүн уга албай калган (2 Шем. 19:32—35). Ал эми Ыбрайым пайгамбар жана Наами өмүрлүк жарынан ажырап, күйүт тартышкан (Башт. 23:1, 2; Рут 1:3, 12).

Кубанычын жоготпой, Жахабага берилгендик менен кызмат кылууга алардын ар бирине эмне жардам берген? Ыбрайым пайгамбар Кудайдын убадасынын аткарыларына эч шектенбей, «ишеними аркылуу бекемделген» (Рим. 4:19, 20). Бизге да ошондой бекем ишеним керек. Андай ишенимди, жашыбыз канчада болбосун, жөндөмдүүлүктөрүбүз жана жагдай-шартыбыз кандай болбосун, ар бирибиз өрчүтө алабыз. Жакып пайгамбар да каруусунан күч, көзүнөн нур кетип, төшөктө жатып калганда да Кудайдын убадаларына бекем ишенген (Башт. 48:1—4, 10; Евр. 11:21). 93 жаштагы Инес деген апа булчуңдарынын алсырашынан улам кыйналып келатканына карабай: «Жахабанын батасын мол берип жатканын күн сайын сезем. Күнүгө бейиш тууралуу ойлоном. Бул мага үмүт берет»,— дейт. Ал биз үчүн кандай сонун үлгү!

Ишенимибизди чыңдаш үчүн үзгүлтүксүз тиленгенибиз, Кудайдын Сөзүн изилдегенибиз, жыйналышка катышканыбыз абзел. Жашы өр тартып калган Даниел пайгамбар да күнүнө үч маал тиленчү жана Кудайдын Сөзүн ар дайым изилдечү (Дан. 6:10; 9:2). Улгайып калган Анна деген жесир аял болсо «дайыма ибадатканада жүрчү» (Лк. 2:36, 37). Мүмкүнчүлүгүңөргө жараша жыйналышка барып, колуңардан келишинче программага катышсаңар, өзүңөр сергигенден тышкары, башкаларды да бекемдейсиңер. Ошондой эле көп нерселерди кыла албай калсаңар да, тиленүүңөр Жахабага абдан жагымдуу экенин унутпагыла (Накыл 15:8).

Башкаларды бекемдегиле

Баарыңар эле адабияттарды өз алдынча окууну, жыйналыш жолугушууларын калтырбай барууну каалаарыңар шексиз. Бирок бул барган сайын кыйындап, атүгүл мүмкүн эместей сезилип бараткандыр. Ошондой болсо, эмне кылсаңар болот? Жагдай-шартыңар жол берген ыкмаларды колдонгула. Маселен, жыйналышка бара албаган көптөгөн бир туугандарыбыз жолугушууларды телефон аркылуу угушат. Көзү жакшы көрбөгөн 79 жаштагы Инге деген апа жолугушууларга ишенимдеши компьютерден чыгарып берген чоң ариптеги тексттерди колдонуп даярданат.

Силерде башкаларга жетишсиз болгон баалуу нерсе — убакыт — бар. Андыктан убактыңарды Ыйык Китептин, адабияттардын, баяндамалардын жаздырууларын жана аудиодрамаларды угууга жумшагыла. Ошондой эле ишенимдештериңерге телефон чалып, кызыктуу ойлор менен бөлүшүп, бири-бириңерди бекемдегиле (Рим. 1:11, 12).

КУДАЙГА ЖИГЕРДҮҮ КЫЗМАТ КЫЛА БЕРГИЛЕ

Кабар айткыла

«Мурункудай күүлүү-күчтүү болбой калган аябай жаман экен»,— деп кайгырат 85тердеги Криста деген апа. Андай бир туугандарга кубанычын сактоого эмне жардам берет? «Кыла албай калган нерселериң жөнүндө эле ойлоно бербей, кылып жаткан нерселериңен кубаныч алып, оң маанай сакта»,— дейт 75 жаштагы Питер деген ата.

Балким, кандай жолдор менен кабар айтсаңар болорун ойлонуп көрөттүрсүңөр. Хайди бир тууган мурункудай үймө-үй кыдыра албайт. Анткен менен ал 80ден ашып калганда компьютерден жазганды үйрөнүп, кат аркылуу кабар айтууда. Айрымдар сейил бактарда же аялдамаларда отуруп алып кабар айтышат. Карылар үйүндө жашагандар болсо ошол жакты «аймак» кылып алып, өздөрүнө кам көргөн медицина кызматкерлерине, башка карыларга күбөлөндүрүшөт.

Меймандос болгула

Дөөтү падыша бир топ жашка келип калганда да чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдогон. Ал ибадаткананы курууга көп каражат тартуулап, аны кура тургандарды даярдаган (1 Жылн. 28:11—29:5). Силер да дүйнө жүзү боюнча Кудайдын уюмунда кандай иштер аткарылып жатканына дит коюп, аларга кантип салым кошо аларыңар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр болот. Мүмкүн, жыйналышыңардагы пионерлерди, жарчыларды жылуу сөз айтып, чакан белек берип же дагы башка жолдор менен бекемдейттирсиңер. Ошондой эле жаштар, үй-бүлөлөр, толук убактагы кызматчылар, ооруп жаткандар, чоң жоопкерчиликтерди аркалаган бир туугандар үчүн тиленсеңер болот.

Өзүңөр да, кызматыңар да абдан баалуу экенине шектенбегиле. Жахаба Атабыз силерди эч качан таштабайт (Заб. 71:9). Ал силерди сүйөт жана кам көрөт. Жакында сонун заман болот. Ошондо нечендеген жылдарды карытсак да, карылыктын азабын тартпайбыз. Тескерисинче, жылдан-жылга күчкө толуп, ден соолугубуз чың болуп, мээримдүү Кудайыбызга түбөлүккө кызмат кылабыз!

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.