Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаанадан эмнеге үйрөнө алабыз?

Жаанадан эмнеге үйрөнө алабыз?

КӨПТӨР Исанын 12 элчиси болгонун билишет. Бирок алар анын шакирттеринин арасында аялдар да болгонун билбеши мүмкүн. Ошол аялдардын бири Жаана болчу (Мт. 27:55; Лк. 8:3).

Ал Иса Машаяктын кызматын кантип колдогон жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

ЖААНА КИМ БОЛГОН?

Жаана Ирод Антиппанын «үй башкаруучусу Хузанын аялы» болгон. Иса аны да оорусунан айыктырган болчу. Ал башка аялдар менен бирге Исаны, ошондой эле анын элчилерин коштоп жүргөн (Лк. 8:1—3).

Жүйүт раввиндери аялдар эркектерди коштоп жүрмөк турсун, тууганы болбосо, алар менен такыр мамилелешпеши керек деп окутушчу. Андыктан жүйүт эркектер аялдар менен көп сүйлөшчү эмес. Коомдо калыптанган ошондой көз караштан коркпой, Иса Жаана менен башка ишенимдүү аялдарга өзүн коштоп жүрүүгө жол берген.

Эл-журт, анын ичинде жакындары сөз кылып, сындай турганын билсе да, Жаана Иса пайгамбар жана анын шакирттери менен мамилелешүүдөн корккон эмес. Исаны коштоп жүрүүнү чечкендердин баарына күнүмдүк турмушунда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү кылууга туура келген. Бирок Иса андай жолдоочулары тууралуу: «Менин энем жана бир туугандарым — Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар»,— деп айткан (Лк. 8:19—21; 18:28—30). Ооба, Иса анын жолун жолдош үчүн курмандыкка баргандарды бир туугандарындай көрөт. Бул сени бекемдебейби?

АЛ КАРАЖАТЫН КЫЗМАТКА ЖУМШАГАН

Жаана жана башка көптөгөн аялдар өздөрүнүн каражатын Иса менен анын 12 элчисине кызмат кылууга жумшашкан (Лк. 8:3). Бир жазуучу: «Лука өзүнүн окурмандарына ал аялдардын тамак жасаганын, идиш жууганын жана кийим-кече жамаганын жазган эмес. Балким, алар ошондой иштерди кылышкандыр,.. бирок Лука бул тууралуу айткан эмес»,— деген. Кандай болбосун, ал аялдар Мырзасы менен ишенимдештерине акчасы, буюм-тайымдары же мүлкү менен колдоо көрсөтүшкөнү шексиз.

Иса менен шакирттери кабар айтып, жер-жерлерди кыдырып жүргөндө эч кандай жумушта иштешкен эмес. Ошондуктан 20дай кишиден турган ал топтун тамак-ашка жана башка муктаждыктарына кеткен чыгымдарын жабууга акча-каражаты жок болгон көрүнөт. Эл негизинен меймандос болсо да, алар «акча салынган кутуну» ала жүрүшкөн. Мындан алар башкалардын дайыма эле меймандостук көрсөтө бербей турганын түшүнүшкөн деп жыйынтык чыгарууга болот (Жкн. 12:6; 13:28, 29). Жаана жана башка аялдар алардын чыгымдарын жабыш үчүн тартуу кылып турушса керек.

Айрымдар: «Жүйүт аялда кайдан акча болмок эле?» — деп ойлошот. Анткен менен байыркы убактагы кээ бир эмгектерде жүйүт аялдар да ар кандай жолдор менен акча-каражатка ээ боло алмактыгы айтылат. Алсак, айрымдарына кимдир бирөө кайсы бир мүлкүн белек кылышы, уул көрбөй өткөн атасынан мурас тийиши, каза болгон же ажырашкан күйөөсүнүн мүлкү же акча-каражаты өтүшү мүмкүн болчу. Башкалары болсо өздөрү иштеп табышы ыктымал эле.

Албетте, Исанын жолдоочулары колунан келген нерселерди тартуу кылышкан. Алардын арасында бай аялдар да болсо керек. Жаананын күйөөсү Ироддун үй башкаруучусу болгондуктан, айрымдар аны колунда бар аял болгон деп ырасташат. Исага башынан аягына чейин токулган кымбат баалуу кийимди ага окшогон бай аялдар гана тартуу кыла алмак. Бир жазуучу айткандай, андай нерсени «балыкчылардын аялдары бере алмак эмес» (Жкн. 19:23, 24).

Ыйык Китепте Жаананын акча тартуу кылганы жөнүндө так айтылбайт. Кандай болбосун, ал колунан келгенди кылган. Муну менен ал бизге жакшы үлгү калтырган. Падышалыктын иштерин колдоо үчүн эмне тартуу кылабыз же дегеле тартуу кылабызбы, аны өзүбүз чечебиз. Эң негизгиси, Кудай колубуздан келген нерсени кубаныч менен кылышыбызды каалайт (Мт. 6:33; Мр. 14:8; 2 Кор. 9:7).

ИСА ӨЛГӨНДӨ

Иса устунга кадалганда, кыязы, Жаана башка аялдар менен бирге ошол жерде болгон. «Иса Галилеяда жүргөндө, алар аны коштоп, ага кызмат кылып жүрүшчү». Ал жерде «Иса менен бирге Иерусалимге келген дагы башка көптөгөн аялдар» да бар болчу (Мр. 15:41). Мырзасынын сөөгүн устундан түшүрүп, мүрзөгө алып кетишкенде, «Галилеядан келген аялдар да ал жакка барып, мүрзөнү жана сөөктүн кандай коюлганын көрүшкөн». «Анан жыпар жыттуу чөптөр менен майларды даярдап келиш үчүн кайра кетишкен». Ишембиден кийин алар мүрзөгө барып, периштелерди көрүшкөн. Периштелер аларга Исанын тирилгенин айткан. Ошол аялдар, Лука жазгандай, «магдалалык Мариям, Жаана, Жакыптын энеси Мариям» болчу (Лк. 23:55—24:10).

Жаана жана башка ишенимдүү аялдар Мырзасы үчүн колунан келгенди кылышкан

Балким, б.з. 33-жылы Иерусалимде өткөрүлгөн Элүүнчү күн майрамында шакирттердин арасында Исанын апасы менен бир туугандарынан тышкары Жаана да болсо керек (Элч. 1:12—14). Кызыктуусу, анын ысмы Луканын Инжилинде гана жазылат. Айрымдардын ою боюнча, падыша сарайы менен байланышы бар болгондуктан, ал Лукага Ирод Антиппа жөнүндө айрым маалыматтарды айтып берген (Лк. 8:3; 9:7—9; 23:8—12; 24:10).

Ырас, Жаана жөнүндөгү билдирүүдөн көп нерсеге үйрөнө алабыз. Ал Исага колунан келишинче колдоо көрсөткөн. Тартуулаган каражатынын Иса менен анын 12 элчисине жана башка шакирттерге пайдасы тийип жатканын көрүп, ал абдан кубанган чыгар. Жаана Исага оор учурларда да берилгендик менен кызмат кылган. Жахабадан корккон эже-карындаштар андан үлгү алуу менен акылдуу иш кылышат.