Нухтун кемеси чынында эле табылганбы?
Нухтун кемеси чынында эле табылганбы?
ИИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРДҮН Нухтун кемесин издеп жатканы тууралуу анда-санда массалык маалымат каражаттарынан кулагыбыз чалып калат. Коомчулуктун буга болгон кызыгуусу таң калыштуу эмес. Анткени б.з.ч. 2370—2369-жылдары Нух пайгамбарды үй-бүлөсү менен Топон суудан аман алып калган алп кеменин табылышы тарыхтагы улуу археологиялык табылгалардын бири болмок. Бирок окумуштуулар канча аракет кылышпасын, кеме бүгүнкү күнгө чейин табылбай келет. Анткен менен Нухтун кемеси жөнүндө ар кандай ойлор, имиштер айтылууда, бирок ал тууралуу чынында эмнелер белгилүү?
Ыйык Жазмадан Нухтун кемеси: «Арарат тоолорунун үстүнө токтоду»,— дегенди окуйбуз (Башталыш 8:4). Арарат тоо массивине Армения жана Иран өлкөлөрү менен чектеш Түркиянын чыгышындагы эң бийик Арарат тоосу кирет.
Нухтун кемесин издөө максатында экспедиция жүргүзгөндөрдүн айткандарын угуу бүйүрдү кызытат, бирок алардын ырастоолорун факт катары кароого болбойт. Аэрофотоаппараттын жардамы менен тартылган сүрөттөр, чайыр менен капталган жыгачтын сыныктары жана кемени өз көзүм менен көрдүм дегендердин айткандары кемени издеп табууга түрткү берип келет. Анткен менен кемени издөө оңой иштерден эмес. Себеби Нухтун кемеси, окумуштуулардын ою боюнча, Арарат тоосунун боорунда, деңиз деңгээлинен 4 600 метрдей бийиктикте жатат. Анын үстүнө, ошол аймактардагы саясий абалдын курчушунан улам чет элдик экспедиторлорго изилдөө иштерин жүргүзүүгө дайыма эле уруксат бериле бербейт.
Бирок ушуларга карабай Нухтун кемесин табууну каалагандар Арарат тоосуна экспедиция жүргүзүүнү колдоого алышууда. Арарат тоосу жылдын басымдуу бөлүгүндө кар астында жатат. Андыктан окумуштуулар кеменин калдыктары тоодогу кар-муздун астында басылып жатат деп ишенишет. Мына ошол себептүү кемени жайдын аптап күндөрүндө гана көрүүгө жана ага жакын барууга болот деп үмүттөнүшөт.
Бир катар билдирүүлөрдөн улам кемени табууга болгон үмүт жанданууда. Алсак, б.з. 1-кылымында жашаган эврей тарыхчысы Иосиф Флавий мурунку кылымдарда жашаган тарыхчылардын кеменин Арарат тоосунун жогору жагынан көрүнүп турганы жөнүндө айткандарын жазган. Билдирүүлөрдө адамдардын чайыр менен капталган жыгачтын сыныктарын сувенир катары алышканы да айтылат. Флавий кеп кылган тарыхчылардын бири б.з.ч. 3-кылымда жашаган Вавилон тарыхчысы Берос болгон.
Кеме жөнүндө эң эле кызыктуу билдирүү 20-кылымда жашаган армениялык Жорж Хагопиан деген кишинин айткандары болгон. Ал бала кезинде, 1900-жылдары, байкеси менен Нухтун кемесине барганын, атүгүл анын үстүнө чыгып көргөнүн айткан. Хагопиан 1972-жылы кайтыш болгон, бирок анын айткандары азыркыга чейин көптөрдү кызыктырып, кемени табууга ынтызар кылып келет.
Кудайга ишенүү үчүн Нухтун кемесин көрүү маанилүүбү?
Окумуштуулар Нухтун кемесин табышкан же келечекте табышат деп ишенимдүү түрдө айта алабызбы? Балким. Бирок азыр ишенүүгө кандайдыр бир негиздер жок. Анын бир себеби: Ыйык Китепте Нухтун кемесинин Топон
суудан кийин кайсы жерге токтогону так айтылбайт. Анда тек гана кеменин «Арарат тоолоруна» токтогону жазылган.Ошол тоолордун эң бийик чокулары окумуштуулардын жана жаңы ачылыштар менен дүйнөнү дүңгүрөткүсү келгендердин көзүнөн учуп жатканы таң калыштуу эмес. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын кемени деңиз деңгээлинен 5 километрдей бийиктикте жайгашкан Арарат тоосунун бүгүнкү күндө кар-муз баскан эң бийик чокусуна алып келип токтоткону айтылбайт *. Ошондой эле Нухтун үй-бүлөсүнүн кеме токтогондон кийин да анын ичинде бир нече ай жашаганын эске алуу керек (Башталыш 8:4, 5). Андан сырткары, кемеден чыккандан кийин Нухтун үй-бүлөсү жана кемедеги жан-жаныбарлардын баары бийик чокудан, альпинисттердей болуп, жылмышып түшүп жатканы чындыкка коошпогондой сыяктанат. Балким, кеме токтогон жер окумуштуулар элестеткенден жапызыраак болгон, бирок ошол эле учурда, Башталыш 8:4, 5те айтылгандай, жетишерлик бийик болгон. Кеме каякка токтобосун, ошончо кылымдан бери таланып-тонолуп же чирип жок болуп кеткен эмес деп ишенимдүү айта алабызбы?
Изилдөөчүлөрдүн экспедициялардын диний мааниге ээ экенин айткандары кандайдыр бир деңгээлде аша чапкандыкка жатып калар эле. Бир экспедициянын жетектөөчүсү: «Эгер кеме табылса, миллиондогон адамдардын Кудайга болгон ишеними артмак,.. ал эми Кудайга ишенбегендер болсо ишенип калмак»,— деп ырастаган. Ошол жетекчи 2004-жылы өткөрүлгөн пресс-конференцияда кеменин табылышы «тарыхта Исанын тирилүүсүнөн кийинки эле орчундуу окуя болуп кала берерин» айткан. Бирок ал ниет кылган экспедиция жүзөгө ашкан эмес.
Нухтун кемесинин табылышы чынында эле Кудайга ишенгендердин ишенимин арттырып, ишенбегендерди Кудайга ишендиреби? Ыйык Китепте Кудайга ишенүү үчүн сөзсүз эле бир нерсени көз менен көрүп, кол менен кармап көрүүнүн зарылдыгы жок экени айтылат (2 Корунттуктар 5:7). Айрым адамдар өз көзүбүз менен көрмөйүнчө, Ыйык Китепте айтылгандарга ишенбейбиз дешет. Чынында, андай адамдар, толгон-токой далилдер келтирилсе да, Кудайга ишенип калышпайт. Иса пайгамбар андай адамдардын, өлгөндөрдөн бирөө тирилсе да, Ыйык Китепте айтылгандарга ишенбей турганын айткан (Лука 16:31).
Бирок бир чети Кудайга болгон ишеним жеңил ойлуулукка эмес, айкын далилдерге негизделет (Эврейлер 11:1). Ыйык Китепте айтылган Топон суунун чынында эле болгонун тастыктай турган далилдер барбы? Ооба, бар. Иса Машаяк: «Нух кемеге кирген... Анан топон суу каптаган»,— деп айткан (Лука 17:26, 27). Мындан артык күчтүү далил болушу мүмкүн эмес. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот?
Иса жерге келгенге чейин асманда жашаган (Жакан 8:58). Ал кеменин курулуп жатканын көргөн, Топон сууга да күбө болгон. Кандай деп ойлойсуңар, Топон сууну өз көзү менен көргөн Кудайдын Уулунун айткандары салмактуураакпы же кар басып жаткан тоодон жыгачтын сыныктарын таптык деген окумуштуулардын айткандарыбы? Арийне, Исанын айткандары Нухтун кемесинин чынында эле болгонуна талашсыз далил болуп бере алат.
[Шилтемелер]
^ 10-абз. Учурда Арарат тоосу жанар тоо массивине кирет. Ошол жанар тоо 1840-жылдан бери «уктап» жатат. Тоонун бийиктиги 5165 метрге жетет жана жыл бою кар астында жатат.
[29-беттеги сүрөт]
Топон суунун чынында эле болгонуна айкын далилдер барбы?
[30-беттеги сүрөт]
Иса Машаяк: «Нух кемеге кирген... Анан топон суу каптаган»,— деп айткан