Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы Италияда жашаган чыгыш азиялык киши

Байыркы Италияда жашаган чыгыш азиялык киши

Байыркы Италияда жашаган чыгыш азиялык киши

ЧЫГЫШ АЗИЯЛЫК киши мындан 2 000 жыл мурун кандайча Рим империясында жашап калган? 2009-жылы Италиянын түштүгүнөн казылып алынган табылгадан кийин археологдор ушул суроого такалган.

Ал табылга Бари шаарынан батышты көздөй 60 километр алыстыкта жайгашкан Вагнари деген жердеги көрүстөндөн табылган. Ал жерден 75 кишинин сөөгү казылып алынган. Изилдөөлөрдөн улам ошол кишилердин көпчүлүгүнүн жакын жерлерде төрөлгөнү анык болгон. Бирок бир кишинин сөөгү окумуштууларды өзгөчө таң калтырган. Анын митохондриялык ДНКсын текшеришкенде энеси чыгыш азиялык экени аныкталган *. Окумуштуулар ал сөөктөрдүн калдыгы б.з. 1 же 2-кылымына таандык экенин билдиришкен. Алардын билдирүүсүнө ылайык, «бул байыркы Рим империясынын аймагынан чыгыш азиялык кишинин сөөгүнүн биринчи жолу табылышы». Ал ким болгон?

Ошол эле билдирүүдө: «Бир караганда, ал киши Кытайдан Римге жибек ташыган соодагерлердин бири болгон деп ойлоо туурадай сезилет»,— делет. Бирок, изилдөөчүлөрдүн айтымында, Кытайдан Италияга чейинки 8 000 километр жолду башынан аягына чейин бир киши басып өтчү эмес, жибек бир нече колдон өтүп, ортомчулар аркылуу жеткирилчү.

Ал эми сөөктөр табылган жер жөнүндө эмне дешке болот? Байыркы убакта Вагнари императорго тиешелүү жер болгон жана ал жерде темир эритилип, карапа буюмдар жасалчу. Ал жерде иштегендердин көбү кулдар болушкан жана азиялык киши да кул болгон көрүнөт. Ал кишинин көмүлгөнүнөн анын кедей болгону көрүнүп турат. Аны менен кошо көмүлгөн буюмдарынын ушул күнгө чейин чирип жок болуп кетпей сакталып калгандарын чогултканда бир эле чуңкур идишке баткан жана анын баш жагынан дагы бир кишинин сөөгү табылган.

Бул табылга бизди эмне үчүн кызыктырат? Б.з. 1-кылымында Кудай жөнүндөгү жакшы кабардын таралышы байыркы убактагы адамдардын канчалык алыс жерлерге саякат жасаганынан көз каранды болгон. Ыйык Китептеги билдирүүгө ылайык, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин Кудай жөнүндөгү кабарды Иерусалимге алыскы жерден келген адамдар угушкан жана уккандарын өз өлкөлөрүнө таратышкан (Элчилер 2:1—12, 37—41). Римде табылган азиялык кишинин сөөгүнөн ошол убактарда адамдар Чыгыш Азиядан Жер ортолук деңизге чейин саякат кылышкан деп айтууга болот *.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Митохондриялык ДНКнын анализи кишинин атасы тарабына байланыштуу маалымат бере албайт.

^ 6-абз. Бул ошондой эле батыш өлкөлөрүндө жашагандардын Чыгыш Азияга чейин саякаттаганын айгинелеп турат. «Күзөт мунарасынын» 2009-жылдын 1-январындагы санына чыккан «Миссионерлер чыгыш өлкөлөрүнүн кайсы жерине чейин барышкан?» деген макаланы карагыла, ор.

[29-беттеги карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

РИМ

Вагнари

Жер ортолук деңиз

ЧЫГЫШ АЗИЯ

ТЫНЧ ОКЕАН

[29-беттеги сүрөт]

Байыркы Римден табылган азиялык кишинин сөөгү

[Булак жөнүндө маалымат]

© Su concessione del Ministero per i Beni e le Attività Culturali - Direzione Regionale per i Beni Culturali e Paesaggistici della Puglia - Soprintendenza per i Beni Archeologici della Puglia