Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай сага чындап эле кам көрөбү?

Кудай сага чындап эле кам көрөбү?

Кудай сага чындап эле кам көрөбү?

БАШКАЛАРДЫН сени жакшы көрөрүн сезесиңби? Же кээде эч ким сага кам көрбөгөндөй сезилеби? Адамдар өзүн эле ойлогон азыркы кымгуут заманда «менин кимге керегим бар» деген ойго бат эле алдырып коюшубуз мүмкүн. Ыйык Китептеги биздин күндөр жөнүндөгү пайгамбарлыкта айтылгандай эле, адамдар азыр эч кимди ойлобой өзүмчүл болуп баратышат (2 Тиметей 3:1, 2).

Жаш-курагыбызга, маданиятыбызга, тилибизге, расабызга карабай, баарыбыз тең сүйүүгө муктажбыз. Биз башкаларды жакшы көрүүнү жана башкалардын да бизди жакшы көрүшүн каалайбыз. Бир билдирүүгө ылайык, адамдын нерв системасы сүйүүнү жана назиктикти сезгидей болуп жаратылган. Бизди Жахаба Кудай жараткандыктан, башкалардын бизди жакшы көрүшүн, баалашын каалаарыбызды ал гана эң сонун түшүнөт. Эгер ал сени жогору баалаарына ынандырса, өзүңдү кандай сезет элең? Андай сөздөрдү укканда төбөң көккө жете кубанмак болушуң керек. Жахаба Кудай жеткилең эмес адамдарга чындап көңүл бурабы? Ал жеке ар бирибизге кам көрөбү? Эгер ошондой болсо, анда канткенде анын жактыруусуна ээ боло алабыз?

Жахаба Кудай кам көрүүдө

Мындан 3 000 жылдай мурун Кудайдан корккон забурчу жылдыздарга толгон асманга суктана карап, кастарлоо сезимине чулганган. Анын ушундай сан жеткис жылдыздарды жараткан Кудайдын кудурети күчтүү экени тууралуу ойлонгону шексиз. Забурчу Жахаба Кудайдын улуулугуна салыштырганда адамдар эч нерсеге арзыбай турганы жөнүндө ой жүгүртүп: «Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп: „Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?“ — деп ойлойм»,— деген (Забур 8:4, 5). Биз оңой эле: «Эң Жогорку Кудай адамдардан ушунчалык алыс, анын биз менен иши жок. Ал бизге, жеткилең эмес адамдарга, назарын салбайт»,— деп жыйынтык чыгарып коюшубуз мүмкүн. Бирок забурчу Кудайдын адамдарды эч нерсеге арзыбаганына, өмүрү зуулдап тез өткөнүнө карабай жогору баалаарын жакшы билген.

Буга шектенбеген дагы бир забурчу: «Теңир Өзүнөн корккондорго, Өзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот»,— деп жазган (Забур 146:11). Ооба, эки забурчу тең жүрөк козгоорлук сөздөрдү айтышкан. Жахаба эң жогорку абалды ээлесе да, адамдарга көз салып эле койбостон, аларга кам көрүп, анын «ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот».

Биздин күндөрдө аткарылып жаткан пайгамбарлык мунун анык экенин баса белгилеп турат. Жахаба Кудай Акай пайгамбар аркылуу Падышалык тууралуу жакшы кабардын бүт дүйнө жүзүнө таратыларын айткан. Анын натыйжасы кандай болмок? Буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп жазылганына көңүл бурсаңар, анда: «Бардык элдердин асыл заттары келет, мен бул үйдү даңкка толтурам»,— делет (Акай 2:7, «ЖД»).

Бардык элдерден чогултула турган «асыл заттар» деген эмнени билдирет? Бул кадимки байлык болушу мүмкүн эмес (Акай 2:8). Анткени алтын да, күмүш да Жахаба Кудайдын жүрөгүн кубанта албайт. Анын жүрөгүн жеткилең эмес болгонуна карабай, аны сүйгөндүктөн кызмат кылган адамдар кубантат (Накыл сөздөр 27:11). Арийне, «асыл заттар» Кудайды даңктаган адамдарды билдирет. Жахаба Кудай ага жүрөгү толук берилген жана ынталуулук менен кызмат кылган адамдарды жогору баалайт. Сен да ошондой адамдардын арасындасыңбы?

Жеткилең эмес адамдардын ааламдын Эгедеринин жактыруусуна ээ болушу, бир караганда, мүмкүн эместей сезилет. Бирок, чынында, бул бизге «Кудайга жакындагыла» деген Ыйык Китепте жазылган чакырыкты кабыл алууга түрткү бериши керек (Ышайа 55:6; Жакып 4:8).

«Сен эң сүйүктүү адамсың»

Даниел пайгамбардын жашы өр тартып калган эле. Бир күнү кечинде тиленип отурганда, ага бирөө келет. Анын аты Жебирейил болчу. Даниел пайгамбар аны мурун көргөндүктөн, Кудайдын периштеси экенин дароо тааныйт. Жебирейил периште эмне себептен келгенин пайгамбарга мындай деп түшүндүрөт: «Даниел! Мен азыр сага акыл айтуу үчүн келдим... Анткени сен эң сүйүктүү адамсың» (Даниел 9:21—23).

Дагы бир жолу башка периште ага: «Даниел, эң сүйүктүү адам!» — деп кайрылган. Анан аны бекемдөө үчүн: «Коркпо, эң сүйүктүү адам! Сага тынчтык болсун»,— деген (Даниел 10:11, 19). «Эң сүйүктүү адам» деген сөз Даниел пайгамбарга карата үч жолу айтылган. Бул сөз ошондой эле «жогору бааланган» деген маанини да туюнтат.

Ооба, Даниел пайгамбар Кудайды абдан жакшы көргөн жана Жахаба Кудайдын анын берилгендик менен кызмат кылганын баалаарына бекем ишенгенине шек жок. Ошентсе да Кудайдын жактыруусуна ээ экени тууралуу айткан периштенин кабары ал үчүн абдан жубатарлык болгон. Андыктан Даниелдин: «Сен мага күч бердиң»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (Даниел 10:19).

Жахаба Кудайдын ишенимдүү пайгамбарын абдан сүйгөнү тууралуу жүрөк козгоорлук бул маалымат Ыйык Китепке биздин пайдабыз үчүн жазылган (Римдиктер 15:4). Даниелдин үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү канткенде Кудайдын жактыруусуна ээ боло аларыбызды билүүгө жардам берет.

Кудай Сөзүн дайыма изилде

Даниел пайгамбар Ыйык Китепти кылдаттык менен изилдеген. Чынында эле ушундай экенин анын: «Мен... китептерден... Иерусалим жетимиш жыл ээн каларын түшүндүм»,— деп жазган сөздөрүнөн билүүгө болот (Даниел 9:2). Анын убагында, кыязы, Муса, Дөөтү, Сулайман, Ышая, Жеремия, Жезекиел жана башка пайгамбарлардын китептери болгон. Даниел пайгамбардын жанына түрмөк китептерди коюп алып, Иерусалимдеги чыныгы сыйынуунун калыбына келтирилери тууралуу пайгамбарлыктарды бири-бири менен салыштырып, кылдат изилдеп жатканын элестетсек болот. Анын эч ким тоскоол кылбай турган жерде, балким, үстүнкү бөлмөдө ошол пайгамбарлыктардын мааниси тууралуу терең ойлонгону шексиз. Жазманы ушундайча максаттуу түрдө изилдегени анын ишенимин бекемдеп, Жахабага жакындоого жардам берген.

Мындан тышкары, Кудай Сөзүн изилдөө Даниелге Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүгө көмөк кылып, жашоосуна зор таасир эткен. Анын бала чагындагы Ыйык Китептен алган билими өспүрүм курагында Кудайдын тамак-ашка байланыштуу мыйзамына чечкиндүүлүк менен бекем карманууга жардам берген (Даниел 1:8). Кийинчерээк ал Бабыл жеринин башкаруучуларына Кудайдан келген кабарды эр жүрөктүк менен айткан (Накыл сөздөр 29:25; Даниел 4:19—25; 5:22—28). Анын аракетчил, чынчыл жана жоопкерчиликтүү болгону бардыгына белгилүү болгон (Даниел 6:4). Эң маанилүүсү, ал өмүрүн сактап калуу үчүн Кудайдын мыйзамын бузган эмес, тескерисинче, Кудайга толугу менен таянган (Накыл сөздөр 3:5, 6; Даниел 6:23). Ошол себептүү Кудайдын аны «эң сүйүктүү» адам деп эсептегени таң калыштуу эмес.

Бизге Ыйык Китепти изилдөө Даниел пайгамбарга караганда алда канча жеңил. Анткени байыркы убактагы чоң, оор түрмөктөрдө жазылган сөздөрдү азыр ыңгайлуу, жеңил китептерден окуй алабыз. Азыркы күндө толук жазылып бүткөн, анын ичинде Даниелдин айрым пайгамбарлыктарынын кандайча аткарылганы жазылган Ыйык Китеп бар. Ошондой эле Ыйык Китепти терең изилдөөгө жардам берген адабияттар, куралдар абдан көп *. Сен аларды натыйжалуу колдонуп жатасыңбы? Дайыма Ыйык Китепти окууга, окугандарың жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлөсүңбү? Ушундай кылсаң, Даниелдей болуп, бекем ишенимге ээ боло аласың жана Жахаба менен ынак мамиле өрчүтөсүң. Ыйык Китеп Кудайдын сага сүйүү менен кам көрөрүнө ынандырып, жашооңдо туура жетекчилик берет.

Дайыма тилен

Кудайга тиленүү Даниелдин жашоосунда маанилүү орунду ээлеген. Ал Кудайдын эркине ылайык келген нерселер жөнүндө гана тиленчү. Небухаданасар падыша түшүн жоруп бере албагандардын баарын өлүмгө кыюуга буйрук бергенде, алардын арасында Даниел пайгамбар да бар болчу. Ал токтоосуздан Жахабага кайрылып, колдоп-коргошун суранган (Даниел 2:17, 18). Ошондон бир канча жыл өткөндөн кийин ишенимдүү пайгамбар жеткилеңсиздигин мойнуна алып, өзүнүн жана элинин күнөөсүн кечиришин өтүнүп, Жахабага тиленген (Даниел 9:3—6, 20). Ага берилген аяндардын маанисин түшүнбөй жатканда да Жахаба Кудайдан жардам сураган. Бир жолу Даниелге көрүнүштүн маанисин түшүндүрүп берүү үчүн келген периште: «Сенин сөздөрүң угулду»,— деп айткан (Даниел 10:12).

Ишенимдүү Даниел пайгамбардын тиленүүлөрү жалаң эле сураныч-өтүнүчтөрдөн турган эмес. Даниел 6:10до: «Ал адаттагысындай эле күн сайын үч маал... Кудайына сыйынып, Аны даңазалай берген»,— делет. Ооба, ал Жахабага ыраазычылык билдирүүгө жана аны даңктоого себептер көп экенин көрө билген. Ал дайыма ушундай кылчу. Тиленүү анын Кудайга кылган кызматынын ажырагыс бөлүгү болгон. Ал атүгүл өмүрү кылдын учунда турганда да тиленгенин токтоткон эмес. Албетте, ушундайча туруктуулук көрсөткөнү аны Жахаба Кудайдын жактыруусуна ээ кылган.

Кудайга тиленүүнү эң сонун белек деп айтууга болот. Бир дагы күнүңдү Кудайга тиленбей өткөрбө. Кудайга бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирип, аны даңктоону унутпа. Сени тынчсыздандырган нерселер жөнүндө ачык айтып тилен. Жахаба Кудайдын тиленүүлөрүңө кантип жооп бергени тууралуу ой жүгүртүп, ыраазычылык билдирип тур. Тиленүүгө көбүрөөк убакыт бөл. Жахабага жүрөгүбүздөгүнү төгүп тиленгенде, анын бизди абдан сүйөрүн сезебиз. Бул Жахабага дайыма тиленип турууга түрткү бербейби?! (Римдиктер 12:12).

Кудайдын ысмын даңкта

Эгер эки достун бири өзүмчүл болсо, алардын достугу көпкө созулбайт. Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Даниел пайгамбар муну жакшы түшүнгөн. Келгиле, анын Жахаба Кудайдын ысмынын даңкталышына канчалык тынчсызданганына токтололу.

Даниел пайгамбар Небухаданасардын түшүн чечмелеп беришин сурап Кудайга тиленгенде, Кудай ага жооп берген. Ошондо Даниел: «Теңирдин ысымы кылымдан кылымга даңкталсын, анткени акылмандык менен күч Ага таандык»,— деп айткан. Кийинчерээк ал Небухаданасардын түшүн чечмелеп бергенде Жахаба гана «жашыруун сырларды ача турган Кудай» экенин баса белгилеп, даңкты ага ыйгарган. Ошондой эле күнөөлөрүнүн кечирилишин жана элин туткундан бошотушун сурап тиленгенде: «Кудайым... Сенин элиң да Өзүңдүн ысымың менен аталган»,— деп айткан (Даниел 2:20, 28; 9:19).

Ушул жагынан Даниел пайгамбарды туурай алабыз. Биз да Кудайдын ысмынын ыйыкталышын каалаарыбызды айтып тиленсек болот (Матай 6:9, 10). Ошондой эле туура эмес жүрүм-турумубуз менен Жахабанын ыйык ысмына тил тийгизүүнү каалабайбыз. Тескерисинче, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды башкаларга айтуу менен Жахабаны дайыма даңктагыбыз келет.

Ооба, биз учурда адамдар бири-бирине сүйүү көрсөтпөгөн жана кам көрбөгөн маалда жашап жатабыз. Бирок Жахабанын ар бир кызматчысына чындап кам көрөрүн билүү бизди жубатат. Ырас, забурчунун: «Теңир Өз элине ыраазы, момундарды куткарып, даңкка бөлөйт»,— деген сөздөрүндө калет жок (Забур 149:4).

[Шилтеме]

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти окуп-изилдөөдөн көбүрөөк пайда алууга жардам берген көптөгөн адабияттарды чыгарышат. Эгер ушундай адабияттарды алууну кааласаң, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаң болот.

[21-беттеги кыстырма]

Кудай Даниелди бекемдөө үчүн Жебирейил периштени жиберип, аны жакшы көрөрүнө ынандырган

[23-беттеги кыстырма]

Кылдат изилдөө, дайыма тиленүү Даниелге жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берип, аны Кудайдын жактыруусуна ээ кылган