Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык нерселерди баала!

Ыйык нерселерди баала!

Жаш окурмандарга

Ыйык нерселерди баала!

Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканын ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.

Негизги каармандар: Ыскак, Ребека, Жакып, Эйсап

Кыскача маалымат: Эйсап туңгучтугун эгизи Жакыпка сатып жиберет.

1 ОКУЯНЫ ТАЛДА. БАШТАЛЫШ 25:20—34-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Энесинин курсагында жатканда эле Жакып менен Эйсаптын кандай адамдардан болушары кандайча билинген?

․․․․․

Жакып менен Эйсаптын жаш кезиндеги сырткы көрүнүшүн, өңү-түсүн кандай деп элестетесиң?

․․․․․

30—33-аяттардан Жакып менен Эйсаптын сүйлөшкөнүнөн алардын кандай сезимде болгонун туя алдыңбы?

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Колдо бар материалды колдонуп, тун уулдун кандай укуктарга ээ болгону тууралуу изилдеп көр. Бул укуктарга ээ болуу эмне үчүн маанилүү болгон? Эйсаптын туңгучтугун жасмыктан жасалган бир кесе тамакка сатып жибергени эмнени билдирген?

․․․․․

2 ОКУЯНЫ ТАЛДА. БАШТАЛЫШ 27:1—10, 30—38-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Эйсап тун уулга тиешелүү батаны эгизи алып алганын билгенде кандай сезимде болгон жана үнү кандай чыккан деп ойлойсуң?

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Жакып бата алышы үчүн Ребека менен Жакыптын кылгандары туура эмес болгонбу? Эмне үчүн ушинтип ойлоп жатасың? (Жардам: Башталыш 25:23, 33).

․․․․․

3 БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Заматта ырахат алуунун көп убакытка созулган кесепети.

․․․․․

КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?

Сага кандай ыйык нерселер ишенип тапшырылган?

․․․․․

Ыйык нерселерди баалаарыңды кандай жолдор менен көрсөтө аласың?

․․․․․

4 БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН ӨЗҮҢӨ КАНДАЙ ПАЙДА АЛДЫҢ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

․․․․․

Эгер Ыйык Китебиң жок болсо, Жахабанын Күбөлөрүнөн сурасаң болот