Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн ажырашуулар көп?

Эмне үчүн ажырашуулар көп?

Эмне үчүн ажырашуулар көп?

«Ошондо фарисейлер [Исага] келип, аны сынаш үчүн: „Эркек аялы менен ар кандай себеп боюнча ажыраша берсе болобу?“ — деп сурашты» (Матай 19:3).

ИСАНЫН күндөрүндө жашаган айрым адамдар никенин узакка созулушу керектигине шектенишкен. Иса аларга мындай деген: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан адам өзүнүн ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» * (Матай 19:4—6). Мындан көрүнүп тургандай, Кудай башынан эле никенин узакка созулушун ниет кылган.

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө жубайлардын 40 же андан көп пайызы ажырашып кетүүдө. Ыйык Китептеги никеге байланыштуу кеңештерди биздин күндөрдө да колдонууга болобу? Ажырашуулардын көп болуп жатканы нике түзүлүшүнүн туура эмес негизделгенин билдиреби?

Мындай мисал алып көрөлү. Эки үй-бүлө бир жылда чыккан, бирдей моделдеги машине сатып алышат. Биринчи үй-бүлө машинесин аябай жакшы карап, этияттап айдайт. Ошондуктан алардын машинеси бузулбайт. Экинчи үй-бүлө болсо машинесин тийиштүү абалда күтүүгө убактысын, күчүн короткусу келбейт, айдаганда да аярлап айдабайт. Алардын машинеси акыры бузулуп, керектен чыгып калат. Буга ким күнөөлүү? Машинеби же анын ээлериби? Албетте, машинесин жакшы күтпөгөндүктөн, машиненин ээлери өздөрү күнөөлүү.

Ошо сыяктуу эле, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бузулуп жатканы нике түзүлүшүнүн туура эмес негизделгенин билдирбейт. Муну миллиондогон бактылуу үй-бүлөлөр тастыктап турат. Андай үй-бүлөлөр жеке ар бир адамдын, бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн, атүгүл коомдун бакубат жашашына жана туруктуу болушуна зор таасир тийгизип келет. Бирок нике түйүнү үзүлбөй, узакка созулушу үчүн, машинеге кандай кам көрүп, өз убагында тейлесек, никеге да ошондой кам көрүп, «тейлеп турушубуз» зарыл.

Үй-бүлө курганыңа канча убакыт болбосун, Кудай Сөзүндөгү кеңештер никеңди чыңдоого жардам бере алат. Анда кийинки беттердеги айрым кеңештерге токтололу.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ыйык Китеп боюнча, жубайлардын бири ойноштук кылганда гана ажырашууга жол берилет (Матай 19:9).