Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкалар сени бөлүп салгандай сезимде болуп көрдүң беле?

Башкалар сени бөлүп салгандай сезимде болуп көрдүң беле?

Балдарыңарды үйрөткүлө

Башкалар сени бөлүп салгандай сезимде болуп көрдүң беле?

БАШКАЛАР кимдир бирөөнү терисинин түсү, улуту, сүйлөгөнү же бир нерселерди кылганы башкалардыкынан айырмаланганы үчүн кошпой коюшу мүмкүн. Сен да башкалар сени бөлүп салгандай сезимде болуп көрдүң беле? ~ *

Кел анда, ушундай сезимде болгон кишинин окуясына токтололу. Анын аты Мепибешет болгон. Анын ким болгону жана эмне үчүн ушундай сезимде болгонун билгиң келеби? Башкалар сени бөлүп салгандай сезимде болуп жатсаң, анда Мепибешеттин окуясынан көп нерсеге үйрөнө аласың.

Мепибешет Жонатандын уулу болгон, ал эми Жонатан Дөөтүнүн эң жакын досу болгон. Жонатан согушта өлгөн, бирок тирүү кезинде Дөөтүгө: «Менин тукумумду ырайымыңдан эч качан ажыратпа»,— деп айткан болчу. Кийинчерээк Дөөтү падыша болгон. Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин ал досу Жонатандын сөздөрүн эстеген. Ошол маалда Жонатандын Мепибешет деген баласы тирүү болчу. Ал кичинекей кезинде кырсыкка учурап, өмүр бою аксак болуп калган эле. Мепибешет эмне үчүн башкалар аны бөлүп салгандай сезимде болгонун түшүндүңбү? ~

Дөөтү Жонатандын баласына жакшылык кылгысы келген. Ошон үчүн ага Иерусалимдеги өзүнүн үйүнүн жанына үй салдырып берген жана падышанын үстөлүнөн тамактанышына кам көргөн. Ошондой эле Сиба деген кишини уулдары жана кулдары менен Мепибешетке кызмат кылууга берген. Дөөтү Жонатандын уулуна, чын эле, урмат-сый көрсөткөн. Кийинчерээк кандай окуя болгонун билесиңби? ~

Дөөтүнүн башына кыйынчылык түшкөн. Абышалом деген баласы анын ордуна падыша болгусу келип, каршы чыккан. Дөөтүгө аман калыш үчүн качып кетүүгө туура келген. Мепибешет да башкаларга кошулуп, Дөөтү менен кетүүнү каалаган. Бирок жакшы баса албагандыктан Дөөтү менен кошо кете алган эмес. Дөөтү менен кеткен достору анын жакшы падыша экенин билишкен.

Ошондо Сиба Дөөтүгө Мепибешет анын ордуна падыша болгусу келгендиктен Иерусалимде калып калды деп айткан. Дөөтү Сибанын калпына ишенип, Мепибешетке тиешелүү нерселердин баарын ага берип салган. Көп өтпөй Дөөтү Абышаломдун козголоңун басып, кайрадан Иерусалимге кайтып келген. Ошондо Мепибешеттин эмне үчүн аны менен кошо кетпей калып калганын өз оозунан уккан. Анан Мепибешетке тиешелүү нерселерди Сиба экөөнө бөлүп берүүнү чечкен. Кандай деп ойлойсуң, ошондо Мепибешет эмне кылган? ~

Мепибешет Дөөтү падыша адилетсиз чечим чыгарды деп наалыган эмес. Анткени падыша өз ишин жакшы аткара алышы үчүн, тынчтык болушу керектигин жакшы түшүнгөн. Ошон үчүн ал Дөөтүгө Сиба баарын ала берсин деп айткан. Мепибешет үчүн Жахаба Кудайдын кызматчысы Дөөтүнүн Иерусалимге падыша катары аман-эсен келгени баарынан маанилүү болгон.

Ооба, Мепибешет башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Андыктан башкалар аны бөлүп салгандай сезимде болгону таң калыштуу эмес. Ошого карабай Жахаба Кудай аны жакшы көргөн жана ага дайыма кам көргөн. Биз мындан эмнеге үйрөнөсөк болот? ~ Дайыма туура иштерди кылсак да, айрымдар биз жөнүндө жалган айтып, бизди жаманатты кылышы мүмкүн. Иса пайгамбар: «Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле»,— деп айткан. Жаман адамдар Иса пайгамбарды акыр-аягы өлтүрүп коюшкан. Эгер дайыма жакшы иштерди кылсак, Жахаба Кудай да, Иса Машаяк да бизди жакшы көрөрүнө эч качан шектенбесек болот.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.

Ыйык Китебиңден оку

1 Шемуел 20:15—17, 41, 42

2 Шемуел 4:4; 9:1—10; 19:24—30

Жакан 15:18