Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаман чөйрөдөн оолак бол!

Жаман чөйрөдөн оолак бол!

Жаш окурмандарга

Жаман чөйрөдөн оолак бол!

Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.

Негизги каармандар: Дина, Шекем, Жакып, Шымон жана Леби

Кыскача маалымат: Шекем Динаны зордуктап коёт. Динанын ызаланып, ачууланган агалары өч алуунун жолун издей башташат.

ОКУЯНЫ ТАЛДА. БАШТАЛЫШ 34:1—31-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Кандай деп ойлойсуң, Дина канаандык кыздар менен кандай иштерди кылышы мүмкүн эле?

․․․․․

Сенин оюңча, Шекем Динанын «жүрөгүнө жаккан сөздөрдү» кандай максат менен айткан?

․․․․․

Жакып уулдары Шымон менен Лебинин кылган ишине нааразы болуп, Башталыш 31:30дагы сөздөрдү айтып жатканда кандай сезимдерди чагылдырган деп ойлойсуң?

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Дина канаандык кыздарга эмне үчүн дайыма барып турган деп ойлойсуң? (Мисалы, Динанын алар менен кандай жалпылыгы болушу мүмкүн эле? Канаандыктар Динанын элинен эмнеси менен айырмаланып турган? Ошол нерселер Динаны кызыктырышы мүмкүн беле?)

․․․․․

Динага Шекемдин кайсы сапаттары жагып калышы мүмкүн эле? (3, 12 жана 19-аяттарды кайрадан окуп чык.)

․․․․․

Динанын Шекем менен жыныстык катнашта болууну каалабаганы Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлөт? (2-аятты кайрадан окуп чык.)

․․․․․

Кандай деп ойлойсуң, Шымон менен Лебинин өч алып, Шекемдин шаарындагы эркектерди өлтүргөнү туура болду беле? Эмне үчүн ушундай деп ойлойсуң?

․․․․․

БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Чөйрөнү акылдуулук менен тандоо.

․․․․․

Ачууланганга себеп болгон күндө да өзүн-өзү кармай билүү.

․․․․․

КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?

Кудайдын адеп-ахлактыкка байланыштуу мыйзамдарын сыйлабаган адамдар сени жыныстык жактан бузбашы үчүн эмне кылышың керек?

․․․․․

БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ КАЙСЫ ОЙ ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

․․․․․

Эгер Ыйык Китебиң жок болсо, Жахабанын Күбөлөрүнөн сурасаң болот