Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын уюму барбы?

Кудайдын уюму барбы?

Кудайдын уюму барбы?

КУДАЙДЫН колунан бүткөн нерселердин баарында тартип өкүм сүрөт. Мисалга «эң эле жөнөкөй» ачыткыч клетканы алсак, андагы бөлүкчөлөрдүн жайгашкан тартиби таңыркатпай койбойт. «Боинг-777» самолёту канча бөлүктөн турса, ачыткыч клетка да, болжолу, ошончо бөлүкчөдөн турат. Кызыктуусу, анын ар бир бөлүкчөсүнүн өз орду бар жана баары биригип келип диаметри 5 эле микрон * болгон шарга батып кетет. Бирок «Боинг-777» самолётунан айырмаланып, ачыткыч клетка көбөйө алат. Бул мыкты уюшкандыктын кереметтүү үлгүсү эмей эмне! (1 Корунттуктар 14:33).

Уюшкандык менен тартип тек гана жансыз жаратылышка мүнөздүү өзгөчөлүк эмес. Ыйык Китептен билгенибиздей, Жараткан Кудайдын ниетине ылайык, рухий чөйрөдө да мыкты уюшкандык өкүм сүрүп турат. Даниел пайгамбар көрүнүштө асмандагы Кудайдын сот тактысынын алдынан сан жеткис периштелерди көрүп: «Ага миңдегендер кызмат кылып, алдында түмөндөгөндөр турду»,— деп жазган (Даниел 7:9, 10, «ЖД»). Ар бир периштенин өз орду бар. Кудайдын буйруктарын аткарууга жана анын жердеги кызматчыларынын кызыкчылыктары үчүн кызмат кылууга даяр турган түмөндөгөн — жүз миллиондон ашуун — периштелерден турган уюмду элестетсеңер (Забур 90:11).

Көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселердин баарын жараткан Жахаба Кудай эң мыкты Уюштуруучу болсо да, сансыз эрежелерди ойлоп таба берген, мерез Кудай эмес. Тескерисинче, ал жаратууларынын жыргалчылыгын көздөгөн боорукер, бактылуу Кудай (1 Тиметей 1:11; 1 Петир 5:7). Буга анын байыркы ысрайыл элине жана Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына жасаган мамилеси далил боло алат.

Мыкты уюшулган байыркы ысрайыл эли

Жахаба Кудай ысрайыл эли ага уюшулгандыкта жана туура сыйынышы үчүн Муса пайгамбарды колдонгон. Келгиле, ысрайылдыктардын чөл кезип жүргөндө конушун кандай жайгаштырганына токтололу. Эгер ар бир үй-бүлөгө чатырын каалаган жерге тигүүгө уруксат берилсе, албетте, баш аламандык болмок. Андыктан Кудай ар бир урууга чатырларын кайсы жерге тигиши керектигине байланыштуу айкын көрсөтмөлөрдү берген (Сандар 2:1—34). Ошондой эле Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамында ден соолукка, өздүк гигиенага, мисалы, заң-заараны көмүп коюуга байланыштуу так эрежелер камтылган (Мыйзам 23:12, 13).

Ысрайылдыктар Убадаланган жерди ээлегенден кийин да бардык жактан уюшкандыкта иш жүргүзө билген эл болгон. Алар ар биринин өзүнө тиешелүү үлүш жери бар 12 урууга бөлүнгөн болчу. Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу ысрайылдыктарга берген мыйзамы алардын жашоосунун дээрлик бардык тармактарына, алсак, Кудайга кызмат кылууга, үй-бүлө курууга, үй-бүлөгө кам көрүүгө, билим алууга, иш жүргүзүүгө, тамак-ашка, багбанчылыкка, мал багууга жана башка ушу сыяктуу нерселерге тиешелүү болгон *. Айрым мыйзамдар майда-чүйдөсүнө чейин берилсе да, Жахаба Кудайдын камкордугун жана элинин бактылуу болушун каалаарын далилдеп турган. Ошол мыйзам-эрежелерге ылайык жашоо менен ысрайыл эли Жахаба Кудайдын өзгөчө жактыруусуна ээ боло алган (Забур 147:8, 9).

Муса пайгамбар жакшы жетекчи болсо да, анын ийгиликке жеткени жөндөмдүүлүктөрүнөн эмес, Кудайдын уюмуна берилгендик көрсөткөнүнөн көз каранды болгон. Мисалы, Муса ысрайыл элин чөл аркылуу кайсы жол менен алып өтүүнү кантип чечкен? Жахаба күндүзү булут мамы, ал эми түнкүсүн от мамы аркылуу жетектеп, аларга жолду өзү көрсөткөн (Чыгуу 13:21, 22). Жахаба адамдарды колдонсо да, чын-чынында, элин өзү уюштуруп, жетектеген. Ошо сыяктуу эле ал 1-кылымда да кызматчыларын жетектеген.

Исанын 1-кылымдагы мыкты уюшулган жолдоочулары

Элчилердин жана башка шакирттердин ынталуу кызматынын аркасында Исанын жолдоочуларынын жыйналыштары 1-кылымда Азия менен Европанын көптөгөн жерлеринде пайда болгон. Ал жыйналыштар ар кайсы жерлерде болсо да, бири-биринен көз карандысыз, обочолонгон топтордон болгон эмес. Тескерисинче, алар мыкты уюшкандыкта болушкан жана элчилер аларды сүйүү менен көзөмөлдөп турушкан. Маселен, элчи Пабыл Титти Крит аралына «бүтпөй калган иштерди жөнгө салганга» жиберген (Тит 1:5). Ошондой эле элчи Пабыл Корунттагы жыйналыштагы айрым эркектердин «башкарууга жөндөмдүү» экендигин, башкача айтканда, уюштуруу иштерин жүргүзө аларын жазган (1 Корунттуктар 12:28). Бирок аларга жетекчиликти ким берген? Элчи Пабыл жыйналышты уюштурган Кудай экендигин баса белгилеп: «Кудай денени түзгөн»,— деп айткан (1 Корунттуктар 12:24).

Исанын жолдоочуларынын жыйналыштарындагы дайындалган көзөмөлчүлөр ишенимдештерине үстөмдүк кылышкан эмес. Тескерисинче, алар Кудайдын ыйык рухуна жетектелип, «оторго үлгү көрсөткөн» «кызматташтардан» болушкан (2 Корунттуктар 1:24; 1 Петир 5:2, 3). Ооба, «жыйналыштын... башчысы» — жеткилеңсиз адамдар эмес, тирилтилген Иса Машаяк (Эфестиктер 5:23).

Корунт шаарындагы жыйналыштын иш-аракеттери башка жыйналыштардыкынан кескин түрдө айырмалана баштаганда, элчи Пабыл: «Эмне, Кудайдын сөзү силерден чыкты беле же ал силерге эле жетти беле?» — деп жазган (1 Корунттуктар 14:36). Ушундай суроо берүү менен элчи Пабыл алардын ой жүгүртүүсүн оңдогусу келген, ошондой эле аларга өздөрү каалагандай иш кылбашы керектигин түшүнүүгө түрткү берген. Жыйналыштар элчилердин жетегине карманып иш кылышканда гана өркүндөп-өсүшкөн (Элчилер 16:4, 5).

Кудайдын сүйүүсүнүн далили

Бүгүнкү күн жөнүндө эмне дешке болот? Айрымдар кайсы бир диний уюмга мүчө болууну көп деле каалай беришпейт. Бирок, Ыйык Китептен айкын көрүнүп тургандай, Кудай ниетин ишке ашырыш үчүн дайыма уюмун колдонуп келет. Ал байыркы ысрайыл элин уюшкандыкта кандай жетектесе, 1-кылымдагы кызматчыларын да ошондой эле жетектеген.

Андыктан Кудай, байыркы убактагыдай эле, бүгүн да өз элин жетектейт деп жыйынтык чыгаруу акылга сыярлык. Ооба, өз элин уюшкандыкта жана биримдикте кызмат кылышына шарт түзүп бергени — Кудайдын камкордугун далили. Жахаба Кудай адамзатка карата ой-ниетин ишке ашырыш үчүн бүгүнкү күндө да уюмун колдонот. Анын уюмун кантип аныктап билсе болот? Ал үчүн, келгиле, анын уюмунун айрым өзгөчөлүктөрүнө токтололу.

Исанын чыныгы жолдоочулары биримдикте иш жүргүзүү үчүн уюшулган. (Матай 24:14; 1 Тиметей 2:3, 4) Иса Машаяк жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды бардык элдерге таратууну буйруган. Бул ишти эл аралык уюм болбосо, аткаруу мүмкүн эмес. Мисал үчүн, сага бир кишиге тамак берүү кыйынга деле турбайт. Ал эми миң, атүгүл миллион кишиге тамак беришиң керек болсочу? Сага мыкты уюшулган, эриш-аркак иш алып барган топ элдин жардамы зарыл болмок. Анын сыңарындай, Исанын чыныгы жолдоочулары кабар айтуу ишин аткаруу үчүн ийиндеш туруп, «бир кишидей кызмат кылышат» (Сепания 3:9). Ар кандай улуттарга, ар кандай тилде сүйлөгөндөргө жана ар кандай расадагы адамдарга кабар айтуу эриш-аркак, биримдикте иш жүргүзгөн уюм жок болсо, мүмкүн болот беле? Жообу айдан ачык.

Исанын чыныгы жолдоочулары бири-бирин бекемдеп, колдоо көрсөтүш үчүн уюшулган. Жалгыз альпинист кайсы тоого чыгышты өзү билет жана тоого чыгып баратканда жалгыз болгондуктан тажрыйбасы азыраак альпинисттерге көз салуунун зарылдыгы жок болот. Бирок ал кандайдыр бир кырсыкка учураса же кыйынчылыкка кабылса, жанында кол сунуп, жардамга келер эч кимиси болбойт. Ооба, башкалардан обочолонуп бөлүнүү акылсыздыкка жатат (Накыл сөздөр 18:1). Иса Машаяк тапшырган ишти аткарыш үчүн анын жолдоочулары бири-биринин жардамына жана колдоосуна муктаж (Матай 28:19, 20). Исанын жолдоочулары багынбастан алдыны көздөй кадам шилтеши үчүн аларга жыйналыштан колдоо көрсөтүлүп, зарыл болгон ыйык китептик билим, жетекчилик берилип турат. Чыныгы сыйынууга байланыштуу жетекчилик берип турган уюшулган жыйналыш жолугушуулары жок болсо, адамдар Жахаба Кудайдын жолунда жүргөнгө кантип үйрөнүшмөк? (Эврейлер 10:24, 25).

Исанын чыныгы жолдоочулары Кудайга биримдикте кызмат кылуу үчүн уюшулган. Исанын койлору анын үнүнө кулак салганда гана «бир отор» болуп, анын жетеги алдында боло алат (Жакан 10:16). Алар бири-биринен көз карандысыз чиркөөлөргө же диний топторго тиешелүү эмес, ошондой эле алардын окуулары бири-бирине карама-каршы келбейт. Тескерисинче, Исанын чыныгы жолдоочуларынын сөздөрү бир (1 Корунттуктар 1:10). Биримдикте жашаш үчүн тартип керек, ал эми уюм болбосо, тартип болушу мүмкүн эмес. Кудай батасын биримдикте иш жүргүзгөн уюмуна гана берет (Забур 132:1, 3).

Кудайга жана Ыйык Китептеги чындыктарга болгон сүйүү миллиондогон адамдарды жогоруда саналып өткөн жана Ыйык Китепте айтылган башка талаптарга жооп берген уюмга жакындатат. Жахабанын Күбөлөрү, бир денедей болуп, уюшулгандыкта жана биримдикте Кудайдын эркин аткарууга аракет кылып келишет. Алар Жахаба Кудайдын: «Алардын арасында болуп, алардын арасында жүрөм; алардын Кудайы болом, алар менин элим болушат»,— деген убадасына бекем ишенишет (2 Корунттуктар 6:16). Эгер Жахаба Кудайдын уюмунда болуп, ага кызмат кылсаң, сен да ушундай батага ээ болосуң.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Микрон, башкача айтканда, микрометр метрдин миллиондон бир бөлүгүн түзөт.

^ 7-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» эмгегинин 2-томунун 214—220-беттерин карагыла, англ.

[11-беттеги сүрөт]

Ысрайылдыктардын конушу мыкты уюшкандыкта жайгашкан

[13-беттеги сүрөт]

Бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин аткаруу үчүн уюшкандык зарыл

үймө-үй кабар айтуу

кырсыктан жабыркагандарга жардам

жыйындар

сыйынуу жайларын куруу