Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Перстердин кайсы падышасы Ыйык Китепте айтылган Акашбейрош болгон?

Ыйык Жазмадагы Эстер китебинде Акашбейрош падышанын жүйүт кызы Эстерге үйлөнгөнү жана Эстердин өз элин кырып жок кылгысы келгендерден сактап калганы баяндалат. Көп убакыт бою Персиянын кайсы падышасы Акашбейрош болгонуна байланыштуу кайчы пикирлер болуп келген. Бирок персиялыктардын үч тилде жазылган таш жазууларындагы билдирүүлөр чечмеленгенден кийин бул талаш суроо чечилген. Ал жазуулар Акашбейроштун Улуу Дарийдин (Гистасп) уулу Ксеркс I болгонун далилдеп турат. Ксеркстин персиялыктардын жазууларында еврей тилине транслитерацияланган ысымы Эстер китебинде жазылган ысымына окшош.

Акашбейрош жөнүндө Эстер китебинде айтылгандар тарыхта жазылгандарга дал келет. Ал Эламдын борбору болгон Сузы (Шушан) шаарынан бийлик жүргүзүп, бүт Мадай (Мидия) жерин да башкарып турган. Анын карамагына кирген аймак Индиядан баштап Жер ортолук деңиздеги аралдарга чейин созулган (Эстер 1:2, 3; 8:9; 10:1). Льюис Байлс Пейтон деген окумуштуу мындай дейт: «Бул маалыматтын баары Персиянын башка падышасына эмес, Ксеркске эле тиешелүү экени айдан ачык. Эстер китебиндеги Акашбейроштун кандай киши болгону жөнүндөгү билдирүү да Геродоттун жана башка грек тарыхчыларынын Ксеркс жөнүндө жазгандарына дал келет».

Байыркы Мисирде кыш куюшканына кандай далилдер бар?

Ыйык Жазманын Чыгуу китебинде мисирликтер еврей элин кул кылып, кыш куйдурганы жазылат. Кулдар ылайга саман аралаштырып, күн сайын белгилүү бир санда кыш куюшчу (Чыгуу 1:14; 5:10—14).

Байыркы убакта Нил өрөөнүндө, негизинен, кыш куюу менен алектенишчү. Ошол убакта курулган имараттар, күмбөздөр азыркыга чейин сакталып калган. Алардын бири б.з.ч. 15-кылымга таандык. Ал Фивы шаарында жашаган Рехмир деген вазирдин күмбөзү болгон. Анын дубалдарынан кыш куюп жаткан кишилердин сүрөттөрүн көрүүгө болот. Чыгуу китебинде баяндалган окуялар, болжолу, ошол убактарга туура келет.

Бир энциклопедияда мындай деп айтылган: «Кыш куйгандар сууну көлмөдөн ташып келип, ылай жасап аны кетмен менен аралаштырышчу, анан ылайыктуу жерге алып барышчу. Ылайды калыпка ныктап салгандан кийин жерге көмкөрүп, калыбын чыгарып алышчу да, кышты күнгө кургатышчу. Аларды катар-катар кылып куюп, кургагандан кийин жыйып коюшчу. Жакынкы Чыгышта кышты азыркы күнгө чейин ушинтип куюшат» («The International Standard Bible Encyclopedia»).

Б.з.ч. 2-кылымга таандык бир папируста да кулдардын ылайга саман аралаштырып кыш куюшканы жана алардын күн сайын канча кыш куюшу керек болгону жазылган.

[22-беттеги сүрөт]

КСЕРКС (ТУРУП ТУРГАНЫ) МЕНЕН ДАРИЙДИН (ОТУРГАНЫ) ТАШКА ТҮШҮРҮЛГӨН СҮРӨТҮ

[Булак]

Werner Forman/Art Resource, NY

[22-беттеги сүрөт]

РЕХМИРДИН КҮМБӨЗҮНҮН ДУБАЛЫНДАГЫ СҮРӨТТӨР

[Булак]

Erich Lessing/Art Resource, NY