Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыбрайым момун болгон

Ыбрайым момун болгон

Ыбрайым момун болгон

Аба үп болуп, күндүн ысыгы мээни куйкалап турат. Ыбрайым пайгамбар күндүн ысыгынан качып, чатырында көлөкөлөп отурат. Бир маалда башын көтөрүп караса, алыс жактан үч кишинин карааны көрүнөт *. Ыбрайым дароо ордунан тура калып, аларды тоскону чуркап барат да, алардан бир аз эс алып, тамактанып алышын суранат. Ал алардан: «Нан алып келейин, кубаттанып алгыла»,— деп өтүнөт. Анан жаңы бышкан ысык нан эле эмес, сүт, май, музоонун бышкан этин алып келип, алардын алдына коёт. Ыбрайымдын ушинтип тамак даярдап, аларды коноктогонунан анын абдан меймандос болгонун эле эмес, момун болгонун да көрүүгө болот (Башталыш 18:1—8).

МОМУНДУК ДЕГЕН ЭМНЕ? Момундук — текебердик менен бой көтөрүүчүлүккө карама-каршы келген сапат. Момун киши башкаларды өзүнөн жогору көрөт (Филипиликтер 2:3). Андай киши башкалардын кеңешине кулак кагып, алардын жыргалчылыгы үчүн төмөн деп эсептелген иштерди да кылганга даяр.

МОМУН ЭКЕНИН КАНТИП КӨРСӨТКӨН? Ыбрайым пайгамбар башкаларга даярдуулук менен кызмат кылган. Ал үч кишини тосуп алары менен конок камын көрүп, меймандостук көрсөткөн. Жубайы Саара болсо дароо нан жасай баштаган. Бирок кимиси көбүрөөк жумуш кылганына көңүл бурсаңар: конокторду тосуп алыш үчүн Ыбрайым пайгамбар чуркап барган, аларды конок болуп кеткиле деп ал суранган, бадага чуркап барып, союла турган малды да ал тандап келген, даярдалган тамак-аштын бардыгын да коноктордун алдына Ыбрайым өзү алып барган. Ал ушулардын баарын кулдарына тапшырып койсо деле болмок, бирок момун болгондуктан кулдар кыла турган иштерди да өзү кылган. Ыбрайым пайгамбар башкаларга кызмат кылууну кадыр-баркын түшүргөн иш катары көргөн эмес.

Ыбрайым пайгамбар ага баш ийиши керек болгон адамдардын кеп-кеңешин уккан. Ыйык Китепте Ыбрайым пайгамбар менен жубайы Сааранын пикирлешкен учурлары жөнүндө көп деле айтылбайт. Бирок андан Ыбрайым пайгамбардын эки жолу Сааранын кеңешине кулак кагып, анын айтканындай кылганын окуй алабыз (Башталыш 16:2; 21:8—14). Бир жолкусунда Сааранын айтканына «Ыбрайым абдан капаланган». Бирок Жахаба Кудай ага зайыбынын кеңеши боюнча иш кылса туура болорун айтканда, Ыбрайым пайгамбар момундук менен зайыбынын айтканындай кылган.

ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ? Эгер биз чындап момун болсок, башкаларга кызмат кылганга даяр болобуз. Ошондой эле башкалар үчүн жакшы иш кылгандан кубаныч алабыз.

Башкалардын кеп-кеңешине кулак какканыбыздан момун экенибиз көрүнөт. Кимдир бирөө биз күтпөгөндөй кеңеш берсе, анын кеңешин четке какпастан, даярдуулук менен кабыл алабыз (Накыл сөздөр 15:22). Башкалардын кеңешин кабыл ала билүү, өзгөчө, бийлиги бар адамдарга пайда алып келет. Жон деген тажрыйбалуу бир жетекчи мындай дейт: «Менин байкашымча, жакшы жетекчи жумушчуларына өзүлөрүнүн оюн эркин айтканга мүмкүнчүлүк берет. Чынында, кол алдыңда иштеген кимдир бирөө кайсы бир ишти сенден да жакшы жасай турганын моюнга алыш үчүн момундук керек. Эч ким, атүгүл жетекчилер да жаңылбайт деп айта албайсың».

Ыбрайым пайгамбардай болуп, биз да башкалардын кеңешине кулак каксак жана момундук менен башкаларга кызмат кылсак, Жахаба Кудайдын ырайымына ээ болобуз. Анткени Ыйык Китепте: «Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кылат»,— деп жазылган (1 Петир 5:5).

[Шилтеме]

^ 2-абз. Ыбрайым пайгамбар келе жаткан үч кишини биринчи көргөндө алардын периштелер экенин билген эмес (Еврейлер 13:2).