Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жүрөгүңөрдү сактагыла!»

«Жүрөгүңөрдү сактагыла!»

«Жүрөгүңөрдү сактагыла!»

Жахабанын Күбөлөрүнүн облустук жыйыны

ЖУМА КҮНДҮН ТЕМАСЫ:

«Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт» (1 ШЕМУЕЛ 16:7).

ИШЕМБИ КҮНДҮН ТЕМАСЫ:

«Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт» (МАТАЙ 12:34).

ЖЕКШЕМБИ КҮНДҮН ТЕМАСЫ:

«[Жахабага] бүт жүрөгүң... менен кызмат кыл» (1 ЖЫЛНААМА 28:9).

«Жүрөк» деген сөз Ыйык Китепте миңге жакын жолу кездешет. Ал көбүнчө адамдын жүрөгүнө карата эмес, каймана маанидеги жүрөккө карата айтылат. Каймана жүрөк эмнени билдирет? Ал адамдын ички дүйнөсүн: ой жүгүртүүсүн, сезимин, каалоосун билдирет.

Каймана маанидеги жүрөгүбүздү эмне себептен сакташыбыз керек? Кудай Сулайман пайгамбарга мындай сөздөрдү жаздырган: «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булактары чыгат» (Накыл сөздөр 4:23). Ырас, азыркы жашообуздун кандай болору жана келечекте түбөлүк өмүр алабызбы же жокпу, каймана жүрөгүбүздөн көз каранды. Эмне үчүн? Себеби Кудай биздин жүрөгүбүзгө карайт (1 Шемуел 16:7). Ооба, Кудайга жагар-жакпасыбыз, ички дүйнөбүздөн, тагыраак айтканда, «жүрөктүн түпкүрүндө катылган» сапаттарыбыздан көз каранды (1 Петир 3:4).

Канткенде жүрөгүбүздү сактай алабыз? Бул суроо Жахабанын Күбөлөрүнүн ушул айдан баштап дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө турган облустук жыйындарында кененирээк талкууланат.

Биз силерди ошол жыйындын үч күнүнө тең катышып кетүүгө чын жүрөктөн чакырабыз *. Жыйындан билгендериңер силерге Жахаба Кудайдын жүрөгүн кубанта турган иштерди кылганга түрткү берет (Накыл сөздөр 27:11).

[Шилтеме]

^ 12-абз. Жыйындын кайсы жерде жана качан болорун билгиңер келсе, www.ps8318.com. силер жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнөн сурасаңар болот же ушул журналды басып чыгаргандарга жазсаңар болот.

[32-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Photo on right: Aus dem Fundus der MÜNCHNER OLYMPIAPARK GMBH, München